"Кыргыз Туусу", 19.07.13 Эл артисттери этиканы талап кылышты
16-июлда өнөр адамдарынын белгилүү өкүлдөрү басма сөз жыйынын өткөрүштү. Анда айрым басылмалардагы журналисттердин таанымал инсандардын жеке турмушуна аргументсиз асылышып, эч бир чындыкка коошпогон ушактарды жазып, үй-бүлөлүк жагымсыз кырдаалды жаратып, моралдык жактан мазактап жаткандарына нааразылыктарын билдиришти.

“Учур” гезитинин 2-июлдагы жарыкка чыккан санында Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, профессор Роза Аманова тууралуу негизсиз, калп сөздөр менен, анын аброюна шек келтирген одоно макала жарык көргөн. Буга чейин мындай ээн ооздуулук менен белгилүү атуулдардын жеке турмушуна асылган аргументсиз макалалар чыгып, аягы соттошууларга алып барганын, мындай терс көрүнүштү токтотууга мезгил келгенин жыйынга келген эл артисттери Ю.Бобков, А.Набиева, К.Сейдалиева, Р.Аманова, Т.Жумалиев, “Сезим” борборунун жетекчиси Б.Рыскулова ж.б.
атуулдар айтып чыгышты. Бул маселеге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулуп, өнөр адамдарынын моралдык укуктарын коргоо үчүн Жогорку Кеңештен атайын
мыйзам кабыл алынышын, журналисттик этиканы, маданиятты сактай албаган ЖМК кызматкерлери мыйзам алдында жооп берерин тиешелүү жетекчиликтерден талап кылуу менен төмөндөгүдөй Кайрылуу кабыл
алышты:



Өнөр адамдарын көөлөп отуруп көргө жеткирген адат качан калат?
Жалпы кыргыз коомчулугуна,
Адам укугун коргоо
жаатындагы ишмерлерге,
Укук коргоо органдарынын
жооптуу кызматкерлерине
КАЙРЫЛУУ

