"Кыргыз Туусу", 24.05.13 Окугандан кийинки ой
Улукман сөзү -
улуу сөз
Кыргыз Республикасынын Баатыры, атактуу хирург, академик Мамбет Мамакеевдин жаңыдан гана "Турар" басмасынан чыккан "Мезгил жана инсан" аталыштагы ички мазмуну бай китебин өткөн жылдын 20-сентябрында,
85 жылдык мааракесинин алды жагында өз колунан алган элем. Чынын айтсам мен китепти ошондо эле эртели-кеч, жумуштан бош убактымда бир дем менен окуп чыгып, өз пикиримди кадырман калкыбызга, анын окурман жамаатына жеткизсем деп ниеттенгем. Тилекке каршы, "Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет" дегендей, анда ойду ишке ашырууга чоло болбоду.
Мындай мүмкүнчүлүк, Кудай жалгап эми келди көрүнөт: жакшылыктын эрте-кечи болбойт эмеспи.


Мамбет агайды адегенде сыртынан угуп-билип, анан Жогорку Кеңеште депутат болуп жүргөнүбүздө жакындан таанып, көзмө көз көрүшүп, сүйлөшүп жүрсөк да, тили элпек, сөзгө канык, мыкты аңгемечи экенин кийинчерээк, 75 же 80 жылдыгына байланыштуу беле, айтор, мурдагы бир мааракесине арналып чыккан көк түстөгү чаканыраак эскерүү китепчесинен билип калдым. Ошондо мага айрыкча таасир калтырганы - балалык жана жаш чактарында көргөн оор турмушу, көз жарган үйүндөгү ит минген кедейликти тарткан кыйын күндөрү болчу.
"Мезгил жана инсан" китеби андан аталышы боюнча да, сырткы көлөмү, ички маани-мазмуну боюнча да олуттуу
айырмаланып турат: эгер мурдагы китеби негизинен өмүр-баяндык, жеке үй-бүлөлүк, кесиптик нукта, камералык маселелерди камтып жазылса, мунусу ал материалдарды
доор, өлкө, дүйнө менен эриш-аркак айкалыштырган панорамалык чабытка ээ. Буга: "Ким элем, ким болдум?" - деген кыска бет ачаар, "Заман агымында өткөн көрүнүктүү окуялар", "Жогорку Кеңешке депутат болгон убагым", "Кыргызстандын жетекчилери жана коомдук турмуш", "Чет мамлекетке хирургдардын съездине, конгресске барганда" аттуу бөлүмдөр күбө боло алат.
Жалпысынан китепке кирген материалдарды бири-бирине тыгыз чырмалышкан үч топко бөлсөк болот: биринчиси, автордун керт башына, үй-бүлөсүнө байланыштуу, экинчиси, кесипке, кызматка, кесиптештерге, (медицина тармагына), арналган, үчүнчүсү, коомдук-саясий жана мамлекеттик иштерди камтыйт.
Мага айрыкча жакканы, өзгөчө таасир калтырганы дале болсо автордун бала чагы жана жаш кези, ата-энеси, жакын туугандары, өзүнүн кулк-мүнөзү тууралуу ачык-айкын, чындык кеп болду. Ооба, бул бөлүмдөрдө ("Тагдыры таш жолдуу бала чагым", "Энем Батыйды бир күн да эсимден чыгарбайм", "Атамды эскерүү", "Үй-бүлөм жөнүндө") эскерме китеп жазган башка көптөгөн кыргыз коомдук-саясий, мамлекеттик, маданий жана илимий ишмерлерден, атүгүл дасыккан жазуучулардан айырмаланып, автор караандай мактоо-жактоолорго азгырылбастан, өзүнүн, атасынын, баласынын, кайсы бир урук-туугандарынын кемчиликтерин ачык айтып, моюнга алат. Мындай ачык-айрымдыкты, өзүнө жана үй-бүлөсүнө карата сынчыл мамилени жана чынчылдыкты мен мурда Сенека менен Марк Аврелийдин, Монтень менен Рулонун, Толстойдун, Достоевскийдин, Горькийдин (аларды, менимче, Мамакеев окуса керек) күндөлүктөрүнөн, чыгармаларынан, өзүбүздөн Мукай Элебаевдин "Узак жолунан" жолуктурганым
эсимде.
