Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_4.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_4.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_4.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
Кыргыз - илгери эле эркин мамлекетин
курган эл
IX кылымдын башында Борбордук Азиянын мейкиндигинде кыргыздар өзгөчө саясий күчкө ээ боло алышкан. Мисалы, өздөрү жашаган этногеографиялык тарыхый аренада чечүүчү ролго ээ болуш үчүн кыргыздар 20 жыл бою уйгур каганаты менен тынымсыз согушууга дуушар болгон. Ошол эле учурда кыргыздар өздөрүнүн таасирин жогорулатуу үчүн түргөштөр, карлуктар менен достук мамиле түзүшкөн. Алардын таасири күч алган сайын уйгур каганатынын күч-кубаты төмөндөп, барган сайын алсыроого тушуккан.

Жыпар ИСАБАЕВА,
"Кыргыз Туусу"


Ошентип, кыргыздар уйгурларга 840-жылы Минусин (Миң-Өзөн) өрөөнүндө чечүүчү сокку уруп, биротоло жеңишке ээ болушкан жана ушул окуядан улам Монголия, Энесай чөлкөмүндө негизги үстөмдүк кыргыздардын колуна өткөн. "Натыйжада Борбордук Азиянын чыгыш тарабын кучагына алган кеңири аймакта кыргыздын улуу каганаты негизделген", - деп жазган бул тууралуу академик Бартольд өзүнүн эмгектеринин биринде. Бул пикирди андан кийин окумуштуулар Д.Г.Савинов, Ю.С.Худяков, В.Я.Бутанаев да тарыхый иликтөөлөрү аркылуу тас­тыктаган.
Мына ушул жана кыргыз тарыхынын башка да урунттуу учурлары тууралуу № 1 Ала-Арча мамлекеттик ордо конушунда өткөн эки күндүк эл аралык илимий жыйында сөз болду.
Эскерте кетсек, КРнын Президенти А.Атамбаев жыл башында "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койгон болчу. Бул жарлыкты ишке ашыруу максатында, Улуу Кыргыз кагандыгынын түзүлгөндүгүнүн 1170 жылдыгына арналган "Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында" аттуу эл аралык экинчи илимий жыйын уюштурулган.
Аталган иш-чараны илимий шерине катары атоону эп көрөрүн айткан профессор Тынчтыкбек Чоротегин билдиргендей, биринчи жыйын былтыр ноябрь айында өткөн. Ал эми бу жолку, Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган экинчи эл аралык жыйынга КРнын Президенти А.Атамбаев атайын кайрылуу-куттуктоо катын жөнөткөн. Аны иш-чаранын катышуучуларына Президенттин кеңешчиси Ф.Ниязов окуп
берди.

