Талант теспе

Гүлнара ТОЙГОНБАЕВА:
"Акча мени ээрчип эле жyрoт"
- Быйыл башкаруу академия-сын бүттүңүз, башка
адистикке окууга кандай зарылчылык болду?
- Башкаруу академиясын менеджер адистиги боюнча бүтүрдүм. Бул такыр башка
адистик эмес. Анткени, маданият тармагына деле сабаттуу менеджерлер керек деп ойлойм. Мени менен бирге ар кайсы чөйрөнүн адамдары, врачтар, мугалимдер, юристтер да окуду.
- Сиз мурда да студент болгон элеңиз, ал күндөрдү эми дагы кайрадан баштан өткөрдүңүз, деги эле эки учурдагы студенттик күндөрдүн айырмасы бар бекен?
- Студент болгондо сонун сезимдерге бай болосуң, эң бир жакшы мезгил да. Группалаштарым менен жылуу мамиледе калдык. Жакшы досторду таптым. Мурда советтик системада политехникалык институттун
курулуштагы экономист адистигин бүтүргөн элем. Ал убакта бешке чейинки баа менен баалачу. Азыр окуу системасы такыр башкача экен, модуль тапшырып, упайлар менен бааланат тура. Бул жолу сабактарым кечинде болуп атты.
- Сиз сахнадан өтө эркедей сезилесиз, турмушта да эркесизби?
- Чоң үйбүлөнүн эрке кызымын. Сахнадан да эркелигим көрүнүп калабы, ээ? Алты бир туугандын бешинчисимин. Эң улуу эжемден кийин үч уул төрөлүп, анан ата-энем аябай кыз күткөндө мен төрөлгөм. Ошон үчүн эрке болсом керек. Азыр да эркелей турган жерден эркелеп коём. Бирок, эркелей турган адамдарым да аз болуп калды, ата-энем каза болуп...
- Жакын адамыңыз барбы?
- Бар, бирок ал жөнүндө жар салгым келбейт.
- Турмушка аттанып аткан экенсиз да анда?
- Буюрса.
- Кандай жар болом деп ойлойсуз?
- Сопсонун жар болом.
- Аялзатына тиешелүү кандай жумуштарга устасыз?
- Тамак, салаттардын түрүнөн жасайм. Үйдү жакшы жыйнайм, анткени тазалыкты сүйөм. Бая күнү подъездди ремонттодук эле, мен ал жерде уюштуруучу болдум. Көп жылдан бери колума ала элек кисттини алып краскаладым. "Жылдызмын деп эмнеге өзүнчө кыйынсынат?" деп кошуналарым айтпасын деп үлгү көрсөтүп койдум.
- Кандай түштөрдү кө-рөсүз?
- Мен негизи көп түш көрбөйм. Эгер түш көрсөм алар аян берген түштөр болот. "Жалал-абат азем түндөрү" сынагы болоордун алдында түш көрдүм. Достор менен жайнаган дасторкондо отуруппуз. Анан эле менин башыма чымчык чычып кетиптир. Чачымды аарчып эле ыйлагым келип, жаман болуп атыпмын. Эртесинде түшүмдү апама айтып берсем, "чымчык чычса жакшы болот" деп жооруду. Анан эле сынактан мен жеңип кетип жатпаймынбы.
- Сизди акча ээрчийби?
- Ооба, акча ээрчийт, ээрчип жүрөт, мындан ары да ээрчий берсин. Супер байлардын катарында эмесмин, бирок орто эле жашайм. Бүт баары алдыда.
- Биринчи акча тапкан күнүңүз эсиңиздеби?
- Эсимде, бала кезде биринчи жолу акча тапкан элем. Корообузда алчалар бар болчу. Түшүм аябай көп болуп, варенье да, шире да жасадык, дагы эле түгөбөйт. Бир кошунабыз Намангандан келин болуп келген эле, "силерде да алча көп болду, бизде да. Наманганга алып барып сатып келбейлиби" деп калды. Алчаларды терип мен аны менен кошулуп бардым. 20 рубль акча кылып келгем. Ал сумма учурунда чоң акча болчу. Кийин үйрөнүп алып дагы сатып келгем.
- Спорт менен машыгасызбы?
- Он жашымдан баштап
баскетбол ойноп жүрдүм. Мектептин тандалма командасынын оюнчусу элем. Кийин университетке келсем баскетбол ойногондордун баарынын бою узун экен. Азыр да анча-мынча ойноп калам. Воллейболду жакшы көрөм, билльярд ойнойм.
- Диетага отургансызбы?
- "Бөлүп тамактануу" деген диетага отургам. Мисалы, түшкү тамакта эт жесең, жалаң эт жешиң керек, башка тамак аралаштырбай, картөшкө жесең, жалаң картөшкө жейсиң. Нанды такыр эле жебей калгам. Конокко барганда бир топ кыйынчылыктарды жаратат. Бир ай дегенде жыйынтык берип арыктай баштайсың.




  Бал муздак эригенче

Фарида Карбосова
Жар-жар
Көп гезиттерге быйыл турмушка чыгам деп коюп, калпычы болдум окшойт. Анткени, жигитим экөөбүз тойду дагы кийинкиге жылдырып жатабыз. Септи эчак эле даярдап койгом. Жигитим болсо мага той көйнөктү сатып алып коюптур, бирок мага сюрприз кылам деп көрсөтпөй жатат. Анын тандоо табитине ишенем, сонун көйнөк тандаган болуш керек.

Биз таанышкан күн
Экөөбүз таанышканыбызга беш жылга жакындап калды. Кышында күн суук, аялдамада тоңуп, маршрутка күтүп турам. Машина келип токтоп эле, бир жигит "жеткирип коёюн" деди. Бир жагынан бейтааныш эле жигиттин машинасына түшүп кеткенден коркуп турсам, бир жагынан үшүп атам. Анан ошондо үйгө жеткирип барды. Жылдыздуу жигит экен. Мен да ага жактым окшойт, бат-баттан жолукчу болдук. Кантип бири-бирибизди сүйүп калганыбызды да байкабай калыппыз.

Сүйүү - жүрөккө сайылган тикенек
Ыйык сезим бар экенине ишенем. Балким, мага катуу сүйүү келгендиктен ушинтип ишенимдүү айтсам керек. Сүйүү - жүрөккө сайылган тикенек. Ал тикенекти алып салуу кыйын. Мен махабат тууралуу ырдап, анын улуулугун даңктап келем. Сүйүү түбөлүктүү эле болсо экен. Махабатты кызгануу коштоп жүрөт деген чын белем. Бири-бирибизди көп кызганабыз. "Үйлөнгөндөн кийин ырдатпай койбойсуңбу?" деп сураганымда, ал "гостролдоп гана чыкпасаң болду, шаардагы концерттерде ырдай бересиң" деди.

Келин
Өзүмдү эле багып, жалгыз жашагандан жадап кеттим. Өзүмчүл да болуп калат экенсиң, көпчүлүктү жактырбай. Ак жоолук салынып, халат кийип, көшөгөдө отурганымды кыялданам. Ал да өзүнчө бакыт да. Алгачкы күндөрү баары бир сүрдөйт болушум керек. Бирок мен жумуштан коркпойм. Үй оокаттарынын баарына бышкам. Тамак жасагандан такыр эринбейм. Көп аялдар беш бармак жасаганда китлап салып коюшат экен, мен ар дайым колго камыр жайып, Таластын күлчөтайын жасайм. Досторум тамшанып жешет.




  Өнөр көчө

Манастын эстелиги
Москвага коюлабы?
Манастын эстелиги Москвага качан коюлары белгисиз. Мындай маалыматты Каржы
министри Тажикан Калимбетова Жогорку Кеңештин илим, маданият комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, эстеликти орнотууга каражат жок экен. "КМШдагы мамлекеттердин каржы министрлеринин жолугушуусунда дүйнөлүк каржы кризисине байланыштуу эстеликтерди коюуга каражат берүүнү токтото туруу чечими кабылданган" - деди министр. Ал эми Маданият жана маалымат министри Султан Раевдин билдирүүсү боюнча, эстелик Москвадагы Речной вокзалынын жанына коюлмакчы. Аны орнотууга уруксат алуу үчүн кыргыз өкмөтү 9 миллион сом короткон.

"Эсимде" гран-приге ээ болду
"Арт-Ордо" эл аралык театрал-дык фестивалында Арсен Өмүралиев атындагы шаардык драмтеатрдын "Эсимде" спектакли баш байгеге ээ болду. Улуу жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгына арналган бул сынактын жыйынтыгында "Эң мыкты спектакль" сыйлыгын Казакстандын "Айлампасы" алды. Ушул эле спектакль "Эң мыкты музыкалык жасалга" деген номинацияны да башкага тарттырган жок. Тажикстандыктар койгон "Кылым карытар бир күн" мыкты режессурасы үчүн сыйлыкка татыды.

Марк Дакаскос менен Болот Шамшиев
Эл аралык Ысык-Көл кино-фестивалынын жабылуу аземинде "дүйнөлүк киного кошкон салымы үчүн" Чыңгыз Айтматов атындагы эки күмүш медаль тапшырылды. Сыйлыктын бирин Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде көп кинолорду тарткан Болот Шамшиев, бирин Голливуд жылдызы Марк Дакаскос алды. Голливуд актеру Баткен окуялары тууралуу тартыла турган "1999" кыргыз-америкалык тасмасына тартылмай болду. Ал жерде туткунга түшкөн япондун ролун аткармакчы.

"Теңир" Бразилияга барат
"Теңир" тасмасына Бразилияда өтө турган "Амазония" эл аралык кинофестивалына катышууга сунуш түштү. Бул тууралуу кинематографисттер союзунун жетекчиси Таалайбек Бапанов билдирди. "Теңир" Кыргызстан, Германия, Франция өлкөлөрү менен биргеликте тартылган. Эл аралык Ысык-Көл кинофестивалында аталган фильмдин башкы ролун ойногон Альбина Имашева "Аялдын эң мыкты ролу" номинациясын жеңип алып, Голливуд жылдызы Марк Дакаскостун колунан сыйлык алды.

Айдай кыздан "Дил кайрык"
Элдик ырларды созолонткон Айдай Стамкулова 14-ноябрь күнү саат 17.00де УТРКнын концерттик залында "Дил кайрык" аттуу тушоо кесүү кечесин өткөрөт. Бул концертке Нурак Абдрахманов, Роза Аманова, Бакыт Чытырбаев, Элмира Кайып кызы, Нурзат Орозалиева, Райхан Абдувалиевалар катышат.













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan