"Кыргыз Туусу", 02.07.13 Абитуриент - 2013
Ош мамлекеттик юридикалык институтунун
ректору, профессор Эгемберди Токторов:
"Терең билим алууга шарттар түзүлгөн..."

Маектешкен Жыпар Акунова,
"Кыргыз Туусу"

- Эгемберди Самидинович, бүгүнкү күндө бүтүрүүчүлөр кесип тандап, кайсыл окуу жайына кирүүнү чечип жаткан мезгилдери. Албетте, сиз жетектеген Юридикалык институтка кирүүнү каа­лагандар да, институт жөнүндө маалымат алгылары келгендер да көп.
- Ош мамлекеттик юридикалык институту Кыргызстандын түштүгүндөгү адис­тештирилген жалгыз юридикалык окуу жайы. Окуу жайыбыз мамлекеттик аттес­тациядан ийгиликтүү өтүп, түрдүү тармактарга юридикалык кадрларды адистештирип даярдоого лицензия алган. Азыркы мезгилде студенттер сот-прокурордук, адвокатура жана юстиция, тергөө-криминалистика, башкаруу жана укук, укук жана ишкердүүлүк факультеттеринде билим алышууда. Институттун алдында юридикалык колледж да ачылган. Мында 9-классты бүтүрүп келген окуучулар 10-11-класстын окуу программасын үйрөнүү менен бирге укуктук орто билим алышат. Эгерде алар тандаган кесиби
боюнча жогорку билим алгылары келсе, инс­титуттун 3-курсунан окууларын уланты-
шат.
- Юридикалык адистерди даярдоого толук шарттар бар деп ишенимдүү айта аласызбы?
- Биздин окуу жайыбыздагыдай криминалистикалык, атайын адистешкен лабораториялар Түштүк аймагындагы эч бир окуу жайында жок. Бул адистешкен лаборатория-лар ар кандай кылмышты иликтеп, бетин ачууда кылмышкерлер пайдаланган куралдардан тартып издөөдө керектелүүчү заттар, криминалистикалык түрдүү аппараттарга чейин толук жабдылган. Атайын жасалгаланган аудиторияларда студенттер окуу жараянында илим менен техниканын жетишкендиктерине негизделген криминалисткалык аппаратураларды өз колдору менен иштетип, кылмыштын изин ачууда пайдаланылуучу заттарды колдонуп көрүп, мугалим берип жаткан теориялык билимди практика менен айкалыштырууга мүмкүнчүлүк
бар.
Атайын тармактык багытта даярдалган сот залдары болочок юристтердин кесиптик тажрыйбасы студенттик мезгилинен тартып калыптануусуна өбөлгө болууда. Окуу корпустарыбыздын бардыгында дүйнөлүк маа-лыматтарды алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн. Интернетке байланыштырылган компьютердик класстарыбыз дайыма билимге умтулган студенттер менен толуп турат. Заманбап электрондук китепканаларыбызда эл аралык стандарттын талабына жооп берген сабактардын мазмуну камтылган дисктер
бар.
- Студенттердин терең билим алышы көпчүлүк учурда профессордук-окутуучулук курамга байланыштуу болот эмеспи...
- Туура, бул сөзүңүзгө толук кошулам. Өзү терең билбеген окутуучу студентке эмнени үйрөтө алмак эле. Бул жагдай бизде биринчи кезекте эске алынган. Азыркы мезгилде институтубузда эки илимдин доктору, 60тан ашык илимдин кандидаттары студенттерге терең билим берүү максатында эмгектенишүүдө. Окуу жайыбызда аспирантура ачылгандыгы да илимий изилдөө иштерин өнүктүрүп, катарыбызда окумуштуу, мугалимдердин өсүп чыгышына өбөлгө болуу менен бирге, бул тармакка жаштарды көбүрөөк тартууга шарт түзүүдө. Соңку мезгилдерде окуу жайыбыздын "Вестник" илимий-методикалык журналында илимий изилдөө иштерин улантып жаткан мугалимдерибиздин актуалдуу темалардагы макалалары да жарык көрө баштады. Айрыкча жаш мугалимдерибиз менен бирге жөндөмдүү студенттерибиз өздөрүнүн илимий макалалары менен окумуштуулардын республикалык жана эл аралык илимий конференцияларына катышып, илимпоздор чөйрөсүнүн назарын өзүнө буруп жаткандыгы кубанычтуу көрүнүш.
Кадр даярдоодо эл аралык стандарттын талаптарынын деңгээлине умтулуп жатканыбыз үчүн биз чет мамлекеттеги өнүккөн жогорку окуу жайлар менен да тыгыз байланышта иш жүргүзүүдөбүз. Азыр Россиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы жана башка ири өнүккөн мамлекеттердеги университет жана академиялар менен кызматташуу боюнча келишимдерибиз бар. Жакында эле илимпоз мугалимдерибиз менен студент жаштарыбыз Кытайдагы, Казакстандагы жогорку окуу жайларында болуп, тажрыйба алмашып кайтышты.
- Сиздердин окуу жай башка окуу жайларына салыштырмалуу өзгөчөлүгү - жалаң профессионалдар иштейт десек болобу?
- Биз педагогикалык жамаатты түзгөндө профессионалдуулукка өзгөчө басым жасаганбыз. Эмгек жамаатыбызга Ички иштер министрлигинде, сот-прокуратура органдарында жана Улуттук коопсуздук комитетинде 20-30 жыл кызмат өтөгөн чыныгы профессионалдарды кабыл алганбыз. Бүгүнкү күндө көп жылдар Ички иштер башкармалыгында кызмат кылган полковник Төрөбай Насыров, Сейдалы Муратов, сот-прокуратура органдарынын мыкты кызматкерлери Галина Байженова, Айтмамат Эргешов, Рысбай Жусупов, улуттук коопсуздук кызматынын сыймыгы болгон Тажимырза Батырбеков
сыяктуу чыныгы профессионалдар өздөрүнүн кесиптик тажрыйбасын болочок юристтерге үйрөтүп келүүдө. Алар сабак өтүү жарая-
нында эле теорияны көп жылдык кесиптик тажрыйбасы менен айкалыштырып, студенттердин адистик ой жүгүртүүсүн калыптандырып, андан ары шыктандырат. Ошондуктан биз окутуп, тарбиялаган кадрларыбыз республикабызда эле эмес, алыскы, жакынкы чет мамлекеттерде түрдүү тармактарда үзүрлүү кызмат өтөп, окуу жайыбыздын дарегине алкыш алып келүүдө. Жакында эле Россия, Казакстан, Түркмөнстан жана башка мамлекеттердин сот-прокуратура органдарынан бүтүрүүчүлөрүбүздү алкап
ыраазычылык каттары келгендиги биз үчүн
сыймык.
- Сөз арасында "Болочок юристтерди ар тараптан калыптандырууга аракеттенүүдөбүз" дедиңиз. Спорт менен машыгууга, маданий иш-чараларды өткөрүүгө да шарт түзө алдыңыздарбы?
- Институттун маданий-эстетикалык борбору азыркы кезде таланттуу жаштардын чыгармачылыгын өнүктүрүүнүн чыныгы ордосуна айланды десем жаңылышпайм. Ансамблибиз музыкалык аспаптар менен камсыздалган. Кезеги менен ыр-бий сынактары уюштурулуп, чыгармачылык таланты бар жаштар иргелүүдө. Шаардагы окуу жайлардын арасында уюштурулган ыр кеселерде, аймактык жана рес-публикалык түрдүү сынактарда биздин жаштарыбыз чеберчилик менен аткарган концерттик программалары жогору бааланып, байгелүү орундарды ээлегендиги үчүн атайын эстелик дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышууда.
Болочок юристтерибиз түрдүү тармактарга адистешкендиктен, дене тарбиясы жагынан да чың болушу керек. Ошондуктан дене тарбиялык комплексибизде студент жаштар үчүн спорттун каалаган түрү менен машыгуусуна ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Окуу жайыбызда машыккан студенттерибиз шаардык, республикалык спартакиадаларда активдүү катышып, жеңишке жетишип, алтын медаль жана кубокторго ээ болуп келүүдө. Студенттерибизден жеңил атлетика боюнча спорттун чебери Мурзабек кызы Алиса жана кикбоксинг боюнча спорттун чебери Кайназар уулу Бекназар, Рысбек уулу Келечек сыяктуу жаштарыбыз эл аралык аренадагы спортчулардын катарына кошулуп, дүйнөлүк, Азиянын чемпиондугуна ат салышууда.
