"Кыргыз Туусу", 24.05.13 Кароол чоку
Биз жеген тоок этинин сапаты кандай?
Кыргызстанда тоок эти бүгүнкү күндө эң көп талап кылынган негизги азыкка айланды.
Мунун башкы себеби - анын баасынын төмөндүгү. Бирок башкы маселе азыктын баасында эмес, анын сапаты жана кандай жайда сатылып жаткандыгында болууда.
2011-жылы Кыргызстанга жалпысынан 76 миң 300 тонна эт азыктары алынып келген болсо, 2012-жылы да ошондой эле өлчөмдө эт импорттолгон. Анын 66 миң 445 тоннасын тоок эти түзсө, калган 9 миң 843 тоннасын чочко, жылкы, уй, балык эти жана балык азыктары түзгөн. Бизге келген тоок этинин 41 миң 350 тоннасын Америкадан, 14 миң 816 тоннасын Кытайдан жана калган бөлүгүн Бразилиядан жөнөтүшөт. Сырттан келген тоок этин коомчулук ар кандай шектенүү менен кабыл алат. Импорттолгон азыктардын сапаты кандай, кандай текшерүүлөрдөн өтөт жана ага кандай талаптар коюлат? Ушул суроого жооп алуу максатында Мамлекеттик ветеринария инспекциясынын көзөмөлдөө башкармалыгынын начальниги Жусупов Ашырбайга кайрылганыбызда, ал ветеринардык көзөмөлдөр толук жүргүзүлөрүн айтып, мындай деди:
- Бизге тоок эти ветеринардык, санитардык ченемдер боюнча сапаты тууралуу сертификаты менен келет. Бул бизге биринчи негиз болот. Экинчисин биз келгенден кийин текшерүү жасайбыз. Эгерде кандайдыр бир шек бар болсо, аны республикалык лабораторияда текшеребиз. Эгерде шектенүү жана башка маселелер жок болсо, температуралык режим санитардык-ветеринардык абалга жооп берсе, анда базарларга сатканга уруксат беребиз. Биз Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгондуктан, алардын бардык эрежелерине баш ийебиз.
- Эт азыктары тез бузулуучу жана ар кандай ооруларды жугузуучу болгондуктан, эт азыктарынын сапаты, ветеринардык-санитардык абалы өзгөчө мааниге ээ. Сырттан келген этке коюлган негизги талаптар кайсылар?
- Биринчиден, эт азыктары келген жерде жугуштуу оорулар болбош керек. Экинчиден, температуралык режим туура сакталыш керек, үчүнчүдөн, сактоо мөөнөтү туу­ра болуш керек. Кыскасы ветеринарияга тиешелүү нормативдердин баары сакталыш керек..
- Бүгүнкү күндө өлкөбүздөгү базарларда санитардык-ветеринардык абал бардык жерде бирдей жана жүз пайыз таза сакталат деп эч ким кепилдик бере албайт. Бир канча базарда жылдын төрт мезгилинде тең тоок эти ачык эле сатылып жаткандыгы факт. Ветеринардык-санитардык ченемдер боюнча тоок эти муздаткычтарда сакталып, тиешелүү температуралык абал ар дайым кармалыш керек. Бирок күндөлүк турмушта бул ченемдер сакталбай жаткандыгына кандай дейсиз?
- Базарларда тоок эти ар дайым муздаткычтарда сакталыш керек, ачык сатылганга уруксат жок. Биздин ветеринардык кызматкерлер буларды көзөмөлдөйт. Тилекке каршы, бизде ачык саткан фактылар бар жана биз аларды жоюу үчүн бир катар иштерди жүргүзүп жатабыз. Эгерде тоңдурулган тоок эти ачык сатылса, 2-3 сааттан кийин эттин курамы бузулат. Тоок эти бузулганда аларда бир канча бактериялар пайда болуп, жугуштуу инфекциялар өөрчүйт. Бузулган тоок эти адамдарга өлүм алып келиши да мүмкүн.
Ушул эле жагдай боюнча борбор калаанын Ош базарында ачык эле жайда тоок этин саткан Т.П мындай деди:
- Күнүнө 50 килограммдан ашык сатабыз. Бул тоок этинин ден-соолука эч кандай зыян жактары жок, биз өзүбүз деле алып жеп жүрөбүз, эч кандай зыян жагын көрбөдүк.
"Тоок этинин тоңдурулуп сакталуусу негизинен кандай болуш керек?" - деген суроо­го республикалык ветеринардык дартты аныктоо борборунун директорунун орун басары Асан Кыдыров мындайча жооп берди:
- Ар бир тоңдурма­нын мөөнөтү болот, эгерде эт тоң­ду­рул­баса чирип кетет. Сактоо мөөнөтү сакталуучу жайдын шартына, канча градусту кармап туралгандыгына карап сакталат. Бул уйдуку экен, бул 5 жылга болот, бул тооктуку экен бул 3 жылга болот, деп айта албайбыз. Тоңдурулган эт кандайдыр бир убактысы менен улам текшерилип турат жана сакталуучу жайга карата сактоо мөөнөтү коюлат.
