Кыргыз гезиттер

п»ї

Нан болсо...

Эксперттердин айтымында, аба-ырайынын ол­ку-солкулугунан улам Кытайда буудайдын түшү­мү эки эсе аз болушу күтүлүүдө. Натыйжада, алар быйыл 10 миллион тонна буудайды сырттан сатып алмакчы. Демек, бул жагдай Кыргызстанды эле эмес, бүтүндөй дүйнөнү ойлонтчу маселе. Нан болсо...

Эл аралык экстремизм сазайын алат

УКМКнын ыкчам-кызматтык ишмердигинин алты айлыгынын жыйынтыктары боюнча коллегиянын жыйыны өтүп, анда эл аралык экстремизмге жана терроризмге, коррупцияга, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, наркоташууларга каршы күрөшүү боюнча иштерди активдештирүү зарылдыгы тууралуу сөз болду.

Ак жол сага, "Мейкин Азия"!

Кечээ Ысык-Көлдүн жээгиндеги "Рух Ордо" маданий борборунда I эл аралык белгилүү аткаруучулар катышкан "Мейкин Азия" фестивалы башталды. Түркия, Россия, Түштүк Корея, Кытай жана Япония өлкөлөрүнүн эстрада жылдыздары катышкан бул фестивалдын максаты - Кыргызстан маданиятын өнүктүрүүгө жана өлкөнүн туристтик мүмкүндүгүн көтөрүүгө көмөк көрсөтүү.

Си Цзиньпин сентябрда Кыргызстанга келет

Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ци Даюй менен жолугушуп, КЭР төрагасы Си Цзиньпиндин сентябрь айында Кыргызстанга болуучу мамлекеттик сапарына көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча сүйлөштү.

Жалал-Абадда жаңы бала бакчалар ачылат

Учурда, Жалал-Абад шаарында 3 миң 750 бала тарбияланган 20 бала бакча бар. Бул сан калаа­дагы балдардын 17%ын гана түзөт. Эгемендүүлүктү алганга чейин калаада мектепке чейинки даярдоочу 36 бала бакчанын имараты болуп, анда тарбияланган бөбөктөрдүн саны 37%ды түзгөн. Бакчада тарбияланган балдардын санын көбөйтүү максатында жергиликтүү бюджеттен жана АРИС программасынын колдоосу менен жаңы бала бакчалар курулуп, айрымдары оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жатат. Буюрса, сентябрь айында жалпы 650 бөбөккө бала бакчадан жаңы орундар ачылат.
Өз маалыматыбыз





 

080513

290313

260313

150213

120213

080213

010213

250113

220113

180113






??.??