Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_7.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_7.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_7.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
Тоолук элди токой да байытат, эгерде...
11-декабрда белгиленчү эл аралык Тоо күнүнө карата бул жолу Тоо өнөктөш-түгүнүн мүчөлөрү: Кыргызстандын токой пайдалануучулар менен жер пайдалануу-чуларынын ассоциациясынын башкы директору Айткул Бурханов менен "Рурал Девелопмент Фанд" коомдук фондунун жетекчиси Захиба Оморбекова ой бөлүштү.

Даярдаган
Бермет МАТКЕРИМОВА,
"Кыргыз Туусу"
"Жашыл" экономика -
"жашыл" өнүгүүнүн
ачкычы
- Айткул Мустафаевич, Кыргызстан үчүн эл аралык Тоо күнүнүн мааниси эмнеде деп ойлойсуз?
- Кыргызстан тоолуу агрардык өлкө, себеби жайгашкан аянтынын дээрлик 93%ын тоолор ээлейт да, жашаган калк­тын 60%дан көбүрөөгү элетте жашап, тиричилигинин негизин айыл чарбасы түзөт. Андыктан тоо­-
луу өлкө катары табигый климаттык татаал шарттары менен тоо экосистемасынын кооптуулугу жогору болгон жагдайлар арбын. Мындай шартта, албетте, биздин өлкө үчүн дагы эл аралык Тоо күнүнүн мааниси абдан зор деп эсептейм. Бекеринен 2002-жыл Кыргызстанда ЮНЕСКО тарабынан "Тоо жылы" деп жарыяланып, Бишкекте эл аралык деңгээлдеги глобалдуу тоо саммити өтпөгөн чыгаар?
Кыргызстан токой пайдалануучулар менен жер пайдалануучуларынын ассоциациясынын алдыга койгон асыл максаттары дагы ушул багытта десек болот. Биздин Ассоциация 2010-жылы май айында Норвегиялык токой тобунун (NFG) колдоосу менен ишин баштап, азыркы мезгилге чейин
колдоосу уланууда. Негизги иш багытыбыз - тоолуу өлкөбүздүн экономикасын көтөрүүдө маани­лүү тармактар болгон токой жана айыл чарба тармагында ишкердикти өнүктүрүүгө таасир этүү. Кудайга шүгүр, Ассоциация катарына азыр токой жана жер сектордо эмгектенип жаткан 100дөн ашык юридикалык тараптарды бириктирип иш алпарууда. Белгилей кетүүчү жагдай - биздин уюмга токойго жанаша жашаган жана токойдун ичинде жашаган жергиликтүү коомдоштуктар дагы мүчө болуп саналышат. Токойлор - элдин тиричилигинин булагы, андагы отун, жайыт, тоют, мөмө-жемиштер, дары чөптөр жана башка табигый ресурстар ошол элдин социалдык муктаждыктарына керектелип келет.
- Кыргызстанда тоону өнүктүрүүнүн негизги маселелери кайсылар жана Сиздин уюм аларды өзүнүн ишмердигинде кандай чечип жатат?
- Экономиканы көтөрүү дегенде эмнегедир бизде дароо эле алтын кени же башка тоо кендерин иштетүүнү колго алуу деген суроо келип чыгат. Ал эми менин оюмча тоо кендеринен сырткары деле бизде башка көп мүмкүнчүлүктөр бар. Мен муну төрт багытта карап чыктым: Биринчи. "Жашыл экономиканы" көтөрүп, "жашыл өнүгүүгө" баруу. Эмне үчүн? Сө­зүм куру болбосун үчүн бир гана мисалды келтиргим келет. Биздин жерибиздин климаттык шарты жаңгак мөмөлүү токойлорду өстүрүүгө абдан ыңгайлуу. Бирок ага тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбай келет. Маселен, Түркия менен Иранда мындай продукциядан тапкан киреше өлкөнүн ички дүң продукциясынын чоң салымын түзөт экен. Мен грек жаңгагы, мисте жана бадам тууралуу айтып жатам. Эгер Өкмөт колдоп берсе туура 10 жылдан кийин бул өсүмдүктөр түшүмүн берип баштайт, бул болсо келечекке чоң камкордук болмок. Биз жаңгак-мөмөлүү токойлорубуздун абалын жакшыртып, аларды өстүрүүнүн жаңы инновациялык технологияларын колдонуу менен жаңыча иштеп, ага жергиликтүү элди тартуубуз керек. Болгону арада 10 жыл убакыт керек, анткени токой өсүмдүктөрү жазда эгип, күздө жыйнап алган айыл чарба продукцияларындай болбойт, бирок башталган жакшы камкордуктун акыбети эки эсе артаарына кепилдик бере алам. Эгерде 1 гектар жерге эгилген мистени жаңыча технологиялар менен баксак, туура он жылдан кийин ал 250 миң сом, же болбосо 5 миң АКШ доллары болгон кирешени берет. Бул башталышы эле, эгер иш жакшы жолго коюлуп кетсе киреше 3-4 эсеге өсөөрү аныкталган. Кайталап кетким келет. Ал үчүн Өкмөттүн колдоосу жана элдин мекенчилдик аң-сезим менен катышуусу гана керек. Азыр айыл чарбасында колдонулбай ташталган кайракы жерлер арбын. Эгер ошол жерлердин 1%ын гана иштетип токой каптаган аянтка айлантсак, ал 1 жылда миллиарддаган долларларды алып келген кирешеге жеткирет. ФАО уюмунун колдоосу менен биздин Ассоциация Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамагенттик менен бирге быйыл "Кыргыз Республикасында 2025-жылга чейин жаңгак-мөмөлүү токойлорду өнүктүрүү боюн­ча мамлекеттик про­грам-
манын" долбоорун иштеп чыктык.
Бул дагы токой тармагын өнүктү-рүүдөгү укуктук-ченемдик акт катары бир чоң салым. Эгерде алдыга койгон максаттар ишке ашып кетсе, келечекте урпактарыбыз үчүн жасаган татыктуу ишибиз болмок.
Экинчи. Кыргызстан суу ресурс­тарына бай өлкө. Ага жараша суу жетишпегендиктен иштетилбей жаткан жерлер да көп. Эгерде биз сууну пайдаланууну үнөмдөөдө ирригациялык системалардын инновациялык жолдорун жаңыча пайдаланууга үй­рөнсөк, бул дагы киреше табуунун бир булагына айланмак.
Үчүнчү. Айыл чарбада мал чарбачылыгын өнүктүрүүнүн бир жолу - жайыттарды жакшыртуу. Биздин бул багытта дагы койгон максаттарыбыз чоң. Эч кимге жашыруун эмес, респуб­-
ликада жайыттардын 50%ы деградацияга учураган. Эми ошол жайыттарды пайдаланууну туура жолго коюуга да чоң мүмкүнчүлүгүбүз бар. Мисалы, жайыттарды коргоочу токой тилкелерин тигүү, тактап айтканда ошол тилкелерге сөксөөл эгүү. Сөксөөл тилкелеринин артыкчылыгы кайсыда? Биринчиден, ошол деградацияланган жерлерде биотүрдүүлүк көбөйөт, экинчиден, сөксөөл өзү дагы тоют катары жайыттагы тоют корун толуктайт. Экологиялык абал жакшырып, кыртыштагы эрозия жоголот.
Төртүнчү. Кыргызстан экологиялык жактан таза продукцияларды өндүрүүгө толук шарты бар өлкө. Андыктан биз алма, жаңгак, мөмөлүү жемиштер, өрүк, шабдаалы сыяктуу таза продукцияларыбызды жакшылап өндүрүп, аларды кайра иштетүүгө жетишип, эл аралык стандартка ылайык-
тап сертификаттоодон өткөрүп, чет жактарга жакшы баада сатууга бизде толук мүмкүнчүлүк бар. Мисалы, жаңгактын маңызы бизде 1 килосу 350 сомдон болсо, аны кайра иштетип, жакшы сапаттуу бренд жасап, маркетинг ишин жолго койсок, экологиялык таза продукция катары чет өлкөгө кымбат баада сатсак болот.
Мына ушул жогоруда мен айтып өткөн факторлорго экологиялык абалды бузбай жетише алсак, таза киреше табуу менен алдыдагы 10-15 жылда биз жашыл экономиканын жолуна түшүп, жашыл өнүгүүгө багыт алат элек.
- Тоо өнөктөштүгүнө мүчө болуунун пайдасы эмнеде?
- 2011-жылы эл аралык Тоо күнүн белгилээр алдында Тоо өнөктөштүгүнө мүчө болуп киргенбиз. Бул кызматташтык бизге эмне берет? Албетте, биринчиден башка тоолуу өлкөлөр менен таанышып, кызматташып, тоо жериндеги жер жана токой пайдаланууда, курчап турган чөйрөнү коргоо, табигый ресурстарды рационалдуу пайдалануу сыяктуу глобалдуу маселелерди чечүүдө Тоо өнөктөштүгү бизге жакшы платформа болуп бермекчи.

Тоолуу аймактарды өнүктүрүүдөгү албан
ийгиликтер
"Рурал Девелопмент Фанд" коомдук фонду (РДФ КФ) Тоо өнөк­төштүгүнө 2012-жылдан тарта мүчө жана бул мезгилдин ичинде Борбордук Азиядагы Тоо өнөктөштүгүнүн өкүлчүлүгү уюштурган бардык иш-чараларга катыштык. Тоо өнөктөштүгү маалымат, иш тажрыйба, Борбордук Азияда тоону өнүктүрүү идеялары менен бөлүшүүгө эң сонун аянтча болуп берүүдө.
