Кыргыз гезиттер

п»ї


Чабарман
Кызматташтык талкууланды

8- ноябрда мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Түркиянын вице-премьер-министри Бешир Аталайды кабыл алды. Ушул эле күнү ал түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин башкы катчысы Халил Акынды менен жолугушту.

Айтматовдун мемориалы ачылат

"Ата-Бейит" комплексинде Чыңгыз Айтматовдун мемориалын курууну залкар жазуучунун уулу Санжар өз каражатына баштап, бирок каржынын жетишсиздигинен токтоп турган. Президент Алмазбек Атамбаев курулушту аягына чыгаруу үчүн өз каражатынан 1 млн. сом бөлүп, дагы 1,5 млн. сомду атамекендик ишкерлер топтоп берип, колдоп кетишти. 14-ноябрда мемориалдын ачылышы күтүлүүдө.

Айлык акы көтөрүлөт

Келерки жылда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин айлык акысы көтөрүлө турган болду. Ал үчүн рес­публикалык бюджеттен 1,9 млрд. сом каралып жатат.

Көмүр камдадыңбы?

Жумгал районунун көмүр кенинен быйылкы жылдын тогуз айына 183 миң 194 тонна көмүр казылып, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 4 миң тоннага жакын аз казылган. Кээ бир көмүр ишканалары каражаттын жетишсиздигинен токтоп турат.

Мигранттардын абалы каралат

14- ноябрда Бишкекке Орусиянын Федералдык миграциялык кызматынын жетекчисинин орун басары Анатолий Фоменконун келүүсү күтүлүүдө. Ал жактагы мигранттардын укугу корголбой, Москванын полициясы аша чапкан катаал мамиле жасаганы тынымсыз кабарланууда. Кыргыз диаспоралары Бишкек бийлигине кайрылып, мигранттардын укуктарын коргоп берүүнү өтүнүп жатышкан чагы. Жыл башынан бери эле 2402 кыргызстандык мигрант Орусиянын жарандыгын расмий алышкан.






 

080513

290313

260313

150213

120213

080213

010213

250113

220113

180113






??.??