"Кыргыз Туусу", 16.07.13 Ден соолук
Калк ичинде тез таралган жугуштуу оорулардын бири -
кургак учук. Кийинки жылдарда өлкөбүздө кургак учукка чалдыккан кишилердин саны өсүүдө. Жарандарыбыз жалпысынан бул оору жугуштуу экенин билишсе да, ал кандайча жугаарын, оорунун белгилерин, алдын алуунун жолдорун жакшы билишпейт. Ошондуктан алар үй-бүлөсүнө, тегерегиндеги соо адамдарга жуктуруп жүрө беришет. Ал эми узак дарылоону талап кылган кургак учуктун ден соолукка кесепети өтө чоң. Биз бүгүнкү "Ден соолук" бетинде кургак учуктун залалы жана анын алдын алуу тууралуу кеңири маалымат берүүсүн өтүнүп, Бишкек шаардык кургак учукка каршы күрөшүү борборунун директору Марапат Мойдуновага кайрылдык.


"Суурдун, иттин этин жебей, доктурга гана көрүнгүлө"
- Кургак учук эзелтен бери жугуштуу оору. Ал жөнүндө Гиппократтын учурунан бери жугуштуу оору экенин билишкен жана
ооруп калган кишилерди бөлүп
коюшкан. Бул оорунун козгогуч микробун немец окумуштуусу Кох аныктаган. Кургак учук микробу сырткы чөйрөдө өтө чыдамдуу, аларга кислоталар, щелочтор да таасир этпейт. Чаңда, китептин баракчаларында үч-төрт жылга чейин сакталат. Төмөнкү температурага да өтө чыдамдуу - 26 градуста, андан төмөнкү температурада да тирүү калышат. Ысыткан учурда 60 градуста 30 мүнөт чыдай алат, кайнатканда
5 мүнөттө өлөт. Топуракта, агын сууларда көптөгөн айлар бою жашай алат. Катуу тийген күндүн нуру аларды
5 мүнөттүн ичинде өлтүрөт. Кварц (ультра көгүш) нуруна кактоо микробду бир нече мүнөттүн ичинде жок кылат. Хлор акиташынын кургагы, чыланганы да кургак учуктун микробуна катуу таасир эткен дезинфекциялоочу каражаттардан болуп эсептелет.
Кургак учук оорусу менен бир гана адамдар оорубай, үй жаныбарлары да, атап айтканда уй, ит, мышык, чочко да ооруйт, кээ бир учурларда үй жаныбарлары ооруну таратуучу булак болуп калышат.
- Марапат Мойдуновна, жугуштуу илдет башка адамдарга кандай жол менен берилет?
- Өпкө кургак учугу шарттуу эки түргө бөлүнөт: ачык жана жабык түрү. Ачык түрү менен ооруган кишиде микроб какырык менен, сүйлөгөндө шилекейдин чачырандысы менен, чүчкүргөндө аба аркылуу таркалат. Бир тамчы какырыкта 2-3 миллионго чейин микроб бар. Ошондуктан бир гана ачык түрү менен ооруган киши бир жылда 20-25 кишиге оору жугузат, микроб түздөн- түз дем алуу органдарына жугуштуу какырык аркылуу аба менен берилет. Кургак учук өпкөнү гана эмес башка органдарды, айталы сөөк,
муун, тери, бөйрөк, ичеги-карын, жыныстык органдар, нерв тутуму, көз жана башка органдарды жабыркатат. Бөйрөк учук оорусунда мик-роб заара менен бөлүнөт, сөөктүн,
муундун, бездин кургак учугунда сары суу пайда болуп, топтолгон жерден сыртка бөлүнүп чыгат. Адамдын ооруп калышы жалпы ден соолукка, анан жашоо шартына, тамактануусуна жараша болот. Ошондой эле оорунун тарашына көбүнчө социалдык, экономикалык абал, санитардык-гигеналык шартты толук сактабоо, нервдик-психикалык тынчсыздануу, спирт ичимдиктерин ичүү, тамеки тартуу, баңгилик мүмкүндүк түзөт. Кээ бир оорулар, мисалы кант диабети, өнөкөт бронхит, кош бойлуулук адамдын организминин кургак учукка каршылыгын төмөндөтүп, оорунун пайда болушуна шарт түзөт.
- Демек, ким болбосун жуктуруп алуу коркунучу чоң экен да?
- Ооба, жашына, жынысына жана социалдык ал-абалына карабас-тан, кандай адам болсо да, кургак учукту жуктуруп алуусу мүмкүн. Азыркы тапта жаштар, өспүрүмдөр, жаш балдар арасында кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар кездешүүдө. Бул көрүнүшкө кургак учуктун ачык түрү менен ооруган чоң адамдардын түздөн түз байланышы бар, анткени алардын ичинде дарыларды үзгүлтүксүз, толук аягына
чейин ичпей же такыр эле дарыланбай жүргөндөр кездешет. Ошол адамдар ачык түрүндөгү оорунун жана дарыга туруктуу түрүнүн таркалышынын булагы болот. Кургак учуктун ачык түрү менен ооруган адам чүчкүргөндө, жөтөлгөндө оору айлана-чөйрөгө тарайт. Дени сак адам микробдор менен жугуштуу болуп калган абадан дем алат да, өзүнө жугузуп алат.
Бул социалдык ооруга каршы Өкмөт, Саламаттык сактоо министрлиги, Бишкек шаардык мэриясы көп иш-чараларды көрүп жаткан менен борбордо эпидемиялык абал курч. Себеби, оорунун таркашына ички, тышкы миграция чоң таасир берүүдө. Тышкы миграциядан кургак учук менен ооруп, депортация болуп келгендер бар. Ушул жерден бир мисал келтире кетейин. Бул жактан барып Астанада иштеп жүргөн бир келин кургак учук менен ооруган. Ал болгондо да коомдук тамак аш жаатында иштечү экен. Анын аркасында көптөргө жуктурганы белгилүү болду. Дарыланбай жүрө берип, оорусу өтүшүп кеткенден каза таап калды. Анан шаарыбызда жүздүн тегерегинде селсаяктар бардыгы айтылып келет. Көчө селсаяктарынын ичинде кургак учуктун ачык түрү менен ооругандар жүрөт. Ооруканага жатышса, толук дарыланышпай качып кетип калышат. Алар ооруну тара-туунун биринчи булагы болсо, дарыны ичпей, дарылануудан баш тарткандар экинчи булак болуп саналат. Аларды күч менен жабык мекемеде дарылаганга бизде шарт жок. Дары-дармектер да негизинен гранттардын эсебинен болууда. Ошентип, биз бир жагынан дарылаган менен экинчи жагынан жогорудагыдай болуп, башкалары ооруну жайылтуунун булагы болуп жатышат.
- Кургак учуктун белгилери кандай болот?
- Ага чалдыккан адам узак убакыт бою жөтөлөт. Маселен, үч жумадан ашуун. Денеси ысыйт, алы кетип, түнкүсүн тердейт. Тамакка табити тартпай, салмак жагынан чүнчүйт. Кээде көкүрөк-көөдөн ооруп, кан аралаш какырык чыгат. Көпчүлүк учурда кургак учук оорусу акырындык менен байкалбай, кадимки эле суук тийгендей же сасык тумоодой башталат. Айрым адамдар оорунун алгачкы белгилерине көңүл бурушпай, жумуштан чарчагандыктан, суук тийгендиктен, жөтөлдү болсо чылым чеккендиктен деп ойлошот. Көп учурда оорулуу адамдар бүбү-бакшыга түшүп, же өзүнчө кашкулак, суур, иттин эт, майын дары катарында колдонушуп, оору кабылдап кетет. Өпкө кургак учугунун ачык түрүн анык-тоодо эң негизги маанилүү нерсе какырыкты бактериоскопиялык жол менен үч жолу изилдөө болуп саналат.
