Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер
 
Жетекчи ой бөлүшөт
Баткен облусунда салык топтоо 1 миллиард сомдон ашты
Баткен облусунун түзүлүшү 1999-жылы Баткен районунун аймагына куралданган топтордун басып кириши менен гана шартталбастан тарыхый, саясый, социалдык жана экономикалык муктаждык болчу. Себеби эгемендүүлүктүн жаралышы менен бирге мурдагы социалисттик тутумдун, чарба жүргүзүүнүн, пландуу экономиканын принциптери жаңы базар экономикасынын талаптарына туура келбей калган. Өткөөл доор өлкөбүздөгү облустардын арасынан Баткен облусуна өзгөчө чоң көйгөйлөрдү алып келди. Алар биринчиден, Өзбек жана Тажик республикалары менен чек аранын толук такталбагандыгы. Экинчиден, жол жана суу көйгөйлөрү, үчүнчүдөн, борбордон алыста жайгашкандыгы ж.б. кошууга болот. Атап өткөн көйгөйлөр эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында эле эмес, бүгүнкү күндө да чоң кыйынчылыктарды жаратууда. Жогоруда белгиленген маселелерди чечүүдө жана социалдык инфратүзүмдү жакшыртууда облустун тарыхында биринчи жолу ушул тогуз ай аралыгында чоң ийгиликтерге жетиштик десем жаңылышпайм.

Салыктын көлөмү
өстү
2013-жылы облустагы макроэкономикалык көрсөткүчтөр тууралуу кеңири маалымат берсем: жалпы ички дүң продукция өндүрүү 103,3 пайыз, өнөр жай 113,0 пайыз, айыл чарбасында реалдуу өсүш 100,3 пайыз болуп, рыноктук тейлөөлөр салыштырма баада 126,8 пайызга, чекене соода жүгүртүү 127,0 пайызга аткарылды. Ал эми эмгек акы 104 пайызга жогорулады.

Баткен облусунун 14 жылдык тарыхында биринчи жолу 1 млрд. 12 млн. сомдук салык топтолуп, өткөн жылга салыштырмалуу 212,7 млн. сомго көп же 131 пайызды түзүп, жыл жыйынтыгында 1 млрд. 250 млн. сом салык топтолуусу күтүлүүдө. Маалымат катары айта кетсек, 1999 жылы болгону 76 млн. сом салык топтолгон.
Азыркы экономикалык каатчылык мезгилинде мындай жогорку көлөмдөгү салык кайдан түштү деген суроо ар бир жаранда пайда болушу мүмкүн. 2012-жылдан баштап салык жыйноону жогорку деңгээлге жеткирүү үчүн атайын төмөнкүдөй иш чаралар жүргүзүлдү. Биринчиден, 2012-жылдын 24-апрелинде облустун аймагынан күйүүчү жана майлоочу материалдарды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюу боюнча иш чараларды күчөтүү үчүн "Ыкчам штаб" түзүү жөнүндө өкүлчүлүктөн атайын буйрук чыгарылды. "Ыкчам штаб" тарабынан Баткен жана Лейлек райондоруна келүүчү күйүүчү жана майлоочу материалдарды май куюучу бекеттерге жеткирилип төгүлүүсүн камсыз кылуу үчүн Баткен районунда бир, Лейлек районунда эки жумушчу топ
түзүлдү.
Натыйжада 2012-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу 303 млн. сомго көп салык топтолгон болсо, анын ичинен 212 млн. сому күйүүчү жана майлоочу материалдарга салыктын эсебинен болду. Ал эми 2013-жылдын тогуз айында өткөн жылга салыштырмалуу 212 млн. сомдон ашык салык топтолгон болсо, анын 152 млн. сому күйүүчү жана майлоочу материалдардын эсебинен болду.
Ошондой эле облус боюнча 2013-жылдын тогуз ай аралыгында көмүр 7,2 миң тоннага, сымап 378 тоннага, цемент 178 миң тоннага көп өндүрүлдү.

