"Кыргыз Туусу", 24.05.13 "Мыкты район" сынагына
Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин
милдетин аткаруучу Болот ЧОКМОРОВ:

"Ирригациялык курулмаларды калыбына келтирүү зарыл"
Ак-Талаа - административдик аймак катары, Кыргыз Республикасынын аймагында бийик тоолуу шартта, борбордон 480 км. алыстыкта жайгашкан район. Райондун экономикасын, жергиликтүү тургундардын социалдык абалын көтөрүү багытында акыркы үч жылдык өнүгүүсүнө анализ жүргүзгөндө, табигый суу ресурстарынын жетиштүүлүгү, органикалык жер семирткичтер, жергиликтүү дыйкандардын ишке жарамдуулугу жана арзан жумуш күчү, мал чарбасын өстүрүүгө жайыттардын жетиштүүлүгү, тоют камдоодо жетиштүү айдоо аянттары биздин өздүк ресурстар болуп чыкты. Ошол эле учурда эркин базар экономикасы алыскы Ак-Талаа району үчүн белгилүү көйгөйлөрдүн келип чыгышына себеп болууда. Биринчиден, райондун борбордон алыстыгы жана калкынын санынын аздыгы райондо майда соода жүргүзүүдөн, калкка кызмат көрсөтүүдөн башка өндүрүш тармагын жолго коюуга кедерги болот. Себеби, өндүрүштү өнүктүрүү учурда инвесторлор аркылуу ишке ашып жаткандыктан, алардын алыскы аймак катары республиканын башка аймактары менен бирдей шартта Ак-Талаага келиши кыйын. Анткени ар бир инвестор өз кызыкчылыгына иштөөдө дыкаттык маркетингдик изилдөө жүргүзүп, өндүрүлгөн продукциянын чыгымдарынын аз болушун каалашат. Ошондуктан өндүрүштөн артта калган Ак-Талаа бюджеттен киреше алуучулар турукташып, ишке жарамдуу жумуш күчүнүн миграциялык агымы күчтүү аймак катары калууда. Мындай жагдайдан чыгуу үчүн алыскы аймактардын экономикасын өнүктүрүүдө мамлекет тарабынан өзгөчө экономикалык аймак катары инвесторлорду тартуу максатында жеңилдиктер берилсе жакшы болоор эле.


Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Малды асылдандыруу - учур маселеси

Ошого карабай райондун жергиликтүү калкы айыл
чарбасында, анын ичинде мал чарбасында акыркы жылдарда өнүгүүгө багыт алууда. Малдын башынын өсүшүнүн негизги себеби, жергиликтүү калк малды өстүрүүнү өздөштүрүшкөн, ошондой эле малды асыроодо жайыттардын кенендиги жана жайкысын малдын кол карабагандыгынан мал багуу үй-бүлөлүк кирешенин негизги булагы болуп калууда. 2013-жылдын 1-январына карата мал санактын жыйынтыгында район боюнча 15138 баш ири мүйүздүү мал, 113567 баш кой-эчки, 11504 баш жылкы жана 24420 баш канаттуу катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу кой-эчки 32 башка, ири мүйүздүү мал 126 башка көбөйгөн. Бул 1990-жылдагы статистикага салыштырмалуу ири мүйүздүү малдын жана жылкынын башы колхоз тараардын алдындагы учурга караганда өскөндүгү байкалат. Бүгүнкү күндө малдын саны өскөнү менен малдын сүт багытындагы уйлардын, уяң жүндүү койлордун жана таза кандуу жылкылардын азайышынан малдын асылдуулугу төмөндөп кеткен. Ошондой эле малдан өндүрүлүүчү жүн, сүт, эт, терини иштетүүчү өнөр жайынын жоктугунан натуралай соода жүргүзүүдө малдын баасы төмөн бойдон калууда. Малдын асылдуулугун арттыруу багытында район-
до бир асыл тукум уй чарбасы, үч кой чарбасы бар. Ал эми атайын асыл тукум жылкы чарбасы болбогону менен Ак-Талаанын асыл тукум жылкылары жеке фермерлерде аргындаштырылып, түрдүү мелдештерде алдыңкы орундарды жаратып келет. Малдын жасалма кууттандыруу боюнча жети айыл өкмөтүндө куут пункттары ачылат, районго асыл тукум эт багытындагы "Лимузин", "Кара пёс" аттуу букалар алынып келинип, элдин малына аргындаштырылмакчы.

Буудай сатууга мүмкүнчүлүктөр бар

Райондо мал чарбасынан кийинки негизги тармагы катары дыйканчылык чарбасын белгилөөгө болот. Район боюнча жалпы айыл чарбасына жарактуу жер 319.1 миң гектар, анын ичинен жалпы айдоо аянты 15585 гектар, мунун ичинен суу басканы 14461 гектар, жайыт 176197 миң гектар, токой фонду 74.6 миң гектарды түзөт.
Райондун элинин буудайга болгон бир жылдык керектөөсү 6528 тоннаны түзсө, жергиликтүү дыйкандар тарабынан жылына 4205 га. жер айдалып, жалпы 10096 тонна буудай өндүрүлөт. Башкача айтканда жыл сайын өздүк керектөөдөн тышкары 3568 тонна буудай ашыкча өндүрүлөт. Эгерде район боюнча суу баскан аянттардан бош жер калтырбай айдап, агротехникалык эрежелерди сактоо менен сорттуу үрөндөрдү айдасак, буудайды өндүрүүнүн көлөмүн 13000 тоннага жеткирүү менен азык-түлүк
коопсуздугун алдын-ала гана чектелбестен, эгинди сыртка сатуу мүмкүнчүлүгү түзүлөт.
Бирок жогорудагыдай болжолдоолорго карабастан акыркы беш жыл аралыгында ирригациялык суу курулмаларын оңдоп, калыбына келтирбесек эгинден жана малдан киреше таап жаткан мүмкүнчүлүктөрүбүз азайууга дуушар болот. Ал эми келечекте мал чарбачылыгына тоют камдоодо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылып, райондо дыйканчылыкты өнүктүрүү менен жергиликтүү жарандардын кирешесин көбөйтүү үчүн кошумча суу ресурстарын колдонуп, жаңы суу курулмаларын куруу, айыл чарба техникалары менен кызмат көрсөтүүчү техсер-вистерди уюштуруп, сугат аянттарын көбөйтүү, жергиликтүү жарандардын кирешесин көбөйтүү беш жылдыкта жергиликтүү бийликтин аткара турган негизги максаты болуп калышы керек.
Районубуздун климаттык шарты оор болгондугуна карабастан, жердин кыртышынын асылдуулугу жогору жана негизинен дээрлик бардык айылдарда буудайдын, арпанын орточо бышуучу сортторунан түшүм алууга болот. Артыкбаш эгинди сыртка сатуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында Жалал-Абад, Ош шаарларындагы "Түштүк-Дан", "Ош-Мариям" ун комбинаттары менен сүйлөшүү жүргүзүп, Ак-Талаанын аштык буудайын ички рынокко чыгаруу маселеси чечилүүдө. Мындан сырткары Ак-Талаа районунда тектүү үрөндү башка райондорго сатуу пландарыбыз бар.

