Көч соңунда

Орусия көлөкөсүндөгү КМШнын жолу тарбы?
Иштин натыйжасы канчалык начар болсо актанмай, а түгүл кыйратып салдык деп мактанмай да ошончолук көп болот эмеспи. Мактанып түгөтө албай жатышат, Кыргызстан менен Орусиянын бийликке баш ийген маалымат каражаттары. Бишкекте өткөн КМШынын саммитин. Кыкеңдер өлкөнү кыйынчылыксыз эле кыштан чыгарып салышты. Өлкө инвестицияга толуп, Камбарата курулуп бүттү. Отун-cуунун баары камдалып, жарык өчпөй турган болду. Эмнеге десең Өзбекстан газ берет экен. Качантан бери Кыргызстан үйдү газ менен жылытып, электр энергиясын газдан алып калган дейм да.
Орустар да Бишкек жыйыны КМШнын тагдырында бурулуш жыл болду деп сайрап жатышат. Алардын айтымында, акыркы саммит КМШнын келечеги кең экенин көрсөтүптүр. Себеби, КМШны өнүктүрүүнүн 2010 -жылга чейинки стратегиясын кабыл алды дешет. Калп айткандын да чеги болот го - кайдагы өнүгүү (?), КМШ четинен ыдырап тарап жатса. Азыр өнүктүрүүнүн эмес, сактап калуунун стратегиясы керек да. Эгерде КМШ аларга чынында эле керек болсо.
Мындан бир жыл мурда антип айтса, бир жөн эле. КМШнын бакандай болгон 2 мүчөсү андан чыгып жатса, анын өнүгөрүнө ким ишенет? Грузиядан саммитке эч ким келген жок. Украиндер болсо эч нерсе чечпеген бирөөсүн жибериптир. Чечти деген маселеси да жөн эле кагаз. Стратегия ишке аша элек ой-максатты чагылдырган документ болсо кагаз дебегенде эмне дейсиң. Аны да бүтүрө алышпай кийинкиге калтырып коюшту. Андай кагаздардын бир нечеси буга чейин деле кабыл алынган. Бирок алардын бири да ишке ашкан эмес. Мунусу ишке ашып кетет деп ким айта алат?
КМШы бизге эмне берди дегенде, анын жактоочулары адатта эки өлкөнүн ортосунда соода сатык жүрүп жатканын, инвестициянын келгенин жана Орусия менен Казакстан кыргыз мигранттарын кууп чыкпагандыгын айтышат. Бирок КМШ болбосо эле соода таптакыр эле жүрбөй калабы? Кыргызстан КМШга кирбесе эле Орусиядан, Казакстандан келген инвестиция cуу буугандай токтойбу? Же мигранттардын пайдасы кыргыздарга эле тийип, орустарга тийбейби? Албетте, жок. Түркия, Иран менен Кыргызстан шериктештик түзгөн эмес, ал эми алардан келген товар болсо шериктештикке кирген кай бир өлкөлөрдүкүнөн ашса ашат, бирок кем эмес. Кытайды айтпай эле коеюн. Бул маселелердин баары эки тараптуу келишимдин алкагында эле чечилчү маселе. Аны көп тараптуу келишим болгон КМШга жармаштыруу шериктештик эмне экенин түшүнбөө менен барабар.
КМШнын келечеги жок экени башында эле түшүнүктүү болгон. Ага Евроюздан айырмаланып бири тоону, экинчиси ойду караган ар кандай өкөлөр кирип алган. Шериктештикке мамлекеттер өз ыктыяры менен кирип, чоң-кичинесине карабай тең укутуу болгондо гана бирдеме чыкмак. Евросоюзда так ошондой. Ага кир деп эч ким мажбурлабайт. Тескерисинче, кирем деп кезек күткөндөрдүн аягы көрүнбөйт. Анда кичинекей Эстония килейген Германия жана Франция менен тең ата сүйлөшө алат. Бир эле мамлекет макул болбосо эч бир чечим күчүнө кирбейт. КМШ болсо Орусиянын каалоосу менен эле түзүлгөн. Кол алдындагы республикаларга