Негизги каражат жол
курууга жумшалууда
Быйылкы жылы Баткен облусу инвестиция тартуу боюнча да өзүнүн тарыхында алгачкы жолу чоң ийгиликтерге жетишти. Анын негизги себеби ушул жылдын 26-апрелинде КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан "Инвестициялык форум" өткөрүлдү. Анда жалпы 15 млн. доллардык 600 долбоор сунушталып, анын ичинен 3 млн. 240 миң доллардык келишимдерге кол коюлду.

Форумдун алгачкы жемиши катары белгилей кетсем ОБСЕ, GIZ, БУУ сыяктуу эл аралык уюмдар менен Исфана шаарында 300 миң еврого "Таза суу" долбоору боюнча келишим түзүлүп, азыркы күндө 90 пайыз бүткөрүлдү. Ал эми Баткен районунун Кан айылына жалпы билим берүүчү орто мектеп куруу боюнча Matrass Mining Group компаниясы менен 600 миң доллардык келишим түзүлүп, курулушу башталды. Япония элчилиги менен түзүлгөн келишим боюнча Баткен районуна 116 миң доллардык мектеп жана Кызыл-Кыя шаардык ооруканасына 121 миң доллардык медицина эмеректери алынды. Ошондой эле Тажик Республикасынын "Нур" компаниясы менен Баткен шаардык аэропортуна 2 млн. доллардык терминал куруу бонча келишим түзүлдү.
Ал эми жалпысынан алганда 2013-жылдын тогуз ай аралыгында 2 млрд. 244 млн. сомдук инвестиция тартылып, анын 1 млрд. 569 млн. сому жаңы көз карандысыз жол курууга жумшалды.

Чек араны бекемдөө да
зарыл маселе
Облусубуздагы эң көйгөйлүү маселелердин бири болгон чек ара маселесин чечүүдө ар тараптуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул маселе эки мамлекеттин ортосун тикен зым менен тосуп коюу менен гана чечилбеси белгилүү.

Ошондуктан чек арада жашаган калк-тын социалдык абалын жакшыртуу менен ички жана тышкы миграцияны, жумушсуздукту, жакырчылыкты ж.б. толгон көйгөйлөрдү чечүү максатында КРнын Өкмөтү тарабынан 2012-жылдын 20-мартында № 186 токтом кабыл алынды. Анын негизинде Программа кабыл алынып, 51 айылдагы биринчи иретте чечилүүчү көйгөйлөр үчүн 3 млрд. 220 млн. сом акча каражаты керектелүүсү аныкталды.
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жогорудагы көйгөйлөрдү бир мезгилде чечүү мүмкүн эмес, ошондуктан биз Өкмөткө жылына 400 млн. сомдук иш чараларды каржылоо үчүн өзүбүздүн сунушубузду берген-
биз.
Ал эми 2013-жылдын 20-январында Өкмөт өзгөчө статуска ээ Кыргыз Республикасынын айрым чек арага чектеш аймактарынын
коопсуздугун камсыз кылуу, Баткен районунун инфратүзүмүн жакшыртуу, "Сох" анклавынын айланасында жашаган калкка жардам көрсөтүү максатында № 19-б буйругун чыгарып, 371 млн. сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Анда суу, жол, чек араны тосуу, социалдык инфратүзүмдү жакшыртуу ж.б. көйгөйлөр боюнча 14 объект каралган. Тогуз ай аралыгында аталган объектилердин ичинен Баткен районунун Чарбак айылында 8 млн. сомдук фельдшердик-акушердик пункт пайдаланууга берилди. Мындан тышкары Баткен районуна караштуу Кыштут, Суу-Башы, Дара жана Төрт-Гүл айыл аймактарын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу көз карандысыз электр энергия менен камсыз кылуу үчүн 48 млн. 700 миң сом акча каражаты жумшалып, пайдаланууга
берилди.
Ал эми "Сох" анклавынын айланасында жайгашкан Баткен районунун Кыштут айыл аймагына караштуу Таян, Чарбак, Кыштут жана Тажик Республикасы менен чектешкен Ак-Сай айыл аймагына караштуу Таш-Тумшук айылдарын таза суу менен камсыз кылуу үчүн 25 млн. 500 миң сом акча каражаты бөлүнүп, иш жүрүүдө.
Чек ара аймагындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн дагы бир тармагы кошуна мамлекеттерге көз карандысыз жол куруу болуп саналат, ага байланышкан маселелерди чечүүдө облустун аймагында бир нече ири долбоор иштеп жатат.
Жогоруда аталган объектилердин ичинен эң көйгөйлүүсү Бел-Сөгөт - Бөжөй автомобиль жолу болчу. Себеби бул аймакта жыл сайын бештен он экиге чейин конфликт катталып, Өзбекстан тарап Сох анклавы аркылуу Бөжөй айылына өтүүчү жолду тосуп, аны саясый таяныч же көзүр катары колдонуп келди. Эң негизгиси быйылкы жылы 54 млн. 700 миң сомдук жумуш аткарылып, Бөжөй айылына көз карандысыз жол
ачылды. Буюрса, 2014-жылы жол толук бүткөрүлөт.
Чек ара аймагындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн кийинки тармагы жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү болуп саналат. Анын негизинде жеке менчик үй куруу үчүн жер ажыратып берүү, жаңы жумуш орундарын түзүү менен миграциянын агымын азайтууга жетишүүгө болот. Бул багытта республикалык бюджеттин эсебинен облус боюнча 7 суу объект курулуп жатат, же 8592 га. жер өздөштүрүлөт ага 2,195 млн. сом керектелет, бүгүнкү күнгө каржыланганы 408 млн. сомду, же 18 пайызды түзөт.
Бүгүнкү күндө жогоруда аталган ири долбоорлордо иш жүрүүдө жана айрыкча Бүргөндү массивин, Боз - Кара-Кыштак каналын өздөштүрүүдө активдүү иш жүрүп

