"Кыргыз Туусу", 19.07.13 Доор тогошундагы
эл тагдыры Жана
Эшеналы Арабаев
Кылымдардан кылымдарга учук улап, болжолдуу бир калыбынан жазбай өмүр кечкен кыргыз элин сактап, туура жолго баштап келе жаткан пассионардуу инсандардын ролу тарыхка өзгөчө бай. Кыргыздын көөнө тарыхынан берки мезгилдеги элибиздин бактысына жаралган инсандардын журт алдында өтөгөн кызматтарын карап отуруп, инсандын тарыхтагы орду тууралуу марксисттик тарыхий материализмдин теориясындагы калпыстыктарды байкап жана азыркы учурдагы бул маселенин тегерегиндеги айрым аша чапма көбүртүп-жабыртууларды эске алып, өлкө тарыхындагы татыктуу инсандар баяны менен толуктоо зарылчылыгын белгилемекчибиз.
Албетте, кайсы бир доорлордо кыргыз элине Манас сымал баатырлар жан аябай кызмат кылышса, башка доорлордо элге билимдүү жана жөндөмдүү инсандардын кызматы керек болгон. Пассионардуу инсандардын эл алдындагы зарылчылыгы жана өзгөчө ролу айрыкча доорлор тогошуп, көндүм турмуш менен жатыккан жашоо астын-үстүн болуп, жаңычылдык башбактаган менен, келечек туңгуюктап турган учурда даана билинген.
Ушул мааниде алганда, ХIХ жана ХХ кылымдар тогошоор мезгилде дүйнө тарыхында эбегейсиз зор цивилизациялык чайпалуу жана планетардык деңгээлдеги тарыхий жаңылануу процесстери жүргөнү белгилүү. Анын жүрүшүндө дүйнөнүн кырктан ашык өлкөлөрүнүн биринен сала биринде социалдык революциялар менен улуттук-боштондук кыймылдары күч алды жана кыргындуу биринчи дүйнөлүк согуш болду. Натыйжада, дүйнөнүн түркүгү сыяктанган Осмондор, Романовдор, Габсбургдар жана Япон империялары ойрон болуп, дүйнөлүк тарыхтагы улуттар жана улуттук мамлекеттер феномени жаралып, дүйнөлүк аренада отузга жакын ар кандай статустагы өз алдынча улуттук мамлекеттер түзүлгөн.


Боштондук туусун көтөргөн туңгуч кыргыз интеллигенциясы
Мындай козголуштун эпкини Россия империясынын колониясы болуп келген Түркстан аймагына, анын ичинен Кыргызстанга дагы тийип, ХIХ кылымдын аягында - ХХ кылымдын башында колониалдык саясатка каршы боштондук кыймылы башталган. Ал процесс падышалык Россия­нын бийлигин кулаткан февраль буржуазиялык демократиялык жана Октябрь социа­­листтик революциялары менен аяктап, коммунисттер чектеп берген алкактын чегинде суверендүүлүгү бар, советтик негиздеги Кыргыз мамлекетинин жаралуусу менен уланган. Бирок, кыргыз элинин боштондук кыймылы өзүнүн түпкү мүдөөсү болгон нагыз көз карандысыздыкка жана өз алдынчалыкка умтулуу менен өзүнүн күрөшүн андан ары улантууга мажбур болгон. Ырас, биринчиден, "басмачылык" деген терс аталыш менен белгиленген элдик кыймылды эске албаганда, күрөштүн желегин андан ары "феодалдык улутчулдуктун" өкүлдөрү эмес, жаш кыргыз-совет интеллигенциясы көтөрүп чыккан. Экинчиден, падышалык Россиянын доорундагы боштондук күрөштүн трагедиялуу сабактарын эске алган билимдүү кыргыз интеллигенциясы күрөштүн бул этабында коммунисттик Россиянын тоталитардык бийлигине каршы жалпы түрктүк жана жалпы исламдык боштондук идеологиясы алдында, Түркстан элдери менен биргелешип күрөшкө чыккан.
