"Кыргыз Туусу", 12.11.13 Экинчи улуттук органикалык форум - 2013
Жерди баксаң жегениң таза болот

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"

- Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 166дан ашык мамлекети айыл чарба жерин органикалык таза каражаттар менен асылдандыруу тенденциясына өтүүдө. Алардын ичинен 80 өлкөсүндө буга тиешелүү мыйзамдары бар. Бул өндүрүш тармагынын өтө тез өнүккөн рыногу болуп эсептелет. 2020-жылы органикалык айыл чарбасы дүйнө рыногунун 250 млрд. долларын түзөрү күтүлүүдө, - деди 1-3-ноябрда Бишкекте өткөн "Кыргыз Республикасында органикалык айыл чарба өндүрүшүн жана жашыл экономиканы өнүктүрүү" аттуу экинчи улутук форумда сүйлөгөн сөзүндө КРнын экономика министри Темир Сариев. Эске салсак, аталган форумдун биринчиси Бишкекте 2012-жылдын декабрында өткөрүлгөн. Кыргызстандын "Био-kg" органикалык кыймыл федерациясы (ОКФ) түзүлүп иштей баштагандан бери бир нече чет мамлекеттерден келген агрардык сектордун жана олуттуу эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн, Бишкектеги дипломатиялык корпустун жетекчилеринин, депутаттар менен өкмөт мүчөлөрүнүн башын кошкон мындай форумдун демилгечиси болуп, экинчи ирет өткөрүп отурат. Өлкөдө 300 миңге жакын бытыранды фермердик майда чарба бар. Айылдарда мугалим, малчы, врач сыяктуу түрдүү кесиптегилер дыйканчылык жүргүзүүгө өтүшкөнүнө жыйырма жылдан ашты. Агроном адистиги тартыш болгондуктан, алар бири-биринен чала-чарпыт сурап алышып, химиялык жер семирткичтерди чачып, ал жок болсо агротехникалык эрежелерсиз эле жер иштетип келишүүдө. Аларга жерди которуштуруп айдоо, малдын кыгын, биокомпостту, биогумусту, чириндилерди өз эрежелерине ылайык колдонуу сыяктуу органикалык таза ыкмаларды окутуп, түшүнүк берилбеди. Белгилүү мамлекеттик ишмер Искендербек Айдаралиев жетектеген "Био-kg" ОКФсу мына ушундай орчундуу, келечектүү ишти аркалап отурат. Эл аралык форумдун иши бир эле учурда эки багытта өткөрүлүп, бири А.Малдыбаев атындагы мамлекеттик опера жана балет театрында органикалык айыл чарбасынын курч жагдайлары тууралуу конференция менен башталды. Ал эми органикалык форумдун экинчи бөлүгү айыл чарба азык-түлүктөрүнүн жарманкеси менен коштолуп, үч күн бою Г.Айтиев атындагы сүрөт музейинде өткөрүлдү. Ага республиканын аймактарынан 60тан ашык экологиялык таза тамак-аш азыктарды чыгарган компаниялар, дыйкан-фермерлер органикалык ыкмалар менен өстүрүлгөн жашылча-жемиштерин, буюмдарын алып келишти. Шаардыктарга экологиялык таза түшүм майрамын тартуулаган алардын бир нечесине суроолор менен кайрылганыбызда көбү жалпы элибизге керектүү тажрыйбалары менен бөлүшүп жатышты.