байкабай эгемендик берип алып, кийин ага өкүнүп калып, ошол ич күптүүсүн басыш үчүн, биз дагы эле бул республикаларды бийлеп турабыз деп өзүн өзү сооротуш үчүн түзгөн. Анда үстөмдүктү да Орусия кылат. Башкалары эч нерсе чече алышпайт. Алар КМШга Орусиядан коркконунан эле киришкен. Бири товар бербей коет деп чочуласа, экинчиси чатак чыгарып жибереби деп корккон. Анткени бир катар республикаларда орус калкы көп болуп, эгерде алар Орусиянын укпай кетсе, Орусия аны пайдаланып, каалагандай жазалап коюшу мүмкүн болчу.
Орусия чынында эле ошентип келет. Молдовада Приднестровье маселеси, Грузияда Түштүк Осетия жана Абхазия маселеси, Украинада Крым жана Чыгыш Украина маселеси Орусия тарабынан атайын чыгарылган маселелер. Казакстан да түндүк жагынан кооптонуп, Орусиянын тилинен чыга албайт. Эгерде Орусиянын ниети ак болсо, дүйнөлүк практикага ылайык мындай маселелер ар бир мамлекеттин ички иши деп койбойт беле - ал маселелер бир эле күндүн ичинде чечилет да калат болчу. Ал анткиси келбейт. Анткени күчкө салбаса аны эч ким укпайт. КМШ да тарап кетет. Бул Түштүк Осетия чатагында даана көрүндү. Мен Грузияны актай албайм, бирок Орусиянын бөтөн мамлекеттин территориясын агрессия кылып басып алышын мен туура көргөн жокмун. Орусия чечендерди күч менен басса болот экен да, грузиндер осетиндерди ошентсе болбойт бекен. Ким өзүнүн шериктешине кол салат? Орусия Грузияны чын эле шеригим деп эсептесе, ал мындай ишке барбайт болчу да.
Орусия КМШны жалаң күч менен кармап турат деп калпычы болбоюн, ага калган мамлекеттерди магниттей тарткан дагы бир нерсе бар. Ал Орусиянын Батыштан айырмаланган авторитардык бийликтерге көз жумду мамилеси. Орусия түшпөс хандарды ачыктан ачык колдоп келет. Ага демократиялуу Украина менен Грузияга караганда адамдын укугун каакы ордуна көрбөгөн Белоруссия, Түркмения, Өзбекстан жакын. Анткени ал өзү да негизинде ошондой өлкө. Орусия азыр нефти менен газына гана кутуруп жаткан кези. Эгерде алардын баасы түшүп кетсе, мурдагы таз кейпин кийбет деп ким айта алат? Ал алган мындай багыты менен жакын арада өнүгүп-өсүп кете албайт.Ушундай өлкө да Кыргызстандын өнүгүшүнө жардам бермек беле?
Тарых орустардын үстөмдүгүнөн кутулган гана өлкөлөр өнүгүүнүн жолуна түшөрүн көрсөтүп жатат. Чехия, Венгрия, Польша, Словакия, Болгария жана башка мурда орустардын жетегинде болуп келген Чыгыш Европанын өлкөлөрү Орусиядан оолак болуп, Евросоюзга ыкташты эле, 20 жылга жетпей өнүккөн өлкөлөрдүн катарында болуп чыга келди. Алар Евросоюзга кирем деп, анын стандарттарын аткарам деп атып, кандайча чыныгы демократияны жана күчтүү экономиканы куруп алгандарын да өздөрү да билбей калышты. Батыш өнүгүүгө чоң стимул. Ооба, азыр Украина менен Грузияда саясый абал туруксуз. Бирок бул убактылуу нерсе. Демократия туруктуулукка жетишсе, темирдей чың туруктуулук болот. Экономиканы да дүркүрөтүп өстүрөт. Эгерде Украина менен Грузия Евросоюзга жана НАТОго кирсе, мен алардын тез өнүгүп кетерине терең ишенем.
Сергей Нурманбетов




