"Кыргыз Туусу", 16.07.13 Күрүлдөгөн коррупция, гүлдөгөн криминал

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, "Кыргыз Туусу"

Ушул жылдын 23-январында Жогорку Кеңеш тарабынан Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы болуп дайындалган "эски-жаңы акыйкатчы" Турсунбек Акундун акыйкатчылык доораны алты айга жеткен жок. Акыйкатчыны ооруканада жаткан жеринен парламентке чакырып алган депутаттар "мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевдин ишин иликтеген депутаттык комиссиянын акыйкатчы Турсунбек Акунду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу тууралуу кабыл алган чечимине таянып туруп, 27-июнда ал чечимди колдоп берди. Парламенттен эсин жоготуп жыгылып, тез жардам менен Президенттин иш башкармалыгына караштуу ооруканага жеткирилген Турсунбек Акун: "Ооруканадан чыгарым менен кайра ордума барып, иштей берем. Парламенттин чечими мыйзамсыз", - деп ызылдап жатат. Анын айтымында, ал Жогорку Кеңештин чечимин сотко берген, Акыйкатчынын ордуна сынак соттон кийин гана болушу мүмкүн. "Ачык позиция" коомдук фондунун башчысы Дмитрий Кабактын позициясы боюнча да, Турсунбек Акун соттун чечими менен Акыйкатчынын кызматына кайтып келиши мүмкүн экен.


"Бомба"
жарылган жок
Муну азыр Турсунбек Акун өзү деле моюнга алып тургандыр. Ал "мен бомбанын" деген билдирүү жасоо менен катуу жаңылып алды. 20 жылдан бери саясатка аралашып келаткан адамдын (өзү ушинтип айтып калат) бул жоругу баланын иши болуп калды. Өзүнөн мурда чуркап кеткен тилинин азабынан бийлик адамдарынын, анын ичинде депутаттардын кыжырына тийип, алар өз конституциялык ыйгарым укугунан пайдаланып, Турсунбек Акун жарчу "бомбасын" жарсын дегендей, аң-сезимдүү түрдө ушул кадамга барышты. Ошентип, өзүн "турган турпатым менен тубаса акыйкатчымын" деп эсептеген ак чач мырза шашмалыгынан жана кызуу кандуулугунан, эң башкысы өзү тууралуу абдан бийик ойлогонунан улам акыйкат чечим кабыл ала албай, катуу жаңылышты. Эгер, ал "жерден бийик, чөптөн жапыз" болуп, эч нерсени укпаган, көрбөгөн, билбеген киши болуп отура бергенде, кызматын сактап калмак.

"Жоо кеткен соң..."
Кыргызда "Жоо кеткен соң, кылы­чыңды ташка чап" деген жакшы кеп бар. Кыргыздын кырчындай балдарынын кулактарын кесип, Жогорку Кеңештин депутатынын өлүмүнө себепкер болгон Батукаев сот аркылуу мөөнөтүнөн мурда боштондук алып, Кыргызстандын чегинен чыгып кеткен соң, анын артынан ызылдай берүү бизге атак да, абийир да апкелбейт. "Мыйзамдагы ууру" Батукаевдин Кыргызстандан чыгып кетишинде кыйыр да болсо, Жогорку Кеңештин моралдык күнөөсү бар. Себеби, Кыргызстан парламенттик-президенттик рес­публика. Демек, кыргыз парламентинин өзүнөн күнөөнү ала салып, "алыбыз жеткени ушул" деп Акыйкатчыны баса калганы кызыктай көрүнөт экен. Болбосо, Жогорку Кеңеште укуктук жактан да, саясий жактан да - Кыргыз Республикасынын Президентинде жок ыйгарым укуктар, мүмкүнчүлүктөр бар. Турсунбек Акунду кызматтан алууга жумшаган убактысын ошол иштерге жумшаса болмок.