Таза тамак-аш -
таланттуу генефонд
Талас районунун "Көмпүрө-Базар" айылынын дээрлик бардык дыйкандары химиялык жер семирткичтерди колдонушпайт. Абасы таза, топурагы семиз келип, дыйканчылыкка шарты ыңгайлуу айылда 800дөн ашык түтүн калк жашайт. Көпүрө-Базар "Bио-kg" ОКФсынын жардамы аркылуу Кыргызстанда биринчи жолу органикалык аймак катары сынамык долбоордун алкагында табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүшүүдө. Жарманкеге өстүргөн жашылчаларын алып келген Гүлмира Сманкулова мындай дейт:
- Малдын кыгын бир жыл чиритип туруп, жаз айларынде жерге чачабыз. Бул органикалык ыкманын эл ичинде кеңири жайылтылган түрү. Кээ бир дыйкандар: "картөшкөмдү колорада коңузу жеп кетти, банкрот болдум", - деп жок жерден көйгөй жарата беришет. Буга каршы кадимки эрмен чөбүн кайнатып чачуу керек. Же болбосо колорада коңузу жаңы чыгып келе жатканда аны терип келип, чылапчынга салып, үстүнө суу куюп тумчулап коёт. Суу үч суткеден кийин жагымсыз өзгөчө жытка ээ болот. Аны огороддогу картөшкөгө кайра чачса, коңуз өзүнүн генеологиялык жытына жолобойт. Чалканды кайнатып, суусун картөшкөнүн сабагына чачып койсоңуз да колорада коңузу качат. Эгерде картөшкөнүн өскөнү жакшы болсо, коңуз аны жегенге жетише албайт. Ал үчүн жер семиртилип, картөшкөнүн чыгышы жакшы болууга тийиш. Түшүмдүүлүк да жакшы болот. Быйыл биздин айылда биогу-
мусту - сөөлжандарды багууга өттүк. Экологиялык таза тамак-аш менен азыктанган элден таланттуу, ар ишке жөндөмдүү, күчтүү уул-кыздар көп чыгарын турмуш далилдеп жатпайбы.
Органикалык пахтаны Германияга жөнөтүп жатабыз
- 2008-жылы Швейцариянын "Хельветас" эл аралык уюумунун жардамы менен "Био Фермер" кооперативин уюштурдук. Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондорунда негизинен таза органикалык ыкмада пахта өстүрөбүз. Кооперативдин Талас облусундагы мүчөлөрү төө бурчак эгишет. Учурда жалпысынан 3 миң гектарга жакын органикалык жерибиз, анда эмгектенген 1200 фермерибиз бар. Союз таркагандан бери химиялык жер семирткичтерди сактоочу ири базалар тонолуп, талкаланып жок болду. Мындай жагдайдын жакшы жагы да болду. Дыйкандар колдо бар табигый органикалык ыкма аркылуу жер иштетүүгө ыкташты. Айталы, көөл деген чөптү пахтанын оорусуна каршы колдонобуз. Анын кайнатылган суусу пахта дартына миңдин бири. Же болбосо, пахтанын шире оорусуна каршы чеснокту, пияз­ды кошуп кайнатып, жагымсыз жыттуу сууну сээп жиберебиз. Бүгүнкү күндө кооператив мүчөлөрүнүн химиялык жер семирткичтерге көз карандылыгы дээрлик жоюлду десем болот. Ал эми жерди которуштуруп айдоодон дыйкан зыянкечтерден кутулуп, түшүмдүүлүк жогорулайт. Дыйкан жеринин бир бөлүгүнө пахта, экинчи бөлүгүнө жүгөрү же башка өсүмдүктү айдаса жакшы. Анткени, бир жылдары пахтанын баасы түшүп кеткен болсо, берки жашылчалары банкрот болуудан коргойт. Пахтабыз швейцариялык сертификациялоочу агенттигинин текшерүүсүнөн өтүп турат. Учурда 200 тоннага жакын пахтаны Германияга экспортко жөнөтүүдөбүз, - дейт Жалал-Абад облусунан келген "Био Фермер" кооперативинин координатору Нурбек Каниазаров.

Кылымдарды карыткан талкан
Кореяга барды
- "Био-kg" ОКФсынын президенти Искендербек Айдаралиевдин жетекчилиги аркылуу уюштурулган экинчи органикалык улуттук форумдун эл аралык жогорку деңгээлде өткөрүлүшүнө кубанып турабыз. Биздин Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылында арпаны органикалык эрежелердин, талаптардын негизинде өстүрөбүз. Андан тартылган талканды кошкон майга, каймакка көөлөп дас­торконго коёбуз. Талкандан жарманын бир нече түрүн жасайбыз. Жакында жармабызды Түштүк Кореяда өткөн органикалык таза азыктардын бүткүл дүйнөлүк жарманкесине алып бардык. Талкан карт тарыхтын, өзгөрүлгөн нечен замандын бороон-чапкынында колдонуудан жоголуп кетпей биздин күнгө чейин жетти. Талкан кыргыз жер которуп көчкөндө, жоокер жоого аттанганда, жолоочу сапарга чыкканда, кыш катуу болгон жылдары элди жут каптаганда күлазык болгон оокат. Кореядан да жакшы баага татыды. Кара жарма, сүзмө жарма, сүт жармаларды көрүп турасыз. Биздин талканды наристелерге пайдалуу деп, балдар бакчалары да сатып ала башташты, - дейт ишкер айым Нурайым Ибраева.

Форум бренд ыйгарууну караса
- Органикалык жарманкеге Кыргызстандын аары өстүрүүчүлөр кошунунун мүчөсү Амурхан ИЗИЯТОВ табигый таза ыкмада өндүрүлгөн балдын түрлөрүн алып келиптир. Өткөн айда кыргыз балы Украинада болгон дүйнөлүк бал фестивалында эң жогорку сыйлыктарды жеңип, үч алтын, эки күмүш медалга ээ болгону
коомчулукка белгилүү. "Бүгүн биз экинчи эл аралык органикалык улуттук форумга150гө жакын мамлекет катышкан бал сынагында айныксыз ийгиликке жетишкен продукциябызды алып келип отурабыз. Жергебизде табияттын баштапкы калыбы сакталган аймактар, тоолор, токойлор, талаа-түздөр али арбын. Ошондуктан, кыргыз балынын нечен дартка табылгыс шыбаа берчү жагдайын айтып түгөтүү мүмкүн эмес. Мына ушундай форумдар аркылуу кыргыздын табийгый таза өндүрүлгөн азык-түлүгүнө, даярдалган тамак-ашына бренд берүү жагдайын карасак да болот", - деген Амурхан мырзанын балына шаардыктар "балга конгон аарыдай" үймөлөктөп жатышты...

Айнагүл апанын эмеректери,
Алинанын уксусу...
Аталган форумга жашылча жемиш, даярдалган тамак-аштан баштап, жүндөн, териден, жыгачтан жасалган буюмдарына чейин алып келгендер арбын болду. Ысык-Көл районунун Кожояр айылынан келген Айнагүл Мусакулова байбиче үй-бүлөсү менен талдын үч түрүнөн идиш-аяктан баштап, уктоочу бөлмөнүн мебелине чейин буюм-тайымдарды токушат экен. Ал ушул жарманкеде гүл соодалаган ишкана менен келишим түзүп, талдан токулган челектерди, вазаларды даярдап берүүгө заказ алып кайтты.
Каракол шаарынан келген Алина аттуу селки өзү иш­-
теген компания чыгарган уксус­ту гезитибиздин кабарчысына жарнамалап, аны жасоонун технологиясын айтып кирди. Органикалык каражаттар менен эч кандай синтетикалык кошулмаларсыз таза өстүрүлгөн алманы үч жыл ачытып, андан адамдын ден соо­лугуна пайдалуу уксус алууга боло турганын далилдеп жатты. "Бул уксус ашказанды кыжылдатпайт. Тескерисинче, сакайтуучу касиеттери бар. Ал түгүл, аны сууга аралаштырып, чачты жууса мына меникиндей болуп, коюу, бекем өсөт", - деди Каракол шаарынын "Фаир" компаниясынын өкүлү Алина Шафигулина. Бул жерде балык, жумуртка ж.б. органикалык таза тамак-аштарды да тынбай соодалап жатты.

Баткендин өрүгү кимди
багып жатат?
Сыркы көрүнүшүн жалтыратып, жылмакай кылып, химиялык заттарга өстүргөн Кытайдын арзан алмасын соодагерлер Орусияга оор жүк ташуучу машинелер менен ташышат. Эбин тапкандар машинеге Ысык-Көлдүн апорт алмасынан бир-эки жашик салып алышат. Себеби, машинени ача бергенде кыргыздын апорту кытайдын алмасына "бур" эткен жагымдуу жыт берет турбайбы. Ал эми Баткен аймагына канатташ жашаган тажик туугандар да "Күрүчтүн аркасы менен күрмөк суу ичет" болуп жатышат. Баткендин жүрөк, ашказан, ичеги карын сыяктуу бир нече дарттарынын алдын алууга миңдин бири болгон кадимки кандек өрүгүнүн 1 кг. 50 же 70 сомдон алышат. Аны ташып барышып, өздөрүнүн өрүгүнө кошуп, тажиктердин бренди менен чет мамлекеттерге төрт-беш эсе кымбат сатышкандары жашыруун деле эмес. Аталган эл аралык чоң форумга Баткен
районунун Самаркандек айылынан "Элет мурас" коомдук фондусунун директору Жумагүл Саидмуратова кандек өрүгүн жарманке аркылуу чет мамлекеттерге жарнамалоо, баалуулугун элге жеткирүү үчүн келген. "Кандек өрүктү экспортко жеткендей көлөмдө чогултууну уюштура албай жатабыз. Бизде суу тартыш, жайкысын күн абдан ысык болгондуктан кандек өрүктөн башка жемиштер дээрлик чыдабайт. Ал эми өрүктүн ушул сорту Италияда 120 өлкө, Кореяда 40тан ашык өлкө катышкан органикалык жарманкеге барып жогору баа алып келди. Арга кетип, балдардын окуусу кыйнаганда тажиктерге өрүктү арзан берип жатабыз", - деп бир топ көйгөйлөрүн ортого салып жиберди.

"Кыргыз-компостту" издеп барышат
Жер кыртышын асылдандыруучу таза органикалык каражатты - кыргыз-компостту иштеп чыгарган ишкананын өкүлү Жолдош Бердибаев аксакалды да ушул жарманкеден жолуктуруп кепке тарттым. Муну помидор, бадыраң, капуста, картөшкө сыяктуу бардык жашылчаларга, мөмөлүү бактарга, гүлдөрдүн түрлөрүнө пайдаланууга болот экен. "Биз үч жылдан бери Бишкектин "Зеленстрой" ишканасы менен бирдикте "кыргыз-компост" органикалык кошулмасын чыгаруудабыз. Ушул форумга келген кардарлар менен келишим түзүп жатабыз. Буюрса, республиканын түштүк аймагына жөнөтүлөт. "Кыр-гыз-компост" органикалык кошулмасынын курамында дарактын жалбырагы, газондон чабылган чөп, бактардын куурап, кыркылып буталгандагы түшкөн ичке чырпыктар майдаланып, бириктирилип иштетилет. Бишкектин көчөлөрүнөн жыйналып, тазаланып чогултулган ушул үч затты "Зеленстрой" ишканасынын машинелери алып келишет. Биз аларды үйүп, үстүнө суу чачып, 70 градус ысыкта кармайбыз. Ар бир үч күндө температурасын ченеп турабыз. Бир жылда алты-жети жолу казып, техниканын күчү менен аралаштырабыз. Акырында аны электен өткөрүп даярдоо иши жүргүзүлөт", - деген Жолдош Бердибаев форумдун ишине абдан канааттанганын жашырган жок. Ошентип, Бишкектин "Кыргыз-компост" органикалык кошулмасына фермерлерден баштап, жеке адамдарга чейин кызыгып жатышты. Курамында азот, фосфор, калий, кальций, магнийи бар органикалык кошулма үчүн алыстан ат арытып келгендер арбып, көлөмү көбөйөт деген ишеним артылып калды.


Кыргызстандын "Био-kg" органикалык кыймыл федерациясынын президенти
Искендербек Айдаралиев:


"Дүйнөдө биринчи
болуп органикалык
аймакка өттүк"