  Жумасереп

"Пустота"
Ошентип, көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин саммити аяктады. Жалданма политтехнологдор белгилегендей, саммиттин алкагында Азиянын тагдырын талкуулаган 19 маселенин тегерегинде сөз жүрдү. Жыйынтыгында өлкөбүз үчүн биртоп маанилүү маселелер жарыкка чыкты таризинде билдирүү таратышты. Арийне, өтө маанилүү делип, бирок, Кыргызстанды түздөн-түз кызыктырган электр энергия менен суу жана газ маселелери ооз учунда айтылып өткөн өңдөнөт. Өзбек ажосу 2009-жылдын биринчи кварталында Кыргызстанга 150 млн. куб метр көбөйтүлгөн көлөмдө газ берээрин кыйытты. 2008-жылдын январь айынан баштап газды кымбат сатаарын мурдале айткан. Ушундан улам айрым кадырлуу коңшу мамлекеттерге газ баасын 179 долларга баалап, биздей кадырсыз коңшуларына 300 доллардын четин кылтыйтып отурат. Саммит мезгилинде газ проблемасы талкууланганы менен өлкөбүзгө берилүүчү газдын баасы аныкталбай, үстүртөн гана макулдашууларга жетишилгендей болду. Ислам Каримовдун козгогон маселесинин тегерегинде Кыргызстан өзү сууга жетишпей отуруп, Өзбекстанга суу саталабы деген суроо туулат. Ушундай эле талапты Тажик коңшулар эскертип өттү. Мындан билингендей Азияны суу тартыштыгы каптап келүүдө. Эгер расмий Бишкек коңшуларга берген убадасын аткаралбай калса, газ маселеси туңгуюкка капталат өңдөнүүдө. ЕврАзЭС 2009-жылы энергетика тармагында кызматташуунун зарылдыгын унуткан жок. Ушундан бир күн мурун орус ажосу Д.Медведевдин Кыргызстанга расмий иш сапары башталып, анда да энергитика тармагы менен "Кыргызгаздын" тагдыры чак түштө талашка түштү. Натыйжада, "агаң турса-иниңе катын кайда дегендей", "Кыргызгаздын" 75 пайыз акциясын "Газпром" чөнтөгүнө сомогону турат. Бакыт Бешимов окшогон бийликтин өгөй балдары мындай маанилүү маселелер парламентсиз чечилип жатканына кейип гана тим болушту. Мындан сырткары, 2009-жыл шериктештикке кирген өлкөлөрдүн аймагында "Жаштардын" жылы болсун деген сунуш колдоого алынды. Президент Бакиевдин айтымында, шериктештиктин масштабында ар кандай чөйрөлөрдө 10 чакты отурум, жаштардын форуму өткөрүлүптүр. А эмне үчүн шериктештикке кирген өлкөлөрдүн жаштары билим деңгээлин өркүндөтүүдө же өзү каалаган жумушка жайгашууда бири-бири менен кызматташуу үчүн мамлекеттен жардам алалган эмес? Отурумдар менен гана чектелип калган. Саммитте айтылгандай, аймактар аралык жана чекараларга жакын жерлерде соода жүргүзүүгө кеңири жол ачылып, аны укуктук жактан бекемдөөгө көңүл бөлүнөөрү айкын болсо, Кара-Суу районундагы Барак, Хайдаркендеги Сох анклавдарынын тагдыры бөлмө артындагы жашыруун кеңешмеде үстөл үстүнө коюлуусу зарыл эле. Ошондой эле Улуу Ата-Мекендик согуштагы жеңиштин 65 жылдыгына карата даярдыктарды көрүү, наркотикалык каражаттардын, психотроптук заттардын жана алардын преккурсорлорун мыйзамсыз жүгүртүлүшү менен күрөшүүдө кызматташуу жана дүйнөлүк финансылык кризиске каршы биргеликте күрөшүп, финансы министрлеринен турган жумушчу топ түзүлгөнү жакшы көрүнүш. Миграция маселесинде болсо, кызматташтыктын укуктук базасын түзүп, чегаралык жана миграциялык көзөмөлдөрдү өркүндөтүү, мигранттарды укуктук жактан коргоо багытында козголгон сөздөр эгер, протоколдорго кол коюуу менен гана чектелбесе, эмгек мигранттарына жакшы шарттар түзүлдү демектир.
Ошентип, саммит аяктады. Өздөрү айтмакчы, өтө деле жемиштүү өттү деп айтууга бир чети ооз барбайт. Айрым маселелелерге кол коюлганы менен анын аткарылышында калды. Ал эми нагыз элге керектүү маселелердин чети али оюлган жок. Бирок, белгилеп коюучу нерсе, төңкөрүштөн бери мейман тосуп-узатууну кыргыз эң сонун өздөштүрүп баратат. Муну өлкөбүздө өтүп жаткан саммиттер тастыктоодо.

Манас ОСМОН













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan