Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_12.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
Жамиланын талаасы
Түгөл-Сай айыл аймагына караштуу "Опытный" деп аталган айдоо жерди азыркы тапта жергиликтүү эл "Жамиланын талаасы" деп атай баштаптыр. Эгерде сиз Жумгал районунун борбор айылы Чаекке бара жатсаңыз, Түгөл-Сай айылынан өткөндөн кийин чоң кара жол түндүк-батыш тарапка карай бурулуп, бир нече чакырымга чейин созулат. Түгөл-Сай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Максат Дунканаев дал ошол негизги унаа жолдун чыгыш тарабынан "Жамиланын талаасы" орун алгандыгын билдирди. Ал эми жакында болсо айыл чарба күнүнүн урматына өткөрүлгөн облустук алкактагы салтанат жыйында Жамила Тойчубековага "Нарын облусунун ардактуу атуулу" наамы берилди.

Эл шаарга, эже - айылга

Ички миграция күчөп, ондогон айылдык тургундар топ-тобу менен элетти таштап шаарларга агылып жаткан чакта
Жамила Тойчубекова, тескерисинче, туулуп-өскөн айылына сапар тартты. 1975-жылы соода техникумун аяктап, ал доордогу бирден бир ооматтуу дагы, барк-нарктуу дагы дүкөнчүлүк кызматта 21 жыл иштеп, акыры эмгек үзүрүн эгин эгип, дан өстүргөндөн неге көргүсү келди экен?
- Мен ушул Эпкин айылында төрөлүп-өскөм. Турмуштун тагдырына байланыштуу үй-бүлө очогум бузулуп, эки балам менен жашап калдым. Элдин көбү айылдан качып, шаарларга кетип жатканда мен намыс-танып айылга барып жер иштетким келди. Ошентип 1996-жылы чыгынып, айылдан алгач 10 гектар жерди ижарага алып, ага буудай айдап өстүргөнгө кириштим, - дейт элеттик дыйкан айым Жамила
эже.
Чейрек кылымга жакын соода тармагында эмгектенип, Чаек айылындагы жалгыз универсалдык дүкөндө башчылык кызматка чейин жетип иштеген каарманыбыздын болочок эмгек шыбагасын айылдан издегени көп адамдарды таң калтырган. А чынында Жамила Тойчубекова ошол мезгилде жедеп каныккан, дал базар экономикасынын даяр адиси
эле.
- Алгач баарысын - үрөндү, күйүүчү майларды сатып алууга туура келди. Эки бир тууганым мага кошулуп, жардам бере башташты. Анда азыркыдай насыялар арзан эмес болчу да. 40 миң сомду 36 пайыз менен алганмын. Кийинки жылы айдоо аянттарды көбөйтөйүн деген тилегим шыдыр эле орундалган жок. Айыл өкмөт жана көрө албаган туугандар тарабынан бут тосууларга тушуктум, - деп эскерип турду ал жылдарды Жамила
эже.
Жамила айым жер аянтын кеңейтип, 50 гектарга чейинки аянтка буудай айдап, айрым эркектер жасаганга дити барбаган үрөнчүлүк чарбаны уюштургусу келген болчу.
- Чындыгын айтканда айыл өкмөт ишенген жок. "Аялдын колунан да үрөнчүлүк кооператив уюштуруу келмек беле. Жөн эле оокатын кылса болмок" дегендей мамиле жасалды. Далай жердештерим табалоо менен карашса, кээ бирлери шылдыңдоо менен капталдан баам салып сынап турушту. Айтор кыйналдык, чайналдык. А түгүл айдоо учурунда атайылап тракторлорун бербегендер да болду. Ал ансайын мен чыйралдым. Айла кеткенде район, облуска, ал гана эмес, айыл чарба министрлигине
чейин кайрыла баштадым. Үрөн-чүлүк кооперативдин атын "Чынар" деп атап документтерин мыйзамдаштырдым. Андагы кыйынчылык өзүнчө кеп. Акыры түшүнгөн жетекчилердин жардамдары аркылуу 1999-жылы 50 гектар жерди ижарага алдым. Жерди алганыма
райондогу айыл чарба департаменттен Шаршеев деген киши жардам кылды. Ошол кездеги губернатор Аскар Салымбековдун жардамы да тийип, а киши бергиле деп катка жооп кылган экен. Ошентип эки жыл дегенде көксөгөн жериме араң жеткем, -дейт каарманы-
быз.

Шашпаган жетет муратка

Мынча аянтты толук кандуу иштетүү үчүн айыл чарба шаймандарына ээ болуу зарыл. Ал маселе кайрадан ири суммада насыяларды коркпостон алуу аркылуу гана чечилмек. Жамила эже ага барды. Ошол эле 1999-жылы 80 миң сомду насыяга алып Т-30 тракторлуу, өтө керектүү айыл чарба шаймандуу болду. Жер таман акы эмгекти жебей, Ж.Тойчубекова өстүргөн "Интенсивный" буудай сорту элге жайыла баштады. Бара-бара кооперативге ДТ-75 трактору кошулду. Ал эми 2007-жылы 2 миллион сомго "Нива" комбайнын алышты.
- Учурда бизде керектүү шаймандар - соко, сепкич, тырмоо, чөп чапкыч, чөп таңгактоочу машиналар бар. Зарылчылыкка жараша кийинки жылдары буудай аянтын 20 гектарга эле айдап, 20 гектарына көп жылдык чөп өстүрүп, 10 гектарына арпа эгип жатабыз. Соңку 5 жылдан бери дан эгиндерден 20 центнерден кем эмес түшүм алуудабыз. Быйылкы жылы буудайдын да, арпанын да түшүмү 24 центнерден айланды. Менин элге кылган жардамым - үрөндөрдү жазында жарым баасында гана берем. Мисалы 200 кило үрөн алган адам күзүндө мага 100 кило буудай берет, - деп бизди таң калтырды даркан талаанын командири Жамила эже.

Кайрымдуулугу
жана эмгегинин
кайтарымы

Жамила эже менен баарлашып, анын кайрым-дуулук иш-аракеттерин тыңдадык. Жыл бою 5 адамды, ал эми өнөктүк учурунда 10 адамды туруктуу иш менен камсыз кылган айылдык фермер айым райондогу жетим балдар үйүнө буудайдан ар жылы жардам көрсөтүп, даталуу күндөрдө аймактагы тиешелүү адамдарга белектерин берүп турууну салтка айлантыптыр.
- Биз ар жылы 200 миң сомду комбайн үчүн төлөп жатабыз. Эгерде 2 миллион сомду 10 жылга албаганда анда комбайн ала алмак эмесмин. Ушундай чоң иш кылгандар үчүн насыя мөөнөтү 5 же 7 жылга чейин берилсе, мага окшогондорго абдан эле жакшы болоор эле,-деп кебин жыйынтыктады кыргыз жергесинин аялдарынан "Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер" наамына ээ болгон бирден бир дыйкан айым.
Кумөндөр Усуптегин







Пикир:






??.??