Кыргызстанга келген тоок эти бажы бекеттеринде ветеринария инспекциясынын кызматкерлери тарабынан текшерүүдөн өтөт. Эгерде товардын сапаты кандайдыр бир шектенүүлөрдү жаратса, анда тоок эти сыяктуу эле импорттолгон бардык эт азыктары республикалык ветеринардык дартты аныктоо борборуна жиберилет, изилденип, товардын сапаты аныкталып, акыркы жы­йынтык чыгарылат. Бул ишти республикалык ветеринардык дартты аныктоо борборунун директорунун орун басары Асан Кыдыров төмөнкүчө билдирди:
- Биздин борборго бажы бекеттеринде текшерүү убагында кандайдыр бир шектенүүлөр болсо кайрылышат. Шек жараткан эттин сапатын текшерип, изилдеп беребиз. Кээде чоң партиядагы эт азыктары утилизация болуп жатпайбы, ошол биздин жыйынтык боюнча жараксыз деп табылат. А биз өзүбүз барып текшергенге укугубуз жок.
Республикалык Ветеринардык дартты аныктоо борборунун директорунун орун басары Асан Кыдыровдун айтымына караганда, борборго жеке адамдар да көп кайрылышат. Алар ар түрдүү этти (анын ичинде тооктун эти да бар) туура эмес алып алышып, ал эттин лабораториялык анализдерин билүү үчүн алып келишет.
- Сапаттуу этти тандоону элдин баары эле биле бербейт, үйүнө барып бышырса эле жагымсыз жыт чыга баштайт, анан бизге алып келишет. Мындай учурлар да болот: Бирөө бирөөнөн чоң партиядагы этти байкабай алып алат да, анан экөө ызылдашып бизге келишет. Анан биз эспертизанын жыйынтыгын беребиз. Бузулган азыкты алабы же албайбы, ал аны өзү чечет, -дейт республикалык Ветеринардык дартты аныктоо борборунун директорунун орун басары Асан Кыдыров.
Тоок этин сырттан алып келүү оңой жана алардын сапатын ар дайым эле талаптагыдай деп айтууга негиз жок. Импорттолгон тоок этине болгон ар түрдүү шектенүүлөрдү жоюу үчүн, албетте, өлкөбүздөгү тоок чарбасын өнүктүрүп, тоок этине болгон талапты өзүбүздө өндүрүлгөн тоок эти менен камсыз кылыш керек. Бүгүнкү күндө өлкөбүздө тоок чарбасын өнүктүрүү кандай жүрүп жатат? Муну билүү үчүн мал чарбасын инновациялоо жана өнүктүрүү башкармалыгынын начальниги Мамаев Сулайманга кайрылганыбызда ал:
- Учурда Кыргызстанда жалпысынан 8 тоок фабрикасы бар, алардын баары жеке менчик фабрикалар. Булар жалпы этке болгон талаптын 25%ын гана камсыз кылат. Алардын сапаты бардык талаптарга жооп берет жана эч кандай антибиотиктер азык катары колдонулбайт. Алар ветеринардык жактан дарылоо үчүн гана колдонулат. Бизде өндүрүлгөн тоок эти импорттолгон тоок этине караганда бир аз кымбат. Себеби, бизде электр энергиясы жана тоют кымбат. Мисал үчүн бизде өндүрүлгөн тоок этинин 1 килограммы 150 сом болсо, импорттолгон тоок этинин 1 килограммы 120 сом болот. Өлкөдөгү тоок чарбасын өнүктүрүүдө тоют базасынын кымбат болуусу жана импорттолгон тоок этинин арзан болуусу башкы тоскоолдук болууда, - дейт ал.
- Тоок этин импорттоону азайтуу жана тоок этине болгон керектөөнү өлкөбүздө өндүрүлгөн тоок эти менен камсыз кылуу бул - биздин башкы максатыбыз. Ал максатка жетүү үчүн күжүрмөн эмгек жана бир канча жыл убакыт талап кылынаары анык. Учурда өлкөбүздө тоок чарбасын өнүктүрүү боюн­­­­­ча кандай иштер жүрүп жатат?
- Азыр мал чарбасын өнүктүрүү боюнча стратегия кабыл алынып, иштеп жатат. Бардык облустарда тоок чарбасын өндүрүү, тоют чарбасын түзүү, жем даярдоо жана башка ушул сыяктуу маселелер боюнча программалар даярдалып жатат, - деди Сулайман Мамаев.
Базарлардан кеңири жай алган сырттан келген тоок этинин ордун башка эттер менен алмаштырууга убакыт келди. "Арзандын шорпосу татыбайт" дегендей, сырттан келген тоок этинин кантип жана кандай жайда өндүрүлгөндүгү эч кимге белгисиз. Ага кошумча катары биздеги сатылып жаткан жайларда да 100 пайыз санитардык-ветеринардык көзөмөлдүн жоктугу өкү­­нүч­түү. Бул маселелерди чечүү мамлекеттик уюмдардын гана эмес, өзүнүн жана урпактарынын дени сак болушуна кайдыгер карабаган ар бир жарандын да ыйык милдети.
