"Кыргыз Туусу", 19.11.13 Бексултан Жакиев,
Кыргыз Республикасынын Баатыры, эл жазуучусу:

"Коррупция түндүктөн түшкөн кут эмес,
эл-жерди куруткан жут!"

(Башталышы өткөн санда)
- Саясатчылар дүйнө­сүндөгү тире­шүүлөр, жердешчилик, мансап, май талкандуу орундарды талашуу элди жүдөттү...
- Жүдөсө деле кур-намыска алдырып, саясатчы жердешин, тууганын аргасыздан ээрчигендер болуп жатпайбы. Минтип бириге албайбыз. Саясатта тирешүү болбой койбойт. Бирок кандай максатта, эмне кызыкчылыкта тирешет? - кеп ушунда. Маселен, Америка Кошмо Штаттарындагы демократиялык жана рес­публикалык эки партиянын шайлоо сайын тирешкендерин көрүп жүрөбүз. Катуу тирешсе да экөөнүн тең максаты, кызыкчылыгы бир: Американын, америка элинин өнүгүшүн көздөйт. Бизде андай болбой жатпайбы. Болсо да өтө мажирөө. Эгоисттик өчөшүүлөр күчтүү бизде.
- Качырата таш чайнашпай адилет, далилдүү сындашып, акты актай, караны карадай баалаганга көнбөсөк, өчөшкөнүбүз өчөшкөн, эрегишкенибиз эрегишкен. Душмандашпай тирешсе деген тилек. Өзүңүз айткандай, "тили жаңы чыккан баладан оозунда отуз эки тиши жок токсондогу чал-кемпирге чейин саясатташып калган" бүгүнкү заманыбызда бирөөнү бирөө кепке көндүрүү кыйын. Кеп жебеген эл болуп баратабыз. Кыргыз качан ушундай элек?! Кеп жебесек, баятан бери сүйлөшкөнүбүз деле бекерби деп отурам.
- Бирөө болбосо бирөө кебибизге кулак түрөөр деген үмүт бар да сен экөөбүздө. Киши укпайт деп, үмүттү такыр үзүп койсок, анда гезит чыгарып деле кереги жок болуп
калмак.
- Коррупцияга каршы күрөш чечкиндүү башталып, солгундап калды дедиңиз. Себеби эмнеде деп ойлойсуз?
- Себеби көптөй. Менин баамымда, эң негизгиси карышкырга кой кайтарткандай жорук болуп жатат. Коррупция менен аёосуз күрөштү ким жүргүзүш керек? Сот, прокуратура, милиция, дагы тийиштүү тармактарда отуруп алып, иштин мазесин кетирип жаткандар бардай сезилет мага. Ошонун кесепетинен кадр тандоодо бөртөй-шөртөй калпыстыктар болуп жатканын сындаган дооматтар адилет экенин моюнга албаска арга жок. Кыскасы, коррупция­ны коррупционердин колу менен муунтканы жүрсөк, төөнүн куйругу жерге жеткенче жүрө беребиз. Дагы, баягы эле кайсы бир саясатчылардан: "коррупцияга каршы күрөштү бийлик башындагылар токтотуп койду" деген айып-тоону укчу болдук. Далилин сурасаң, баягы эле "учуру келгенде ачыкка чыгарам" деген жооп. Төө кыядан өткөн соң жер сабагандан не пайда? "Учуру келгенде" деле "ачыкка чыгаргандарын" көрбөйбүз. Билип турса, учурунда эле коррупционердин бетин ачып, эмне көрсөтүп салбайт? Же алар кимдин коррупционер, кимдин коррупционер эмесин билбейби? Сопсонун билет! Бирок коррупционердин бетин ачмак түгүл, айыбы бар-жогун гана такташ үчүн тергөөгө алынчу депутаттарды биринен сала бирин калкалап калып жүргөндөрүн кандайча түшүнсөк болот?! Коррупцияга доо кетпесин деген ниет да бул! Коррупциянын үзүрүн көрүп жүргөн саясатчылардын "эрдиги" да бул! Өзүбүз кылгылыкты кылып салып, "эмне кыз, эмне кыздын бетин тытат" болуп, күнөөнү башкага оодара салмай, атүгүл, күнөөлүүгө чаң жугузбай адвокатсынган ит адатыбыздан арыл-
майын көчүбүз түзөлбөйт. Бардык нерсенин маданияты, чени болот. Тирешүүнүн да, мансапка умтулуунун да "маданияты" болот. Бизде андай жок азыр. Азыр бизде бет тырмаарлык күчтүү, карын кампайганга корстон кайдыгербиз, же арадай жерге чарадай чуу салганга маш чагымчыл кошоматчыбыз, же кайда айдаса ойлонбой ээрчиген оомабыз, же мансапкорлук менен дүнүйөкорлукту туу туткан коррупционербиз!
- Бул мүнөздөмөңүзгө караганда бизде таза адам калбай калган го?
- Кантип эле ошентсин?! Мүнөздөмөм саясатчыларга тиешелүү. Ошолордун кесепетинен дыйкандар сокосун тынч айдай албай, кыскасы, баласын тынч тарбиялашка чамасы жетпей саясатташып жатпайбы. Бийликке аралашып жүргөн саясатчыларды калбырга салып элесе, 80-85 пайызы чубуруп түшүп калмак. Ошончосу эскирди деген кеп бу. Арасында жашы да, карысы да бар.
- Туура. Эскирерин эскирди. Жаңыча ойлонуп, жаңыча иш жүргүзгөндөр аз. Аларды эмне жаңылап, алмаштырууга болбойбу, же бизде кадрлар жокпу?
- Кадр тандоонун жашоо-шартыбызга, коомдук-психологиялык бүгүнкү акыбалыбызга ылайыкталган ырааттуу жол-жобосу жок. Парламенттик багытты тандап алдык. Аны колдогондордун катарындамын. Бирок баркын катуу кетирип жатабыз. Өңгөсүн айтпаганда да, министрлерден баштап, көчөдөгү туалет башчыларына чейин партиялар бөлүштүрүп алды. Кимди кайда коюшту партиялар сунуштайт. Парламентаризми калыптанып, өсүп-өнүккөн өлкөлөргө мындай тартип жарашат. Көзүбүздү чылк жуумп алып, чет өлкөлөрдүн тартибин туурап жатканыбызга жол болсун! "Казды туурап, карганын буту сынат" болуп жатабыз! Анан кантип биздеги парламентаризм элге жек көрүнбөсүн?! Өнүккөн өлкөлөрдөгү ар бир партиянын катарында тиги же бул министрлигин жетектөөгө жараган даярдыгы жетик адистери ондоп-жыйырмалап четтен чыгат. Бизде андай эмес да! Андай болбогон соң, "өз корообуздан кочкор салабыз" принциби боюнча "энчисиндеги" кызматка эптеп эле өз партиясынан бирөөнү, кемчонтой болсо деле түртө салып жатпайбы. Ошонун кесепетинен өз башы менен ойлонгонду билбей, "президенттин тапшырмасы менен, премьер-министрдин көрсөтмөсү менен, спикердин айтканы менен гана түкүнчө ишти түкүнчөдөй жөндөмүш болгон" атка минерлердин көптүгүнөн эл иренжип кетти. Парламентаризмибизди калыптандыра албай жаткан азыркы акыбалыбызда чет өлкөлөрдү туурабай, "жылкыга ченеп ышкырсак", айталык, каолициядагы партиялар калыстар тобун түзүп, кайсы партиядан экенине, деги эле партияда бары-жогуна карабай, чет жакта иштесе да жарандарыбызды конкурс жолу менен жооптуу кызматтарга тандаса, көзгө көрүнбөй жүргөн, ишке жарактуу жигит-кыздарга жол ачылмак да "эскиргендер" өзүнөн өзү четке сүрүлмөк. Кадр тандоодо дагы бир пайдасынан зыяны оор ыкмадан арылбай келатабыз. Ал - квота деген балээ! Илгери, совет жаңы орногон кезде, жергиликтүү улуттардан кадрларды өстүрүү зарылчылыгынан квота керек болгон. Ошол амалдын бүгүнкү күнгө чейин келатканы - нонсенс! Квотага байланып, кокту-колотуна, түндүк-түштүгүнө, партиясына, улутуна карабай билимине, даярдыгына, адистигине, квалификациясына, адилеттигине, ниетине, Кыргызстан