Чечүүгө муктаж көйгөйлөр

Ал эми дыйканчылыктын учурдагы абалында айыл чарба техникаларынын эскилиги жана жетишсиздиги айдоо жерлердин убагында айдап себүүсүнө таасир берүүдө. Ошондой эле күйүүчү майлардын кымбаттыгынан кайчылаш себүү эрежелери сакталбайт. Айыл чарба техникаларынын запастык бөлүктөрүнүн кымбаттыгы жана жеринде табылбастыгы, техникаларды оңдоо сервистеринин жоктугу жазгы айдап себүү жана оруп-жыюу мезгилдеринде убарагерчиликти жаратуу менен жыйын-тыгында түшүмдүүлүккө терс таасирин тийгизип келет. Дыйканчылык маданиятындагы жерди которуштуруп айдоо, жер семирткичтерди пайдалануу колго алынбагандыктан, дээрлик көпчүлүк дыйкандар түшүмдүүлүктү 25, 30 центнерден ашык ала алышпай келүүдө. Чындыгында эсеп жүргүзгөндө 1 га. жерден 25 центнерден түшүм алынганда гана кеткен чыгым жабылаары бышык. Мындан сырткары түшүмдүүлүктү жогорулатуунун бирден бир багыты бул - сапаттуу үрөн. Учурда районубузда алты үрөн чарбасы уюштурулганы менен тектүү үрөндүн баасы кара-пайым дыйкандар үчүн кымбатка турууда. Ошондой эле үрөнчүлүк чарбалардын өндүргөн эгиндерин толук өлчөмдө сатуу кыйынчылыкты жаратат. Акыркы беш жылда дан эгиндерин айдоо салыштырмалуу кескин азайып, жергиликтүү элдин мал чарбачылыгына ыкташы же көп жылдык чөпкө, тоютка өтүп жаткандыгы байкалат. Ошондуктан райондун дыйкандарына мамлекеттик колдоону күчөтүү менен тектүү үрөн өстүрүүчүлөргө мамлекеттик жер фондусунан бекер жер берүү менен жергиликтүү салык төлөмдөрүн азайтуу жана өндүрүлгөн үрөндү сатууну уюштурууга жардам берүүбүз керек.

Сугат тармагына көңүл бурулат

Мына ушундай иш пландарга, болжолдоолорго карабас-тан акыркы беш жыл аралыгында ирригациялык суу курулмалары оор абалда. Бул маселени чечүү менен биз Кыргыз Республикасынын Президентинин жетекчилиги менен бекиген "Туруктуу өнүгүүнүн жол картасында" белгилеген кошумча сугат аянттарын көбөйтүү максатында, эң негизгиси жергиликтүү жарандардын кирешесин көбөйтүү үчүн кошумча суу ресурстарын колдонуп, жаңы суу курулмаларын куруу аркылуу 2012-жылга карата 180 га. пайдаланылбаган жерге суу чыгарылат. Мындан сырткары айыл
чарба техникалары менен кызмат көрсөтүүнү жакшыртуу максатында ар бир айыл өкмөтүндө техникалык сервистерди уюштурабыз. Быйыл Тоголок Молдо жана Кара-Бүргөн айыл өкмөттөрүндө "Өнүгүү" партиясы аркылуу техсервис уюштурулду.
Райондогу дыйканчылыктын аба-
лын анализдегенибизде жергилик-түү дыйкандар өндүргөн эгинин өз баасында сата албагандыктан, дан эгиндерин азайтып, көп жылдык чөпкө өтүп кетип жаткандыгы байкалган. Мындай кырдаалдын алдын алуу максатында ар бир айыл өкмөтүнө үрөн участкасын уюштуруу, көмөкчү чарба түзүү талаптары коюлуп, өндүрүлгөн эгинди сатууну уюштуруу боюнча иш жүргүзүлүү-дө.

Инвестициялык
долбоорлор даяр

Районго инвестиция тартуу-нун көлөмүн өстүрүүдө, өзгөчө сырттан тартууда инвестиция булактары жана анын шарттары тууралуу маалымат булактарынын жетишсиздиги кедерги­син тийгизип келүүдө. Ошого карабастан 2013-жылга карата өнүгүү программасынын алкагында жалпы район боюнча 73 долбоор
даярдалып, быйылкы жылга 428703 миң сомдук инвестиция тартуу пландаштырылууда. Мындай көрсөткүчкө жетишүү үчүн
райондун борборунда инвестиция менен иштөө борбору жана аны иштетүүчү инвестициялык кеңеш түзүү пландаштырылууда. Ошол эле учурда бул кеңешменин негизги максаты сырткы жана ички инвестиция булактарын табуу, аларга долбоор даярдоо, ошондой эле жергиликтүү жарандардын инвес­-
тиция жана инвестициялык долбоорлор менен иштөөсүн үйрөтүү болуп саналат. Өзгөчө айыл элинин социалдык муктаждыктарын түзгөн көйгөйлөрдү аныктап чыгуу менен аларды чечүүдө үзгүлтүксүз жана натыйжалуу иштеши үчүн
айыл аймагынын денгээлинде инвестициялык бирикмелерди түзүү
керек.