Демек, ушул жерден өлкөнүн тарых илимине тиешелүү айрым жаңы көз караштарды тактап алуу зарылчылыгы да пайда болот. Кыргыз тарых илиминде биздин элдин боштондук күрөшү негизинен жунгарларга каршы, андан соң падышалык Россиянын колониялык бийлигине каршы аракеттердин чегинде эле каралып жүрөт. Ал эми Эшеналы Арабаев баш болгон кыргыз-совет интеллигенциясынын советтик тоталитардык бийликтен эркиндик талашып, боштондук күрөшүнүн курмандыгы болгону тек гана коммунисттердин репрессиялык саясатынын тарых барагы катары каралып келүүдө. Дагы бир белгилеп кетчү нерсе, репрессия курмандыктары эч күнөөсүз жана жалаанын негизинде жок кылынган деген калпыс түшүнүк бар. Чындыгында, алардын "күнөөсү" мында жок эмес. Бирок, алар түптөлө баштаган тоталитардык коммунисттик бийликтин алдында "күнөөлүү" болгон. Албетте, аларды жок кылуу үчүн жалган жалаалар пайдаланылганын танууга болбойт. Айтор, бул маселе илимий объективдүүлүктүн негизинде каралып, тарыхий адилеттүүлүк орносо өлкө тарыхына тактык кирмек, боштондук үчүн күрөшкөн чыгаандар совет доорундагыдай жарым-жартылай эмес, толук реабилитацияланмак жана ХХ кылымдын соңундагы эгемендик момун кыргыз элине "жөн гана" келип калгандыгы жөнүндөгү жаңылыш көз караштар жокко чыгарылмак.
Ошентип, ХХ кылымдын башында Кыргызстанда түзүлгөн тарыхий шарттан жана саясий абалдан улам кыргыз элинин алгачкы интеллигенциясы өзгөчө пассионардуу топту түзүп, элдин келечеги үчүн улуу максат көздөп, аң-сезимдүү күрөшкө бел байлашкан. Алар өз алдыларына негизинен эки чоң тарыхий маселени коюшкан. Биринчиси, советтик негизде болсо дагы, өз алдынчалык укуктагы кыргыз элинин улуттук мамлекетин түзүү жана аны сактап, өнүктүрүү. Экинчиси, кыргыз улутун калыптандыруу үчүн зарыл болгон экономикалык, саясий, билимий, маданий жана башка шарттарды камсыз кылуу болчу.

Э.Арабаев - боштондук күрөшүнүн идеологу
Ушул өңүттөн алып караганда, элибиздин алгачкы интеллигенциясынын арасында өзгөчө орунду ээлеген чы­­гаан инсаныбыз Эшеналы Ара­­­баев­­­­дин мекенге өтөгөн кызматы баа жеткис. Эң оболу аны доорлор аралыгындагы инсан катары баалап, ошондон соң анын колониалдык падышачылык доор менен коммунисттик советтик доордо өзүнүн инсандык парасатын бийик тутуп, бийликке эмес, элге кызмат кылууну максат кылгандыгын, эки доордун саясий системалары менен кармашып, ошолордун курмандыгы болгонун белгилешибиз керек. Ошону менен бирге, эгер акыркы мезгилдерге чейин Э. Арабаевдин коомдук-саясий ишмердүүлүгү менен агартуучулук эмгеги өзгөчө бааланып келген болсо, азыркы учурда анын башка багыттардагы кылган өзгөчө иштери дагы татыктуу баалана баштады. Алсак, белгилүү себептер менен совет доорунда жана азыркы учурда Э. Арабаевдин жадидчилик (диний агартуучулук) ишмердүүлүгү, анын жадидчиликтин идеологдорунун бири катары жүргүзгөн иштери белгиленбей келген. Чындыгында Э. Арабаевдин жадидчиликке кошкон салымы, ал эми жадидчиликтин кыргыз элинин тунгуч интеллигенциясынын калыптанышына тийгизген таасири, өз кезегинде кыргыздын алгачкы интеллигенциясынын кыргыз совет мамлекетинин түптөлүшүнө жана совет доорундагы кыргыз элинин боштондук кыймылына кылган кызматы баа жеткис нерсе. Ушуга карабастан, Э. Арабаевдин жадидчилиги, жадидизмдин кыргыз элинин тарыхындагы ролу үстүртөн каралып, учкай бааланып келди. Мунун себебин төмөнкүлөр менен түшүндүрсө болчудай. Биринчиден, Кыргызстанда "жадидизм" феноменинин өзү терең изилденип, толук жана акыйкат тарыхий баасын алып, кыргыз