"Урматтуу конференциянын катышуучулары!
Кымбаттуу меймандар!
Сиздерди Улуу Кыргыз каганатынын 1170 жылдыгына арналган эл аралык конференциянын ачылышы менен куттуктайм.
Кыргыз элинин байыркы тарыхына кызыгуу менен карап, өлкөлөрүбүздүн өз ара карым-катнашын тереңдетүүгө зор салым кошконуңуздар үчүн ыраазычылык билдирем.
Тарых - бул окуялардын ыраат-туу тизмеги гана эмес. Адамзат цивилизациясынын ар бир баскычы тарых жолундагы жетишкен ийгиликтеринин жана кетирген катачылыктарынын негизинде калыптанган улуу акылмандыктын сыр сандыгы. Ушул жагынан алып караганда кыргыз элинин мамлекеттүүлүккө жетишүүдөгү татаал жолу ар тараптан терең изилдөөнүн негизи боло алат.
Кыргыз мамлекеттүүлүгү эки миң жылдык тарыхында түрдүү заманды баштан кечирди. Ынтымакка жеткенде гүлдөп өнүгүп, ыркы кеткенде катаал кырдаалдарга туш келген. Гүлдөө доорунда Кыргыз каганаты Түштүк Сибирь менен Борбордук Азиянын кең аймагын ээлеп турган.
Орто кылымдагы жана башка мезгилдеги кыргыздардын мамлекеттүүлүгүн жана маданий мурасын изилдөөдө терең иликтенбей калган жерлер бар. Окумуштуу-лар бул жагдайга көңүл бурат деп ойлойм. Ушул багыттагы илимий изилдөөлөр мекенчилдик сезимин калыптандырууга идеялык негиз болуп, өлкөбүздө жана аймакта жашаган элдердин өз ара мамилесин жакшыртууга жакшы өбөлгө түзөт деп ишенем.
Ошондуктан мамлекет башчы катары биринчи Жарлыгым "Кыргызстандын элинин тарыхый жана маданий мурастарын окуп-үйрөнүүнү тереңдетүү жана жарандык атуулдукту калыптандыруу боюнча чаралар жөнүндө" болду. Андан кийин Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу тарых илимин өнүктүрүү Комиссиясы жана Кыргызстан элинин тарыхый жана маданий мурастарын изилдөө максатында "Мурас" фонду түзүлгөн. Бүгүнкү конференциянын башкы уюштуруучуларынын бири мына ошол "Мурас" фонду.
Бүгүнкү конференцияда кыргыздардын тарыхы илимий көз караштан каралып,терең талдооого алынат. Ар түрдүү кайчы пикирлер айтылып, калыптанып калган айрым бир терс көз караштарга татыктуу жооптор берилет деп ишенем.
Ошону менен бирге бүгүнкү конференция аймактагы коңшулаш мамлекеттердин элдеринин ортосундагы маданий-гуманитардык карым-катнашты кеңейтүүгө жол ачары шексиз. Анткени биздин тарыхыбыз бир, тамырыбыз
бир.
Чыгармачыл жана түйшүктүү илимий ишмердигиңиздерге ийгилик каалайм!" - деп айтылган кайрылууда.
Ошентип, Кыргызстандын окумуштууларынан сырткары Орусиянын, Хакасиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Кытайдын, Түркиянын жана Венгриянын окумуштуулары катышкан илимий иш-чарада эки жыл аралыгындагы илимий иликтөө аракеттерин жыйынтыктаган баяндамалар
окулду.
Белгилей кетсек, угулган баяндамалардын бардыгында мындан болжол менен 1170 жыл мурун эле кыргыз өзүнүн каганатын, эркин мамлекетин курууга жетишкендиги тууралуу кабар бар.

***
15-ноябрда Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз каганаты түрк элдеринин орто кылымдардагы мамлекеттүүлүгүнүн жана маданиятынын алкагында" эл аралык II илимий конференциясынын катышуучулары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы иш-чаранын катышуучуларына кыргыздардын жана Кыргызстандын элинин тарыхын изилдөө жана эл арасына кеңири таратуу ишине кошкон зор салымы үчүн ыраазычылык билдирди.
Президент өткөн тарыхын билүү - элдин биримдигин жана ынтымагын чыңдоону карай кеткен жол экендигин баса белгиледи. "Тарыхты изилдөө аркылуу көп элдердин жана этностордун жакындыгын түшүнсө болот. Өткөн тарыхты урматтоо мамлекетти куруунун маанилүү шарты болуп саналып, элдердин биримдигин чыңдоого тийиш", - деди Алмазбек Атамбаев.
Мамлекет башчысы ошондой эле өткөн жылдагы конференциянын жыйынтыктары боюнча айрым изилдөөчүлөр тарабынын жарыяланган илимий иштери менен таанышкандыгын айтты. Президент азыркы конференция башка өлкөлөрдөн келген белгилүү изилдөөчү-түркологдор, кыргыз таануучулар катышкандыгы менен айырмалангандыгын белгиледи.
Президент Алмазбек Атамбаев мындай илимий иштерди улантуу зарыл экендигин, ал эми конференцияны жыл сайын өткөрүү керектигин баса белгиледи.
Өз кезегинде катышуучулар мамлекет башчысына Кыргызстандын тарыхын изилдөөгө адистешкен түрдүү өлкөлөрдүн окумуштуу-лары менен изилдөөчүлөрүнүн ортосундагы интеллектуалдык сүйлөшүүнүн жана кызматташуунун эл аралык платформасы болуп калган мына ушундай маанилүү иш-чараны өзүнүн жеке колдоосу менен уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдиришти.
Жолугушууда Азербайжандын, Венгриянын, Германиянын, Кытай Эл Республикасынын, Россиянын, Түркиянын жана Өзбекстандын окумуштуулары, Кыргызстандын бардык аймактарынын университеттеринин өкүлдөрү катышты.






Пикир:






??.??