Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_10.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_10.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/1119_10.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер
 
Дубандардан эмне кеп?

Өз кабарчыларыбыз кабарлашат

Ысык-Көл

Облустук телеберүү
20 жашта,
маданият да алдыңкы сапта
Ысык-Көл теле­бе­рүүсүнүн 20 жыл­дыгы жалпы коом­-
чулуктун өкүлдөрүнүн катышуусунда Каракол шаарында салтанаттуу белгиленди.
Мааракеден улам чыгармачылыктын ары татаал, ары сыймыктуу жолун басып өтүшкөн, улам кийин келип кошулган жаш тележурналисттерге бай таалим-тарбия берип, бүгүнкү күндөргө чейин ийиндеш иштеп келатышкан О.Абдулхакимов, С.Жолдошева, Ж.Апазов, Т.Жунушалиев, Т.Рахманов сыяктуу ардагерлерге жана телерадиокомпаниянын жетекчиси К.Тайтекеевге, бир катар жаш журналисттерге сыйлыктар берилди.
Ага удаа эле "Иштерман жылынын" урматына маданият тармагынын облустук кароо-сынагынын да жыйынтыгы чыгарылды. Райондук, шаардык, айылдык мыкты маданий мекемелерге: Ак-Суу райондук, Каракол жана Балыкчы шаардык маданият бөлүмдөрүнө, Жети-Өгүз райондук маданият үйүнө, Тоң райондук китепканага, Түптөгү музейге, Балыкчыдагы музыкалык мектепке, Түптүн Ичке-Суу айылдык маданият үйүнө 3 миңден 5 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар менен кызыл желекчелер тапшырылды.

Эки гезит 75те,
эгемендик жемишин берсе…
Өкмөттүн облустук өкүлчүлүгүндө жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин, айыл аймактарынын башчыларынын жана коомчулуктун өкүлдөрүнүн, ардагер калемгерлердин кеңири катышуусунда облустук "Ысык-Көл кабарлары" менен "Вести Иссык-Куля" басылмаларынын 75 жылдык мааракелери салтанаттуу белгиленди.
Майрамдык жыйындын катышуучуларынын алдында эки гезиттин башкы редакторлору А. Эгембердиев менен Д. Капаров басылмалардын буга чейинки басып өткөн жолу, алдыдагы максаттары жөнүндө маалымат беришти. Облустагы бардык район, шаар башчылары эки гезиттин жетекчилерине, бир катар журналисттерине акчалай, баалуу сыйлыктарды тапшырышты.
Өкмөттүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Каптагаев бир катар кесип устаттарын Ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар менен сыйлады. Эмгектик эс алууда жүргөн кээ бир калемгерлерге "Кадырман" кызыл тасмалары, узак жылдардан бери иштеп келе жаткандарга "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси тапшырылды.
Жээнбай ТҮРК


