Кыргыз гезиттер

п»ї

22 жылда Кыргызстандан
1 миллион жаран чыгып кеткен

Бул тууралуу кечээ мамлекеттик миграциялык саясат боюнча жумушчу топтун биринчи жыйынында Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов билдирди. Анын айтымында, мигранттардын 640 миңи Орусияга кетип, алардын ичинен 450 миң кыргыз жараны Орусиянын жарандыгын алган. "Учурда миграциялык процесс динамикалуу түрдө өсүүдө. Бул маселе миграциялык саясатты иштеп чыгуучу органдарда эмгектенгендердин бат-баттан алмашып жаткандыгына байланыштуу болууда. Буга байланыштуу атайын жумушчу топ түзүлдү",- деди ал. Жыйында маалым болгондой, Президенттин тапшыруусу менен түзүлгөн бул топ жумасына бир жолу жолугуу менен, миграция маселелерине тийиштүү ар кандай көйгөйлөрдүн алдын алуу жана чечүү иш-аракеттерин талкуулашат жана аларды ишке ашырууга чара көрүшөт.

Жол салуу башталды

Баткен облусунда Ош-Баткен-Исфана автожолунун тилкесин оңдоп-түзөтүү долбоору боюнча курулуш иштеринин башталышынын аземи болуп өттү. Бул жол Ноокат ашуусу аркылуу Көк-Талаа айылынан Пүлгөнгө, Пүлгөндөн Баткенге чейин созулат. Мындан тышкары облуста Айгүл-Таш-Самат жогорку чыңалуудагы электр чубалгысы курулуп, пайдаланууга берилди. Анын ачылышына Өкмөт башчысы катышты.

Кытай менен жол курабыз

Келерки жылга пландаштырылып жаткан өлкөнүн түштүгү менен түндүгүн бириктирүүчү альтернативдүү автожолду курууну баштоо үчүн Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда келишимге кол коюлмакчы. Бул тууралуу Бишкекке келген иш сапарында КЭРдин Тышкы иштер министри Ван И маалымат жыйынында билдирди.

Визасыз тартип киргизилди

Кыргызстан 60 мамлекет менен визасыз каттоо тартибин киргизди. Дагы 22 өлкө электрондук виза ачууга даярданууда. Болжол менен август айында электрондук визаларды ишке киргизүү боюнча сынамык долбоорлор башталат. Учурда өлкөнүн 12 чек ара бекетине жаңы заманбап жабдуулар жана интернет орнотулду. Бул тууралуу Маданият жана туризм министрлигине караштуу туризм департаментинин директору Данияр Казаков маалымдады.

2 алтын, 2 күмүш жана 7 коло

Татарстандын борбору Казань шаарында өткөрүлгөн 27-Бүткүл дүйнөлүк Универсиада-2013 спорт майрамында Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 11 медалга ээ болду. Анын экөөсү алтын, экөөсү күмүш, калганы коло медалдар. Ушундай жагдайда Кыргызстан 26 орунду ээледи.

"Кыргызгаз"
1 долларга сатылды

Россиянын "Газпром" компаниясы "Кыргызгаздын" үлүшүн 1 долларга баалап сатып алды. Ошону менен Россия тарап, анын инфратүзүмүн өркүндөтүү, жаңыртуу үчүн беш жылдын ичинде 20 млрд. рубль инвестиция салууну көздөөдө.

Маалыматтар интернет булактарынан жана өз кабарчыларыбыздан алынды
"Кыргыз Туусу" - 90
Ыраазычылык билдиребиз
Кыргыздын туңгуч басылмасы "Кыргыз Туусу" гезитинин 90 жылдык мааракесине карата уюшулган музейге колдоо көрсөткөндөргө:
Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовго , ЖКнын депутаттары: Бакыт Төрөбаевге, Карганбек Самаковго, Алмаз Батырбековго, Казакстандын Кыргызстандагы элчилигине, Кочкор районунун акими Жылдызбек Шералиевге, ишкерлер: Бейше Намашамовго, Жолдошбек Жетигеновго, "Нефтетрейдерлер" ассоциациясынын мурдагы президенти Жумакадыр Акенеевге, "Турар" басмасынын директору Тилек Мураталиевге, Ош мамлекеттик университетинин ректору Каныбек Исаковго, "Абдыш Ата" компаниясынын директору Совет Сакебаевге, "Кыргызинстрах" компаниясынын директору Элмира Сейдахметовага, Араван цемент заводунун директору Данияр Атабаевге, Ноокат райондук вет-сервистин башчысы Эмил Кааровго, Ноокат райондук үрөнчүлүк кооперативинин жетекчиси Жеңиш Жолдубаевге, Канттагы С.Тентишев атындагы Азия медициналык институтунун негиздөөчүсү Эркин Тентишевге, Панфилов районундагы "Жоодар" фермердик чарбасынын башчысы Төлөгөн Исаковго, "Кут билим" гезитинин редактору М.Сулаймановго терең ыраазычылык билдиребиз.
Бар болгула, бирге бололу, урматтуу бизди колдогон мекендештер!
"Кыргыз Туусу"
гезитинин эмгек жамааты






 

080513

290313

260313

150213

120213

080213

010213

250113

220113

180113






??.??