Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_3.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_3.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_3.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
"Ар намыстын" ак куу, чаян, балыгы

Бир жолу гендердик теңчилик боюнча көйгөйлүү макалага материал жыйнап жүрүп, кара тору мотурайган
шаардык келин менен таанышкам. Ал: "Бир күнү күйөөм эртең менен көзү кызарып, уктабаган түрдө абдан ачуулуу кирип келип, экөөбүздүн паспортубузду, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн бери алып кетти. Көрсө, кумарканага уттурган карызын төлөө үчүн документтерди берип, бирөөдөн күрөөгө акча алыптыр. Кийин ал казинодон утуп алган акчага келген телевизорду, апам берген менин буюмдарыма чейин кайра саттырды. "Мен аман болсом кайра сатып алабыз", - деп жооткотту. Ал акырында үйгө мыдыр калтырбай баарын уттургандан кийин: "Бала экөөңөр башка жакка барып тургулачы", - дегенде мен иштин жайын түшүндүм", - деп, жашын төккөн.

Анан Бишкектеги бейөкмөт уюмдар, кумарканадан тагдыры талкалангандардын жакындары Ак үйдүн алдында кумарканаларды жаап берүүнү талап кылган акцияларды өткөрүштү. "КРнын аймагында кумар оюндарынын ишмердүүлүгүнө тыюу салуу жөнүндө" мыйзамдын авторлорунун бири Жогорку Кеңештин "Ар намыс" фракциясынын депутаты Бакытбек Жетигенов болду. Акыры мыйзам кабыл алынды. Тиешелүү органдар жабыла рейд жүргүзүп, тинтип жаптырышты. Далай үй-бүлөнүн өчпөс кайгысына айланган кумар бизнеси ошентип түп орду менен өлкө аймагын таштап кетиши керек эле.
Бирок, иш андай болбоду. Бүгүнкү күнү Жогорку Кеңештин дагы эле "Ар намыс" фракциясынын депутаттары Игорь Гусаров, Замир Бекбоев баштагандар казинолорду кайра ачпасак болбой калды деп жатышат. Гусаровдун ою боюнча, "Бишкекте үч, Ошто бир казино ачып, ага 1 млн. доллар инвестиция салуу керек. Менчиктин түрү боюнча 51 пайызы мамлекетке таандык болот. Казиного 1000 доллардан кем эмес акчасы бар адам гана кире ала турган кылабыз", - деп отурат.
Жакында эле УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы менен экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы биригип жүргүзгөн рейдде Бишкектин Манас көчөсүндөгү менчик үйдөн жашыруун казино табылды. Аталган органдардын аткарган мындай иштерине эң ириде кумаркананын кесепетинен тагдырына балта чабылып, орду толгус жоготууларга дуушар болгондордун жакындары миң мертебе ыракматын айтышары белгилүү. Тилекке каршы, дагы бир "ар намысчы" депутат З.Бекбоев маалымат жыйынында минтип отурат: "Эки жыл мурда казинолордун жабылышы актуалдуу болгон. Өспүрүмдөрдүн оюн клубдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн азайтып, мыйзам өз максатын аткарды. А ири оюн бизнестери көмүскөгө кетип, 500 млн. сомдой бюджетке түшпөй калды", - дейт. Анысы аз келгенсип, Замир мырза кумарканаларды көмүскөдөн чыгарып, тыштан инвестиция тартып келип, эл аралык деңгээлге көтөрүп коюуну сунуштап кирди. Эгерде Замир мырзанын логикасына таянсак, эки жылдан бери мектеп окуучулары кумарканаларга барчу жолду унутуп, биротоло тарбияланып калышыптыр.
Кыргызстан эми эки жылдык өмүрү бар мыйзамдарды кабыл алышы менен да "атагын чыгарып" алышы керекпи? Баарынан кызыгы, парламенттин дагы бир "ар намысчы" депутаты Дастан Бекешов болсо минтип отурат: "Казинону кайра ачуу мыйзамын беш жылдан кийин кабыл алуу керек. Антпесек, акча алып жаап салышты, акча алып кайра ачканы жатышат деп күлкү болобуз", - дейт. Деги бул "Ар намыс" фракциясынын азаматтарында партиянын бирдиктүү идеологиясы, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгүндөгү бир пикирдүүлүк сыяктуу принциптер барбы же жокпу? Ал эми Өкмөт "Кумтөрдүн", "Кыргызгаздын" тагдыры, кыштан элди жылуу чыгаруу сыяктуу маселелери толуп турган учурда дагы бир баш ооруну өзүнө үйгүсү келбей туру.


Былтыркы миллиондор кайдан келип, кайда кетти, депутат мырзалар?
"Tazabek" сайты КР Мамлекеттик кадр кызматынын маалыматына таянып, 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча 10 бай депутаттын атын атады. Алар төмөнкүлөр: "Ата-Журт" фракциясынан депутат Азамат Арапбаев. Анын үй-бүлөлүк кирешеси жана мүлкү - 62 млн. 737 миң 566 сомду түзгөн. Азамат мырза негизги иштеген жеринен 811 миң 628 сом иштеп тапканын, ошондой эле 61 млн. 925 миң 938 сом кошумча киреше тапканын көрсөткөн. Былтыр ал 101 млн. 726 миң сом мүлкү менен ЖКнын бай депутаттарынын арасынан 6-орунду ээлеген экен.
Бай депутаттардын экинчи сабында "Ата-Журт" фракциясынан депутат Надира Нарма-това турат. Анын үй-бүлөлүк кирешеси жана мүлкү - 52 млн. 982 миң 465 сомду түзгөн. Ал өткөн жылы негизги иштеген жеринен 669 миң 871 сом иштеп тапса, ижарага берген мүлктөрүнөн 4 млн. 650 миң сом киреше түшкөн.
"Ынтымак" парламенттик тобунун депутаты Шаршенбек Абдыкеримов да бай депутаттардын бири. Анын былтыркы үй-бүлөлүк кирешеси - 22 млн. 358 миң 993 сом болуптур. ЖКдан 657 миң 551 сом эмгек маяна алса, 19 млн. 566 миң 442 сом кошумча киреше тапкан. 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча, 37 млн. 450 миң сом кирешеси жана мүлкү менен 15-орунду ээлеген экен.
"Ата-Журт" фракциясынан депутат Курманбек Осмонов да бакубат адам. Анын КР Мамлекеттик кадр кызматына берген декларациясына ылайык, үй-бүлөлүк кирешеси жана мүлкү - 15 млн. 746 миң 59 сом. "Ата-Журт" фракциясынан депутат Марат Султановдун 2012-жылдын жыйынтыгы боюнча, үй-бүлөлүк кирешеси жана мүлкү - 15 млн. 120 миң 271 сомду түзсө, 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча Марат мырза 44 млн. 992 миң сом байлыгы менен 14-орунду ээлеген. "Ата-Журт" фракциясынан депутат Динара Исаева да бай депутат айымдардан. Былтыр Динара айым 80 млн. 562 миң сом байлыгы менен 7-орунду ээлесе, быйыл анын үй-бүлөлүк кирешеси жана мүлкү - 14 млн. 864 миң 575 сом. 2012-жылдын жыйынтыгында "Ынтымак" парламенттик тобунан Канат Исаевдин үй-бүлөлүк кирешеси - 12 млн. 510 миң 611 сомду түзгөн. Ал былтыр 9 миллион сом байлыгы менен 42-орунга араң жеткен.
КСДП фракциясынан депутат Мамытбай Салымбековдун үй-бүлөлүк кирешеси - 11 млн. 497 миң 514 сомду түзсө, "Реформа үчүн" парламенттик тобунан Бахадыр Сулеймановдун үй-бүлөлүк кирешеси - 9 млн. 819 миң 910 сомду түзгөн экен. Элдин эсинде болсо керек. Былтыр Бахадыр мырза 26 млн. 711 миң сом байлыгы менен 20-орунду ээлеген. 10 бай депутаттын тизмесин толуктаган КСДП фракциясынан депутат Турсунтай Салимовдун үй-бүлөлүк кирешеси - 8 млн. 961 миң 540 сомду түзгөн.
Өткөн жылы 2011-жылдын жыйынтыгы менен төмөнкү эл өкүлдөрү:
- Кожобек Рыспаев ("Ар-Намыс") - 519 млн. 556 миң сом
- Игорь Гусаров ("Ар-Намыс") - 331 млн. 800 миң сом
- Өмүрбек Абдырахманов -
314 млн. 6 миң сом
- Чыныбай Турсунбеков (КСДП) - 194 млн. 844 миң сом
- Азамат Арапбаев ("Ата-Журт") - 101 млн. 726 миң сом
- Динара Исаева ("Ата-Журт") - 80 млн. 562 миң сом
- Ахматбек Келдибеков ("Ата-Журт") - 64 млн. 685 миң сом
- Нарынбек Молдобаев ("Ата-Журт") - 64 млн. 47 миң сом
- Туратбек Мадылбеков ("Ата Мекен") - 56 млн. 615 миң сом байлыгы менен Жогорку Кеңештин бай депутаттарынын катарына кирген эле.
2012-жылдагы декларация өнөктүгүнүн жыйынтыгы менен бай депутаттардын катарына киргендерден быйыл А.Арапбаев менен Д.Исаева гана алдыңкы 10 бай депутаттын катарына кошулуп, калгандары миллиондорун кайда катканы белгисиз. Эгер, 2011-жылдын жыйынтыгы боюнча 1-орунду ээлеген ошол эле "Ар Намыс" фракциясынан депутат Кожобек Рыспаевди (519 млн. 556 миң сом) алсак, ал быйыл декларациясында байлыгын көрсөтпөй койгону кызык. Башкалары деле 2012-жылдагы киреше жана мүлктөрүн көрсөткөн менен, былтыркы тапшырган декларациясына караандабай калганы эмнени түшүндүрөт. Мындайда комментарийдин да кереги жок, сөзсүз сүрөттөй түшүнүктүү эмеспи.








Пикир:






??.??