деп күйгөн жарандык аң-сезимине жараша кадр тандоо принцибин жетекке алмайын кызмат доолап догурунгандардан, нааразычылыктардан кутулуу мүмкүн эмес. Натыйжада биримдик, ынтымакташуу болбой жатат; кадрларыбыз квотадан орун үмтөтүп, билимин, адистигин өркүндөткөндөн эринип, өз күчүнө өзү ишенүүнүн далалатында болбой жатат. Ошондой эле улуту кыргыз эмес жарандарыбыздын көпчүлүгү Кыргызстанды мекени катары сезе албай командировкага келгенсип жүргөндөрүн байкоо кыйын деле эмес. Мында алардын күнөөсү жок. Күнөө Америка Кошма Штаттарындагыдай ар улуттан турган бир эл экенибизди чыңдай албай, келаткандыгыбызда. Кыргызстан көп улуттуу өлкө экендигибиз чындык. Кыргыздар канчалык ишке тың, калыс, адилеттүү, билимдүү болсок, башка улуттардын көз алдында "титульный" улут катары барктуу да, сый-урматтуу да болмокпуз. Кыргыз деген гана атка жамынып, ишке билими тайкы, чала сабат таеке-жээндерди көтөрмөлөй берип, башкаларга жек көрүндү болушка акыбыз жок. Биз, кыргыздар, жакшы жактарыбыз менен үлгү көрсөтүүгө тийишпиз. Ошондо гана башка улуттардын өкүлдөрү кыргызстандык болгонуна сыймыктана алмак. Ансыз Апрель окуясынын максаттарын ишке ашыруу өтө оор, чала-чапкыт абалда чайналганыбыз чайналган.
- Апрель окуясын "төңкөрүш" дегендер бар, "революция" дедик. "Кеп аталышында эмес" деген да сөздөр айтыла калып жүрөт. Сиз кандай ойдосуз? Ага удаа Ош, Жалал-Абад жаңжалы болду...
- Кандай гана окуя болбосун өз аты менен туура аталганы жакшы. Бурмаланса, тарых чаташат, эл чаташат. Төңкөрүшкө эл катышпайт, а түгүл, билбей да калат. Төңкөрүштү бийлик сарайынын ичиндегилер, бийлик сарайына кирип-чыкканга акысы барлар жасайт. Маселен, Курманбек Бакиевди уулу Максим, же иниси Жаныш, же өкмөт башчысы Да-
нияр Үсөнов, же куралдуу күчтөр министри кулатса, төңкөрүш болмок. Бакиевди кууп чыккандардын токсон тогуз проценти өмүрү Ак Үйдүн босогосун аттабаган Ата Мекен үчүн, адилеттик үчүн жан кыюудан кайра тартпаган эр жүрөк азаматтар болгон. Жетинчи Апрель - талоончу, ачкөз бийликке каршы көтөрүлгөн элдин эрдик көтөрүлүшү. Демек, ал революция. Июнь кыргынынын Апрель революциясынан
айырмасы жок, экөө тең бирдей каргашалуу окуя дегендерди угуп жүрөбүз. Апрель революциясынын беделин түшүрүп, баркын булгагандардын сөзү бул. Июнь кыргынын каргашалуу десек туура. Ал эми Апрелди каргашалуу десек, ыйманыбызга балта
чаап калабыз. Апрелдин кайгысы, трагедиясы өтө оор - не деген эр-азаматтарыбыздан айрылдык. Бирок алардын эрдиги жек көрүндү бийликти кулатып, дүйнөнү дүңгүрөттү! Апрель революциясынын түздөн-түз таасиринде "араб жазы" атка конгон көтөрүлүштөр башталды. Андай көтөрүлүш ири алды Тунисте чыкты.
