< Кыргыз гезиттер архив
"Кыргыз Туусу", 16.07.13 Жарлыктан кийинки ой
Кептин баары өзүбүздө
Акыркы он жылдан бери мамлекеттик тилди өнүктүрүү тууралуу мындай жарлык чыга элек болчу. Эмгектин жыйынтыгы эми иштин аткарылышында. Катуу көзөмөлдөш керек. Жумушчу тобу түзүлбөдүбү, катуу иштеш керек.
Мен теледен дагы айттым эле, кептин баары өзүбүздө. Мен кыргызмын деп жүрөгү соккон адамдардын баары, бардык жарандар мамлекеттик тилге күйүшү керек. Тил деген тилчилердин эле же акын-жазуучулардын эле тили эмес, жалпы кыргыздын улуттук тили. Тилибиздин кадыр-баркын өстүрүүгө жапатырмак киришип, аракеттенишибиз керек.
Жаштардын сөз байлыгы начар болуп жатат. Улуу­­лардын милдети - жаштарга эне тилибизди так сүйлөөгө, көркөмдөп, жагымдуу сүйлөөгө үндөп, үйрөтүү. Негизи бул ошондой иштерге демилге көтөрүүчү жакшы жарлык болду.
Райымжан КУРБАНОВ,
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Республикалык "Кыргыз тили"
коомунун президенти




Жогору жактан башташ керек
Мамлекеттик тил боюнча бир топ маселелер чечилип жатат. Бирок, орто жолдон эле, жогору жактагылар жакшы колдоого албаган үчүн, ылдый жактагылар жасаган иштин баркы дагы, баасы дагы анчалык бааланбай жатат. Ошон үчүн ишти жогору жактан башташ керек.
Бирок, билим берүү жаатындагы бир топ маселелер чечилди десем болот. Мисалы, мен улуттук университетте проректор болуп иштеп жатканда буга че­йин таптакыр кыргыз тилинде чыга элек 14 аталыштагы окуу китебин түздүк. Компьютердик технология, саясат таануу, дидактика, психология боюнча ж.б. окуу китептерди чыгардык. Иши кылып билим берүү системасында бардык чөйрө боюнча аракеттер болуп жатат. Бирок жогору жакта сүйлөнбөй, документтер мамлекеттик тилге өтпөгөндөн кийин төмөн жактагы иштер жокко эсе болуп бааланбай жатат.
Эми мамлекеттик тилди өстүрүү максатында Президенттин жарлыгы чыгып, ага аттуу-баштуу атуулдар, министр­лер жана бир нече депутаттар тартылды. Демек, бул максатта дагы бир жакшы жөрөлгөлүү кадам жасалды деген үмүт бар. Чоң баскычка көтөрүлүп, белгилүү бир база түзүлдү деп турабыз. Негизи практикалык түрдө колдонууга ар тараптан өтмөйүнчө ал боюнча жасалган иштер көзгө көрүнбөйт. Мисалы, иш кагаздары толук мамлекеттик тилге өтсө. Биз учурда айрым иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазсак, аны кайрадан расмий тилде жазууга коңгуроо келет. Бул процесс токтомоюнча иш алга жылбайт.
Үмүт КУЛТАЕВА,
филология илиминин доктору, профессор





Бир багытта
бири-бирибизди колдойлу
Июнь айында Президент Нарын ГЭСтеринин биринчи каскадын ачууга Нарынга барганда өзүнүн жанына баткан айрым көрүнүштөрдү жашырбай айтып салды. Мен аны теледен, анан интернеттеги видеотасмадан толук көрдүм, гезиттен да окудум. "Душман сүйгүзүп айтат дейт, өз күйгүзүп айтат. Мен күйгүзүп айтам. Президент болуп иштегениме бир жыл, алты ай, 12 күн болду. Ар бир күндү санап жатам, ачык айтайын, Мына 4,5 жыл калды. Жок дегенде мобу баштаган иштеримди бүтүрүп кетейин да!" - деди А. Атамбаев.
Менин пикиримде, мамлекет башчыбыз бардык күч-жигерин республикабыздын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн арнап жатат. Баштаган иштерин аягына чыгарса, төрт жылда Кыргызстан башын көтөрүп, жүзүбүз жарык болооруна ишенем. Өзүм аралашып, катташып жүргөн чөйрөдөгү адамдардын көпчүлүгү ушундай көз карашта. Акыл калчап, ой жүгүрткөн замандаштарыбыз Президенттин багытынын туура экенин билип отурат деген ойдомун.
Президент кийинки мезгилде экономикалык жактан болсун, рухий дүйнөбүздө болсун, жакшы иштердин демилгечиси болууда. Жогоруда аталган Нарын ГЭСинен тышкары, ушул айдын башында Жалал-Абад облусунда "Датка" көмөк чордону ишке кирди. "Датка-Кемин" бүткөрүлсө, Кыргызстан өзүнүн энерго алкагына ээ болуп, коңшу мамлекеттерге бул тармак боюнча көз каранды болбойт.
Рухий дүйнөбүз боюнча, Алмазбек Атамбаев чилденин биринчи күнү "Кыргыз Респуб­ликасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол коюп, эне тилибиздин эркин канат жаюусуна жол ачып отурат. Бул боюнча түзүлгөн жумушчу топ ишке киришти. Буюрса, 1-октябр­дан кийин өлкөбүздө мамлекеттик тилди өнүктүрүүнүн 2020-жылга чийинки концепциясы кабыл алынмакчы.
Жогорку деңгээлде дагы бир - мамлекеттик миграция саясатын калыптандыруу боюнча жумушчу топ түзүлдү. Муну Президенттин аппараты колго алды. Ички жана тышкы миграция учурдагы чоң көйгөйлөрдүн бири экени белгилүү.
Мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоол болгон коррупцияга каршы күрөш акырындык менен, ырааттуу түрдө жүргүзүлүүдө. Салык сис­темасына жаңы жетекчинин келгени, гео­логия жана минералдык ресурс­тар министрлигиндеги жана бажы комитетиндеги кадр­дык өз­­­гө­­­­рүүлөр бул багыттагы жылыштар деп эсептеймин.
Ошондой эле, Президенттин, республиканын Куралдуу күчтөрүнүн башкы кол башчысынын төрагалыгы менен Коргоо кеңешинин жыйынында өлкөбүздүн Аскердик доктринасы кабыл алынды. Бул мамлекетибиздин коопсуздугун тышкы факторлордон коргоо жаатындагы абдан олуттуу документ.
Жогоруда айтылган саамалыктардын бардыгы быйыл 21-январда Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен бекитилген "2013-2017-жылдардын мезгилинде Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясынын" алкагында жүзөгө ашырылууда. Интернетке жайгаштырылган ушул документти Президенттин сайтынан кагазга көчүрүп алгам.173 бет экен. Мамлекеттик кызматта болбосом да, улам-улам окуп турам. Анткени, өлкөбүздүн эртеңки турмушу ушул Стратегиянын кандайча аткарылышына түздөн-түз байланыштуу. Ошондуктан да айтарым, бул документ өлкөбүдөгү башкаруу бийлигинин бардык шатысындагы чиновниктердин, ишкерлердин, мамлекеттик жана мамлекеттик эмес мекемелердин, уюмдардын жетекчилеринин, окуу жайлардын жана мектептердин башчыларынын жумушчу үстөлүндө иш куралы иретинде турушу керек. Бул өзү элдин талкуусунан өткөн документ. Андагы көрсөтмөлөр кайсыл жетекчиге тиешелүү болсо, ал аткарылышы зарыл. Макул эмеспи, кеңешип, башка өңүттөбү, ишке ашыруунун жолун тапсын. Бийлик, жогорку окуу жайлары, мектептер Стратегияга идеологиялык документ катары мамиле кылышсын. Элибиз бир багытты кармап алга баспаса, бирибизди бирибиз колдобосок, өлкөбүздү өнүктүрө албайбыз.
Эргали АБДИКАИМОВ,
Бишкек шаары




