Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Кыргыз гезиттер
 
Чымыр болгуң келсе, ден соолугуңду чыңда!

Суусу менен балчыгы жанга ырахат,
дартка даба "Жалал-Абад"

Касиеттүү Куранда Аюб деген пайгамбардын аты төрт жерде аталат. Ал башка пайгамбарлардан өзүнүн өтө чыдамкайлыгы менен өзгөчөлөнгөн. Анын денесин бүтүндөй жара басса да чыдап, Алла-Тааланын кайрымдуулугуна шек келтирбеген. Аюб оорусуна шыпаа издеп, тууган жеринен ыраактап, жети жыл жер кезип кетет. Күндөрдүн бир күнүндө бир тоонун бооруна келип, жашап жаткан мезгилинде Жебирейл периштеден "ушул таманың басып турган жерди бутуң менен бир нукусаң суу атырылып чыгып, булак пайда болот, ошол суу менен чайканып, балчыгын сүртүнсөң, сакаясың" деген кабар келет. Пайгамбар периштенин айтканын кылып, оорусунан айыгат. Элде айтылган уламыштарга караганда, ушул тоо Жалал-Абад шаарынын жанындагы тоо экен, булак пайгамбардын аты менен "Аюб-Булак" деп, мындагы экинчи булак пайгамбардын жубайынын урматына "Кыз-Булак" деп аталып калган. Жергиликтүү элге эзелтен таанымал болгон бул жердин дарылык касиети XIX кылымдын экинчи жарымында падышалык Россиянын окумуштуулары тарабынан илимий жактан далилденип, 1885-жылы мында алгач ирет аскер адамдарына арналган 25 орундук лазарет салынган. Биз кеп кылганы жаткан "Жалал-Абад" санаторийинин ушундай узак тарыхы бар.


Кыргызстан кесиптик бирликтери федерациясына караштуу "Жалал-Абад" санаторийинин директору АБЫШКАЕВ Максатбек Динадилович бизге мекеменин азыркы абалы, аткарылып жаткан иштер жөнүндө баяндап берди.


- Мен мында жетекчиликке 2012-жылдын май айында келдим, - дейт Максатбек Динадилович. - Биринчи кезекте эскилиги жеткен конок үй менен жашаганга жарабай калган айрым жатаканаларды оңдоп, калыбына келтирдик. Андан кийин ашкананы толук оңдоп, жасалгалап, эс алуучулар менен дарылануу­чулардын купулуна толо тургандай деңгээлге жеткирдик. Экинчи кабатында ашкана жайгашкан имараттын пайдаланылбай жаткан биринчи кабатынан 100 адамдык жайды ачтык. Мында тамак ичүүгө да, ар-түрдүү иш-чараларды, конференция­­ларды, тегерек үстөлдөрдү, мааракелик үлпөттөрдү өткөрсө да болот.
Санаторийди санитардык жактан талаптагыдай иштөөсүн камсыз кылуучу калдыктардан тазалоо маселесине соңку он жылдан бери көңүл бурулбай калыптыр, ушул көйгөйдү чечтик, атайын кызматкерлерди ишке тартып, санитардык талаптарга ылайыктадык. Ошентип, Жалал-Абад шаарынын калкына коркунуч келтирүүчү таштандылардын залакасын четтеттик.
Санаторий дарылоо процедураларына өз аймагындагы булактардын суусун пайдаланат. Ондогон жылдар бою көз жаздымында калган булактардын башаттары тазаланып, иретке келтирилди.
Мекеме дарылоо процесстерине суу менен катар балчыктарды арбын пайдаланат. Аны жеткирүүчү соргучтар, түтүктөр, моторлор эбак эле эскирген болчу, ушуларды жаңыртып чыктык.
Санаторийдин жатаканалык 1-корпусунун абалы өтө начар экен. Ушуну сантехникалык жактан оңдоодон өткөрүп, жасалгалап, люкс бөлмөлөрүнө чейин толук жабдыдык.
Акыркы бир жылда аткарылган иштердин эң олуттуусу - дарылоо корпусунун ишин оңдоп-түзөп, аны күзгүдөй жаркыратып, кардарлардын маанайын көтөрүүгө өбөлгө түзгөнгө жетиштик. Ошондой эле анын астыңкы кабатындагы кампаларга көлөмү 600 чарчы метр болгон дарылык балчыкты жыйнап алдык. Бул алдыдагы бир нече жылга жетет. Ушул корпуста быйыл парафин менен жана карагай бочкалары аркылуу дарылоо бөлмөлөрүн ачтык.
Санаторийдин аймагын көрктөндүрүү, түнкүсүн жарык менен камсыз кылуу жаатында да алгылыктуу иштер аткарылды. Эки миң түп карагай, скверлерге эки миң түп роза гүлү жана жашыл чөптөр олтургузулду. Жакынкы аралыкта аткарыла турган иштер да арбын, - дейт саноторийдин директору.
Анын айтымында, азыркы учурда иштебей турган жабык суу бассейнин калыбына келтирүү, эс алуу жайы­нын кире беришиндеги дарбазаны жаңылоо, эскилиги жетип, жарабай калган бир кабаттуу чакан жатаканаларды бузуп, ордуна эки кабаттуу он алты кишилик заманбап корпустарды курууну баштоо, дарылоо корпусунда жаңы бөлмөнү - өпкө оорулууларды дарылай турган туз шахтасын ачуу маселелери күн тартибинде турат. Туз шахтасын камсыздоо үчүн Кочкордогу санаторий менен келишим түзүлгөн.
Албетте, санаторийдин кызмат көрсөтүү сапатын жогорулатууга, мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүгө жана инфратүзүмүн жакшыртууга чоң каржы керектелип жатканы сөзсүз. Дарылануучулардан түшкөн каражаттарды сарамжалдык менен жумшап, ийгиликке жетишүү жетекчинин мойнундагы чоң жоопкерчилик. Санаторийдин абалы менен таанышууда мурдагы жылдарга салыштырганда бир кыйла жетишкендиктердин бар экендигине күбө болдук. Кыш мезгили жакындап, күн сууй баштаса да, санаторийге келип дарыланып жаткандар арбын. Мекеме бүгүнкү күндө бир мезгилде 250 адамга ылайыкташтырылган болсо, жетекчилик аны жакынкы жылдары 500гө жеткирүүнү максат кылып оту­рат. Жылына 3500 адам жатып дарыланып, 8-9 миң адам курстук дарыланууну алып турат.
o өнөкөт гастрит;
o холецистит;
o гепатит;
o колит;
o панкреатит;
o гастродуоденит;
o ашказан жана 12 эли ичеги жарасы;
o өнөкөт пиелонефрит;
o гинекологиялык оорулар;
o өнөкөт ич катуусу;
o урологиялык оорулар;
o перифериялык нерв системасы оорулары: остеохондроз, радику-
лит, неврит, невралгия, НЦД, ВСД, чарчоо синдрому;
o тиш оорулары (ооз көңдөйлөрү минералдык суу жана балчык менен дарыланат);
o сөөк, муун оорулары: артрит, полиартрит;
o тери оорулары: аллергия, экзема, псориаз, дерматит.







Пикир:

Яндекс.Метрика