коомчулугунун алдында али да болсо толук реабилитациялана элек. Экинчиден, Э. Арабаев жана башка кыргыз жадидчилеринин когортасы саясий жана коомдук ишмердүүлүгү жактан реабилитацияланганы менен, идео­­логиялык жактан дале болсо толук акталбай келет. Алсак, Э. Арабаев тунгуч кыргыз интеллигенциясынын идеологу катары көптөгөн илимий эмгектерде байма-бай эскерилет. Бирок, ал идеолог катары жадидизмдин, анын идеологиялык агымдары болгон жалпы түркийлик жана исламдык биримдиктин көрүнүктүү өкүлү экени көп айтылбайт. Мүмкүн мындай көрүнүш советтик жана азыркы учурдагы батыштык коомдук пикирде орун алып калган антитүрктүк жана антиисламдык маанайдан болсо керек. Эмне болгон күндө дагы, ошол учурдагы тарыхий реалдуулуктун шартында жакшы өнүгүп-өөрчүй албай, али да болсо саясий сабаты жоюлбай турган элди каптап, тоталитаризмдин фундаментин түптөй баштаган коммунисттик идеологияга каршы Түркстан аймагында бир гана идеология - түркий биримдиктин жана ислам биримдигинин идеологиясы каршы тура алмак. Муну Э. Арабаев жана анын тарапташтары туура түшүнүп, боштондук үчүн күрөш нугун ушул жакка бурганга аракет кылышкан. Кыргызстандагы жадидчилик кыймылын терең изилдеп, туу­­ра баа берүү аркылуу өлкө тарыхындагы үч маселеге дагы олуттуу толуктоолор менен тактамалар кирип калмак. Биринчиси, кыргыздар социализм дооруна чейин туташ сабатсыз болгон деген түшүнүк белгилүү бир деңгээлде четке кагылмак. Экинчиден, кыргыз-совет интеллигенциясы калыптанганга чейин кыргыздар арасында интеллигенция болгон эмес деген калпыс түшүнүк белгилүү бир өлчөмдө жокко чыгарылмак. Үчүнчүдөн, ХХI кылымдагы эгемендүү Кыргызстандын шартында диний билим берүү маселелерин туура нукка сала албай жаткандарга бир кылым мурда колониялык бийлик менен кадимисттик үстөмдүктүн шартында бул маселени туура чече билген жадидчилердин тажрыйбасы пайдалуу болмок.

Тыюу салынып,
кийин акталган
эмгектер
Ушул өңүттөн алганда, Э.Арабаевдин жарык дүйнөгө келгендигинин 130 жылдыгына байланыштуу чыгаан инсандын ысымын алып жүргөн И.Арабаев атындагы КМУда бир топ алгылыктуу иштер аткарылды. Ошолордун ичинде өзгөчө белгилей турган нерсе, Э.Арабаевдин калемдештери менен бирге даярдаган "Жаңылык" (Чоңдор үчүн алиппе) жана "Табият таа­нуу алиппеси" деген эмгектеринин реабилитацияланышы жана кыргыз элине кайрадан кайтарылышы өзгөчө мааниге ээ. Белгилүү болгондой, бул китептердин бири 1927-жылы, экинчиси 1932-жылдары бир иреттен гана жарык көрүп, андан ки­йин өз авторунун тагдырын бөлүшүп, басууга тыюу салынган. Бул китептер буржуазиялык улутчулдук менен пантүркчүлдүккө каршы күрөшүп жаткан коммунисттердин саясатына карабай кыргызча жазылып, чыккандыгы жана мазмундук жактан ашкере кыргызчылыгы үчүн идеологиялык репрессияга алынган.
Кандай болгон күндө дагы, бул китептер тарыхий баалуулук катары музей текчелеринен гана орун албастан, азыркы илим жана билим үчүн табылгыс мурас болору жана илимий - усулдук ачылыштардын чордонуна айланаары шексиз. Себеби, бул китептер азыркы учурда да бир топ илимий-усулдук жана билим берүүчүлүк баалуулуктарга ээ. Кыргыз Республикасынын Президенти А.Атамбаевдин демилгеси менен мамлекеттик тилге жана мамлекеттин тарыхына, тарыхий баалуулуктарына маани берилип жаткан мезгилде Э.Арабаевдин жеке инсанаттык тарыхы, анын кыргыз тилдүү жана кыргызчыл эмгектеринин мааниси өзгөчө актуалдуу болмокчу.
Төлөбек АБДЫРАХМАНОВ,
И.Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетинин ректору, тарых илимдеринин доктору