Эгерде жогоруда биз санап айтып кеткендей оорунун белгилери байкалса, ал адам дароо үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, аны менен бирге рентгендик изилдөөдөн өтүшү керек. Оорулуу канчалык эрте дарыгерге кайрылса, дарылануу мөөнөтү кыс-ка болуп жана толук айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк бар. Оорунун алгачкы эки-үч айында сөзсүз түрдө кургак учукка каршы ооруканада дарылануу керек. Андан соң төрт-беш ай жашаган жериндеги медициналык мекемелерде: үй-бүлөлүк медициналык борбору, ФАП, ошондой эле кургак учукка каршы күрөшүү борборунда дарыланышат. Дарылоонун мөөнөтүн дарттын оор же жеңилдигине жана категориясына карата дарыгер дайындайт.
- Бул оору менен ооруп калгандарга дары-дармектер жагынан жеңилдиктер каралганбы?
- Кургак учукту табуу - дартты аныктоо жашаган жериндеги медициналык мекемелерде бекер жүргүзүлөт. Кургак учук менен биринчи ооруп калган жана кайталанып ооруган оорулууларга кургак учукка каршы дары-дармектер бекер берилет. Дарылануу убактысы алты, сегиз айга чейин созулат жана такай дарыгерлердин көзөмөлдөөсү менен жүргүзүлөт.
- Адис катары айтсаңыз, кургак учук менен ооруп ка-луунун алдын алуу үчүн эмне кылуу керек?
- Биринчиден, ачык түрү менен
ооруган оорулууну убагында таап, толук айыктыруу зарыл. Көпчүлүк топтолгон жерлерде бөлмөнү бат-баттан шамалдатып туруу керек. Анан, албетте, ар бир адам өз гигиенасын сактап, өз убагында күчтүү тамактануусу керек. Адистер ар дайым адамдарга "Өз ден соолугуңуздар өз колуңуздарда!" деп айтабыз. Эмне үчүн? Анткени, ар бир адам өз ден соолугуна такай көңүл буруп, ар кандай илдеттерге чалдыкпоо үчүн кам көрсө, көп оорулардан, анын ичинде жугуштуу кургак учук оорусунан да алыс
болот.


Эсиңизде сактаңыз
o Бул оору менен ооруган адамдын бир жолку түкүрүгүндө 50 мл. гр. кургак учуктун микробу болот. Ошондуктан ага чалдыккан адамдар ар кайсы жерге түкүрө бербеши керек.
o Оорулуу адамдын дем алуу жолдорунда өтө эле көп сандаган микроб жайгашат, алардын бир түкүргөнүндө 10-12 миң мл.гр. микроб түшөт.
o Акча, тыйын кармаганда да сак болуу керек, себеби бир кагаз же тыйын акчада 37 мл.гр.дан ашык ичке таякча микроб бар экени аныкталган. Өзгөчө акчага түздөн-түз тиешеси бар кызматкерлер, маселен банк кызматкерлери, кассирлер акча кармагандан кийин колдорун самындап жууп турушу зарыл.
o Оорулуу гигиена эрежесин так сактап, жакшы тамактанып, жылдын бардык мезгилинде таза абада көп болушу зарыл. Оору күчөп кетсе, тынч жатып дарыланып, оңоло баштаганда дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап, сейилдеп, денени чыңдоосу керек.
o Анын тамагында жаныбар белогу, маселен эт, балык, быштак, сыр, сүт, жумуртка жетиштүү болуусу зарыл.
o Ал эми мөмө-жемиштерден, айталы помидор, сабиз, кара карагат, лимон, жүзүм ж.б. чийки жеп же ширесин ичкен пайдалуу.
o Оорулу ичкилик ичпөөгө жана тамеки тартпоого тийиш.
o Кургак учук оорулуулардын үй-бүлөсү мезгил-мезгили менен кургак учукка каршы мекемеден текшерилип туруулары керек.
o Кургак учуктун алдын алуу үчүн баарыдан мурда микробдорду таратпоочу чараларды көргөн эп.
o Эгерде оорулуунун жеке бөлмөсү болбосо, өзүнчө керебетке башка үй-бүлө мүчөлөрүнөн 1,5-2 метр алыстыкта жаткырып же көшөгө менен бөлүп коюу керек.