- Бул айтканыңыз жөн эле мактанчылык болуп калбас бекен? Кыргыз көтөрүлүшүнүн арабдарга таасирин Путин, дагы башкалар айтып атса, өзүбүздөгү кайсы бир эргулдар жан далбастап, аны жокко чыгарганча шашпадыбы...
- Андайларды өз элин кемсинткен, өз жериндеги ийгиликти көрө албаган нигилисттер дейт.
- Ошондуктан айтканыңызды далилдеп бересиз го? Тунистиктерге Апрель революциясы кандайча таасир этип, эмнеси менен шыктандырды?
- Мурда деле дүйнөнүн көп өлкөсүндө, ошол эле араб мамлекеттеринде, Тунисте деле, көтөрүлүштөр далай чыгып, бийлик тараптан ок атылар замат үй-үйлөрүнө житип кетчү. Өлүмдүн сүрү көтөрүлүшчүлөрдүн кайратын майтарып салчу. Бу саам тунистиктерди кыргыздардын тайманбастыгы шыктандырды. Таш менен куралданган кыргыздар, кырылып атса да, Ак Үйдөн жааган октон качпай кан ичкич бийликти кууп чыгып, жеңишке жетти. Чечкиндүү кайрат, жалтанбас эрдик жааган октон да айбаттуу болорун Апрель революция­сы көрөттү. Ошого шыктанган тунистиктер кыргыздардай октон качпай өжөрлөнүп жатып, жек көрүндү королун кууп чыкпадыбы. Бул таасир эмей эмне?!
- Бексултан агай, 2010-жылдын август айында болсо керек эле, филармонияда Кыргызстандын бардык аймактарынан аттуу-баштуу дегендей өкүлдөр, ошол кездеги президентибиз Роза Отун-
баева катышкан жыйналышта Сиз Апрель окуясын революция деп, Ош таратпагы июнь кыргынын Апрель революциясынын максаттарына каршы уюштурулган
контрреволюция дедиңиз эле...
- Ооба. Контрреволюцияны адегенде борборго жакын Маевкада баштап жиберишкен. Андан майнап чыкпаганда, түштүктө кыргыз менен кыргыздын ортосунда жарандык согуш тутантууну көздөштү. Түштүктү бөлүп чыгып, өзүнчө республика түзөбүз дегендерин айтпай эле коёюн. Курманбек Бакиев куралчан жанкечтилерин баштап, Ош шаарына жайкалып кирип барганда, оштуктар аны кууп чыкпаса, кыргыз менен кыргыздын ортосунда жарандык согуш башталмак. Оштук мекендештерибизге эки дүйнөдө ыраазы болушубуз керек: Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калды алар! Контр­революционерлер кыргыз менен кыргызды согуштура албаганда, кыргыз менен өзбектин кыргынын баштады. Буга өрт койгондор өзбек сепаратисттери, бакиевдер жана бакиевчилер, ошондой эле дагы башка желмогуздар...
- Мындай пикир сизге чейин деле айтылып келатат.
- Туура, муну мен биринчи айтканым жок.
- Анда кандай, өзбек сепаратисттер менен бакиевчилер бирдей максатта болгонбу?
- Балээнинби! Алардын кайнаса каны кошулбайт. Ар кимисинин максаты ар башка. Бирок чакчалакей будуң чаң түшүп турганы тигинисине да, мунусуна да бирдей зарыл болгон. Бир тарабы түштүктө өзбек мамлекетин түзүүнү көздөсө, экинчи тарабы кандай гана шартта болбосун бийлигин сактап калууну көздөгөн.
Чыгармачылык жөнүндө сүйлөшпөй эле саясатка баш-отубуз менен кирип кеттик ко...
- Саясатташып кеткенибиздин белгиси да бул. Ар ким өз ишин кылбай саясатташып кете берсек, жакында оңолбойбуз. Бирок бул "оорудан" да айыгабыз деген ниеттемин.
Маектешкен Зайырбек Ажыматов