Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_5.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
Президенттин
Корея Республикасына
расмий сапары
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атам-баев расмий сапар менен Корея Республикасына учуп кетти.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы Корея Республикасынын Президенти Пак Кын Хе, Улуттук ассамблеянын Спикери Канг Чанг Хи, Экспорт-импорттук банктын төрагасы Ким Енг Хван, Антикоррупциялык чаралар жана адам укуктарын коргоо комиссиясынын төрагасы Ли Сунгбо менен жолугушат, ошондой эле кыргыз-кореялык инвестициялык форумга катышат.
Сапардын алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу пландаштырылган.


Күн тартибинде - бюджет
Кечээ Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкөнүн финансы министри Ольга Лаврованы кабыл алды.

Жолугушууда үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетин аткаруу маселелери, ошондой эле финансылык документтин 2014-жылга долбоору талкууланды. Президент финансы министрлиги бюджетти натыйжалуу аткаруу үчүн бардык күч аракетин жумшап, бюджеттин социалдык жактан корголгон статьяларын так аткаруу чараларын көрүш керек экендигин белгиледи.


Казан шаарындагы авиакырсык
17-ноябрь күнү Казандын эл аралык аба майданында "Татарстан" авиакомпаниясына таандык Боинг-737-400 учагы жергиликтүү убакыт боюнча саат 19:25те конуп жаткан учурда кырсыкка учураган.

Москва-Казан каттамын аткарган бул учак кырсыгынан 50 адам мерт кетти. Каза болгондордун арасында Татарстандын президентинин уулу да бар. Буга байланыштуу Президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путинге жана Татарстандын президенти Рустам Миннихановго, Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведевге көңүл айтуу телеграммаларын жиберди.


Эл аралык форум
Айтматов арабызда жок, а иши уланууда
Чолпон-Ата шаарында "Чыңгыз Айтматов жана анын Ысык-Көл форуму: маданияттар диалогу жана цивилизациялардын жакындашуусу" аттуу Үчүнчү Ысык-көл форуму ишин аяктады.
"Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-көл форуму" эл аралык коомдук бирикменин президенти Аскар Айтматовдун сөзү боюнча, бул форумдун эки максаты болгон. Биринчиси - улуу кыргыз жазуучусун татыктуу эскерүү, экинчиси - Чыңгыз Айтматов демилгечиси болгон Ысык-Көл форумун глобалдуу проблемаларды талкуулоонун эл аралык платформасы катарында жаңы шарттарда кайра жаңыртуу.
Ага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн 130 өкүл катышкан.
- Бул иш-чара Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдык мааракесине жана анын чыгармачылыгына арналды, - дейт Аскар Айтматов. - Ушуга байланыштуу форумдун катышуучуларынын көпчүлүгү айтматовтаануучулардан болушту.
Т.Исхаков


Талкуу
Кыргызстан
өз озуйпасын аткарды
- Ооганстандагы тынчтыктын жана коопсуздуктун ийгиликтүү бекемделиши бул өлкөгө экономикалык көмөктөшүүнү кеңейтүү жана кошуна мамлекеттер менен соода экономикалык байланыштарды өнүктүрүү аркылуу өнүгөт, - деди Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков "Ооганстан жана региондун келечеги: ааламдашуу кызматташтыгы" семинарынын ачылышында.

Спикер мырза Ооганстандын экономикасын калыбына келтирүү, аны региондогу кызматташууну өнүктүрүүгө тартуу үчүн бардык күч-аракеттерди жумшоо зарылдыгын баса белгиледи. Бул процесске "Түркмөнстан - Ооганстан - Пакистан - Индия" газ түтүгүнүн курулушу, "Тажикстан - Кыргызстан - Казакстан - Орусия" темир жол долбооруна кошулуучу "Иран - Ооганстан - Тажикстан - Кыргызстан - Кытай" темир жолу, Тажикстан менен Кытай аркылуу өтүүчү унаажол, ошондой эле "CASA-1000" долбоорун ишке ашыруу сындуу региондук долбоорлордун ишке ашуусу чоң салым кошо турганын баса белгиледи.
Аталган семинарда өз ишмердүүлүгүн 2014-жылдын жайында токтото турган Бишкектеги транзиттик жүк ташуу борбору белгилүү бир деңгээлде Ооганстандагы кырдаалдын жөнгө салынуусуна көмөктөшкөнү айтылды. Кыргызстан Ооганстандагы антитеррористтик операцияларга көмөктөшүү боюнча өз милдеттемелерин ак ниеттүү аткаргандыгы тууралуу талкуу жүрдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы


Түшүм - 2013
Үстүбүздөгү жыл айыл чарба өсүмдүктөрү үчүн табият мээримин төккөн ыңгайлуу жыл болуп берди. Республикада дан эгиндеринин түшүмдүүлүгү мол болуп, 900 миң тоннага жакын буудай алынды.
Буудай көп,
техника болот

"Жылдын башында Кыргызстанга 1,5 миңдей айыл чарба техникасын алып келебиз деп айтканыбызда кээ бир адамдар ишенген эмес. Мына азыр тогуз айдын жыйынтыгында республикага 1056 айыл чарба техникасын алып келдик. Андан тышкары, жылдын аягына чейин дагы 400дөн ашыгы келээри күтүлүп жатат. Биз бул жаатта мурда болуп көрбөгөндөй жетишкендикке ээ болдук. Анткени, 2010-2012-жылдардын аралыгында республикабызга болгону 640тан ашык айыл чарба техникасы келип түшкөн. Келерки жылы Польша мамлекетинен 24 млн. еврого айыл чарба техникаларын алып келүүгө макулдаштык, - деди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев айыл чарба кызматкерлеринин күнүндөгү сүйлөгөн
сөзүндө.
Анын айтымында Кыргызстандын агрардык тармагын толук камсыздоо үчүн жыл сайын 1500-2000дин тегерегинде айыл чарба техникасын жаңыртып турушубуз керек. Ал эми өлкө аймактарын толук жана эч көйгөйсүз камсыздоо үчүн жалпысынан 20 000ге жакын жаңы айыл чарба техникасы иштеп турушу кажет.
2014-жылы Өкмөт агрардык тармакка 10 пайыздык жеңилдетилген насыяларды берүүнүн көлөмүн быйылкыдан дагы эселеп көбөйтүү максатын көздөөдө. Жылдагыдан айырмаланып, эмдиги жылы жашылча-жемиштерди кайра иштетүү тармагына өзгөчө басым жасала турганы белгилүү болууда. Өлкөнүн агрардык тармагын чийки зат өндүрүү базасы бойдон калуудан өйдө көтөрбөсө болбойт. Ал үчүн кайра иштетүү тармагын мамлекет колго алуу саясатын күчөтүү зарылдыгы
айтылды.

Назира АЛИЕВА





Пикир:






??.??