"Кыргыз Туусу", 06.09.13 Раззаковдун кадры
Жаныбек Жумалы уулун өткөн кылымдын экинчи жарымында улуттук жетекчилер корпусуна, азыркыча айтканда, бийлик элитасына кошулгандардын ортон колдой өкүлү десек аша чапкан болбойбуз. Ал элеттин түпкүрүндө - Ат-Башыда, карапайым үй-бүлөдө төрөлүп, каргадай кезинен мал багып, кой кайтарып чоңойгон, ал кездеги чоңдордон сүйөр-таяр сөөк-тамыры деле болгон эмес. Анан кантип жүрүп партиялык "мыкчыгерлер" жамаатына аралашып калганын сураганда Жаныбек Жумалиевич адатынча орусчалап: "Мы-раззаковские кадры!" - деп кадимкидей компоюп коёр эле. Жаныбек Жумалиевичтин "саясий тушоосу" чын эле партиялык залкар ишмер Исхак Раззаковдун тушунда кесилген экен.


Элүүнчү жылдардын башталышында, кырма мурут кырчын кезинде Кыргыз университетин бүтүрүп, Нарындын алыскы айылдарынын биринде тарых мугалими болуп иштеп калат. Көп өтпөй балдар үйүнүн окуу бөлүмүн башкарат, андан соң директорлукка бекитилет. Айтор, анын демилгечил демин, ишмерчил идирегин жогору жактагылар биринчи мерте ошо мугалим болуп жүргөн кезинде байкашкан көрүнөт.
Иши кылып, мектеп директорлугунан Жаныбек Жумалиевичти райком комсомолдун биринчи катчылыгына көтөрүшөт. Арадан бир нече жыл өткөн соң Тян-Шань обкомкомсомолунун экинчи, анан биринчи катчылыгына шайлашат. Кийин комсомолдук жетекчиликтен Тян-Шань обком партиянын катчысы болуп конференцияга пленумда шайлашат. Бир канча жыл Кочкордо жергиликтүү аймактык (ал кезде "территориялык" дешчү экен) өндүрүштүк башкарманын партиялык комитетин жетектеп турат, бу кызмат иш жүзүндө райкомпартиянын биринчи катчысы дегенди билдирген. Андан соң түз эле Кыргызстан КП БКнын идеология бөлүмүнө башчы болот, кийин аны агитация жана пропаганда бөлүмү кылып өзгөртүшөт, башчылыкка кайрадан Жаныбек Жумалиевич дайын-
далат.
Жогорку чөйрөгө ал мына ушинтип кирген. Бирок анын тагдыры башкача да чечилип калмак. Буга керек болсо "илинчек" деле табылмак. Не дегенде тээ отузунчу жылдардын этек ченинде - тап күрөшү кыйгас кызып турган маалда ичине кара таруу айланбаган активдерден ким бирөөлөр Жумалы аксакалга тымызын кастык кылып, "Япония-
нын тыңчысы" деп тийиштүү органдарга чагым жеткирет. Ошол жалаа менен кармалып кетет, адегенде Фрунзеге алып келип, түрмөгө отур-гузушат, "күнөөсүн мойнуна алдырганы" ар түрдүү амалдарга салып, кыйнап-уруп дегендей, суракка алышат. Бирок Жумалы аксакал баарына чыдап, өзүнүн ак экенин айтып, керек болсо Сталинге арызданам деп жатып, акыры акталып чыгат. Абакта эки жылдай Аалы Токомбаев менен бир камерада отурган экен. Кыргыз жазма поэзиясынын "атасы" кыйла кийин, 1970-жылы гана бир кездеги камералашы Жумалы аксакалга арналган "Атбашылык курдашка" аттуу ырын биринчи мерте "Момия" жыйнагына киргизген.
Жаныбек Жумалиевич эмгек жолун жаңыдан баштаган элүүнчү жылдардын биринчи жарымында тарыхта "жылымтык" доор деп аталган процесстин эпкини эми гана сезилип келаткан. Ошентсе да партиялык жетекчи кадрларды тандаганда ар бир талапкерлердин ата-жотосун мирисинен сирисине чейин иликтеп-жиликтеп, КГБнын жети катар кыл чыпкасынан өткөрүп, жадеп кынтыксыз көрүнгөндө гана кызматка
дайындаган адат күчүндө кала берген. Демек, Жаныбек Жумалиевичти биринчи мерте КП БКнын номенклатурасына алып жатып, арийне, анын саясий дасмиясы (досьесу) менен биринчи катчы Исхак Раззаков таанышканы калетсиз. Кокус а киши "ашкере тапчыл" болгондо барбы, анда Жумалы аксакалдын бир кездеги таржымакалына таптакыр башкача карамак да, 30-жылдары "эшек минип Япония-
га барган тыңчынын" (чагым катта дал ушинтип жазылган экен) уулуна бийликтин бардык эшиктери биротоло жабылып калмак. Мунун ордуна Исхак Раззаков жаш кадр Жаныбек Турсуновду төрт ирет жеке өзү кабыл алып, аңгемелешип, ар бир ирет жаңы кызматка көтөрүп жатканда ага чоң ишеним көрсөткөн. Ошо себептен улам Жумалиевич аны өзүнүн биринчи партиялык-саясий устаты деп эсептегени толук жүйөлүү иш.
Жетимишинчи жылдардын жуп башталышында ал "Советтик Кыргызстан" гезитине редактор болуп келген. Бу кызматта ал партиялык демократияны өнүктүрүүдө, азыр модага айланган сөз менен айтканда, анык реформа жасаган. Бери эле дегенде улуттук басма сөздүн элүүнчү-алтымышынчы жылдардагы практикасында Борбордук Комитеттин мүчөлөрү мындай турсун партаппараттын кызматкерлери "кол тийгис" статусу бар адамдар катары саналган. Алар адатта кызматтан жыдып калганда гана жогорку жакта даярдалган атайын материалдарда, айталы, партиялык пленумдардын отчетторунда сынга алынганы болбосо, башка учурларда номенклатуранын өкүлдөрүнө журналисттер кылайган да кылапат айта алган эмес.
Бу жагдай Жаныбек Жумалиевичтин тушунда өзгөрдү. Обкомдордун, райкомдордун, ири өнөр жай ишканаларындагы партиялык уюмдардын, министрлердин ар кайсы чөйрөдөгү иш стилдерин талдоого алмай туруктуу баптемага (рубрикага) айланды. Кээде Борбордук Комитеттин, а түгүл бюро мүчөлөрүн тигил же бул маселеде сынга алган материалдар басыла баштады. Муну калк алдында партиялык уюмдардын, республикалык жетекчи кадрлардын кадырын кетирүү аракетиндей көрүп, БКнын пленумдарында тыраалап, тырчыйгандар чыкты. БКнын мүчөсү катары Жаныбек Жумалиевич мунун баа-
рына партиялык ички демократиянын принциптерин, айрыкча сынчыл позицияны өнүктүрүү зарылдыгын эске салып, моюн бербей келди. Ошол эле учурда партаппарат менен чарпышып, чатакташкан учурлар да аз болгон жок. Ток этерин айтканда, Жаныбек Жумалиевич чындыкты эң жогорку инстанция жана авторитет көргөн. Чынчыл, туура позицияда турган адамдын кылын эч ким жана эчтеме кыйшайта албай турганын бөркүндөй көргөн жана ушул ишенимден улам өзү да түз, шар сүйлөп, эч кимден тартынчу эмес.
Элдин гезитке ыкыласын, ишенимин арттырган дагы бир тажрыйбаны айта кеткенибиз абзел. Ошол эле 80-жылдардын башталышында республиканын дээрлик бардык райондорунда "Ачык каттар күнү" өткөрүлүп турду. Адегенде анчейин
бир пропагандалык өнөктүк катары көрүнгөн бул ыкма кийин барып калктын төмөнкү катмарындагы маанайды, коомдук пикирди билүүнүн мыкты усулу болуп чыкты. Бардык жерде окурмандар, жалпы эле тургундар, а түгүл мектеп окуу-
чуларына чейин акырындап "ачыла" баштады: өз чарбасындагы,
районундагы социалдык, экономикалык проблемаларды, көкөйгө тийген көрүнүштөрдү көзгө сая көрсөтүп, коркпой-үркпөй айтканга өтүштү, айрымдары жергиликтүү жетекчилер жөнүндө кандай ойлошсо, ошондой кылып, жазганбай, жашырбай жазышты. Алардын бир тобу териштире келгенде чын болуп чыкты, ошондой каттардын изи менен сын материалдар, фельетондор жазылды. "Бир каттын изи менен", "Жарыяланганга кайрылабыз" өңдүү баптемалар (руб-рикалар) ошо кездери абдан популярдуу болуп кетти.
Гезиттин бул тажрыйбасы СССР Журналисттер союзунда атайын белгиленип, кеңири сөз болду. Эң башкысы - гезиттин калк арасындагы алымдуулугу жогорулап, бир күндүк тиражы 210 миң нускага жетти. Мындай көрсөткүч Кыргызстандагы басма сөздүн мүлдө тарыхында болгон эмес. Эгер азыркы шарттарда ушундай нуска менен жарыкка чыккан гезит болсо, анда ал өзүнчө эле монстр-медиага айланмак.
1984-жылы улуттук биринчи басылма - "Эркин Тоо" ("Советтик Кыргызстан") гезитинин алтымыш жылдыгы белгиленип, мааракелик санда белгилүү илимпоз-жазуучу Зияш Бектеновдун "Псевдоним жагдайы" делинген алакандай эскермеси басылды. Макалада 1924-жылы 7-ноябрда "Эркин Тоонун" биринчи саны Ташкенде кантип чыкканы, ага кимдер редактор, кабарчы, корректор болгону баяндалып, ошо кездеги Кыргыз илимий комиссиянын төрагасы Ишенаалы Арабаевдин да ысымы учкай аталып кеткен эле. Маараке өтүп-өтпөй жатып эле БКга килтейген арыз түшкөнү, ага кол койгон "эски большевиктер" гезитти, анын жетекчисин "эл душманын пропагандалап жатат" деп айыптаганы маалым болду. Аңгыча жогортон "маселе редколлегияда жана партиялык чогулушта каралсын, саясий-идеялык бу катага жол бергендер жазалансын" маанисинде көрсөтмө келип түштү.
Аталган макаланын жарыяланып кеткенине Жаныбек Жумалиевичтин таптакыр тиешеси жок болчу. Аны Жапакем (Жапар Саатов) атайын
суранып жаздырып, бирок мааракелик номурга киргизе албай, капаланып келгенден улам экөөлөп
жооптуу катчы Ажыкеме (Ажымукан Түркмөнов) барып, башка бир материалдын ордуна киргизип, чыгарып жиберген элек. Жаныбек Жумалиевич иштин баарын бизге, айрыкча анын жаш орунбасары катары мага жүктөп, "бала эле, чала эле" дегендей жүйөөгө салып, бизге эскертүү же сөгүш жарыялап, маселени жаап койсо деле болмок. Бирок ал анткен жок. "Абышкалар асылса эле алдастап каласыңарбы, аргументиңерди камдагыла, партия-
лык чогулушта кармашабыз", - деп койду. Ачыгын айтканда, Жапакем экөөбүз мындайды күткөн эмес элек. Бир жагынан саясий оппоненттердин - алардын ичинде дөө-шаа делинген кишилер бар эле - БКнын, экинчи жактан - редколлегиянын төө бастысында калабыз деп ойлогон элек. Ошондуктан Жаныбек Жумалиевичтин позициясы бизди таң калтырды: ырасмий түрдө "эл душманы" болуп жарыяланган адамды колдоо иш жүзүндө, ал кезде арааны жүрүп турган терминология менен айтканда, партиянын линиясына каршы чыгуу деген кеп эле.
Иши кылып, редактордун позициясы чоң дем болду. Анын үстүнө биздин колдо да омоктуу аргумент бар эле: ошо кезде БКнын бакыйган бөлүмдөрүн жетектеген аттуу-баштуу адамдар Кыргызстандагы агартуу ишинин тарыхына жана учурдагы милдеттерине арналган атайын жыйнак чыгарып, алардын биринде И.Арабаевди ачык текст менен эле "көрүнүктүү методист" деп аташкан болчу. Партчогулушта дал ошол китепти бетке кармап, эмнеге Арабаевди БКнын бакандай кызматкерлери өз китебинде атаса эчтеме эмес да, гезитте тек гана тарыхый фактыны эскертип койгондун өзү идеологиялык ката болуп калат деп тике собол коюп, тирешип туруп алдык.
Саясий эрөөлдөргө бизди колдоп, Кусейин Карасаев,Түгөлбай Сыдыкбеков аксакалдар келип турушту. Аларды ар бир ирет үйлөрүнөн машине менен алдыртат элек. Кезектеги кармашта Жаныбек Жумалиевич эки аксакалды күбөгө тартып, "Арабаевди жөн эле жалаа менен жайлап салышканын" айтып салды. Биз да жөн калбай: "Кыргыздын кийинки мууну кантип эле түркөй чыксын, улуттук маданият менен илимдин башатында турган бул ысымды келечекте баары бир актап алышат", - деп кежир сүйлөп, кераяктанып туруп алдык. БКдагылар кайсы жакты колдоорду билбей, арсар абалда калды: эгер бизди саясий ката кетирген деп эсептей турган болсо, анда ошондой эле айыпка борбордук аппараттын бөлүм башчылары да кошо жыгылышы керек эле.
Эми ойлоп көрсөм, Жаныбек Жумалиевичтин ошондогу позициясы жөн жерден эмес экен. Бала кезде атасынын башына түшкөн кыйын-кычык тагдыр, тап күрөшүнүн жалаа-чыл угуту эси-көөнүнөн кеткис болуп, көкөйүндө өчпөс так болуп калса керек. Ошол эле учурда Жаныбек Жумалиевич жаш кезинен кан-жанына сиңип, кастарлуу идеалга айланган ишенимдеринен да кайткан жок.
Ал баштагыдай эле адилеттикти жана адамгерчиликти турмуштагы эң башкы авторитет деп эсептейт, ошого бекем ишенет.
Бар болуңуз, урматтуу Жаныбек Жумалиевич! Көп жашаңыз!

Эсенбай НУРУШЕВ




Чабандардын жөлөгү
Мен Жаныбек Турсуновду мурдагы "Советтик Кыргызстан" - азыркы "Кыргыз Туусу" гезитинде башкы редактор болуп иштегенден бери билем. Анткени, гезитке такай алдыңкы малчылардын тажрыйбасын жана алардын ийгиликтерин элге жеткирүүдө гезит жана анын башчысы чоң салым салган болучу. Өзү биз менен маек курууда түркүн, өтө курч мүнөздөгү суроолорду берчү жана ошону менен өзүнө тартып алар эле.
1955-жылдан 1987-жылга чейин мен мал чарбасында эмгектенген учурум болду. Ушул мезгилдерде Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин жетектөөсүндө жана анын түздөн-түз башкаруусу менен колхоз, совхоздор өнүгүп-өсүп жогорку деңгээлдеги экономикалык өсүштөр болгон. Малды өстүрүүгө үндөө менен мелдештерди гезиттерде үгүттөө аркылуу катуу чагылдырып, эмгекке болгон шыкты күчөтчү. Чабандардын мүнөзүн калыптап, сезимин ойготуп, турмуштун ар бир оор, жеңилине чейин кылдаттык менен мамиле жасап жана аларды мал багуудагы чеберчилик менен иштөөсүнө чоң түрткү берген. Мал багуудагы турмуштун ачуу-таттуусуна аралашып, тигил же бул оор түйшүктүү жагдайлардын өзгөрүүлөрүнө туура багыт берип, аны өз тажрыйбаларынын элегинен кылдат өткөрүп, жогорку көрсөткүчтөргө жетүүсүн гезит аркылуу чагылдырып турушу чабандарга демилге берген десек туура болот.
Жылына республикада алдыңкы малчылардын слету өтүп, ал слетто алдыңкы көрсөткүчтөргө кандай тажрыйба жана кандай ыкма менен жетүү керек экени жана андагы жетишкендик менен кемчиликтер ачык айтылчу. Алдыңкыларды эл алдында сыйлык берип, эмгекке кызыктыруу, шыктандыруу жагы күчтүү болчу.
СССРдин акыркы жылдарында кой чарбасы боюнча кеп козголуп, анда Казак ССРи 35 млн. кой, ал эми Кыргыз ССРи 15 млн. кой өстүрүү жөнүндө беш жылдык планга макулдук берилген. Ошол мезгилде койдун саны бизде 13 млн.го жетип калган эле.
Жаныбек ошол учурда малчылардын жакшысын жакшы, начар жактарын коммунист журналист катары чоң сынга алуучу жана өз милдетин эч качан унуткан эмес. Ал гана эмес, малчылардын жашоосунда өйдө чыкса өбөгү, ылдый түшсө жөлөк болгон Ж.Турсунов жетектеген гезит эле.
Таштанбек АКМАТОВ,
Социалисттик Эмгектин эки жолку Баатыры,
Кыргыз Республикасынын Баатыры. 2012-жылдын августу
("Легендарлуу редактор" китебинен кыскартылып алынды)