Жалал-Абад
Чаткалда өткөн
алгачкы аукцион
12-ноябрь күнү Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу жеринде Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында кен байлыктарды иштетүү укугуна аукцион болду. Аукционго алтындын запасы бар деп эсептелинген Чаткал өрөөнүндөгү Башкы-Терек, Аюу-Чачы, Чакмак-Суу жана Коргон-Төбө участоктору коюлду. Ага жалпысы 24 кен байлыгын иштетүүгө кызыкдар фирма катышты.
Аукцион район калкынын катышуусунда, ачык түрдө өтүп, аукциондук комиссияга Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин мүдүрү Дүйшөнбек Зилалиев төрагалык кылды. Ал эми комиссия 11 мүчөдөн туруп, мындан алты мүчөсү район акими Канжарбек Эшалиев баштаган жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн болду.
Аукциондо сатыкка коюлган кен чыкчу жерлердин ичинен Башкы-Терек жана Чакмак-Суу участокторун аты аталган айылдардын өкүлдөрү аукционго койдурбоо боюнча талап коюшту. Бир топ талаш-тартыштан соң, комиссия кийинки Коргон-Төбө жана Аюу-Чачы кен чыкчу жерлерин сатыкка коюп ал эми, талаш жараткан участокторду аукциондун соңунда карап көрүү боюнча чечим кабыл алды. Бирок, Аюу-Чачы участогу боюнча учурда соттук териштирүү болуп жаткандыгына байланыштуу ал такталууга калтырылды. Андан соң, аукцион башталып, мында Коргон-Төбө участогу үчүн (ал жерде болжолдуу 3000 кг. чачылма алтындын запасы бар) ат салышка "Альфа-Голд Майнинг", "Сандалаш Аурум", "Фирма Фонта", "Кара-Минерал", "Жибек Жол Кен байлыгы", "Чаткал Голд" фирмалары катышып, соңунда аукциондон "Чаткал-Голд" фирмасы 513 320 долларга аталган кен участогун утуп алды.
Андан кийин, Чакмак-Суу (ал жерде болжолдуу 256 кг. чачылма алтындын запасы бар) сатыкка коюлду. Ага "Чаткал Голд", "Альфа-Голд Майнинг", "Пауэр Эсэтс", "Р.В.М. компани", "Фирма Фонта", "Чаткал-Лачын" фирмалары катышты. Жыйынтыгында, 205 060 долларга "Чаткал-Лачын" фирмасы утуп алды.
Аукциондун соңунда, комиссиянын төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев талашка түшкөн Башкы-Терек жана Аюу-Чачы учас­токтору бүгүнкү өтүп жаткан аукциондон артка жылдырылып, 2013-жылдын 12-декабрында кайрадан аукционго коюу боюнча комиссия чечим кабыл алгандыгын билдирди.
Деги эле кыргыз жери кен байлыкка бай эмеспи. Ушинтип ачыктык болсо, канчалаган акчалар бир ууч адамдардын эмес, жалпы элдин энчине тийип, мамлекетибиздин бюджетине үлүшүн кошмок. Ал эми аукциондон утуп алган фирмадан түшкөн акчанын 7 пайызы жергиликтүү бюджетке түшүп, ал жердин жашоочуларына да пайдасын тийгизет.
Бактыбек Дилдебаев, Чаткал району


Нарын
Көмүр тартуу аяктады
Ат-Башы районун­да мекеме-ишка­на-ларды көмүр менен камсыз кылуу быйыл да эрте аяктады.
Тактап айтканда билим берүү тармагына 2760 тонна, саламаттыкты сактоо тармагына 160 тонна, кесиптик лицейге 120 тонна, аскер комиссариатына 15 тонна, жалпысынан 7105 тонна көмүр тартылып келинди. Ал эми элге керектеле турган 4050 тоннанын 3500 тоннасы жер-жерлерде уюштурулган көмүр базаларына түшүрүлүп, тоннасы 3500 сомдон сатылууда.
Иштин тез жана оң чечилишине тендерден утуп алган "Пандж Шер" ишканасы зор көмөк көрсөттү. Аталган ишкана мындан сырткары калктын аялуу катмарына деп 100 тонна көмүр бекер түшүрүп берди. Алар атайын комиссия аркылуу таратылды.

Азаматсың, Нурбек!
Ат-Башы айылынын кулуну Качкынов Нурбек греплинг күрөшү боюнча республикада өткөн мелдеште 1-орунду ээлеп, Маямиде өтүүчү дүйнөлүк чемпионатка катышууга жолдомо алган эле. Ал жактан кубанычтуу кабар келди. Көптөгөн өлкөлөрдүн мен мыктымын деген спортчулары катышкан бул мелдеште Нурбек үчүнчү орунду камсыздап, республикабыздын туусун бийик көтөрттү. Алакандай Ат-Башыны ааламга тааныткан уулубузга алкыштан башка айтаар сөзүбүз жок. Азаматсың, Нурбек!