- Искендербек Рыспекович, органикалык таза продукцияны өстүрүп эле жөн болбой, аны тышкы рынокко чыгарууда фермерлер, өндүрүшчүлөр ири экспорт үчүн керектүү көлөмдү камсыз кыла албай жатышканын айтышууда.
- Алар туура маселени көтөрүп жатышат. Аз көлөмдөгү товарды экспортко жөнөтүү кыйын. Ишкерлер үчүн жеткирген баасы туура келбей калат. Ушул себептүү, органикалык айыл чарба ыкмасында продукция өндүргөн дыйкандарды бириктирүү зарылдыгы чыгууда. Экологиялык таза тамак-аш аркылуу улуттун генефонду кызыктырган дүйнө эли үчүн органикалык азык-түлүк эң башкы мааниге ээ.Табигый таза тамак-аш жеген ата-энеден дени сак наристе төрөлөт. Жашыл экономиканын маани-маңызын ар бир мамлекет түшүнүп калды. Кыргызстандын шартында органикалык айыл чарбасын көтөрүүгө бардык негиздер жетиштүү. Бүгүнкү күндө дыйкандар жерди которуштуруп айдап, малдын кыгын, чириндилерди колдонуп, талаастанды органикалык заттар менен азыктандырууга өтүшүүдө. Бирок, алган продукциялары таза болгону менен баа жагынан уттуруп жатышат. Себеби, сапатына жараша сертификаты болушу керек эле. Кыргызстанда органикалык айыл чарба продукцияларын өнүктүрүүнүн улуттук стандарты жок. Ошондуктан, биз бүгүн Бүткүл европалык органикалык айыл чарба эл аралык федерациясынын (IFOAM) стандартын кабыл алып, ага карата улуттук стандартыбызды түзүп
ылайыкташтыралы, өзүбүздүн ички инспекторлорду даярдайлы деген максат койдук. Кыргызстандын дыйкандары өндүргөн айыл чарба азыктары Казакстанга, Орусияга, Тажикстанга, Өзбекстанга экспорттолот. Ушуга байланыштуу, форумда Борбордук Азия мамлекеттеринин органикалык кыймыл уюмдары Европанын IFOAM уюмунун бирдиктүү стандартын баарыбыз кабыл алып, улуттук стандарт катары киргизүү келишимине кол коюп, алдыдагы албан иштин алгачкы кадамын баштадык. Эгерде бирдей стандартты кабыл алсак, дыйкан өндүргөн продукциянын көлөмүнүн өсүшү, сыртка чыгарып сатуу кыйла жеңилдейт. Бүгүнкү күндө деле ошол стандартка ылайык иштеп жатабыз. Бирок, аны чет мамлекеттин адистери келип, өтө кымбат баага сертификаттап беришүүдө. Орусияга эт экспорттогондугу үчүн келишимге Монголия да кошулду. Келишимге Азербайжан да кирди. Андан тышкары, биз ушул эле стандартты бүтүндөй КМШ мамлекеттеринин аймагына сунуштап киргизсек деген ойдобуз.
- Андай шартта атамекендик дыйкандардын продукциялары чоң рынокко чыгуусу камсыздалат эле.
- Туура. Органикалык айыл чарба азыктарын чет мамлекеттик кардарлар сураган көлөмдө камсыз кылууну жолго коюу биздин иштин экинчи багыты. Биз Талас районунун Көпүрө-Базар айылын алып, органикалык аймак деген сынамык долбоорду баштаганбыз. Өлкөдөгү чачыранды майда чарбаларды органикалык айыл чарбасы ыкмасына өткөрүү өтө кыйын болууда. Жүз же эки жүздөй фермер бир талаага жайгашып алгандыктан, алардын баары жерин бир арыктан сугарышат. Бир фермер органикалык айыл чарба ыкмасына өтүп, экинчиси химиялык жер семирткичтерди колдонсо органикалык ыкманын технологиясы бузулуп, ишибиздин баары текке кетет. Ал эми органикалык аймакты жогорудагы уюмдун көзөмөлдөөчү түзүмдөрүнөн адистер келип, үч жыл катары менен текшерип турушат. Себиле турган үрөндүн да органикалык сертификаты болушу кажет. Мына ошол текшерилген талаанын продукциясы органикалык талапка жооп бергенден кийин, алган түшүмү айыл чарба азыктарын кайра иштетүүчү ишканаларга барат. Ушунун баары комплекстүү чечилгенден кийин органикалык таза азык катары Европанын сертификаты берилет. Ошентип, биз дүйнөдө алгачкы болуп, органикалык аймак ыкмасын баштадык.
- Көпүрө-Базардын мисалында башка облустардан да органикалык аймакты уюуштурууну пландап жатасыздарбы?
- Ар бир облустан суунун башында жайгашкан бирден айылдарды карап иликтеп жатабыз. Мисалы, Нарын районунда эки айыл өкмөтү биригип, бир органикалык аймак болобуз деген чечимин чыгарып алышты. Аларды келерки жылдын программасына киргизүүдөбүз. Форумдун жарманкесине Кочкор районунун Кум-Дөбө айылынан органикалык үрөнчүлүк чарбадан келген картөшкөнүн сапаты эң сонун экенин көрдүк. Эми бул айыл Казакстанга 100 тонна көлөмдө картөшкө сатабыз деп жатышат. Айылдын 5000 гектар жери бар экен. Эгерде биз ушул айылды органикалык таза картөшкө өстүрүү багытындагы аймак катары алсак, анда Кыргызстанды органикалык картөшкөнүн үрөнү менен камсыз кыла алат. Алдыдагы дагы бир максатыбыз - өсүмдүктөрдүн органикалык таза үрөндөрүн даярдоо. Айталы, картөшкөнүн органикалык үрөнүн Кум-Дөбө айылынан, арпанын органикалык үрөнүн Суусамырдан ж.б. үрөндөрдү аймактардан өстүрүп, өлкө дыйкандарын бара-бара бардык өсүмдүктөрдүн органикалык үрөндөрү менен камсыз кылуу зарыл. Таластын Көпүрө-Базар айылы деле органикалык аймак болуу менен бир эле учурда картөшкөнүн органикалык үрөнүн өстүрүп, таратса болот. Ат-Башы районунун Ак-Моюн айылынан келген фермерлер: "Биз өрөөнгө арпаны арбын айдайбыз. Айылыбызды органикалык аймакка өткөрүүгө жардам бергиле", - деген өтүнүчүн билдиришти. Кыргызстан органикалык айыл чарба тармагын сапаттуу жана тез өнүктүрө алса, чет мамлекеттерге органикалык үрөндөрдү экспорттоочу рес­публикага айланышыбыз толук ыктымал. Биздин органикалык айыл чарба продукцияларыбыз чет мамлекеттерге өзүн сапаты менен эле
таанытып жөн болбой, Кыргызстандын атын да алыска даңазалайт деген үмүт чоң. Жери, абасы, суусу, өндүргөн азык-түлүгү таза аймак катары туристтерди кошо өзүнө тарта баштайт.
- Мына ушул аткарылып жаткан иштер "Био-kg" ОКФсынын жеке демилгесинен башталдыбы же мамлекеттик бийлик бутактарынан сунушталган ишпи?
- Бул ылдыйтадан жогору башталган иш болду. Быйыл респуб­ликанын дээрлик бардык аймактарын кыдырып жүргөндө, фермерлердин көйгөйлөрүн көрүп, сунуш, өтүнүчтөрүн угуп кайттык. Барган аймактарыбызда органикалык айыл чарбасы боюнча маа­лыматтарды берип, семинарларды, тегерек үстөл талкууларын, практикалык иштерди өткөрдүк. Облустардын губернаторлору биздин кыймылды колдоп, аталган багытта чогуу иш алып баруу боюнча меморандумга кол койдук. КРны туруктуу өнүктүрүүнүн 2013-2017-жылдарга карата улуттук стратегиясына органикалык айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча сунушубуз кирди. Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен биргелешип алып барчу көп иштер али алдыда.
- "Био-kg" ОКФсы алдына албан максаттарды коюп алыптыр. Буга чейин колдогон эл аралык уюмдар мындан ары да кызматташа береби?
- Биз менен кызматташкан эл аралык уюмдардын баары органикалык айыл чарбасына ыктаган уюмдар. Булар мындан ары да жардам берүүгө убада кылышууда. 2013-2015-жылдарга карата бирдиктүү долбоорду даярдап, келишим түзүп, стратегиялык пландарды иштеп чыктык. Алар Голландиянын ИККО фондусу, Германиялык эл аралык кызматташтык боюнча коомдун (GIZ) "Экономиканы туруктуу өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү" программасы, Швейцариянын Хельветас долбоору, Америкадагы Кристенсен фондусу, Борбордук Азиядагы Тоо өнөктөштүгүнүн катчылыгы, Ага Хан фондусу, USAID сыяктуу эл аралык уюмдар жардамда-шууда. Бүгүнкү күндө Европа мамлекеттеринде жашыл экономика катуу өнүгүп жатат. Германияны алсак, ал жакта жыл сайын бул боюнча көргөзмө-жарманкелер өткөрүлүүдө. Эң башкысы, элибиздин өзүндө органикалык айыл чарбасына ыктоо, экологиялык таза тамак-аш даярдоого умтулуу зор болуусу керек. Биздин кыймыл парламенттин профилдүү комитети менен да биргеликте кызматташып жатат.
- Экинчи форум өз максатына жеттиби?
- Форум өз алдына эки максатты койгон. Биринчиси, мамлекет менен жеке менчик чарбалардын, донорлордун ортосундагы өнөктөштүк кызматташууну өнүктүрүү болчу. Баштаган бул ишибиз өз мүдөөсүнө жетти. Форумда биринчи тараптан бизди каржылаган чет элдик донорлор, экинчи тараптан Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, үчүнчү тараптан "Био-kg" ОКФсы болуп, кызматташуу меморандумуна кол койдук. Мамлекетибиздин өз элинин ден соолугунун чың болушуна, улуттук генефонддун тазалыгына кам көрүү аракети чет элдик донорлорду ынандырды деп ойлойм. Экинчи максатыбыз, жогоруда биз сөз кылган IFOAM стандартын Борбордук Азиядан баштап, кабыл алып, иш алып баруу болчу. Анын үстүнө, Кыргызстан Бажы биримдигине кирүү алдында турат. Мына ушул жагдайдан алып караганда деле органикалык айыл чарба стандартын жолго коюп алышыбыз керек. Кыргызстан ББга киргенге чейин анын жалпы аймагында жашыл экономиканын бирдиктүү стандарты биротоло кабыл алынып калышы ыктымал.
Сүрөттөрү автордуку