Айпери ЖУМАБАЙ кызы





Эртелеп даярдансак, эртең мыйзам бузуулар болбойт
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Эки жылдан кийин Кыргыз Республикасында удаасы менен саясий ири өнөктүктөр башталат. 2015-жыл - өлкөбүздөгү парламенттик шайлоолор, 2016-жыл - жергиликтүү кеңештерге шайлоолор, 2017-жыл президенттик шайлоолор өтчү жылдар.
Биздин өлкөдөгү революцияларга мына ушул шайлоолор негизги себеп болгондугу да биздин турмушубуздагы реалдуулук.
Мына ошондуктан азыркы бийликтер тарабынан кийинки шайлоолор мыйзамдардын чегинде калыс, акыйкат жана таза өтүшү үчүн азыртадан баштап даярдыктар көрүлө баштады.
22-майда Президент Алмазбек Атамбаев "Кыргыз Республикасында шайлоо системасын өркүндөтүү боюнча иш-чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду.

- Жарлык акыркы үч ай аралыгында жүргүзүлгөн ишти жыйынтыктап турат, - дейт Президенттин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев. - Президент март айында бизге Туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин отурумуна ушул маселени даярдоо боюнча тапшырма берген. Анткени өлкөнү өнүктүрүү боюнча стратегияда шайлоолор ачык, таза өтүп, жарандарда ишеним жаратышы керектиги айтылган.
Президент өзүнүн жарлыгы менен бекиткен жумушчу топтун биринчи кадамы - ушул шайлоолорго даярдыктарды көрүү. Шайлоо­лордогу чуулгандардын баарына мыйзамдардын өркүндөтүлбөгөндүгү, мыйзамды туу­­ра колдонуу практикасынын жоктугу себеп болуп келген. Ал эми 2015-жылдан баштап 3 жылда шайлоо өнөктүктөрү турат.
Жумушчу тобунун курамына парламенттин 5 фракциясынын ар биринен 2ден депутат, өткөн шайлоодо көп добуш алышып, бирок парламентке өтпөй калган 3 партиянын бирден өкүлү, кийин түзүлүп, жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо көпчүлүк добуш алышкан "Өнүгүү", Улуттар биримдиги" жана "Реформа" партияларынан бирден өкүл, президенттин, өкмөттүн, БШКнын, Жогорку соттун, Башкы прокуратуранын, бир сөз менен айтканда шайлоо процессине тартылчу бардык органдардын өкүлдөрү киришкен. Андан тышкары жарандык коомдун өкүлдөрү да бар.
Жумушчу тобунун ишинин этаптары жарлыкта так көрсөтүлгөн. Анын отурумдары ачык өтөт, бардык каалагандар катыша алышат. Биз ишибизди 2014-жылдын апрелинде мыйзамдарды, ченемдик актыларды кабыл алуу менен аякташыбыз керек. Анткени парламенттик шайлоолорго туура бир жыл калганда шайлоолор өткөрүлчү бардык жоболор орнотулуп, алар катардагы шайлоочудан баштап саясий партияларга чейинки, участоктук шайлоо комиссиясынан БШКга чейинки шайлоо процессинин бардык катышуучулары тарабынан бирдей түшүнүлүп жана бирдей колдонулушу зарыл. Мына ошондуктан шайлоого бир жыл калганда эрежелерге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү токтотуу зарыл.
Президенттин жарлыгынын өзүнчө пункту менен өкмөткө калктын актуалдаштырылган бирдиктүү мамлекеттик регистрин түзүү тапшырылган. Мында ар бир жаран өзүнүн жекече номерине ээ болот жана базага киргизилет. Ал 2014-жылдын экинчи кварталынын аягына чейин бүтүүгө тийиш. Ал шайлоого гана эмес, башка мамлекеттик муктаждыктар, мисалы, пенсияларды, жөлөкпулдарды, стипендияларды жана башкаларды төлөөгө, укук бузуулар, кылмыштуулук менен күрөшүү үчүн да иштеши керек.
Мындан тышкары БШК шайлоолордун мыйзамдуулугун, ачыктыгын камсыздоо, жасалмалоого жол бербөө үчүн зарыл заманбап техникалар менен жабдылмакчы. Азыр дүйнөдөгү эң жаңы технологиялар каралып, тандалып алынууга тийиш. Биз мындан каражат үнөмдөбөөгө тийишпиз, анткени алдыдагы шайлоолор канчалык таза болсо, калкта бийликке ишенич ошончолук чоң болмокчу.
Жумушчу топ тарабынан мурдагы шайлоолордогу кемчиликтер эске алынып, учурдагы мыйзамдарга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилмекчи.