Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_9.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чолпонкул ТӨРӨКУЛОВ:
"Өлкөбүздөгү стабилдүүлүк бакубат жашоого жол ачат"
Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Чолпонкул Асылбекович ТӨРӨКУЛОВ 1960-жылы ушул райондун Бакыян айылында төрөлгөн. Эмгек жолун "Бейшеке" колхозунда талаачылык бригадасынын эсепчиси болуп иштөөдөн баштаган. К.И.Скрябин атындагы айыл чарба институтун зооинженер адистиги боюнча аяктагандан кийин "Бейшеке" колхозунда селекционер-зоотехник, кой фермасынын башчысы, башкы зоотехник болуп эмгектенген. Чарбалар жер реформасына ылайык дыйкан чарбаларга таратылгандан кийин "Бакыян" дыйкан чарбасын, менчик чарбаны жетектеди. 2000-2008-жылдары Кара-Буура районунун айыл чарба башкармасынын начальниги, 2008 - 2012-жылдары райондук кеңештин төрагасы кызматтарын аркалаган. "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасынын, муниципалдык кызматтын мыктысы" наамдарына татыган. Учурда төрт кыз, бир уулду татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирген ардактуу ата. Райондун жетекчилигине келгенине жыл айлана элек болсо да, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүшүндө байкаларлык жылыштар болгонун тогуз айдын жыйынтыгы далилдеп турат. Төмөндө мына ушул маалыматтарга окурмандардын көңүлүн бурсак.


Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Бардык тармакта
жылыштар бар

Райондук мамлекеттик администрациянын жакында болуп өткөн коллегиясынын жыйынында өткөн тогуз айдын социалдык-экономикалык өнүгүү мерчемдерин аткарууда жетишилген ийгиликтер менен катар ички мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдаланууда кетирилген кемчиликтер да ачык айтылды. Аймак жашоочуларынын негизги кирешеси мал чарбачылыгынан жана дыйканчылыктан өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларын: төө буурчак,
буудай, картошка жана жашылча са-туудан түшөт.
Ушул жылдын тогуз айында район боюнча аталган тармакта салыштырмалуу баа менен алганда 713 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү деңгээли 104 пайыздан ашкан. Ушундай эле өсүш жагына багыт алган көрсөткүчтөр өнөр
жайында, чекене товар жүгүртүүдө, элге акы алып кызмат көрсөтүүдө байкалат. Ал эми капиталдык салымдарды бардык тармактарда пайдалануу көлөмү ушул жылдын январь, сентябрь айларында 300 млн. сомго жеткени өзгөчө белгилей кетүүчү мисал экенин кошумчалай кетели.
Жыл башынан бери райондук мамлекеттик салык кызматы тарабынан салык жана башка төлөмдөрдү бюджетке түшүрүү көлөмү 50,7 млн. сомду түзүп, белгиленген тапшырма 101 пайызга аткарылган. Райондун со-
циалдык фонду тарабынан камсыздандыруу төлөмдөрүн чогултуу көлөмү 62,1 млн. сомду түзүп, белгиленген план 93,8 пайызга аткарылган. Бирок 2013-жылдын 1-октяб­рына карата пенсия төлөп берүүдөн карыздары жокко эсе. Райондун акими Чолпонкул Төрөкуловдун айтымында жыл аягына чейин топтолгон карыз толук жоюлат.

Сарымсак каналынын мааниси зор

Аймакта азыр реабилитацияланып жаткан Сарымсак каналынын ошол чөлкөмдөгү дыйкандар үчүн мааниси зор экени талашсыз. Район бийлигинин маалыматына таянсак, аталган каналдын курулушу бүткөрүлсө Кара-Буура айыл өкмөтүнөн 330 гектар, Чимкенттен 71 га, Бакайыр айыл өкмөтүнө караштуу Карасай айылынан 498 гектар жер аянттары толугу менен сугат суусу менен камсыз болмокчу. Буга кошумча долбоорго ылайык 2001 гектар айдоо жерине суу чыгарууга
шарт түзүлмөкчү. Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында каралган бул долбоорду жүзөгө ашырууга жалпысынан 9,4 млн. АКШ доллары жумшалат.
Ушул жылдын июнь айында өткөн тендерге "Талассуукурулуш" акционердик коому жалпы наркы 98 млн. сомдук жумуштарды аткаруу укугун утуп алган. Жалпысынан бул дол-боор боюнча 6,2 км. аралыгын бетондоо, 21 суу курулмаларын куруу, 4 көпүрө, суу өлчөөчү чекти оңдоо каралган. Ушул жылдын ноябрь айына чейин 402 метрге жакын аралыгы техниканын, кол күчү менен тазаланып тегизделген, бетон жаткырууга даярдалган.
Учурда бул долбоорду аткаруу-га 25 адам, 2 экскаватор, 1 кран, 4 жүк ташуучу автомашина иштеп жатат. Эгерде аба ырайы иштөөгө мүмкүнчүлүк берсе, жыл аягына
чейин 15 млн. сомдук жумуштар аткарылмакчы. Буга кошумча аймактагы Саркул каналын оңдоо жумуштарын аткарууну "Ремэнергогидрострой" ЖЧКсы баштады. Аралыгы 16,2 километрге созулган бул каналдын курулушу бүткөрүлсө, канал алдында жайгашкан 1208 гектар сугат жерин натыйжалуу пайдаланууга мүмкүнчүлүктөр ачылмакчы. Жалпысынан жогорудагы эки курулушка республикалык бюджеттен 100 млн. сомго жакын каражат жумшалмакчы.

