< Кыргыз гезиттер архив
"Кыргыз Туусу", 16.07.13 Ильгиз
ГИЛЬЯЗЕДДИНОВ:


"Чапсаң да жетпес аргымак,
Жаштык кез эми калды ыраак"

Адашкан куудай бороондо…
Чолпондой таңда көрүнгөн
Гүл жамал кетпейт көңүлдөн.
Алгачкы сүйүү сезими
Ал кезде дилде көбүргөн.

Аздектеп аруу көңүлдөн
Аёолуу мээрим төгүлгөн.
Албырган назик эриниң
Анда жок эле өбүлгөн.

Жымыңдап турган көктөгү
Жылдыздын сөнөт көптөрү…
Жан эркем, сүйкүм элесиң
Сан жылдар өтүп өчпөдү.

Жаак жок экен жаңылбас
Байкабай байлайт багын жаш.
Адашкан куудай бороондо
Арманым болдуң арылбас…

Кайрылсын кайдан жаркын жаз
Даргөйүң тартып, жан тынбас...
Өкүттү түшкөн өзөккө
Кетет го алып алтын баш…
Айтылабы жан сырым?..
Ач көздөргө кызык чыгар дүнүйөң,
Ашык жанга артык не бар сүйүүдөн?!
Арзыганым алтымышка келди дейт
А мен билбейм качан андан түңүлөм…

Мококтуктун тийип башта кесири
Алдырганмын сүйгөн асылкечими.
Айтар элем арманымды бир барып,
Алым жетип, жыйсам акыл-эсими!

Билбей койдум буга чамам жетеби,
Айыкпастай ашыглыктын "кесели".
Өмүр бою катып жүргөн жан сырым
Өзүм менен кошо өтүп кетеби?…
Айыл таңы
Алдыңда болуп жайдак ат
Азанда чыксаң мал карап,
Адамда обор козгочу
Айылда аткан таңдар ак.

Атыр жел беттен аймалап,
Ажайып болчу чар тарап.
Өрт чалган өңдүү көрүнчү
Өндүрдү каптап мандалак.

Ыргалса гүлдөр башты ыргай
Ээликкен атка бастырбай -
Суктантып таңкы сулуулук
Турчумун кырда тап жылбай.

Атса да азыр таңдар ак
Минүүдөн калгам жайдак ат.
Таптырбай бала чагымдай
Таныптыр жерди мандалак.

Кызгалдак жапкан беттерди
Кыян - сел жайпап кеткенби?
Гүл эмес, дүйнөм күл болуп,
Өкүнөр эми кез келди…
Аксыны айтам бейиш деп…
Тууган жер - медер, желегим
Туурумдай кайтып келерим.
Эңсеген сайын өзүңдөн
Элесин көрөм энемин.

Сыйына айыл-апанын
Алардай кантип татамын?
Караанын издеп келем мен
Казатка кеткен атамын…

Ыйык не эне сүтүндөй
Тууган жер сенин күчүңдөй?
Өзүңдөн менин киндигим
Өмүрү калган үзүлбөй!

Ата-эне журтун жерип тек
Ак шумкар кетпейт жем издеп.
Арабдын көргөн кум-чөлүн
Айтат чын Аксы бейиш деп!

Өзүңдө туулбай калганда
Өтмөкмүн анда арманда.
Аксыга кайтар дейт элем
Акырет жайга барганда…

Абалтадан бир аңыз бар айтылган:
(Калпы болсо, бабам демек:


- кайт мындан!)
Көрсөткөнү бейиш кандай экенин -
Аксыны Эгем дейт үлгүгө калтырган!
Көл таңы
Толкундар шапар тээп куушканын,
Топурап кыйкуулаша куу учканын -
Суктана карап туруп көл жээгинде
Лаззет го тосуп алуу ууз таңын…

Камгактай жумаланып көктө булут
Жаткансыйт таң тосууга алдас уруп…
Көөшүлтүп көл илеби магдырайсың
Көйгөйү көр турмуштун унутулуп…
Керемет көлдүн таңы ушул чакта
Кеп эмес бейиштеги сейил бак да!
Кыялың чардак сымал чаргып учат
Бактылуу жан жок анда сенден башка!..
Алла жана адам
- Аялды не койдуң Эгем, жаратып,
Кыйноо салды - кылчактатып каратып?
- Болсун дегем сени ашык!
- Бир мүнү жок - бар мүчөсү жарашып,
Алтын купа - кош алмасы жанашып...
- Болсун дегем сени ашык!!
- Дидарына айдын нурун жалатып,
Кагелес бой, калтар чачта жарашык...
- Болсун, дегем сени ашык!
- Эгем, эми айтчы сырды мага ачык,
Неге койдуң мээсин бөксө жаратып?
- Болсун дегем сага ашык!
Ата ордуна…
Азезил го согуш баарын жалмаган
Алааматтан азап чекпес барбы адам?
Чырпыгында аталардан айрылган
Менин муунум жетим калып зарлаган.

Тең бөлүнүп жашоодогу бүтүндүк
Өмүр өксүк өтөөрүн биз түшүндүк.
Кан майданда шейит менен кеткендей
"Ата" деген сөздү ооздон түшүрдүк.

Айтпай калдык десек болор бекер кеп
Жерпайды да келдик улам бекемдеп.
Туяктары курман болгон эрлердин
Аздектедик ыйык Ата мекен! - деп.
***
Огунан кас душмандын болуп курман,
Берендер өз Мекенин коруп турган -
Көзөлгөн көөдөндө өрт-жалын өчүп,
Көп шейит жаш чыкканча көзүн жумган.

Өзүңдү байырлаган баба-жетем,
Жоо кирсе, сен деп жанды кыйган экен.
Уулдарың өмүрүнөн артык көрүп,
Сүйгөнгө - аталыпсың ыйык Мекен!
ЭТЮД
Жол болсо барып-келишке
Же жооп берсе периште -
Билмекмин Ысык-Көлүмдөй
Көл бары-жогун бейиште…
Улут ары,
уул жары кыз бала…
Эй кыйындар, мейли тизгин чойгула
Ак сөзүмө кулак салып койгула.
Абалтадан аздектелип беш көкүл
Аруу түшчү алганынын койнуна.
Улут ары, уул жары кыз бала
Бүгүн сойку, кимдер койду жол буга?

Аялзатты сыйлачу эле ким биздей?
Кыргыз келген кызга көз, кир тийгизбей.
Көч баштаса, каймал төөнү жетелеп,
Жорго тартчу жорток атка мингизбей.

Кыз бой тартса тээ абалкы убактан
Куда болчу жуучуларын чубаткан.
Отуз күнү оюн куруп, сеп жүктөп,
Кайын журтка каада менен узаткан.
Беш көкүлүн ата-энеси бөпөлөп,
Адеп-таалим берүү парзы өтөлөт.
Нарк сыйлаган жайыл көрпө ак жупту
Нардын эмес, жардын жүгүн көтөрөт.

Кыз баланы жылдыз санап көктөгү
Бой жеткенде баш кошуучу өз теңи.
Ошол медер өгөй болуп өлкөгө
Араб, кытай, түркүң тарткан көкбөрү.

Ургаачыңды саткандар көп будалап,
Бийкечтерге четтен чыгат "куда" бат.
Жаштайында күйүп кетсе жатыны
Кыргызымда кантип тукум уланат?..

Балдар сүйрөп базарыңда тачкаңды
Карыларың каралбастан ач калды.
Кыраныңдыр кыргыз туусун көтөрчү
Кыйган жанын ымыркайың таштанды.

Кыздар калды эр аттууну ылгабай
Эшек оюн салып жүрөт мында бай.
Сувенирдей жатса апкелип СПИДди
Улут деген калат кантип кыйрабай?!.
Байдылда
деген ким эле?..
Байдылда деген ким эле?
Бала эле тапкан бир эне.
Жалын-чок сындуу ыр чачкан
Жанар тоо болчу тим эле!

Башотун сайып өнөр деп,
Байдыкең кылды көп эмгек.
Опол тоо болмок жазганы
Албаса шайтан көгөндөп..

Болом деп Мидин агамдай
Буфетке кетчү наар албай.
Бөтөлкө менен достошуп,
Бозорду жүзү анардай.

Эл катары наам албай,
Эмгеги туура бааланбай-
Арактан мүйүз чыкпастан
Айранга өттү карандай.

Талантын баалап Чыңгызды
Тааныткын деди кыргызды.
Ала-Тоо койнун аралап,
Ал өзү асем ыр сузду!

Эл эңсеп ырын тыңдачу
Элжиреп жаны жыргачу.
Сымбат-сындан жазбаган
Мырзанын эле мырзасы.

Акын ал келчү кылымда
Муңу жок талант, ырында.
Англис лорду баштанып,
Ак сөөк болчу чынында!

Акындын баары пир деген
Атуул жок аны сүйбөгөн.
Кыргыз деп келип дүйнөгө
Кыргыз деп өттү дүйнөдөн!

Байдыкең кайра жаралбас
Болдум мен ини, каламдаш.
Акындар андай болгонго
Адамзат улуу, аалам жаш!