Азакеден
АЗИЛ АРАЛ
Сиветомузыка
Караңгыда катын күркүрөйт
- Ап, балаке-ет... айтпадым беле жарым саат эрте өчөт деп!
- Жаталы...
- Керелди күнү кечке жатасың итак, жатабер дальше.
- Жатса жата берем. Ушундай караңгылыкта туруп жинди болупмунбу.
- Гүңдү гана гөрөйүн өкмөт!
- Өкмөт издес нипричем. Жанагы биздин электирик Иличбек эле өчүрүбатат муну.
- Эй тоокмээ, Токтогул соолуп калганын уккан жоксуңбу?
- Болбогон кеп. Палитика. Апазициянын чыгармасы.
- Асылба, апазицияга. Апазиция бар үчүн свет биротоло өчпөй кайра күйүп атат билсең.
- Тикини-тикини... апазиция -мапазициясы жок эле союздун маалында бир секунд өчкөн эмес жарык. Керек болсо такошо апазициянын айынан өчүбатат.
- Нервимди козутпачы, сенин сүйүктүү бийлигиң эмнени кыйратыбатат?
- Биздин бийликтин эң сонун ийгиликтерин КТР таңдан түнгө чейин какшап атат го. Көрүп, мандай бир кругозоруңду кеңейтсең боло.
- И-ий, бети жоктор! "Тезек тергиле, кыш катуу" дегенден бөлөк эмнени билесиңер силер?!
- Өй катын, алдагы келжирек сөзүңдү токтотпосоң уурдалып кетесиң.
- Ошонум кызык. Саясый жылдызга айланам. А сенин "дүжүрлүк" рейтингиң төмөндөйт.
- Менин дүжүрлүк кызматымдын урматына сен аманесен жыргап жашабатасың. Болбосо давноле капыт болмоксуң.
- О сенин жыргатканыңардыс - с... көрдө жашап аткансып, минтип эримди көрбөй айтышып отурам.
- Көрүшөбүз катын, карүшөбүз. Он эки саат чыдасаң свет күйөт.
- Анча саат чыдабайм! Сыйпалап табам сени, - кана... кайдасың?..
- Мына, акылыңа келдиң. Өкмөтүбүздүн жаркын идеясын эми түшүнүп келатасың. Менин үнүм чыккан тарапка сойлоп келе бер.
- Фу, шыбоо каңырсып атат.
- Ошо шыбоодон эптеп өтүп, рычагды кармасаң эле болду, мени таптым дей бер...
- Оп-па, ушубу рычагың?
- Ооба, өзү-өзү...
- Жанагы өкмөттүн жаркын идеясын жакшылап түшүндүрчү.
Светти өчүрүү менен калктын санын өстүрүү. Антпесе беш миллиондон ашпай атпайбызбы.
- Оозуң кана?
- Мына...
- Ашчы?!
- Аа-аа...
- Антимитингке апчыгып айкыртканың үчүн, апазицияны жумуртка менен чаптырганың үчүн, азык-түлүгүмдү кымбаттатып, светимди өчүргөнүң үчүн, караңгыда калтырып, караңгы идея айтканың үчүн өкмөт экөөңөрдүн аңырайган оозуңарга ках-хр-рык... тфу!..




  Жылмаяк кокту

Русский - адам,
а Русская аракпы?
Эркек жумушка келет. Көзү көгөргөн. Достору үймөлөктөшө сурабатышат:
- Ой, ким сокту мынча сени?!
- Катыным да...
- Койсоңчу, эмне үчүн?
- Мен аны "сен" дегеним үчүн.
- Нормальный түшүндүрчү.
- Ой, экөбүз жатпайбызбы, төшөктөчү... анан ал айтып калды:"Биздин секс менен шугулданбаганыбызга көп болду, ээ" депчи. Мен минтип тактабатпайымбы, кашайып: "Биз эмес, сен" депчи...

Жайдын ысыгы. Бир пиво сүйгөн неме канистр пиво көтөрүп келатса астынан сыйкырчы чыгат:
- -Кечир, тууган. Случайна жолугуп калдык. Бир каалооңду айт, аткара кетейин...
- -Хоп! Мобу канистрдагы пивом эч качан түгөнбөсүн!
Сыйкырчы тигинин каалоосун кандырып көздөн кайым болот. Ошол күндөн ушул күнгө пивокор канистрдын оозун ачалбай убара...

Жалпыга белгилүү нерсени жанабир кайталып коелук:
Американец - адам, а Американка - бильярддын бир түрү.
Венгр - адам, а Венгерка - гусар солдаттын үстүңкү кийими.
Вьетнамец - адам, а Вьетнамка - пляжда кийчү бут кийим.
Голландец - адам, а Голландка - меш.
Поляк - адам, а Полька - бийдин түрү.
Русский адам, а Русская арактын сорту.

Карыган бизнесмен өлөрүндө болгон байлыгын үч уулуна бөлүштүрөт
- Ушундай да калыссыздык болобу!? Деп бакырып, үстөлдү бир муштайт төртүнчү уулу. Кызыгы бул кабарды бешинчи уулу угалек...













Почта:janyzak@mail.ru
Тел.: +996777329784
© J.Janyzak, Kyrgyzstan