"Чыңгыз-Ордо"
комплекси курулат

- Доорубуздун залкар жазуучусу Ч.Айтматовдун 85 жылдык мааракесине карата өз мекени Шекер айылында кызуу даярдыктар жүрүп жаткан учуру. Айылдын үстү жагындагы жазуучунун каармандарынын элестери түшүрүлгөн "Ачык асман астындагы айкелдеринин" жанында "Чыңгыз-Ордо" комплексин куруу маселеси өкмөттүк деңгээлде чечилип, аны жазуучунун 90 жылдык мааракесине карата бүткөрүү каралган. Ушул комплекс курулчу аянтка чейинки жолду куруу милдети "Ремэнергогидростройго" жүктөлүп, алгачкы транш менен 1,8 млн. сом бөлүнүп берилген.
Ошондой эле Шекердеги Чыңгыз Айтматовдун музейинде оңдоо иштери бүткөрүлүп, борбордук аянтка ушул айылдан чыккан залкар таланттар Ч.Айтматовдун, А.Жакыпбековдун, СССРдин эл артисти К.Медетбековдун айкелдери тургузулууда. Айкелдерди тургузууга кеткен чыгымдарды демөөрчүлөр өз кепилдигине алышкан. Эл арасында легендага айланган, тубаса талант Райкан Шүкүрбековдун 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө да камылга көрүлгөн. Анын туулуп-өскөн Суулуу-Маймак айылында айлампасы 2,8 километрди түзгөн ат майданы курулуп, бул ипподромго акындын ысмы берилип, мааракесинде улуттук ат оюндары боюнча мелдештер республикалык деңгээлде өткөрүлгөн. Жалпы белгиленген сыйлыктардын өлчөмү 1 млн. сомго жетти, - дейт райондун акими Чолпонкул Төрөкулов.

Асфальт-бетон заводу курулду

Райондун Кировка-Чаткал автожолунун тогузунчу чакырымында Кара-Буура өзөнүнүн жээ-гинде Түрк өлкөсүнүн насыясына ошол чөлкөм үчүн абдан маанилүү асфальт-бетон заводу бардык ин-фратүзүмдөрү менен курулуп бүткөрүлдү. Бул ишкананы электр энергиясы менен камсыз кылуу, жумушчулар үчүн панель үйдү куруу да кыска убакытта ишке ашкан.
Ал эми райондун Көк-Сай айылында наркы 3,3 млн. сом турган күрөш залы толук курулуп бүтүп, ушул айдын аягында толук пайдаланууга берилмекчи. Ушул эле айылдын кире беришиндеги 1,5 километр жолду асфальттоого 9 млн. сом жумшалганын өзгөчө белгилей кетүүгө милдеттүүбүз. Райондогу дагы бир ири долбоорлордун катарына Шекер айыл аймагындагы Арчагул айылындагы мектептин курулушун атоого болот. Республикалык бюджеттен каржыланган бул мектептин ички жасалгалоо жумуштары ырааттуу жүрүп жатат.
Жай мезгилинде жардамга муктаж үй-бүлөлөрдүн алтымыш мектеп окуучусуна мурда кароосуз калган мейманкананы демөөрчүлөрдүн каражатына оңдоп-түзөп, эс алуу борборуна айлантышып, көңүлдөгүдөй каникулду өткөрүүгө шарт түзүп беришкенин жакшы саамалык катары баалоого болот.

Жалпы көйгөйлөр
башка аймактардан
айырмаланбайт

Райондун акими Чолпонкул Төрөкуловдун айтымында аймак дыйканчылыкты, мал чарбасын жана ишкерликти өнүктүрүүгө эң ыңгайлуу шартта жайгашкан. Учурда төө буурчакты сатып алуу баасы дыйкандардын бардык чыгымдарын кайтарып, кошумча пайда табууга да шарт түзүп берүүдө. Бирок респуб-ликанын башка аймактарындай эле райондо айыл чарба техникалары, сапаттуу үрөн менен дыйкандарды камсыз кылууда кезиккен көйгөйлөр жетиштүү. Малдын сапатын жогорулатып, алынуучу продукциянын көлөмүн көбөйтүү маселесине да көңүл бурулууда.
- Калкы 57 миң адамды түзгөн Кара-Буура районунда чечүүнү талап кылган көйгөйлөр бар, бирок айыл өкмөттөрү менен биргеликте четтетүү иш-чаралары акырындап жүзөгө ашууда. Эң башкысы - элибиз ынтымактуу, эмгекти сүйгөн, иштин майын чыгарып, күткөн натыйжаны камсыз кылган адамдар арабызда жетиштүү. Өлкөбүздө тынчтык туруктуулук болсо, биз да белгиленген чектерди багындырууга чама-чаркыбыз жетишет, - деп аким өз сөзүн
жыйынтыктады.







Пикир:






??.??