Бала бакча эшигин ачты
Март айында Кара-Суу айылындагы бала бакча толугу менен өрттөнүп кеткен. Жалпы айыл элин да ойго алган бул маселени жеке ишкер Бейшенаалы Нурдинов чечип берди. Союз кезинде мончо үчүн курулуп, бирок бүтпөй калган жеке менчигине сатып алган имаратты бала бакча кылып алгыла деп берген. Аталган имарат дароо эле оңдоого коюлган. Бул үчүн Кара-Суу айыл өкмөтү 500 миң сом, облус жетекчиси К.Муратбеков Нарынды өнүктүрүү фондунан 400 миң сом бөлүп берген. Айыл эли да колдорунан келген салымдарын кошушкан. Ошентип, жалпысы 900887 сом жумшалып, бала бакча толугу менен капиталдык ремонттон өткөрүлдү. Ичи керектүү инвентарь менен да жабдылды. Азырынча бул жерде 50 бала тарбияланууда, 12 адам иш менен камсыз болду. Эми дагы эки топ ачылмакчы. Ал үчүн дагы эки-үч бөлмө бар. Ал жаз алды менен бир сыйра ремонттон өткөрүлүп, ичи жабдылып пайдаланууга берилет.
Ж.КУРМАНОВ

Дан өндүрүү 37 пайызга өсүш берген
Быйыл Нарын районунун дыйкан-фермерлери 11,8 миң тонна дан эгин өндүрүшкөн. Жалпы дүң түшүм өткөн жылга караганда 4,4 миң тоннага көп жыйналган жана түшүмдүүлүк 2012-жылдан 5 центнерге арбын алынган.
Мындай маалыматтар Нарын районунун Эмгекчил
айыл аймагындагы Кур-Терек ат майданында өткөрүлгөн
райондун "Түшүм-2013" жыл жыйынтыгы чыгарылган майрамдык салтанатта айтылды.
- Биздин райондун дыйкандары 10 пайыздык үстөк менен талаачылыкка 320 миң сом суммада насыяларды алышса, мал чарбасы үчүн 43 миллион 302 миң сом алышты. Жыл өткөн сайын малдын башы көбөйүп жатат. Азыркы күндө миңден ашуун кой, 200-300 баш бодо мал күткөн фермерлер ондоп саналышат. Ошол эле учурда ар гектарынан 45 центнерден дан эгин, 130 центнерден тоют алышкан дыйкандарыбыз бар. Биз аларга ушул майрамда сый урмат көрсөтөбүз,-деди район жетекчиси Түгөлбай Жанбоев.

Турак жай куруу 5 эсеге жакын көбөйгөн
Облус боюнча өткөн 9 ай аралыгында жалпысынан 1 миллиард 539 миллион сомдук капиталдык салымдар өздөштүрүлгөн. Жумшалган каражаттардын 700 миллион сомун чет өлкөлүк насыялар түзсө, калктын салымы 269 миллион, республикалык бюджеттики 220 млн, жергиликтүү бюджеттики 400 миң сом болгондугун облустук өкүлчүлүктөн билдиришти.
Мындан 40,6 миллион сомго 36 объект пайдаланууга берилген. Ал эми бул мезгилде 23 078 чарчы метр турак жай курулган. Бул көрсөткүч өткөн жылдын ушул маалына салыштырганда 4,9 эсеге көп дегендикти билдирет.
Күмөндөр УСУПТЕГИН

Ош
Кытайлар курса, тез курат
Ош шаарында 2014-жы-
лы 150 бейтапка ылайыкташтырылган оорукананын курулушу башталат. Бул жөнүндө 12-ноябрь күнү Ош шаарынын вице-мэри Рустамбек Мирзаматовдун кытайлык делегация менен жолугушуусунда белги-лүү болду. Оорукананы "Фурхат" районуна куруу пландалууда. Медициналык мекеме 150 бейтапка
ылайыкташтырылып, заманбап дарт аныктоо жабдуулар менен камыздалмакчы.
Учурда эки тарап биргелешип курулуш иштеринин долбоорун иштеп чыгууда.
10 күндө 7 айдоочу иштен четтетилди
Ош шаардык жүргүнчүлөрдү ташуу агенттиги 1-ноябр­дан баштап, шаар ичиндеги маршруттук каттамдардын иш-тартибин жөнгө салуу боюнча рейд уюштурду. Аталган агенттиктин башчысы Шайлообек Атазов билдиргендей, рейдди жүргүзүү үчүн атайын 2 ыкчам топ түзүлүп, Ак-Буура дарыясынын чыгыш жана батыш тарабындагы маршруттук каттамдардын иштөөсүн көзөмөлдөө үчүн кечки саат 22.00гө чейин иш алып барышты. Жүргүзүлгөн рейддин 10 күндүк жыйынтыгы боюнча иш-тартиптин эрежелерин сактабагандыгы үчүн 7 айдоочу жумуштан четтетилген, ал эми 19 айдоочуга эскертүү берилген.
Мындан сырткары, муниципалдык автобустардын жана троллейбустардын 20:00гө чейин токтоп калып жаткандыгы да маалым болду. Бул боюнча коомдук транспорттун айдоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Аталган рейдди өткөрүү 1-декабрга чейин уланат.
Жыпар Акунова




