"Кыргыз Туусу", 02.07.13 Улуттук кийимдерибизди урматтайлы
Сүйүнчү элим, сүйүнчү! Ушул кубанычымды сиздер менен бөлүшөйүн дедим. Акыркы 23 жылдан бери мындай кубанарлык иштер жеңил өнөр жайыбызда аз болгон эле. Президентибиз Алмазбек Атамбаев "2013-жыл - Иштермандык жылы" деп айткандай, Кыргыз Өкмөт башындагылар "быссымылда" деп өзүлөрү ишти башташты. Мисалга: көп жылдардан бери иштеп келген Республикалык моделдер үйүнүн (РМҮ) имаратына Майрам Акаеванын көзү түшүп, анда иштеп жаткан элди кууп чыгып, РМҮнү жаап салып, имаратын алып койгон. РМҮнүн имараты борбор шаарыбыздын чок ортосунан орун алып, кирпичтен тургузулган үч кабаттуу имарат эле. Ошол жылдардан бери Өкмөт башчыларына - аппараттарына кат жазып, түшүндүрүп, ынандырып жүрүп, эми кудай буюрса 2013-2015-жылдарга планга киргизилди деген жооп алдым. Ал катка (№05-2 Х-617 "15" 01 2013-ж.) Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министринин орун басары С.Асанов кол койгон.

Эгер Республикалык моделдер үйү (РМҮ) ачылып калса:
1. Кыргыздын улуттук кийимдери "жети ата" замандан бери каралбай келет. РМҮнүн аркасы менен улуттук кийимдерибиз изилденип, иреттелип, жаңыланып, заманбапталып турмак. Акыл-эсибиз заман менен кошо өсүп-өнүп баратат, бул - замандын талабы. Ошого жараша улуттук кийимдерибиз да заман менен тең өсүп-өнүгүп, алдыга жылышы зарыл.
2. Кыргызымдын улуттук кийимдеринин улуттук формасына тийбей-өзгөртпөй, өз үлгүсүндө эл аралык, дүйнөлүк стандартка, дүйнөлүк модага, стилге, адамзаты жетишкен жаңы технологияга, инновацияга киргизип, Евразиялаштырмак. РМҮнүн техдокументтери менен дүйнөлүк сапаттарына инженерлер, мода адистери, стилисттер жана көзөмөлдөөчү бөлүм колун коюп, РМҮнүн мөөрүн басып жооп берет.
Союз учурунда РМҮ бар болчу. Кыргызстандагы он чакты фабриканы дүйнөлүк стандарт, модель, стиль технологиясы менен тейлеп турчу, бирок улуттук кийимдерибиз кыргыздардыкы деп каралган эмес. Эгер РМҮ ачылып калса, эли-журтубуз, асыл айымдарыбыз, мырзаларыбыз, президентибиз да өз улуттук кийимдерибизди кийип калышат эле. Башка мамлекеттердин (Индия, Түркия ж.б.) кийимдери Кыргызстандын дүкөн-базарларында сатылып турат. Ал эми Кыргызстанда өзүбүздүн улуттук кийимдерибизди таба албайбыз. Мисалга, кыздарыбыз "шөкүлө" жана "кош этек" көйнөгүн киет элек деп издешет, бирок таба алышпайт базар, дүкөндөрдөн.
3. 2013-2015-жылдарга планга киргизилгендер ишке ашып, РМҮ ачылып калса, ИИМ армиясы менен ӨКМди, саясатчыларды жана өкмөт аппаратындагыларды дүйнөлүк модалуу, стандарттуу, өз элинин улуттук кийимдерин тыкан, жарашыктуу, жагымдуу кийин­-
те турган РМҮ болмок. Кыргызстан боюнча тигүү цехтери менен фирмаларды каалаган кийимдерине заказ, техдокументтер
боюнча дүйнөлүк стандарт, стиль, мода менен тейлеп турмак. Ошентип РМҮнүн аркасы менен бардык тигүү ишин аркалаган цехтер менен фирмалар улуттук кийимдерден тарта аскер формаларын, өрт өчүрүүчүлөрдүн, медкызматкерлеринин кийимдерин тигип беришмек. Бөтөн мамлекеттерге көз каранды болбой, генерал, офицер, аскер жоокерлеринин формалары өзүбүздөн тигилмек, анткени тигүүчүлөрүбүздүн жогорку деңгээлдеги ишмердүүлүктөрү Европа менен Азияга
чейин кетип, атагы чыгып жатат, буюрса.
4. Миң-миңдеген жаштарыбыз иш менен камсыз болушуп, чет жактарга кетишмек эмес. Бардык жакшылыктын башаты, Кыргыз мамлекетинин жүзү - Республикалык моделдер үйү. Биз эне тилибиз жана улуттук кийимдерибиз менен кыргызбыз! Албетте, "Дилбар", "Тариз" жана "Асель" модалар үйү ж.б.лар - булар дагы эл үчүн керек.
Жыйынтыктап айтканда Кыргыз ата тукумунун улуттук кийим-кечелерин элдик салттуу көрүнүш катары колго алуубуз, даңазалообуз керек. Андыктан, Кыргыз Өкмөтүнүн 2013-2015-жж. планы тезирээк ишке ашса экен деп тилек кылалы.
Мен өзүм мурдагы Республикалык моделдер үйүндө он сегиз жыл инженер-технолог болуп иштегенмин, азыр эс алуудамын. Өлкөбүздө кайрадан РМҮ ачылып калса, бардык тажрыйбамды жаштар менен бөлүшүп, болгон күч-кубатымды эли-журтума арнамакмын. Улуттук кийимдерибизди урматтап, сыймыктанып киели демекчимин.
Тамара ХУДАЙБЕРГЕНОВА,
инженер-технолог,
ардагер, Бишкек шаары