Абдиназардын кезектеги алтын медалы
Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин академиясынын курсанты Абдиназар Купуев Сеулда өткөн күжүрмөн самбо боюнча Азия чемпионатына катышып, 68 килограммга чейинки салмактык категорияда алтын медалга ээ болуп кайтты.
Бул Абдиназардын биринчи ийгилиги эмес. Ал үстүбүздөгү жылы Ашхабадда өткөрүлгөн күжүрмөн самбо боюнча Борбордук Азия чемпионатында өз салмак категориясы боюнча алтын медалды жеңип алган. Ошондой эле Мос­квада өткөрүлгөн "А.Харлампиев мемориалында" күмүш медалга татыктуу болгон.
А.Купуев буга чейин жоокер-интернационалист Виталий Гордеевдин элесине арналган спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча эл аралык турнирдин үч жолку чемпиону болгон. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн таланттуу самбочунун ийгиликтеринде анын машыктыруучусу, милициянын капитаны Максат Эркесариевдин салымы да чоң.
- Ички иштер министрлигинин академиясында келечегинен көптү үмүттөндүргөн таланттуу балбандар көп, - дейт Кыргыз Респуб­ликасынын самбо федерациясынын президенти Нурлан Токоноев. - Алардын ичинен Абдиназарга окшогондор менен өзгөчө сыймыктанабыз.
Машыктыруучунун айтуусуна караганда, Абдиназар Купуев жакында эл аралык класс­тагы спорт чебери наамын алмакчы.
Номанжан АРКАБАЕВ





БАТКЕН
Оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө
Баткен районунун аймагындагы 52 жалпы билим берүү мекемелеринде жаңы 2013-2014-окуу жылына карата кезектеги оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Зайитовдун берген маалыматына караганда быйылкы жылы республикалык бюджеттен 1 млн. 303 миң 400 сом акча каражаты бөлүнүп берилген.
- Бүгүнкү күндө мектептерде окуу эмеректерин оңдоп-түзөп, шыбоо, актоо иштери аяктап, сырдоо иштери жүрүүдө. Алгачкылардан болуп С.Момунов атындагы орто мектеби кезектеги оңдоп-түзөө иштерин аякташты. Кара-Булак айыл округунун Бужун орто мектебинин жылытуу системасын оңдоп түзөөгө 500 миң сом жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсе, Ш.Токсонов атындагы орто мектеби КРнын дем берүүчү фондунун долбоорунун эсебинен 2 млн. 987 миң 896 сомго мектептин спорт залын, ашканасын капиталдык ремонттон өткөрдү.
Самаркандек айыл округундагы М.Кадыр орто мектебинин айланасын пескоблок менен тосууда демөөрчүлөр 40 миң сомдук жардам көрсөтүштү. Кыштут айыл округуна караштуу Э.Эркебаев атындагы орто мектебине айыл округу тарабынан 60 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 10 миң сом жардам көрсөтүлүп, мектептин айланасы тосулуп, дарбаза коюлду. Андан сырткары, АРЖ компания­сына 3 млн.500 миң сомго спорт залды капиталдык ремонттон өткөрүүгө долбоор жазылып жактырылды.
2013-жылга мамлекеттик эмес уюмдар менен иш алып барууда Мерсико уюмуна 23 мектеп долбоор жазышып, ЮНИСЕФтин Япон грантына 5 долбоор­ сунушталды. Ошентип, мектептерди жаңы окуу жылына карата сапаттуу даярдоо багытында иш алып барып, кезекеги оңдоп-түзөө иштерине такай көзөмөл жүргүзүп турабыз, - дейт Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдилазиз Зайитов.

"Үмүт" борбору ачылды
Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаа­­рында мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн "Үмүт" күндүзгү борбору ачылды. Аталган борбор мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын жаш курагына карабастан кабыл алып, алар үчүн кам көрөт.

16 батирлүү үйдүн курулушу башталды
Өкмөттүн Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиргенине караганда Лейлек районунда 16 батирлүү кабат үйдүн курулуш иштери башталды.
Маалыматка ылайык, аталган үйдүн курулуш иштери үчүн республикалык бюджеттен 16 млн. сом бөлүндү. Учурда 3,2 млн сому өздөштүрүлүп, аталган үйдүн пайдубалы түптөлүп, дубалы тургузула баштады. Аталган үй октябрь айында бүткөрүлүп, жарандарга пайдаланууга берилет.

Баткен шаарынын жаштары жеңишти
Жакында Баткен шаарында Сейдахмат уулу Мирболоттун жаркын элесине арналган футбол боюнча спорттук мелдеш өткөрүлдү. Оюнга облустун район-шаарларынан, республикадан келген 18 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду 1986-жылы туулган Баткен шаарынын жаштары ээледи. Мелдештин жыйынтыгында эң жакшы оюнчу, эң жакшы коргоочу, эң кары оюнчу, эң жаш оюнчу, эң жакшы дарбазачы, маарага эң көп топ киргизген оюнчу деген номинациялар боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Гүлчехра ТАЖИБАЕВА