РДФ КФ коммерциялык эмес, бейөкмөт илимий-изилдөө уюму болуп саналат. Эне тилибизде уюмдун аталышы "Айылды өнүктүрүү фонду", анын ишмердигине социалдык изилдөөлөрдү жүргүзүү, коомдук саясатты калыптандырууга жана айылды өнүктүрүү жаатында долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүү кирет.
Уюм жергиликтүү керектөөлөргө негизделүү менен жардылыкты жумшартууга жана айылды турук­туу өнүктүрүүгө багытталган демилгелерге көмөк көрсөтүү багытында иш алып барат. 2013-жылдын ноябрында РДФнын негизделгенине 10 жыл болду. Бул жыл­дар­дын ичинде көптөгөн иштер жасалганын белгилеп кетейин.
Алсак, айылды өнүктүрүүнүн ар кыл чөйрөсүндө көптөгөн изилдөөлөр жүргүзүлдү, айыл турмушун, өзгөчө тоолуу жерлердеги жашоону жакшыртууга багытталган 20дан ашык долбоор ийгиликтүү ишке ашырыл-
ды.
РДФ коомдук фонду акыркы беш жылдан бери Кристенсен фондунун колдоосунда турмуштун ар кыл чөйрөсүндө фермерлерге, малчыларга, айылдыктарга жардам берүүдө салттуу билимдерди жана ыкмаларды топтоо, сактоо жана кайра жандандыруу маселелери боюнча иш жүргүзүүдө. Топтогон материалдардын негизинде салттуу билимдер боюнча китептердин сериясы жарык көрдү: "Көчмөндөрдүн жайлоосу", "Көчмөн ашкана", "Дары чөптөр", "Боз үй - көчмөндөрдүн үйү", "Төө - көчмөн турмуштун сулуусу", "Жайлоодогу оюндар". Бул китептер малчылар менен айылдыктарда гана кызыгуу жаратпастан, кыргыздардын салттуу мурасына кызыгышкан окурмандардын кеңири чөйрөсүнүн да бүйүрүн кызытты.
"Кыргыз Эл Акыл Казына" жайыткерлик тармагы түзүлдү, ал жигердүү волонтёрлорду, өлкөнүн бардык тоолуу райондорунун уюмдарын бириктирет. Тармактын мүчөлөрү өздөрүнүн негизги максаты катары салттуу билимди сактоочулар менен, салттуу билимдерди сактоо жана кайра жандандыруу менен иштөөнү аныкташты, анткени салттуу билимди алып жүрүүчүлөр жылдан-жылга азайып баратат, ушундан улам ата-бабаларыбыздын баа жеткис тажрыйбасы жок болуп кетүү коркунучу
бар.
РДФ жаштарга салттуу билимдерди жана ыкмаларды берүү багытында да иш алып барат. Бул жаатта Эмгек, жаштар жана ишке орноштуруу министрлигинин кесиптик-техникалык билим берүү агенттигинин республикалык илимий-усулдук борбору менен өнөктөштүктө иш жүргүзүүдө. Салттуу билим боюнча 6 усулдук колдонмо иштелип чыгып, окуу процессине киргизилди.
Биздин ишмердигибиздин дагы бир маанилүү бөлүгү жергиликтүү калктын салттуу экологиялык билимдерине негизделген жергиликтүү жамаатташтыктын катышуусу менен токой башкаруунун туруктуу үл­гүсүн иштеп чыгуу жана жайылтуу. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргызстандын аймагынын болгону 5,7%ын гана токой ээлейт. Анткен менен токойлор өсүмдүктөр жана жаныбарлар дүйнөсүнүн ар түрдүүлүгүн кармап туруу менен экологиялык бакубаттуулукту сактоодо маанилүү роль ойнойт, өсүмдүктөрдүн түрлөрүнүн жана формаларынын баалуу генетикалык фондун сактоочулар болуп
саналат.
Токойду биргелешип башкарууда жергиликтүү калктын табият жана жаратылышты пайдалануу менен байланышкан салты жана маданиятына чоң роль таандык. Кыргыздар көп кылымдар бою курчап турган чөйрөгө зыян келтирбей, табият менен таттуу мамиледе жашап келишкен эмеспи. Токой башкаруунун сунуш кылынган үлгүсү жергиликтүү токой пайдала-
нуучуларда, ошондой эле мамлекеттик органдарда колдоо жана түшүнүүнү тапканын белгилеп кетүү зарыл. Мунун натыйжасында жергиликтүү жамааттарда токойго тийиштүү жоопкерчилик ойгонуп, биотүрдүүлүктү сактоо жана токойду коргоо колдоого алынып жатат. Учурда токойду мыйзамсыз кыюулар азайды. Ошентсе да алдыда дагы арбын иштер бар. Долбоорду Кристенсен фонду, АКШ каржылоодо, биз бул багытта иштин дагы уланарына ишене-
биз.
Захиба ОМОРБЕКОВА







Пикир:






??.??