Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_11.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_11.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_11.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
Улуу жазуучунун 85 жылдыгына карата
Ашым Жакыпбеков
Айтматовдун адилдиги

(Башталышы өткөн санда)

Ошол оор жүктү каармандарына да артат. Алар көтөрө алса гана каарман кылып алат, болбосо майда-чүйдө ой үчүн жүрө берсинчи деп "ак көңүлдүк" кылбайт. Башкача айтканда, ар бир чыгармасында элди кызыктырган, ойлонткон, атүгүл санаа тарттырган проблемаларды чечүүнү көздөйт. Мына ошол үчүн ар бир чыгармасынан социалдык тереңдик даана көрүнөт.
Танабайдын өмүрү, күрөшү, максаты биздин турмуштун өзөктүү маселелери менен тыгыз байланыштуу экени да ушундан улам. Танабай - табияты, мүнөзү боюнча жалындуу революционерлердин тукумунан. Коом алдында өзүн жоопкер сезүү - Танабайдын негизги граждандык касиети.
Коом алдында өзүн жоопкер сезүү деген оңой-олтоң иш эмес, ал үчүн жалаң гана максатын, турмуш келечегин айкын түшүнүү жетишсиздик кылат, ал үчүн ошол максатынан тайбай, турмуш келечегине кажыбастан күрөшүп жүрүп отурушу керек. Бул оор жана жооптуу жүктү ар ким эле көтөрө
бербейт.
Танабай түшүнгөндү, көкүрөгүндө сезгенди Чоро да түшүнгөн, сезген. А түгүл акылдуу, билимдүү Чоро Танабайдан тереңирээк түшүнгөн. Ал да күрөшкөн. Бирок, ал Танабайчалык кажыбастык, майтарылбастык көрсөтө албаган. Ал өзүнчө мүнөз, өзүнчө тагдыр. Ошол үчүн биздин оюбузча, бул повестте Гүлсары менен Чоронун тагдырлары трагедиялуу, ал эми Танабайдын тагдыры трагедиялуу эмес: күрөштүү өмүр жеңилиш менен бүтсө да, ал трагедияга жатпайт. Чоро болсо тирүүсүндө эле жеңилген, жеңилгенин өзү да түшүнгөн.
Мына ушул социалдык татаал, оор проб­лемаларды көтөрүп чыгыш үчүн, партиялык сергектик менен даана чечиш үчүн жазуучу жалаң гана талантка таянбастан, өзүнүн жазуучулук маданиятына ишенген.
Демек, жазуучулук маданият деген түшүнүк стиль, ченем сезими, дагы ушул сыяктуу чеберчиликтин компоненттери менен гана түшүндүрүлбөстөн, жазуучунун дүйнөгө, турмушка көз карашын, башкача айтканда партиялуулугун да камтыйт.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы дагы бир баса көрсөтө турган касиет ал - көркөм жалпылоо сезими.
Турмуштук майда бир көрүнүштү, деталды же окуяны болсун, ага көркөмдүк ой кошпос­тон, ошол бойдон кагаз бетине түшүрүп койсо, көпчүлүк окуучу үчүн анын эч кандай кызыкчылыгы, демек мааниси болбос эле. Эгер кыпындай деталь залкар ойду батырып турса, ал сөзсүз көркөмдүк бийиктикке көтөрүлө алат да, коомдук, атүгүл саясый чоң мааниге ээ болот. Чыгарманын көркөмдүк күчүнүн негизги бир таасири ушунда.
Көркөм жалпылоо деген түшүнүктү жөнөкөйлөтүп айтканда, маңызы ушундайча эмеспи. Көркөмдүк жалпылоо деген компонент деле жалпы чеберчиликтин кучагына кириш керек. Бирок, жазуучунун көркөм чеберчилиги анын көркөм жалпылоосуна кызмат кылат. Анткени, - чеберчиликтин максаты көркөм ойду даана, таасирдүү бериште болгон соң, көркөм жалпылоо дал ошол максатты өзүнүн табиятында алып
жүрөт.
