Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_14.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
Коомдук ишмер Шадыкан Сагындыковдун туулганына - 120 жыл
Элдик инсан элдин эсинде
Талас облустук архивдеги сакталган документке караганда Шадыкан Сагындыков 1922-жылдын 4-майынан 1928-жылдын 11-февралына чейин батырактар тобунун башчысы болгон. 1928-жылы Талас өрөөнүндө жалпы элдик шайлоо болгон. Ошондо ал Талас кантондук аткаруу комитетине кызматка көтөрүлгөн. Өз ишин эң сонун билген, эл менен тез тил таба алган, чыйрак жигит 1930-жылы 28-августта Талас кантондук аткаруу комитетинин төрагасы, 1933-жылы 4-декабрда Талас райондук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалат. Өкмөт менен партия аны кайда жибербесин ишти ар-намыс менен аткарган, элдин кадырлоосуна ээ болгон.


Шадыкан Сагындыковдун инсандык жүзү, кадыры Улуу Ата мекендик согуш жылдарында ачык билинген. Жеңишке үндөөдө, Кызыл армияга ар тараптан колдоо көрсөтүүдө, колхоздордун экономикалык күч-кубатын арттырууда такшалган советтик-партиялык кызматкер катарында өзүн көрсөтөт.
"Каарман эмгеги үчүн" медалы баш болгон беш медалды алган. 1954-жылы Талас өрөөнүндөгү эң мыкты чарба жетекчиси катары Москвадагы Бүткүл союздук айыл чарба жетишкендигинин көргөзмөсүнө барып, күмүш медаль менен сыйланган.
Шадыкан Сагындыков бактылуу тагдырга эгедер болгон "журт атасы" деген сыймыктуу сөзгө татыктуу адам. Анда аксакал жөнүндө айрым инсандардын сөздөрүнө көңүл буралычы:
Турдалы Осмон уулу,
согуштун, партиянын ардагери:
- Адамдын жакшысы асмандагы жарык чачкан айдай болот тура. Мен ал кезде 23 жаштамын. Үй-бүлөдө жети адам элек. Ичерге унубуз жок, жек-жаат улап дегендей, Кетмен-Төбө өрөөнүнөн эки пуд жүгөрү талканды каймак колтурмачтап, жонума көтөрүп жөө келаткам. Күн бешимге таяп калганда ашууга келдим. Бир аз эс алганы олтурганы жатсам артымдан жылкылардын дүбүртү чыкты. Карасам, аскер формачан адамдар экен. Качууга үлгүрбөй, эмнеси болсо да баса берейин деген ой келди башыма. Кетмен-Төбөдөн чыгарда "Чаткал менен Таласта басмачылар чыгыптыр. Бейкүнөө адамдарды зордуктап, баш ийбегендерин өлтүрүп коюшат экен" - деген сөздөрдү уккан элем. Атчандардын алдында келаткан кырдач мурун, нур жүздүү адам жаныма келгенде жайыраак бастырып мындай деп сурады:
- Кайда баратасың? Жонуңдагы көтөргөнүң эмне?
Мен болгон абалымды толук айтып бердим. Ошол замат мени бир жигитине учкаштырып ашуудан өткөндө, өзүлөрү оң тарапка бурулуп мага карап:
- Жакшы бар, жолуң болсун. Ата-энеңе менден салам айт. Өзүбүздүн элден турбайсыңбы, - деп мээримдүү жылмайып, сапар улады.
Үйгө келип болгон окуяны атам менен апама айттым. Кийин уксам ал киши кадимки Шадыкан аксакал экен. Көрсө, эл атасы болгон адам гана ошентет тура. Бейиши болгур, тиги дүйнөгө узаганда бир боор агамдай өкүрүп барып, мүрзөсүнө топурак салып кайткам.
Шергазы Козубеков,
эмгектин, согуштун ардагери:
- Менин колумда сырты саргайган кат турат. Ал кат 1951-жылы 24-апрелде Татарстандын Чкалов облусунун Датаров районундагы №7 айылдык кеңештин жашоочусу Ахмедула Ибатулинден экен. Каттын тексти орусча жазылгандыктан аны оңдоп которуп олтурбай түп нускасында бердим:
"Дорогой отец, Шадыкан аксакал!
С 1927 года до 20 мая 1930 года я работал учителем Калининской начальной школы.
Имеющийся документы у меня утеряны во время Великой Отечественной Войны, а потому прошу Вас выслать мне общественное подтверждение о том, что я работал учителем с 1.IX 1927 г. по 20.08.1930 годах. За подписью нескольких старожителей, подтвержденное
с/совета. В первой год квартировался и учил в помещении Сабырбая, затем квартировался у Мусабая, и, наконец, у Андрея Вульфа (карышкыр Андрей). Обо всем этом Вы хорошо знаете. Вы глубоко уважаемый Шадыкан аксакал Сагындыкович! Общественное подтверждение заверенное с/совета мне нужно для выхода на пенсию.
Передайте привет от меня всем, кто меня знает. Поцелую, с приветом А.Г.Ибатулин".
Бул кат адамдын адамдыгын таамай билген журт атасына чоң ишеним көрсөткөн инсандын каты эле.
Шадыкан аксакал өмүрүндөгү кубанычтуу жана кайгылуу күндөрүн мукабасы калың көк дептерине аз-аздан жазып жүргөнүн эч ким билбептир.
Республикабыздын борборуна же Орто Азиянын башка шаарларына кызматы боюнча көп эле чакырылыптыр. Мен бул адам жөнүндө архивдик материалдарды чогултуп, анан үйүнө бардым. Өмүрлүк жубайы Фатипа ападан аксакалдын өмүрүндөгү урунттуу жерлерин айтып берүүсүн өтүндүм. Ал өзү жаткан керебетинин алдынан кара булгаары менен капталган кооз, бирок эски чакан чемоданды алып келип менин алдыма койду да мага карап:
- Мына мунун ичинде көп купуя нерселер жазылган болуу керек. Сыйлыктары, баары ичинде, - деди да, чай коёюн деп сыртка чыкты.
Чемоданда түрлүү кагаздар, эскермелер, ордендик, медалдык китепчелер... Анан эң түбүндө калың көк дептер... Колума дептерди алып барактай баштадым. Кол тамгаларды анча-мынча адам окуй албай турган. Анткени, латын алфавитинде, фарс, казак, өзбек, татар тилдеринде жазылган.
Дептердин бир барагында мындай эскерүүсү бар экен:
"...Бүгүн 1951-жылдын 31-январы. Кыргыз ССР Жогорку Советинин юбилейлик сессиясына катыштым. Мага жакканы сессиянын күн тартибинде чарбалардын экономикалык кубаттуулугун көтөрүү, элдин турмуш-тиричилигин жакшыртуу тууралуу көп жакшы пикирлер айтылды... "
Дагы бири латынча мындай деп жазылган: "№29 Калинин шайлоо округунан Талас облус­тук советине депутат болуп шайландым. Айылдаштарыма, райондун элине мага чоң ишеним көрсөткөндүктөрү үчүн абдан ыраазымын".
1953-жыл. 1-март.
"...Бүгүн 1954-жылы 14-майда Кыргызстан Компартиясынын Талас обкомунун III Пленумуна катыштым. Пленумда Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Исхак Раззаков мазмундуу сөз сүйлөдү. Ал малчылардын турмушуна айрыкча маани берди. Абдан сулуу адам экен. Бир сааттай сүйлөдү, бир да жолу кагаз тиктеген жок. Сөздөрү тим эле тизилген шурудай, мындай адам дүйнөгө чанда жаралат..."
Күндөлүктү окуп олтуруп бул улуу адамдын руханий табияты өтө жогору, элдик каада-салттарды сыйлаган адам экенин
баамдадым.
"...Бүгүн көңүлүм көтөрүңкү. 1-Май майрамына айылдаштарым улуу-кичүү дебей көтөрүңкү маанай менен келишкендиги кубандырды. Кыз-келиндер, жигиттер биздин бакка (Бакты Шадыкан аксакал өз колу менен өстүргөн-А.И.) алты бакан селкинчек куруп тээп жатышат. Жаштардын кур таштамай оюнуна кызыгып бир аз карап турдум. Кайран жашчылык кандай сонун кез..."
Шадыкан Сагындыков азыр биздин арабызда жок. 1957-жылы күзүндө азыркы Бакай-Ата районуна караштуу Шадыкан айыл өкмөтүнүн Ынтымак айылында дүйнө салган. Талас өрөөнү түгүл бүткүл кыргыз элине таанылган Шадыкан аксакал бүгүн да экинчи өмүрүн
сүрүүдө.
Журт атасын сыйлаган адамдар бир кезде ал өзү уюштурган Май-Коргон айылынын урпактары анын ысымын түбөлүк калтыруу максатында Жогорку Кеңешке Барк-Арык айылдык кеңешин мындан ары Шадыкан айылдык кеңеши (өкмөтү) деп атоого чечим чыгарып берүүсүн өтүнүшкөн кат менен кайрылышкан. Бул өтүнүч аткарылды. Дал Шадыкан Сагындыковдун туулган күнүнүн 120 жылдыгында Бишкек шаарынан кубанычтуу кабар келди. Эми мындан ары Шадыкан айыл өкмөтү деп атоо жөнүндө Жогорку Кеңеш токтом кабыл алды. Бул айылдаштарын чоң кубанычка бөлөдү. Аксакалдын арбагына багышталып мал союлду. Артынан той өткөрүлдү.
Эл үчүн талыкпаган эмгек кылып, опол тоодой иш жасаган адамдын эмгегин адилет баалоо жетекчилердин милдети демекчимин.
Шадыкан журт атасы ынтымактын.
Шадыкан ким? Эл атасы - Ынтымактын,
Урпактардын намыс-отун жандырган.
Батракты баш коштурган калысы,
Кантондун да сыймыгы болгон даанышман.

