Саясат KG
Акундун айбатынан
Бийлик тытышмайга өттүбү?
Кечээ Акыйкатчы Турсунбек Акун редакцияга телефон аркылуу билдирүү жасап, Курманбек Бакиев Германияга дарыланууга кеткен соң, Акүй ичинде интрига күчөгөнүн кейиштүү маанайда жар салды. Анын айтымында, президенттин администрация жетекчиси М.Садыркулов менен бийликтин башка бутагындагы лөктөр тил табыша албай, ич ара карама-каршылыкка өткөнү каңкууланат. Кокус ажонун жоктугунан тиреш күчөй берсе, Т.Акун бардыгынын абийирин айрандай төгүп, коомчулукка жар саларын да жашырбады. Мм... да-а дейбиз, Тукеден кө-өп нерсени күтсө болот...


Оомат оогондо
Улуган Улуке, же А.Келдибековдун кадамы кантеди?
Былтыр парламент тарап, бир топ адамдардан оомат тайган. Анын ичинде экс-депутат А.Келдибеков да бар эле. Кызыгың түшкүрдүн жашоосу ушул белем, Акмат мырза алдан тайганда, ага туш-тараптан чабуул башталып, башкасын кой, өзүнүн досу У.Ормонов тымызын опузага өтөт. Мисалы, У.Ормонов А.Келдибековдун кадры Т.Туташевди Ош шаардык салык инспекциясынан айдатып, ордуна биртууган агасы Каныбек Ормоновду койдурат. Эми тагдырдын тамашасын кара, Башсалыкчы болуп А.Келдибеков келер замат Улукең "улуп-уңшуп", калдактап жүргөн кербези. Мындай шартта А.Келдибеков досун жазалайбы, же айкөлдүк кылабы?


Илимий эрөөл
Министр айымдын кыйындыгы
Министр И.Болжурова КПССтин тарыхын жактоо менен илимдин кандидаты наамына ээ болгон. Ал эми бийликке келгенден кийин Москвадан педагогика илиминин доктору наамын алганы айтылуда. Мындай илимий бийик даражаны Москва лингвистикалык институтунун ректорунан алганы маалым дешет. Бул айымдын кыйындыгын караң, ошол ректор айымды былтыр Кыргызстанга чакырып, ажонун колунан орден алып бергенге жетишиптир. Баракелде-е...


Кезек өкмөттө
Ажонун эскертүүсүнөн
Ажо Германияга кетер астында Акүйдөн чукул жыйын өткөрүп, ба-ардык жоопкерчиликти премьер И.Чудиновго тапшырып, катуу эскертүү берген. Кокус электр жарыгы башкалаада негизсиз өчүрүлүп, алешемдикке жол берилсе "кетесиң" дегенге чейин ачууланган. Курманбек Салиевич би-ир нерсени ойлосо керек, учурда финансылык кризис, экономиканын эңшерилгени, ошого катар кышка даярдык кыйшаңдап так эмес. Мындай шартта өлкө жүгүн И.Чудиновдун көтөрүп кетиши арсар. Ажо келгиче сөзсүз бир бум чыгат. Анда эле премьер-министрдин ээрден оодарылышы ажеп эмес.


Жыландын башы...
Москва оппозицияны колдогондо
Оппозициянын Москвага барышын бир катар ММКлар уу-дуу кепке айлантып ийишкен эле. Ар кандай кеп таратышып. Кечээ Ө.Текебаев, А.Жекшенкулов, Т.Сариев, И.Өмүркулов, А.Шыкмаматов сыяктуу лидерлер Москвадан жылуу маанайда келишкени маалым болду. О.э. бир катар жолугушууларды өткөргөнүн эшиттик. Маселен, Кремлден орус бийлигинин үлкөндөрү менен масилет курушканы, ага катар кыргыз мигранттары менен да жолугушканы айтылууда. Биздин баамыбызга караганда, оппозиция Москвадан колдоо тапкан имиш. Баса, ошол арада СДПК лидери А.Атамбаев да Москвада саясый иштери менен алектенип жүргөнүн билдиришти. Ал бүгүн-эртең Бишкекке конмокчу.

Каргашадан кийин
Эларалык авиациялык комитет унчукпайбы?
24-августтагы авиакырсыктын ачуу калдыгы жүрөктү дале канатууда. Бу боюнча кыкеңский бийликтин чала-чарпыт жүзүн көрдүк. Ал эми соңку маселе: Эларалык авиациялык комитет бүгүнкү күнгө чейин билдирүүсүн жарыялай элек. Мына ушул расмий жарыя ачыкка чыкса, КР Башкы прокуратурасы да тергөө ишин жыйынтыктамакчы. Ошондо гана кимдер айыптуу экени алаканга салгандай билинет.


Эсиңизден өчтүбү?
АКШ куралдары контрабанда...
Эсиңизде болсо, АКШдан алынып келинген курал-жарактардын табылышы менен чуу чыгып, тынчып эле калган. Бу жагынан Америка солдаттарына байланыштуу делгени да маалым. Азыр ал куралдар Башкы прокуратура тарабынан контрабанда катары далилденип, тергөө иши эчак эле бүткөнү маалым болду. Бирок, коомчулук мындай олуттуу кылмышты унутуп койгону тынчсыздандырат эй!

Кара жолбу?
К.Ташиевдин айласын куруткан кырсык
Камчыбек Ташиев өзгөчө кырдаалдар министри болгондон бери кырсык арбыганы неден кабар этет? Биз бу жагынан саресеп салсак, бир жылда 147 өзгөчө кырдаал кырсыгы болуп, 173 адам каза таап (а жабыркаганы канча?), мамлекет 663 млн. сомго чыгаша болуптур. Ал эми эки күн мурун Алайда 5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө катталды, о.э. Жалалабаттын Базаркоргонун сел алды. Жыл башынан берки мындай тирукмуш кырсыктарды санап отурсак, пенденин чачы агарат. Анан ойлойт экенсиң, барып эле кыргыздын ырым-жырымына акылың муюп. Кырсык кыргызды катуу басканына караганда , министр мырза кызматында каражолтой эмеспи? Муну да эл таразаласын! Баса, соңку учурда К.Ташиевге бийликтин жогорку кыйындарынын көзү бузулганы байкала баштады. Ыргыйбы?













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan