Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_2.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_2.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_2.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
Бизде "Дүйшөндүн мектеби" бар…

Азыркы учурда заманбап үлгүдө салынып, окуучулар үчүн бардык шарттары бар
мектептер курула баштады. Ошентсе да заманбап деген сөз такыр эле жакындашпай, алгачкы мугалим Дүйшөндүн мектебине азыраак эле окшошпогон мектептер да аз эмес. Мына ошондой мектептердин катарын Токтогул районунун Кара-Суу айылында жайгашкан Токтогул Казатов атындагы мектеп толуктап турат.
1980-жылы эски мектептин жыгачтарын алып, пайдубалын алып келип ашар жолу менен Кара-Суу айылынын эли жана мектеп жамааты мектепти жаңыртып салышкан. Киров атындагы мектеп Токтогул Казатов атындагы мектеп аталган. Токтогул Казатов 45 жыл агартуу майданында үзүрлүү эмгектенген. Районубуздун маданий революциясынын алдыңкы карлыгачтарынын бири болгон.
Мектептин азыркы акыбалы кубантарлык эмес. Заманбап деген сөзгө жакындай албай келет. 2002-жылы жаңы мектептин долбоору башталган. Жердин анализи алынып, архитектуралык чиймеси аяктап бүткөн. Ошентсе да мамлекет тарабынан акча которулбай, мектеп салынбай келет.
Билим башаты аталган мектептин эскилиги жетип, кабыргасы кайышкан адамдай араң турат. Күнүгө окуу учурунда, айрыкча кыш мезгилинде чириген жыгачтар качан карс деп сынып, үйдүн шыбы башыбызга түшүп, басып калар экен деген ой аргасыз, мугалимдердин да, окуучулардын да оюна келе калат. "Эскини жамагыча эсиң кетет" деген сөздүн канчалык деңгээлде чындык экенин Т.Казатов атындагы мектептин эмгек жамааты абдан эле түшүнүп калды. Жылыга жайында мектептин ар кайсыл жерин жамаачылап, тешиктерин бүтөп жүрүп чарчагандай деле болдук.
1958-жылдан бери билим берүүдө узак жол баскан Т.Казатов мектеби качан заманбап абалга келер экен?
Таалай ЖУМАТАЕВ, Токтогул району, Т.Казатов атындагы мектептин директору


Эл арасында жашаган элдик акын жана инсан

Коргол Досуев өз заманындагы чыныгы элдик кесипкөй өнөрпоздордон. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам Бишкекке көчүп келүүгө, филармонияда иштөөгө мүмкүнчүлүк алган эмес.
Биринчи жолу Коргол Досуевди белгилүү музыка изилдөөчү, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси Виктор Сергеевич Виноградов жазып кеткен. 1940-жылы Виктор Сергеевич Фрунзеге келип Токтогулдун 80 жылдык мааракесине демократ акындын шакирттерин чакыртып, анын ыр-күүлөрүн фонографка жазып нотага түшүргөн.
Андан кийин Виноградов жазуучу Жоомарт Бөкөн-баевдин жардамы менен Корголдун Кетмен-Төбөдөгү жашаган үйүнө атайын барып, анын ырларын магнитофонго жазып, нотага экинчи жолу түшүргөн. Натыйжада Виноградов Корголдун аткаруусунда отуз ыр-күү жазып, 1961-жылы Москвада чыккан "Токтогулдун музыкалык мурасы" деген ноталуу китебине жарыялаган. Ошону менен катар Виноградов кийинчерээк Коргол Досуев жөнүндө очерк жазып, аны Москвада чыккан "Кыргыздын элдик музыканттары жана ырчылары" деген китебинде жарыялаган.
Виноградов өзүнүн очеркинде Коргол Досуев менен эки ирет жолугушуп, анын тышкы келбетин, мамлекет салып берген үйүн, акындын ички дүйнөсүн, тегерегиндеги адамдарга жасаган мамилесин, аткаруучулук чеберчилигин ачып берген.
Профессионал музыка изилдөөчү катары В.Виноградов Корголдун аткаруучулук искусствосун толук кандуу жазуу менен акындын төкмө ырчылык стилин ар тараптан мүнөздөп, жогору баалаган. Эми В.Виноградовдун очеркинен бир абзац үзүндү келтирейин: "... музыкага берилгендик, образды түрдөнтүп, комедиядан лирикага, лирикадан драмага, драмадан эпоско, үнүнүн ийкемдүүлүгү жана эмоцияларынын баалуулугу, эски салттык обондорду варианттан өзгөртүү жөндөмдүүлүгү, комузда ойноо техникасынын машыккандыгы - ушунун баары Корголдун жеке өздүк стилин, тубаса таланттуулугун далилдеп турат", -деп жазат музыковед.
В.Виноградовдон кийин Корголдун чыгармачылыгы тууралуу белгилүү кыргыз музыка изилдөөчү, Кыргыз Республикасынын эл артисти Балбай Алагушов бир нече жолу жазган.
Коргол Досуевдин көркөм
мурастарын азыркы изилдөө-чүлөрдүн жана пропагандалоочулардын катарында Кыргыз Республикасынын эл артисти Ро-
за Аманова да бар. Ал өзүнүн репертуарында Корголдун ырларын, дастан-
дарын комуз менен коштоп ырдап, концерттерде, радио, телекөрсөтүүлөрдө кө-
рүүчү, угуучулардын купулуна толо аткарды. Ал эми өзү жазган илимий эмгектеринде Коргол жана башка салттык музыканын каймактары жараткан элдик чыгармалардын маани-маңызын изилдеген деп айта алабыз.
Камчыбек ДҮЙШАЛИЕВ,
профессор, искусство таануу илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер



Майда
маселе эмес

Көпчүлүк инсандарыбыз Россияга, Казакстанга мандикерчиликке барып, бир-эки жыл ысык-суукта кыйналып тапкан акчасын исламда жок ырым-жырымдарга, той-мааракелерге, маркумду узатууга эсепсиз сарптап бүткөн соң, тууган-туушкандардан, тааныштардан, кредиттик уюмдардан үстөк пайызга акча алып, үйдөгүлөрдү кыйын абалга салып, кайрадан Россияга, Казакстанга, дагы башка жактарга иш издеп, жол тартышат.
Эгерде мүмкүнчүлүгү бар инсандар ар кандай жаңы ырым-жырымдарды чыгара беришсе эмне болот? Аларга атаандашкан башкалары ого бетер жардыланып кетишпейби? Ошентип Кыргызстандын калкы кыйын абалдан чыгалбай, экономикасы жогорулабай жүрө береби? Эгерде муну дааналап карап көрсө, майда иш эместиги көрүнүп турбайбы. Бул маселеге кыргыз Өкмөтү, Жогорку Кеңеш, муфтият жакшы көңүл буруп, мындай ырым-жырымдарды, ыксыз чыгашаларды кыскартуу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу түшүндүрүү иштерин максаттуу жүргүзүшсө жакшы болмок.
Ал эми карапайым инсандар ошол Россиядан, Казакстандан иштеп таап келген каражатын үй-жай курууга, оңдоого, тиричилигин жакшыртууга, балдарынын билим алуусуна, үйлөп-жайлануусуна жумшашса деп ойлоймун. Азыркы илим-техника өнүгүп, жалпы калкыбыздын билим деңгээли жогорулаган учурда акылга келип, келечекке туура багыт алууга чакырып кетемин.
Хусанбай ажы КУРБАНОВ,
Баткен облусу, Лейлек району, Исфана шаары



Улуттук идеологиянын уңгусу кайда? Мен билем!