Шадыкан ким? Элибиздин сыймыгы,
Өмүр сүргөн элде калар түбөлүк.
Улуу-кичүү дайым эстеп келебиз,
Эр кадырын билген билер бизчелик.

Касиеттүү жер соорусу Таластын,
Урпагы экен касиеттүү Манастын.
Калам алып жаздым мына кичине
Кылым санап жашай бергин элиңде.
Аскарбек ИМАНБЕКОВ,
СССРдин жана Кыргызстан Журналисттер союздарынын,
Кыргыз Жазуучулар союзунун мүчөсү





Эсимде
Жароокер жан эле
Шум ажал Тенти Калмамбетовду биздин арабыздан отуз беш жашында эле алып кетти. Сегиз жыл чогуу жашадык, үч балалуу болдук.
Баары тең жогорку билимдүү. Улуу кызым Айнура - врач-невропатолог, уулум Арслан - энергетик, кичүү кызым Нурила - бухгалтер. Тенти политехникалык институттун энергетика факультетин 1978-жылы бүтүрүп, эмгек жолун Нарын облустук электр ишканасында мастер болуп иштөө менен баштап, өмүрүнүн акырында Нарын шаардык электр ишканасында начальник болуп иштеп турду.


Мүнөзү токтоо, эч нерсеге кенебеген, арамдыгы жок, кең пейил, бирөөгө жамандыгы жок адам эле. Дос дегенде өзүнүн акыркы көйнөгүн чечип берүүгө даяр болчу. Кайын энем минтип айтып калчу: "Жаңы модадагы үч көйнөк алып бердим. Окуусуна келсем, алып берген үч көйнөгүн үч досу кийип алышыптыр. Ал эми Тенти эски көйнөкчөн жүрүптүр". Ал кезде кайын атам Балыкчынын райондор аралык базасында директор болуп иштөөчү.
Дос демекчи, Тентинин көзү өткөндөн бери жыйырма беш жылдай убакыт өттү. Көп мезгил өткөнүнө карабастан, Тентинин достору менен кол үзүшпөй жүрөбүз. Бир жолу Тентинин досу Адыл балдарымды кафеге алып барып, шишкебек алып бериптир. Себеби уулум Арслан кичинекей кезинде шишкебекти аябай жакшы көрчү. "Шишкебекти алып бере берди, мен жей бердим", - деп калат.
Балдарыма дайыма айтам: "Эч качан жакшылыкты унутпашыңар керек. Жөнөкөй, адамгерчиликтүү болгула", - деп. Балдарым аяш аталары Рыскелдини, Райханды жана балдарыма көңүл бурган башка аяш ата-энелерин эч качан унутушпайт жана жүрөктөрүнүн түпкүрүнөн түбөлүктүү орун алышты деп ойлойм.
Балдарым жаман деле болуп чыккан жок. Жакшы тарбия бердим деп сыймыкта-
нам.
Тенти экөөбүздүн таанышканыбыз эсимде. Ал ПЭСтин, мен Токтогул атындагы орто мектептин комсомол комитетинин катчысы болуп иштөөчүбүз. Ал кезде жаштардын лидерлери (жетекчилери) иштегенди да, эс алганды да билиш керек эле. Дискотекалар уюштурулуп турчу жаштар кечесинде улам-улам. "Шампанское в студию" деп, өзүнүн колу ачыктыгын, марттыгын көрсөтүп, өзүнө көңүл бурдурган. Кийин үй-бүлө күтүп калган мезгилде мен айтар элем: "Жигит болгон кезде сенин колуңдун ачыктыгына түшүнчүмүн, ал эми үй-бүлө күткөн кезде андай кең пейилдигиңдин кереги жок..."
Тенти 1988-жылдын март айында каза болду. Ал кезде улуу кызыбыз алты жашта, кичүү кызым бир жарым жашта эле. Андан бери көп убакыт өттү, көп өзгөрүүлөр болду. Коом алмашты, балдар чоңоюшту, үй-бүлө күтүштү, бирок арабызда сен жоксуң. Балдардын жакшылыктарында сен төрдө калдайып отурсаң, тойдун, куда-сөөктүн көркү болмоксуң. Жаткан жериң жайлуу болуп, топурагың торко
болсун.
Гүлнара ТИЛЕНБАЕВА,
Нарын шаары,
кыргыз-түрк лицейинин
мугалими







Пикир:






??.??