- Республикабыздагы жогорку окуу жайларына кабыл алуу талон аркылуу жүргүзүлүп калгандыгы коомчулукка маалым. Бул багытта сиздин көз карашыңыз кандай?
- Көз карашым түз эле. Себеби, Билим берүү жана илим министрлигинин жогоркудай ыкмасы кабыл алуудагы корруп-
цияны жоюунун бир багыты деп ойлоймун. Анткени окуу жайлардагы кирүү экзамендерин кабыл алуудагы тааныш-билиш,
тууганчылык жана паракордукка бөгөт
коюлууда. Кээде экзамендерди талаптагыдай тапшыра албаган абитуриенттердин
нааразы болгон жагдайлары да кездешер эле. Азыркы мезгилде биз кабыл алуудагы ар кандай проблемалардан арылууда-
быз.
- Соңку мезгилдерде республикабыздагы ири жогорку окуу жайлар билим берүүнүн дүйнөлүк стандартына өтүүгө умтулууда. Ал эми түштүктө юристтерди адистештирип даярдоочу жалгыз институтта бул багытта кандай иш-аракеттер бар?
- Биз өнүккөн мамлекеттердин жогорку окуу жайларынын билим берүү программалары менен таанышып, өзүбүздүн институтубузга ылайыктуу усулдарын кабыл алганбыз. Билим берүүнүн Европалык системасында иш жүргүзө баштаган окуу
жайыбызда мугалимдерибиздин кесиптик даярдыгын дүйнөлүк стандарттын талабына ылайык даярдоо үчүн атайын окуу курс­тарын уюштурганбыз.
Институтубуздун сырттан окуу бөлүмүндө окууну каалаган жаштар үчүн билим берүүнүн сапатын жогорулатуу максатында дистанттык бөлүмдү уюштурдук. Илгери сырттан окуган студенттер мугалим менен алты айда бир жолу жолугушса, азыр дистанттык окуу бөлүмүндөгү студент маалымат технологиясынын жардамы менен, интернет аркылуу мугалим менен дайыма тыгыз байланышта болуп, үзгүлтүксүз билим алып турат. Анткени дистанттык окуу борборунда мугалим студенттерге окуу программаларын жиберип, тапшырма берип, алардын аткарылышын текшерип, баа коюп турат. Мында бардык маалыматтар айкын көрүнүп тургандыктан, ар кандай коррупциялык кыймыл, аракеттерге бөгөт болуу-
да.
- Сиз жетектеген институт юристтерди тармактарга адистештирип даярдоодо айрыкча "профессионал-
дуулукка басым жасайбыз" дедиңиз. Бул багытта сиздер кайсы мекемелер менен кызматташасыздар?
- Биздин институтубуз Адилет министрлигинин, Ички иштер министрлигинин шаар, облустардагы башкармалыктары жана сот-прокуратура органдары менен тыгыз байланышта иштейбиз. Студенттерибиз практикаларын дайыма жогоруда аталган мекемелерде өткөрүшөт.
Практикасын өтөө мезгилинде алар тажрыйбалуу кызматкерлер менен аралашып жүрүп, өздөрү тандаган тармактагы кесиптин сырларын иш жүзүндө терең өздөштүрүшөт. Көбүнчө жакшы окуган студенттерибиздин жөндөмдүүлүгүн байкап калган жетекчилер аларды кызматка чакырып, өздөрүндө алып калууда. Ошентип тандаган кесибин сүйгөн студенттерибиз практикада жүргөн кездеринде эле өздөрүнүн татыктуу орундарын таап алышат. Ушундан улам, жогорудагыдай жагдайларга таянып айтаар элем, биздин Юридикалык институтту жакшы окуп бүткөн студенттер үчүн кызмат ордун табуу кыйын эмес.