Кыргыз гезиттер

п»ї

Конституциялык палатага
башчылар келди
"Тойдун болорунан болоту кызык" дегендей, узакка созулган шайлоодон соң КР Конституциялык палатасынын судьялары - палатанын төрагасын, орунбасарын жана катчысын шайлашты. Эми Муканбет Касымалиев палатанын төрагалык, Эркинбек Мамыров орунбасарлык, Чынара Айдарбекова катчылык милдеттерин аткарат.

Жаңы федерация -
жаңы президент
Республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар жана машыктыруучулардын катышуусунда өткөн спорттун улуттук түрү - Кыргыз күрөшүнүн өнүгүүсүнө арналган уюштуруу съездинде, жаңы уюмдун уставы кабыл алынды жана "Замандаш-Современник" партиясынын теңтөрагасы Эмилбек Өмүракунов Кыргыз күрөш федерациясынын президенттигине шайланды.

Аблязовго ким паспорт берди?
КР Өкмөтүнүн Экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында расмий документтерди, анын ичинде окуу жайларынын дипломдорун даярдоонун мыйзамсыз схемасынын бети ачылган. Бул кылмышка тиешеси бар бир адамдан мамлекеттик мекемелердин 122 жасалма мөөрү жана штампы табылган. Ал Казакстан, Россия жана Украина укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн Аблязов Мухтар Кабуловичке Осмонов Нурдин Бековичтин ысымына жазылган Кыргызстандын паспортун жасап берүүгө катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Таттыбүбүнү эскерип...
Кечээ Нарында КР эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын 70 жылдыгына арналган 5-республикалык театралдык фестиваль башталды. Ага катышуу үчүн өлкөнүн 18 театрынан 300дөй артисттер келишкен. Фес­тивалдын ишине вице премьер-министр К.Талиева катышты.

"Кыргыз коньягы" 5 алды
"Всероссийская марка" эл аралык конкурсунун
жыйынтыгы боюнча, "Кыргыз коньягы" компаниясы "Арашан" бальзамынын сапаты үчүн "Алтын белгиге" татыктуу болду. Бул көргөзмөгө Россиянын 12 аймагындагы алдыңкы ишканалардан тышкары, Кыргызстан, Беларусия жана Абхазия катышкан эле.

Бактыгүл Чотурова -
"Ардактуу профессор"
"Сыйлык жалкы - сыймык жалпы" дейт адатта. "Кыргыз Туусу" гезитинин маданият бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Чотурова Чүй университетинин "ардактуу профессору" наамына татыктуу болду.




 

080513

290313

260313

150213

120213

080213

010213

250113

220113

180113






??.??