Баткен
Кыш жакындап, отун ойдо турат
Райондун аймагындагы билим берүү мекемелерине кыш мезгилине карата 1284,2 тонна көмүр керектелсе, бүгүнкү күнгө карата 1101,3 тонна ташылып, 78,6%ды түздү. 36 саламаттыкты сактоо мекемесинен 25и көмүр менен, 11и электр энергиясы менен жылытылат. Аларга керектелүүчү 67,6 тонна көмүр толугу менен камсыз болду.
Райондун калкын кышка карата көмүр, отун менен камсыз кылуу үчүн 9200 тонна көмүр керектелсе, учурда 6863 тоннасы ташылып, 74,6%ды түзгөн.
Баткенде көмүр өндүрүү боюнча Самаркандек айылдык аймагындагы "Эркин кен", "Азамат кен", "Шахтатилек" шахталары иштеп, көмүрдүн баасы бир килосу 4,5-5 сомдун тегерегинде сатылууда. Ишканалар калктуу конуштарда көмүр сатуучу базаларын түзүшүп, элди арзан, сапаттуу көмүр менен камсыз кылып жатышат.

"Диний экстремизм" окуучулардын көз карашында
Райондук мамлекеттик администрациянын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алмаз Полотовдун айтымында, учурда Баткен районунун мектептеринде окуучуларга "Ыйман, адеп-ахлак" жөнүндө окуулар өткөрүлүп, диний экстремизмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Маалыматтарга ылайык, райондо 67 мечит бар. Атайын мамлекеттик каттоодон 58 мечит өтүп, 9у каттоодон өткөн эмес. Калк негизинен ислам динин тутунушат. 2 мечиттин имамы жогорку билимге ээ, калган бардык мечиттердин имамдары өз алдынча билим алышкан.
Диний экстремизге каршы күрөшүү, терроризмди алдын алуу, деструктивдүү диний агымдардын миссионердик ишин болтурбоо максатында раймамадминистрациянын алдында дин өкүлдөрү менен биргеликте атайын Координациялык кеңеш түзүлүп, эки жолу отурум өткөрүлдү. Анын алкагында экстремисттик, деструктивдүү уюмдардын конституцияга каршы иштеринин фактыларын максаттуу чагылдыруу уюштурулуп, алардын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюу боюнча көрүлгөн чаралар коомчулукка жеткирилип турат. Мындан сырткары, улуттук каада-салттын аза күтүү ырасымдарындагы чыгашаларды кыскартуу боюнча айыл өкмөттөрү тарабынан иштер жасалууда. Натыйжада Самаркандек, Кара-Бак, Төрт-Гүл айыл өкмөттөрүндө калк арасында маркумду акыркы сапарга узатууда мурункудай кара малдар союлуп, казан-казан аш демдөө токтотулду.
Ата-энелердин же мыйзамдуу өкүлдөрдүн макулдугусуз жашы жете электерди диний окууга тартууга жана билим берүү жөнүндө мыйзамдарды бузууга жол бербөө максатындагы иш-аракеттер болууда. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен биргеликте диний уюмдар менен диний объектилер такай текшерилип, билим берүү мекемелеринде жолугушуулар өткөрүлүп, райондук ички иштер бөлүмүнүн тиешелүү кызматкерлери менен биргеликте окуучулар арасында диний экстремизм боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет.

Гүлчехра Тажибаева





Пикир:






??.??