Криминал менен
коюн-колтук алышкан коррупция...
Кыргызстан соңку үч жылдан бери криминалга жана коррупцияга каршы күрөшүп келатат. Бул колдоого ала турган көрүнүш. Арийне, күрөштүн жыйынтыгы кандай? Белгилүү болгондой, уюшкан кылмыштуу топторунун мүчөлөрү жана ага тиешеси бар делгендердин 100-200ү кармалып, кылмыш иштери сотко өтүп, анан эле четинен акталып жатышат. Мунун себеби эмнеде? Анткени, укук коргоо органдары кылмышкер деп, качып жүргөн жеринен кармап келип, убактылуу кармоочу жайларга тыккан адамдардын артынан аткаруу бийлигинде отурган айрым атка минерлердин кулактары көрүнүп калууда. Алар криминалдарды жандалбастап коргоп, алардын акталышы үчүн Чолпонбай төшүн дзотко тос­кондой коргоп жатканы эч кимге жашыруун эмес.
Демек, буга окшогон талашсыз фактылар криминал менен коррупция бири-бири менен коюн-колтук алышып калганын, бири-бирисиз жашай албай турганын тастыктайт. Башкасын айтпаганда, ошол эле Батукаевдин Кыргызстандын чегинен эч нерсе болбогондой чыгып кетиши - Кыргызстандын бийлик органдарынын криминалга жана коррупция­га каршы күрөшүү иштеринин күзгүсү десек болот. Кеп, Азиз Батукаевде эмес. Кеп Азиз Батукаевди Азиз Батукаев катары даңазасын арттырган башкаруу системасында. Кеп, криминалдар менен коюн-колтук алышкан коррупциялашкан коомдо жашап жаткандыгыбызда.
Путин айтмакчы, кара курсагынын айынан картошка уурдагандар ууру делип, түрмөгө түшүп, "кечерге суу таба албай" миллиондорду уурдагандар мамлекеттик ишмер болуп, эл башкарып жатканы ошондон улам болсо керек. "Мыйзамдагы ууру" Азиз Батукаевге окшогондорду аттап-тондоп, буту-бутуна тийбей, түрмөдөн чыгарган бийлик адамдары анын ордуна сурап алар эч кимиси жок эки бечараны "криминал" деген жарлык тагып, өпкөгө эки муштап түрмөгө тыкпайт деп ким кепилдик берет. Себеби, бул "криминал менен күрөшүп жатабыз" деп эл алдында отчет бериш үчүн болсо да керек.
Коррупция менен күрөш деле криминал менен күрөш сыңары болуп жатат. Болбосо, коррупция беренеси менен миң сом, эки миң сом пара менен кармалгандар түрмөдө отурганы күлкүлүү эмей эмне? А ошол эле учурда мамлекеттик бюджеттен миллиондор уурдалып жатат. Бир эле мисал, "Кыргызагропродкорпорациясы" деген мамлекеттик ишкана бар. Бул мамлекеттик ишканага жаңылбасак, 2008-жылы Өкмөттүн токтому менен каралган 800 миллион сомдун алгачкы траншы катары 400 миллион сом 1,5 жылга, 2010-жылга чейин 3% үстөгү менен бөлүнгөн экен. Быйыл 2013-жыл болуп калды. Бүгүнкү күндө, ошол мамлекеттик ссуданын же өзү жок, же үстөгү жок, бир тыйын да мамлекетке кайтарылып бериле элек. Суу кошулбаган коррупциялык схема деп мына ушуну айтса болот. Өкмөт тарабынан берилген 300 миллион сом кайда кеткени белгисиз. Бүгүнкү күндө үстөгүн кошкондо, аталган ишкана мамлекетке 500 миллион сом карыз. Бирок, бул коррупциялык схеманын каармандары мыйзам алдында жооп бере элек.

Батукаев - жаш муундардын идеалы
Мындан үч-төрт жыл илгери Бишкек шаарынын мектептеринде "Келечекте ким болосуң?" деген сурамжылоо жүргүзүлгөндө мектеп окуучуларынын арасында "Келечекте Батукаев болгусу келгендер" өтө эле арбын кездешкенин айтып, мугалимдер кабатырлангандыктарын билдиришкен. Эмне үчүн жаш муун­дар арасында Батукаевдей болгусу келгендер арбын? Анткени, криминал да биз жашап жаткан коомдук системасынын туун­дусу. Биз коррупцияга жана криминалга ыңгайлашкан, ансыз жашоого мүмкүн болбогон коомдо жашап жатабыз. Андай болгондо, бул түптөлүп жана калыптанып калган коомдук системаны алмаштырбай, жаш муундардын идеалдарын жаңы адамдар менен жаңылабай туруп, коррупцияны жана криминалды түп-тамырынан жоготууга мүмкүн эмес. Азыркыдай коомдо Батукаевге жана Айдар менен Максимге окшошкусу келгендер, аларды идеал туткандар четтен табылат.

Кудайдан коркпогондор мыйзамдан
коркмок беле...
Криминал жана коррупцияга каршы күрөш жарыялагандан бери криминал менен коррупционерлердин катары азайдыбы? Азайган жок. Мыйзам боюнча криминалдык иштерге да, коррупциялык иштерге да оор беренелер каралганы менен, мыйзамдын катаалдыгы да коомдогу криминалдык иштерге да, коррупциялык жоболоң жоруктарга да бөгөт коё алган жок. Криминалдардын жана коррупционерлердин катары жылдан жылга, муундан муунга жаандан ки­йинки козу карындай көбөйүп баратат. Кудайдан коркпогондор мыйзамдан коркот дегенибиз бекер.
Ал ортодо Россияда, анын ичинде Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү "Азиз Батукаевдин кишилери Москва шаарында иштеп жаткан кыргыз мигранттарынан акча өндүрүп жатышат" деп коңгуроо кагуу­­­да. Кыргызстанда болсо, "касапчыга мал кайгы, кара эчкиге жан кайгы" болуп, баягы эле саясий интригалар менен алек. Биринен бири кыйын экенин далилдегилери келишет. А коррупция да, криминал да бая­гы эле бойдон гүлдөп өсүп жатат.
Батукаевдин адамдары дагы канча кыргыздын кулагын кесип, дагы канча кыргыздын жүрөгүн өлтүрөр экен? Кыргыздын дагы канча жаш мууну Батукаевди идеал тутар экен? Батукаевдин коргоо­чулары ушуну ойлонушту болду бекен?