Кыргыз адабиятында чебер жазылган чыгармалар аз эмес. Ал гана турсун, ар бир жазуучунун ар бир чыгармасынан кээде таң калтыргыдай көркөм байкоочулукту, сезимталдуулукту жолуктурасың. А бирок, ал чыгармалардын баары дээрлик көркөмдүк жалпылоо деңгээли жагынан бирдей эмес. Сезгич, байкагыч автор тарабынан чебер иштелген тема көркөмдүк жалпылоочулуктун чабалдыгынан көп учурда чийки бүтүп калганын көрөсүң. Тескерисинче, көп учурда негизги идея жылаңач айтылып, маңызы б.а. көркөмдүгү жоктугунан тез эле соолуп калганын да кезиктирип келатабыз. Айтор, чеберлик маселеси дегенде анын жетектөөчү, мүнөздөөчү күчү - көркөмдүк жалпылоо.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында мына ушул көркөм жалпылоо сезими күчтүү өнүккөн.
Көп мисалдап отурбай "Саманчынын жолундагы" жеңиш менен келген жалгыз солдаттын сценасычы. Элибиз сандаган эр-азаматтарынан ажырап жеткен жеңиш ошончолук кымбат, ошончолук кайгылуу болгон. Бул өзү чоң көркөм символ. Бирок, көркөмдүк жалпылоонун милдетин өзүнө сиңирген символ. Же болбосо ушул "Жаныбарым, Гүлсарым" повестиндеги образдардын, мотивдердин жалпыланган деңгээли канчалык бийик. Биздин оюбузча, Чыңгыз Айтматовдун бардык чыгармаларынын ичинен ушул повестте жалпылоочулук күчү бөтөнчө көркөм, бөтөнчө даана
көрүнгөн.
Өсүп бараткан кыргыз адабияты үчүн Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары жогорулаган жаңы баскыч болду. Ал жыйырманчы жылдардын темасына, согуш жана тынчтык темасына кайрылабы, же бүгүнкү турмушубуздан алып жазабы - баарынан чынчылдык, тайманбастык, партиялуулук айкын көрүнүп турат. Ал проблемалуулуктан качпайт, аны тереңдете чече билет. Бул касиет Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгындагы биз белгилеп өткүбүз келген үчүнчү
артыкчылык.
Чынчылдык, б.а. акыйкат болуш жазуучу деген сөздүн синоними сыяктуу түшүнүк. Чындыкты чындай көркөм жазбаган автор жазуучу деген атка арзыбай турганын тарых, мезгил көрсөтүп келатат. Бул - талашсыз. Бирок, эмне үчүн адабий илим-сын лексиконунда "тайманбай" деген сөз анда-санда колдонулуп калат? Же жазуучу таймангыдай биздин коомдук турмушта тоскоолдук
бар беле?
Албетте, андай эмес. Болгондо эле кеп чынчылдык менен партиялуулукту жеңил түшүнүп алганыбызда окшойт.
Турмуш чындыгын партиялык позициядан көркөм чагылдыра албай, партиялуулук дегенди проблемасыздыкка, жасалмалоочулукка дейре жеңилдете түшүнүп, ошонун айынан пайда болгон ортосаар чыгармалардын идеялык-көркөмдүк деңгээлин норма катары баалоого көнүп алгандыгыбыздан улам кээде чыныгы таланттуу чыгарма жазыла калса, "мына, тайманбастык" деп тамшанууга да көнүп алганбыз. А чынында идеялык-көркөмдүктүн деңгээли гана, б.а. таланттуу чыгарманын деңгээли гана норма болуш керек. "Жаныбарым, Гүлсарым" мына ушул нормага жооп бере турган чыгарма экендигин бизден мурда эле белгилеш-
кен.
Жогоруда эскертилгендей, биздин максат чыгарманын "жакшы-жаман" жактарын чектеп бөлүп талдаган адабий сын жазуу эмес, "Жаныбарым, Гүлсарым" повестине байланыштуу кай бир ойлорду айтуу болучу. Ошондуктан, сөз бүттү деп тыянак чыгарбайбыз. Бул повесть жөнүндө али нечен сындар, рецензиялар жазылып, илимий изилдөөлөр жүргүзүлүшү алдыда боло турган жана адабиятыбыз үчүн керектүү иш. Ал ишти окумуштуу-сынчылардан күтүшкө окурмандардын толук акысы
бар.
Соңу
P.S. Макала жазуучунун жеке архивинен алынган.





Пикир:






??.??