"Кыргыз Туусу", 12.11.13 Сөздү сүйлөй бербей, ишке өтсөк
Акыркы мезгилде мамлекеттик тилдин айланасында талаш-тартыштар бүтпөй койду. А иш алга жылбастан, башка улуттагыларга эле шылдың болуудабыз.

Илгери айыл жеринде биздин балдарды "орус келе жатат, берип салам" деп коркутушса, азыр башка улуттагылар балдарын "кыргыз мектепке берип салам" деп коркута баштаганын угуп калдык. Ошондуктан талашып-тартышып отурбай ишке өтсөк деп
жатам.
Бишкектин калкынын 60 пайыздан ашууну кыргыздар. А эмне үчүн орус тилиндеги бакчалар, мектептер көп? Же эмне башка улуттагылар көп балалуу болуп жатышабы? Мына ушул бала кезинен мамлекеттик тилди үйрөтсөк, ошондо бул иштен майнап
чыкмак.
Мен бир мисал келтирейин. Өткөн кылымдын 60-жылдары Ташкентте жогорку окуу жайда окуп жүрүп, Бухара, Самарканд шаарларына барып калдым. Адамдар тажикче сүйлөшөт экен. Ошондо республикалык активде Бухара менен Самарканд шаарларынын жетекчилерине бардык балдар мекемелери өзбек тилине которулсун деген чечим чыгартышкан жана аткартышкан. Партиядан чыгып кызматсыз калам деп коркушкан жетекчилер аткарууга аргасыз
болушкан.
Кийин 1976-жылы Ташкентке квалификацияны жогорулатууга барганда, кайрадан Бухара менен Самаркандга барсам, баягы тажикче сүйлөгөндөрдүн баары өзбекче сүйлөп калышыптыр. Мына мамлекеттик тилге мамиле ушундай болушу керек.
Т.НАРБАЕВ,
Бишкек шаары


Депутаттар, өз башыңарды
жутасыңар!
Азыр бизде балдардан тартып чалдарга чейин эле сүйлөгөнү "Кумтөр" болду. Аны өздөрүнүн шайтан оюнуна айлантып алган депутаттар азыр от менен ойноп жатышкандарын сезген эмес.
- Ал от жайылып кетсе ал "кур чечендердин" бирин да таппай калабыз. Алар дароо эле кумга сиңген суудай качып жок болушат. Кыргызда "көп суур ийин казбайт, ийин казса кең казбайт" дейт. Азыр аларың бир эсептен так ошол суурлардын кебетесин кийип турган кербези. Ал эле дейсиңерби? Эл парламенттеги беш партия-
га беш ат коюп алыптыр! Бабановдун өкмөтү кулагандан кийин ата журтчуларды "Журтта калган партия" дейт экен. Илгери адамдар ачуусуна тийген тирүү жанга "О журтта калгыр!" деп акарат айтчу тура. Көрсө, бул да төгүн каргыш эмес экен. Ал эми ат сатып ала коём деп ээрден кулаган эргулдун партиясын "жөө калгандардын партиясы" дейт экен. Берки биригип алып бирдиктүү өкмөт түздүк деп манчыркап жүргөн үчөөнү "Ак куу, Чаян, Жаян балык" атка кондурушуптур.
Биздеги азыркы өкмөттү жогоруда Ак куу,
Чаян, Жаян балык биригип түзбөдү беле. Ал өкмөт бир жарым жашка да толо элек. Анан эле кайсы сайгак сайып, ал үчөө журтта калгандар менен жөө калгандардын ырын ырдап, алардын чырагына май тамыза салып өзөгүн түзгөн өкмөттү жетим балача жерип, жекирип жатат. Кылгылыкты кылгандар башкалар эмеспи.
Кыргызда кеп бар: "Дешпе, дешкенден
кийин бок жешпе!" деген. Ырас, өкмөттү өзүңөр түздүңөрбү, аны ур-токмокко албагыла. Ал деген жакшыбы, жаманбы, Кыргызстандын өкмөтү, элдин өкмөтү! А силер болсо кагаз жүзүндө гана бийик вазийпасын бекитип бергенсиңер! Силер, депутаттар, өкмөт түгүл элди да унутуп койдуңар! Кудайдан болсо такыр эле коркпойсуңар. Анткени силердин колуңарда "бийлик" бар (бар имиш!). Байлык болсо олчойгон маянаңардан башка да Кудай алгыр "кол тийбестигиңер" бар. Ар бириңердин бир нечелеген жеке фирмаларыңар бар.
Өкмөттү "67 пайызга жеткиргиле" деп орой зордукка сала бериш - бул олдоксон иш. Элибиз "соода сакал сыйпаганча!" деп таамай айткан эмеспи. Болбосо бир учурда башкалар сатып жиберген 17 пайыз акцияны кайра бер дештин өзү уят маселе. Тили буруулар буга арты менен күлөт да, "бар, соттон өндүрүп ал" деп кол шилтеп коюшу турган иш. Эл аралык сот бизди сызга отургузуп салат.
Анан непаада "Кумтөр" маселеси өз огунан чыгып кетсе силер ошондо өз башыңарды өзүңөр жутасыңар. Ошондо силер "жеп жутар" атка коносуңар. Бул силерди күтүп турат окшойт! Тууган күйдүрүп айтат!
КАРАГУЛ,
эмгек ардагери, Бишкек шаары


Токтогул менен
Куйручукту унутпайлы
Тоо булбулу Токтогулдун да, куудул Куйручуктун да жүз элүү жылдык тойлору жакындап келе жатат. Бул бири-бирин терең түшүнүшкөн, бири-бирин терең сыйлаган аталар экен. Ушул улуу аталардын жүз элүү жылдык тойлорун татыктуу тосуп алыш үчүн, бул аталардын чыгармаларын кайра жаңыртып, кайра толуктап китеп кылып чыгарыштын өзү өзгөчө зарыл болуп тургандай.


Кетмен-төбөлүк Керимбай болуш Токтогулду Анжыян көтөрүлүшүнө катышты деген шылтоо менен жыйырма беш жылдык сүргүнгө айдаткан. Ошол мезгилде Курманжан датка энебиз Керимбай болушка катуу нааразы болуп: "Улуу акын Токтогул элдин кишиси, элдин акыны, эл менен бирге биз да жашап келатабыз. Улуу акын Токтогул карандай калың эл үчүн керек. Токтогулду токтоосуз айдоодон бошотосуң" деген экен. Керимбай болуш үч атчан жигитти Анжыянга жөнөтүптүр. Ошондо Токтогул атабыз төмөндөгү мазмундагы сөздү айтып, болбой коюптур: "Ошол мен айдалып бара жаткан аймактарда деле орус болобу, же башка улуттардагы эл болобу, баары бир адамзат пенделери бар. Ошол элдин акыл-эсин, аң-сезимин билейин. Жашоо-тиричиликтерине көңүл бурайын". Демек, улуу акын Токтогулдун өзүндө анык демократиялык акыл-эс, аң-сезим кашкайып көрүнүп тургандыгы байкалат.
Ал эми кара кылды как жарган калыс, ар дайым кашкайган чындыкты сүйлөгөн акылман куудул Куйручуктун өзгөчө эрдигине төмөндөгү баян менен токтололу. Куйручук атабыз бир күнү Суусамырдан үч өгүзгө арпа жүктөп кеч киргенде жөнөп калат. Суусамырлык туугандар Куйручук атабызды аяшып: "Таңга маал болгондо "ач арбакка" оро-пара болуп жолугуп каласыз" деп безилдешип айтышкан экен. Бирок Куйручук атабыз: "Так ошол ач арбактын колунан эмне келерин билейин, же өзүм өлүп, так ошол ач арбактын өзү болуп калайын" деп таптакыр тил албай койгон экен.
Айткандай эле ошол мүрзөлөргө жакындашканда Куйручук атанын минген аты кошкуруп, жер чапчып баспай туруп калат. Куйручук атабыз ар дайым тоо текенин мүйүзүнөн сапталган бир камчыны жана жөнөкөй камчыны ала жүрчү экен. Аңгыча эле аппак кепин кийген "ач арбак" келип аттан оодара тартмакчы болуп, Куйручуктун өзүнө жармашат. Чындыгында Куйручук атабыз балбан билек, эр жүрөк баатыр улакчы болгон экен. Ошондо ак кепинчен ач арбакты шап эңип алып, такымга басып туруп, теке саптуу камчы менен белкөчүктөн нары тартып, чучуктай чыңыртып, туптуура жергиликтүү болуштун үйүнө атын арыштатып барып: "Мен колукту ала качып келдим" деп болуштун короосуна таштаптыр.
Жыйынтыктап айтканда, мындай акылга бай аталар жүз жылда барып энеден төрөлүп, жарык дүйнөгө келет эмеспи. Аталарыбыздын арбактарын көңүлгө алып, сыйлап, урматтап койсок, биздин келечегибизге кеңири жол ачат эле.
Торон ЖУМАЕВ,
Жалал-Абад облусу


Аманатчылар акчасыз калышты, аларды ойлогон бийлик барбы?
Убагында Кыргызстандын
1,5 миллион жаранынын сактык банкындагы 3,3 миллиард советтик рубль каражаты кайтарылбай калды. Ал маселе 10 жылдан бери чечилген жок.

Биз Россия Федерациясынын президенти В.Путинге аманатчылардын акча каражаттарын кайтарып берүү жөнүндө кайрылганыбызда ал өз администрациясы аркылуу оң жооп берген. Биздин бийликтегилерге кайрылганыбызда, алардан жооп жок болду. Президентке эле 5 кайрылуу кат жибергенбиз.
"Рентон-групп" жана "Камкор" банкрот болушканда дагы 40 миң жаран акчаларын алдатышты. Мындан башка да 25 алдамчы фирма ишенишкен 300 миңдей аманатчы маңдай тер менен табышкан каражаттарынан кол
жуушту.
Ошол эле учурда "Поле Чудес" теле­берүүсүндө Л.Якубовичтин "Кайсы өлкөдө 5 миллион калкка 6 миллион автоунаа туура келет?" деген суроосунун жообу "Кыргызстан" экени белгилүү болду. Бул байлардын көбү чиновниктер. Ошондуктан алар өздөрүнүн баюу­суна эле кам көрүшпөстөн, бизге окшоп акыркы каражаттарын алдатышкан аманатчыларга да көңүл бурушса жакшы болмок.
Мен биздин бийликтегилерден, Бишкектин мэри Иса Өмүркуловдон: "Эмне үчүн силер тартипке келтиребиз деп майда ишкерлердин күркөлөрүн жапканды гана билесиңер? А байлар тал-дарактарды кыйып, балдар аянтчаларына бизнес-объектилерди салып жатканын көрмөксөн болосуңар?" деген суроого жооп берүүсүн талап кылмакчымын. Тартипти дал ошол байлардан баштоо керек!
Юлбарс МИРЗАПОЯЗОВ,
"Аманатчылар жана пенсионердер союзу" коомдук бирикмесинин
төрагасы