Союз тарагандан кийин өлкөнүн идеологиясынын ордун ар кай­-
сы диндердин идеологиясы аста-се-
кин ээлеп жатышканын байкап тур-
саңыздар керек. Элди уруу-урууга, топ-топко бөлгөн шайлоолордун шайтан оюндары менен саясаттын айрым ыплас көрүнүштөрүн, улуттун мээси болуп келген интеллигенциянын кийинки учурдагы кайдыгерлигин ыктуу пайдаланган диний идеологиялар өтүгүн төргө илип, кала берсе өлкөнүн башкаруу тизгинин тымызын колго ала баштаганын да сезип турган чыгарсыздар. Демократия-
га даяр эмес, идеологиясы жок мамлекеттин бош калган бийик трибунасын тартынбай пайдаланууга аракеттенген мындай идеологияларды өз ордуна коюуга убакыт эчак эле жетсе да, "светтик" көз караштагы интеллигенттерибиз менен идеологдорубуз "ой, биздин өлкө "светтик" өлкө, Конституциябызда ошентип жазылган, колунан эмне келет эле..." деп, күн сайын бирден галстук алмаштырып коюп, эч кам санабай кайдыгер басып жүрүшкөнүнө абдан таң калам.
Бир нече жыл ушундай кайдыгерликтин кесепетинен далай азап-тозокторду баштан өткөргөн, кан төгүүлөргө жана экономикалык чоң зыяндарга кириптер болгон Тажикстанда да саясый согуш чыкканга чейин дал мына ушундай процесс өкүм сүргөн. Ал процесстин аягы чоң жаңжалга айланганын жаным кейип жатып сиздерге эстетип койбосом болбойт. Күндүзү чөнтөгүнө коммунисттик билетин салып коюп, чогулуштарда: "Жашасын марк­сизм-ленинизм! Жашасын Компартия!" - деп оозу жырылганча кыйкырып, кечинде үйүнө келгенде диний эрежелер менен алектенген эки жүздүү интеллигенттерди ошондо көргөнбүз. Ал өлкөнү бийлик талашкан дал мына ошондой эки жүздүү интеллигенттер менен диний фанаттар авантюрага түртүп коюп, көпчүлүгү чет өлкөлөргө качып кетишкен. Ал эми бейкүнөө эл болсо ошол эки жүздүү интеллигенттер менен диний фанаттар тутандырган отко күйүп кала беришпедиби. Өзбекстандын тезинен чек арасын бекитип, дин маселесине сергек мамиле кыла баштаганы ушундан улам деп түшүнсө болот. Ал эми Кыргызстан болсо ал окуядан эч кандай жыйын-
тык чыгарбай, кучагын кенен ачкан бойдон келатат деген пикирдемин.
Менин жеке пикиримде кыргыздын улуттук идеологиясынын күрөө тамыры дүйнөдө көлөм жагынан да, идеясынын тереңдиги жагынан да теңдеши жок "Манаска", адамзаттын гуманист жазуучусу Чыңгыз Айтматовго туташып турат. Кыргыздын улуттук улуу пайгамбарлары дал мына ушулар. Демек, кыргыздын кан-жанында мына ушул улуу ысымдар түбөлүк айланып турушу керек. Бул ыйык эки ысымды башка эч кандай ысым же жат идеологиялар аттап өтө албайт! Эгер бул улуу инсандардын эстелигин ар
кайсы жерге тургузуп коюу менен гана чектелип, андан башка эч кандай маданий-идеологиялык иштер жүргүзүлбөсө, анда кыргыздын улут-
тук идеологиясы улутка жат идеологиялардын, фанаттардын тепсендисинде калып, бара-бара аты да, заты да өчүп жок болуп кетери айдан-ачык. Мына ушул трагедиянын алдын алуу максатында мен төмөнкүдөй сунуш кийирмекчимин:
1. 31-август - Эгемендик күнү­нөн кийинки эки күн "Улуттук зыярат күндөрү" деп жарыяланса да, ошол күндөрү Таластагы Манас­тын күмбөзүн, Ата Бейитти, Су­лай­ман-Тоону жана Рух Ордону зыярат кылуу милдеттендирилсе. Ар бир кыргыз мына ошол ыйык жерлерге барып зыярат кылып келген сайын улуттук идеологиянын тамыры тереңдеп, элдин башын айландырган ар кандай фанатизмдин таасири өзүнөн-өзү жоголо бермек.
2. Зыярат күндөрүндө эркек-аялдын, бала-бакыранын баары кыргыздын гана улуттук кийимдерин кийип жүрүү эрежеси киргизилсе.
3. Манастын күмбөзүндө манасчылар тынбай "Манас" айтышып, кыргыздын тарыхый баатырлары эскерилсе.
4. "Ата Бейитте" кыргыздын тү­бөлүк кайгысы болгон 1916-жана 1937-жылдардагы трагедияларда курман болгондор, кыргыздын атын чыгарган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу кайгылуу кошоктор айтылып, көз жаш агызган эскерүүлөр, аёо сезимди козгогон монологдор окулса. Ирандыктар өзүлөрүнүн улуу инсаны - Имам Хомейнини эскерүү күнүн "синазани" ("көөдөнгө муштоо") деп аташат. Ошол күнү улуу инсандарын көкүрөктөрү канап кеткиче муштап эскеришет экен.
5. "Рух Ордодо" ошол
күндөрү кыргыздын ру-
хий байлыктарын ча­-
гылдырган таасирдүү жана
кызыктуу иш-чаралар - салт-­санаалардын, үрп-
адаттардын, нукура улуттук кийимдердин, музыкалык аспаптардын ж.б. үлгүлөрү көргөзүлсө.
6. Мамлекет зыярат күндөрүндө зыяратчыларды ташууга акы тө­лөнүүчү транспорт камсыздап, зыяратчылар зыярат жайларындагы казыналарга акы төлөп турушса, зыярат жайлары аз эле жылдардын аралыгында алтынга оронгон улуттук Меккеге айланып калмак.
7. Орто мектепти бүткөн окуучуларга паспорт берүү өмүр бою эсте каларлык улуттук аземге айландырылса. Ал күнү мектеп босогосун аттап чыгып, турмуштун жооптуу жолуна аттанган ар бир бүтүрүүчү пас-
порт алар алдында: "Мекенимди сүйүүгө, улутумду урматтоого, кайда гана жүрбөйүн эне тилимди жана улутумдун салт-санааларын унутпоого, багып өстүргөн ата-энемди өмүр бою сыйлоого, өлкөмдүн өнүгүшүнө салымымды кошууга чын жүрөгүмдөн ант берем", - деп, салтанаттуу түрдө айтса, кандай сонун болмок. Паспорт мектепте эмес, "Ата Бейитте", "Манас ордодо", "Рух Ордодо", Сулайман Тоодо тапшырылганы оң.
Мирзахалим КАРИМОВ,
кыргыз-тажик жазуучусу






Пикир:






??.??