жатат.
Билим берүү
мекемелеринин
саны өстү
Азыркы ааламдаштыруунун жана базар экономикасынын шарты интеллектуалдык ресурстарды өнүктүрүүнү, адамдык капиталга инвестиция жасоону талап кылууда. Ошол себептен Баткен облусундагы билим берүү тармагында ийгиликтүү иштер жүргүзүлүүдө.Тарыхый статистикалык факт катары төмөнкү маалыматтарга көңүл бурсак.
1999-жылы Баткен облусунун аймагында бала бакчалардын саны 18 болсо, 2013-жылга келип 73кө өстү. Ал эми жалпы орто билим берүүчү мектептердин саны 1999-жылы 188 болсо, 2013-жылы 237ге жетти.
Жаш эгемендүү өлкөбүздүн азыркы экономикалык шартында облустун чек ара, суу жана жол көйгөйлөрүн тездик менен чечүү мүмкүн эмес. Бул жараян өз ичине бир канча жылдарды камтыйт. Бирок облустун келечектеги өнүгүүсүнө негиз болуучу төмөнкүдөй калыптанган тарыхый жакшы жышаандар бар.
Биринчиден, кылымдарды карыткан тарыхы бар өрүкзарлуу өрөөндөн мамлекеттин пайдубалын түптөгөн Абдыкадыр Орозбеков, Мурат Салиховдой жана өлкөбүздүн андан кийинки өнүгүшүнө бараандуу салымын кошкон Исхак Раззаковдой, Төрөбай Кулатовдой жана Абсамат Масалиевдей улуу инсандар жашап өткөн.
Экинчиден, облус алтын, сымап, сурьма ж.б. кен байлыктарга, ошондой эле суу ресурстарына бай жана эң негизгиси мекен чегинде бир тилке жер үчүн күрөшкөн, ар кандай саясый оюндарга аралашпаган эмгекчил эли бар.
"Ынтымактуу үйдө ырыс түнөйт демекчи", өлкөбүздө тынчтык, бейпилдик болсо кыргыз мамлекети, албетте, өнүгөт. Ошондуктан сөзүмдүн аягында журтубузга ынтымак, жергебизге тынчтык каалайм.
Жеңиш РАЗАКОВ,
Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү







Пикир:

Яндекс.Метрика