html>"Кыргыз Туусу", 02.07.13 <?php include("0702.htm")?> <!- +++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++ ================================================================= -> <img src="50/2.jpg" border="0" alt = "" hspace="10" align="left"> <b>Айыл мектептери артта калууда</b><br> <b>Жыпар ИСАБАЕВА, "Кыргыз Туусу"</b><br> <b>Быйылкы жалпы республикалык тес­тирлөөдө өлкө боюнча 48 бүтүрүүчү эң жогорку упай топтоп, алтын сертификаттардын ээси болсо, анын ичинен айылдык мектептерден бар болгону төрт окуучу эң жакшы көрсөткүчкө жетише алышкан. </b><br> <br> Бул тууралуу 28-июнда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында КР Президенти Алмазбек Атамбаевдин алтын сертификаттарды, ошондой эле белек катары - планшет жана 5 миң сомдон акчалай сыйлыктарды тапшыруу аземинде маалым болду. Ошол эле күнү Президенттин стипендиясына 27 студент арзыды. Эми алар ай сайын 3 миң сомдон алып туру-<br> шат.<br> Келечек ээлери менен болгон жолугушууда Алмазбек Атамбаев жаштар элитасы менен жолугушуп, алар менен баарлашуу өзү үчүн абдан жагымдуу экендигин билдирди. Ошол эле убакта мамлекет башчысы алтын сертификат ээлеринин арасында айылдык мектептердин бүтүрүүчүлөрү аз экендигин өкүнүү менен айтып, бул көңүл борборунда боло турган өтө чоң көйгөйлөрдүн бири экендигин баса белгиледи: "Бул бизди абдан тынчсыздандырат. Биз бул маселе жөнүндө ойлонушубуз керек", - деди ал.<br> Айткандай эле, эң жогорку упай алган бүтүрүүчүлөрдүн дээрлик бардыгы борбордук мектептердин окуучулары болушкан. Алардын да арасынан эң жогорку - 237 упайды № 61 мектеп-лицейинин бүтүрүүчүсү Анжела Абдразакова алган. Белгилей кетсек, мектептер жана лицейлер арасында ушул лицейден жогорку упайга ээ болгон окуучулар арбын экендиги алтын сертификат тапшыруу аземинде маалым болду. Ошондой эле Бишкектеги Айчүрөк кыздар лицейинин да аты арбын аталды. <br> Ал эми элеттик мектептерден алтын сертификат алуу бактысына туш болгон саналуу бүтүрүүчүлөр - Кадамжайдагы "Семетей" лицейин бүтүргөн Нурболот Акматов, Чүй районундагы № 1 орто мектептен бүтүргөн Яркин Рамиль жана Ош шаарындагы "Олимп" мектеп-гимназиясынан Кызжибек Шайназарова, Жалал-Абаддагы № 1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Арген Бараканов болду.<br> Алтын сертификаттардын жана президенттик стипендиялардын ээлерине Президент өзүнүн күндүз окуп, кечкисин көчө шыпыргыч болуп иштеп, түнкүсүн котормо менен алектенүүгө туура келген студенттик курагы тууралуу айтып берди. "Оор мезгилде кыйынчылыктан тайсалдабастан, аларды жеңе билиш керек. Ошондо гана адамдын мүнөзү калыптанып, курчуйт, күчкө толот", - деди өлкө башчысы жаштарга.<br> Мамлекет башчысы бүтүрүүчүлөр менен студенттерди эч качан келечекке болгон ишенимди жоготпоого чакырды. "Өз күчүңөргө, өз өлкөңөргө, өз тагдырыңарга ишенгиле. Ар дайым жүрөгүңөрдүн айтканы менен болуп, максатыңардан эч качан тайбагыла", - деп үндөдү.<br> "Кыргызстандын келечектеги элитасы менен жолугушуп олтурганыма мен бактылуумун. Силер менен баарлашуу мага жакшы дем берет. Ар бириңерге бакыт-таалай жана чың ден соолук каалайм! Силер - Кыргызстандын келечегисиңер!", - деп сөзүн жыйынтыктады Алмазбек Атамбаев.<br> Сүрөттөр С.Досалиевдики<br> <br> <hr width=10% color=red align=left><br> <br> <br> <font size=3 color=00000><b>Жеңилдетилген насыянын 2,5 млрд. сому берилди</b></font><br> <b>Кечээ Кыргызстанда би-ринчи ирет "Талаа күнү" белгиленди. Тактап айт-сак, түшүм алуунун ал-гачкы сезону расмий ачыл-</b><br> <b>ды десек болот. КР вице-премьер-министри Тайыр-бек Сарпашев чүйлүк дый-кандардын маанайын көтөрүү иретинде жаңы заманбап комбайнга тү-</b><br> <b>шүп отуруп, анын артык-чылыктарын өз сөзүндө да белгилей кетти. </b><br> <br> Тайырбек Сарпашевдин айтымында, жаңы комбайн менен жыйналган түшүмдүн коромжу болушу 1 пайызга да жетпейт. Т.Сарпашев көрсөткөн комбайн бүтүндөй компьютерлештирилген. Жакында мына ушундай жаңы комбайндын үчөө алыскы Баткен облусуна чейин жеткирилиптир. Мындай жаңы техника менен дыйкан бир күндө 45 гектарга чейин түшүм жыйнай алат. <br> 2013-жылы Өкмөт талаачылыкка, мал багууга жана айыл чарба тармагындагы кайра иштетүүчү ишканаларга жеңилдетилген 10 пайыздык насыяларды бере баштаганы баарыбызга белгилүү. Бүгүнкү күндө мамлекет тарабынан каралган ошол 4,5 млрд. сомдун 2,5 млрд. сомдон ашык каражаты дыйкандар менен фермерлерге берилгени кабарланды. Эми быйылкы жылдын жашылча-жемиштеринен кайра иштетүүчү ишканалардын иштетүү үчүн жакындан баштап ишкерлер чөйрөсү да жеңилдетилген насыяларды ала башташат. <br> Айыл чарба техникаларын лизингге алуу­да көпчүлүк фермерлердин көйгөйлөрү окшош. Алар насыянын алгачкы төлөнө турган 30 пайызын таба албай кыйналышууда, бирок муну чечүүнүн жолун Өкмөт иликтеп жатканы да дайын болду. <br> "Талаа күнүн" майрамдоону адатка айландыруу ансыз да түйшүгү тоодой болгон баба дыйкандын жеңилин жерден, оорун колдон алууга бир топ өбөлгө түзөт. Көп жылдардан бери далай жолу жамаачыланып оңдолуп, калдыраган эски техниканы колдон түшүрбөй келе жаткан дыйкандар мындан ары замандын жаңы трактор, комбайндары менен таанышууга, аларды сатып алууга кызыгуусун күчөтүү максаты көздөлүүдө. <br> Акыркы эки жылда мамлекеттин кол-доосу алдында жеңилдетилген тартипте өлкө дыйкандары 800дөн ашык трактор алышкан. Алсак, 2013-жылдын биринчи жарымында эле 276 жаңы трактор аймактарга берил-<br> ген. <br> Белгилүү болгондой, бүгүнкү күндө респуб­-<br> ликабызда лизингге берилген трактордун орточо баасы 20 миң доллардын тегерегинде болууда. Ал 7 жылга чейинки мөөнөттө берилип жатат. Мамлекеттин колдоосу менен лизингге жеңилдетилип, болгону алты пайыздан берилип келүүдө. <br> "Талаа күнүнүн" салтанатын ачууга <br> Айыл чарба жана мелиорация министри Чынгысбек Узакбаев жана чет элдик меймандар да катышты. <br> Кыргызстандын 2013-2017-жылдар аралыгындагы стратегиялык өнүгүү улуттук программасында жакынкы беш жылда айдоо жерлеринин аянтын кеңейтүү талабы коюлганы белгилүү. Өкмөт учурда мына ушул максатта айдоо аянтын жыл сайын кеңейтип ту-<br> руунун үстүндө иштөөдө. <br> Назира АЛИЕВА <br> <br> <hr width=10% color=red align=left><br> <br> <br> <!- +++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++++ ================================================================= -> <?php include("../../bottom.htm")?> </div> <!-- Bootstrap core JS--> <script src="https://cdn.jsdelivr.net/npm/bootstrap@5.2.3/dist/js/bootstrap.bundle.min.js"></script> <!-- Core theme JS--> <script src="js/scripts.js"></script> </body> </html>