Кен толук
пайдаланылбайт

Экономиканы өнүктүрүүнүн локомотиви болуп өнөр жай өндүрүшү эсептелинсе, райондо
өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү төмөнкү деңгээлде калууда. Район-
дун борбордон алыстыгы, климаттык оор шарты жана калкынын аздыгына байланыштуу өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүдө инвесторлорду тартуу, кайра иштетүү ишканаларын ачуу жагы жакшы жолго коюлбай келүүдө. Райондун аймагында негизги тоо-кен өнөр жай тармагы болуп "Турук" көмүр кени эсептелинет. Көмүрдүн сапаты жагынан Сүлүктү кенинен кийинки орунда турат. Бул кенге баруучу жолдун татаалдыгынан, көмүр керектөөчүлөргө жет­-
кирүүнүн алыстыгынан учурда көмүр кенин иштетип жаткан "Сардар", "Кенч-Строй" ЖЧКлары Ак-Талаа, Ат-Башы райондорунун муктаждыгын камсыздап
келет.
Бүгүнкү күндө эки райондун муктаждыгы 15 миң гана тоннаны түзөт. Ал эми аталган фирмалар мындан ашыкча казуу мүмкүнчүлүктөрү бар. Бирок казылган көмүрдү сатуу-
да сунуш болбогондуктан ушуну менен чектелишет. Ошол эле учурда көмүр керектөөчүлөр тарабынан көмүр кенинин сапаттуу кесек массасын алуу көп болгондуктан, майда көмүр калдыктары пайдаланылбай калууда. Мындай маселени чечүү үчүн жергиликтүү жана башка инвесторлор аркылуу майда көмүрдү пайдаланууда көмүр брикеттерин жасоочу кичи цехтерди, кирпичти бышырууга көмүр отуну болгондугуна байланыштуу кирпич заводун салууга мүмкүнчүлүк дагы, жергиликтүү элдин муктаждыгы да бар. Мындан сырткары майда көмүр калдыктарын жогорку чыңалуудагы көмүр казандарына тартуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасына киргизүү зарыл. Өнөр жай продукциясын өндүрүүдө экинчи кезекте калктын өндүрүштүк ишмердүүлүгү же ун тартуу, жыгач иштетүү, кийим тигүү жана айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү (сары май, кийиз жана шырдак жасоо)
кирет.
Жогорудагы райондун негизги социалдык-экономикалык көрсөт­күчтөрүндөгү анализ көрсөткөндөй, райондун экономикасына жана социалдык өнүгүүсүнө тоскоолдук жараткан төмөнкүдөй кыйынчылыктар бар. Райондо суу баскан аянт жетиштүү болгону менен ирригациялык курулмалардын абалы оор абалда. Ошондой эле айыл чарба техникаларынын жетишсиздиги, эскилиги дыйкандардын эгин эгүүсүн азайтууда. Райондун борбордон алыстыгы, өнөр жай, кичи ишкердик менен алектенүүдө атаандаштык түзүүгө кыйынчылык жаратып, алыскы район катары социалдык инфратүзүм, жол каттамы начар.
Өнөр жайынын жоктугунан жумушсуздуктун деңгээли жогору, миграциялык агым күчтүү. Айыл чарба продукцияларын сатууда кайра иштетүүчү ишкана болбогондуктан, алып сатарлардын арзан алышынан малдын продукциясын көбөйтүүгө кызыкчылык аз. Демек, тургундардын негизги турмуш-тиричилиги айыл чарбасына тыгыз байланыштуу болгондуктан, жогорудагы аталган көйгөйлөрдү четтетүү үчүн мамлекеттик деңгээлде кам көрүлүшү зарыл.