Урматтуу мекендештер! Улуттук маданиятыбыз оор абалда турган чакта, көркөм өнөрдү аркалаган адамдарыбыз экономикалык, социалдык далай кыйынчылыктарды жон терилери менен сезип, кабыргалары кайышып турса да элибиздин рухий баалуулуктарын арттырууга өмүрүн, өнөрүн багыштап, баа жеткис баалуулуктардын учугун улап, отун жагып келе жатышат. Дүйнө коомчулугуна кыргыздын керемет өнөрүн таанытып, элибиздин аброюн арттырып, намысына жараган мындай азаматтарыбыз сый-урматка татыктуу. Башкасы болбогон күндө да калкыбыздан жок дегенде моралдык колдоо тапса көңүлүнө канат байланып, демине дем кошулуп, таланты андан бетер ташкындамак.
Тилекке каршы, өздү өздөй күтө албаган кесирлүү адатыбыз дале калбай, кимдир бирөөлөрдүн карөзгөй ниети уу кошулган ушак, жылымчы мыскыл, дил карайтчу кесир болуп, эл арасына байма-бай бүркүлүп жатат. Учурунда, укканды ууктурган ушундай кесепет чыгармачылыктын үзүрүн берип турган мезгилинде Бүбүсара менен Таттыбүбү баш болгон кыргыздын далай өнөрпоздорунун жылдыздарын өчүрүп, түбүнө жеткен.
Өнгөн тамырды, өскөн өзөктү жулган бул жорук азыр дагы уланып, оозекиден жазма түргө өтүп, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу миңдеген нускада элге жайылтылып жатат. Буга өнөр секисиндеги таланттуу инсандардын жана эл артисти, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Роза Аманованын айланасында 15 жылдан бери уюлгуп келе жаткан ушак-айыңдуу медиа өнөктүктөр мисал
болот.
Үстүбүздөгү жылдын 2-июлунда “Учур” деп аталган гезиттин №74 санындагы “Артистти катыным дебе” деген үрөй учурган уятсыз басмырлоолор жеке эле Роза Аманованын эмес, бүткүл артисттердин улуу-кичүү муунунун ар намысына шек келтирип, кордогонун коомчулукка билдиребиз. Мындай маалымат “кампаниялардын” ары жагында саясаттын сасыган интригасы, кимдир бирөөлөрдүн былгытма кусаматы жатканы белгилүү.
Адам укугу тууралуу Декларацияда, Кыргыз Республикасынын Конституциясында белгиленген Адамдын керт башынын кол тийбестигине кепилдик берген беренелерине карама-каршы келчү, жеке турмушуна кийлигишип, адам укугун бузган жалган маалымат-
тарды байма-бай жарыялап, ээн ооздукка жол берген жазмакерлер жана аларды жарыя кылган гезиттер мындай “чуулгандуу” материалдардын аркасы менен гезиттердин өтүмдүүлүгүн, киреше табууну көздөп, ал аз келгенсип “бизде сизге байланышкан паландай маалымат бар, ооз басырык кылсаңыз чыгарбай коёбуз” деп шантаж кылып жатышат. Соңку кезде ушундай опуртал опуза менен шугулданган топту Чыңгыз Айтматов бекеринен “басма сөздөгү мутанттар” деп атаган эместир.
Урматтуу мекендештер! Басма сөздү пайдалануу менен маданият ишмерлерин көөлөөнү токтотууга мезгил жетти деп ойлойбуз. Негизсиз күнөөлөгөн же жеке турмушуна кийлигишкен, абройго шек келтирип, дилге уу тамызган аракеттердин баардыгына укуктук баа берилип, ар бир сөз, ар бир факт үчүн жазган адам да, жарыя кылган басылма да жоопко тартылышы керек деп ойлойбуз.
Маданият кызматкерлери элибиздин көркөм дөөлөтүн, рухий байлыгын арттыруу багытында эмгектенген мамлекеттик жооптуу кызматкер, демек, ага мамлекет жана коомчулук тарабынан тиешелүү коргоонун болушу зарыл.
Кайыргүл САРТБАЕВА,
СССРдин эл артисти, академик,
Самара ТОКТАХУНОВА,
СССРдин эл артисти,
профессор
Жамал СЕЙДАКМАТОВА,
КР эл артисти,
Майрамкан АБЫЛКАСЫМОВА,
КР эл акыны,
бардыгы болуп 64 маданият ишмерлеринин колу коюлган





Маселе көзөмөлдө турат
“Кыргыз Туусу” гезитинин 2013-жылдын 14-июнундагы санында жарыяланган журналист Мырзакат Тыналиевдин “Баары эң жөнөкөй, бирок... “бироктор” бүтпөй турат” аттуу макаласында үй талаш маселеси тууралуу айтылган.

Макаланын автору Мырзакат Тыналиев менен Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева жолугуп, макалада көтөрүлгөн маселе боюнча сүйлөшкөн.
Мыйзамга ылайык, ар бир судья өзү карап жаткан иште мыйзамга гана баш иет. Жогорку соттун төрайымынын жергиликтүү соттордун судьяларынын ишине кийлигишүүгө укугу жок. Бул кылмыш иши Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда каралып жаткандыктан, Ленин райондук сотунун төрайымына кабарлап, бул иштин мыйзамдуу чечилишин көзөмөлдөп коюу үчүн, редакциянын катын ага жолдодук.

Ф.ЖАМАШЕВА,
КРнын Жогорку сотунун төрайымы

*** ****
КРнын Башкы прокурору А.Ж.Саляновага
Урматтуу
Аида Жеңишбековна!
Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын жетекчисинин наамына “Кыргыз Туусу” гезитинин башкы редактору Б.Орунбеков “Кыргыз Туусу” гезитинин 2013-жылдын 14-июнундагы санында жарыяланган журналист Мырзакат Тыналиевдин “Баары эң жөнөкөй, бирок... “бироктор” бүтпөй турат” аттуу макаласы боюнча пикир билдирүү жөнүндө кайрылуу жолдогон.
Макаланын авторунун ою боюнча, тергөө жана сот органдары тарабынан А.Маматова мыйзамсыз кылмыш жоопкерчилигине тартылып, камакка алынган.
Жогорудагы кайрылууда көр-сөтүлгөн жүйөөлөрдү текшерүүнү уюштуруп, жыйынтыгы тууралуу кайрылуу эсине билдирип, көчүрмөсүн КРнын Президентинин аппаратына жөнөтүүнү сурай-
быз.
Урматтоо менен,
И.ЖОЛДУБАЕВА,
КРнын Президентинин аппаратынын соттук реформа жана мыйзамдуулук
бөлүмүнүн башчысы





“Пенсия төлөмдөрүн менчик корго которбойбуз”
Москвадагы кыргыз диаспорасы залкар жазуучубуз
Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата азыртадан баштап даярдыктарды көрүп жатышат. “Замандаш” ассоциациясынын өкүлдөрү Ростов-на-Дону аймагына анын айкелин 15-сентябрда орнотуп, акысыз кинофильмдерди жана сүрөт көргөзмөлөрүн, “Айтматовдук окуу жумалыгын” уюштурууну өздөрү колго алууну чечишти. Бул боюнча Москвадагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери КРнын Россиядагы элчиси Болот Жунусов менен жолугушуу учурунда билдиришти.

“Ала-Тоо” коомдук бирикмеси жана “Кыргызстандыктардын кошуну” коому, Москвадагы мигранттар пенсия төлөмдөрүн жеке менчик камсыздандыруу фондуна мажбурлап төлөтүүгө каршы болушууда. Алар “жаран өзү кааласа гана барып төлөй берсин”, - дешүүдө. Пенсияны камсыздандыруу боюнча алар мамлекеттин кепилдиги болгон расмий корго гана төлөй тургандарын билдирип жатышат. Мигранттар өз кайрылууларын Жогорку Кеңешке жөнөтүшүп, эң алгачкы сессияларында карап берүү өтүнүчтөрүн жолдошууда.
Москвадагы “Ала-Тоо айымдары” коомдук бирикмеси кыргыз саясатчыларына кайрылып, аялдарды жана жаштарды саясий оюндарга аралаштырбоону, өз кызыкчылыктары үчүн пайдаланбоону өтүнүп жатышкан кездери.


Жыл башынан бери 243 жараныбыз мекенине жөнөтүлдү
Жакында эле Москва шаардык ички иштер башкармалыгынын № 1 “Чет элдик жарандарды жайгаштыруу борборунда” 71 кыргызстандык жаран камалып жатканы тууралуу бизге кабар түшкөн. Алардын жетөөсү аял. 12 жарандын паспорттору жок болуп чыкты. Ушуга байланыштуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин кызматкерлери аталган борборго барып, жарандарыбыздын аты-жөнүн, камалган себептерин такташты. Берген арыздары боюнча аларга “Мекенине кайра кайтарууну күбөлөндүрүү” боюнча документ толтурулган. Ал жерде жаткан мекендештерибиз кармалган жайда аларды эч ким кордобогонун, урбаганын, туугандары тамак-ашты тоскоолдуксуз киргизип жатышканын айтып беришти.

Жыл башынан бери Москвадагы аталган жайга 243 кыргызстандыктар түшүп, элчиликтин кийлигишүүсү менен алар аман-эсен мекенине кайра кайтарылып жиберилген. “Чет элдик жарандарды жайгаштыруу борборунун” тартиби боюнча ал жакта жарандар бир ай гана кармалып турууга мүмкүнчүлүк бар. Бир айдын ичинде жаран тууралуу толук маалымат алууга жана жасаган кылмышын аныктоого убакыт кенен жетет.
Айымкан КУЛУКЕЕВА,
Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалымат катчысы