Бул - адамдарда чанда гана кездешчү өтө бийик сапат. Андай сапатка ээ адам, албетте, өзүн эле эмес, өзгөлөрдү сы-ноого да укуктуу боло алат. Ошол себептүү М.Мамакеевдин китебинде мугалимдери, кесиптеш устаттары жана шакирттери, Кыргызстандын көрүнүктүү коомдук-саясий жана мамлекеттик ишмерлери тууралуу берилген оң жана терс баалар, мүнөздөмөлөр (арийне, далилдерге негизделген) моралдык-психологиялык жактан ылайыктуу жана ынанымдуу көрүнөт. Акыркы маанидеги адамдарга И.Ахунбаев, З.Эгембердиев, О.Тургумбаев, Э.Акрамов, саясий ишмерлер Т.Усубалиев, А.Карыпкулов, А.Акаев, К.Бакиев кирет.
Түпкүлүгүндө ушундай максат, психология илиминде багыттама (установка) деп койчу көрүнүш, М.Мамакеевдин китебинде атайын коюлган: "Окурмандарга эскерте кете турган сөз - бул китепте бир дагы алымча-кошумча, кооздолгон жок. Башынан аягына чейин менин өз колум менен иштеген, жасаган, өз көзүм менен көргөн, кулагым менен уккан, башымдан өткөн унутулгус окуялар эстелип жазылды. Алдыдагы максат - баяндалып айтылган нерселер окурмандарга, айрыкча медиктерге жана башка жаш муундарга анча-мынча болсо да сабак болуп калса экен деген эле астейдил
тилек".
Демек, М.Мамакеевдин эскерме китебинде кооздолгон сөз да (көркөм адабияттагыдай), обу жок акылдуусунуу, ойчулдук (философтук) кылуу да же ар кимдин сөздөрүнөн үзүндү келтирүү жок. Анын башкы сапаты дагы бир ирет кайталагыс өзүнө жана өзгөлөргө, турмушка берилген чынчыл жана сынчыл баада.
Ушундан келип китептин экинчи баалуу сапаты - тилинин жөнөкөй жана жатыктыгы, элпектиги, зарыл учурларда сөзгө байлыгы баамга урунат. Балалык жана студенттик курактарга арналган эскерүүлөрдө атүгүл нукура адабий (турмуш-тиричиликтик, пейзаждык) сүрөттөөлөр да учурап
калат.
Китептеги үчүнчү маанилүү касиет - автордун эс-тутумунун ар кандай турмуштук кырдаалдарга, кесиптик иштерге, мезгил-мерчемдерине, адам аттарына, кыял-жоругуна, мүнөз белгилерине өтө тактыгы, ишенимдүүлүгү. Ушундан улам китеп бир чети медицина, өзгөчө хирургия боюнча, экинчи чети ушул кесипти эш туткан белгилүү инсандар жөнүндө өзүнчө эле пайдалуу маалымдама катары туюлат.
Мамбет агайдын атак-даңкы, алган наам-даражалары атпай кыргыз журтуна гана эмес, андан сырткары жактарга да жакшы дайын. Алардын баарын өзү да "Ким элем, ким болдум?" - деген бет ачаарда эки бетке түгөл санактап: "Жогоруда алынган даража-наам, сыйлыктар, элдик чоң урматка мен кантип жеттим?" деген суроо коёт да, мындайча
жооп берет: "Бул аксакалдык даража - бак-дөөлөткө жетиш үчүн эмне деген гана азап-тозокторду көрбөдүм! Акырында ошол азап-тозокторду майышпастан жеңип, көшөрө иштеген эмгек менен жүрүп, көздөгөн максатыма жеттим го деп
ойлойм".
Агайды жакындан тааныгандар жакшы билет: ал дайыма ачык жана түз гана сүйлөбөстөн, тулку-боюн да какайта түз, күүлүү-күчтүү алып жүрөт, жашы 85тен ашканына карабастан, жумуштан же башка иш-чаралардан эч убакытта кечикпейт, аларды калтырбайт, ушул курагында да 5-6 операция жасайт. Алтымыш, жетимиш, сексен жаштагыларды "Ой, бул азыр орто курак" - деп тамашалап койчу. Мунун сыры эмнеде? Бул суроону китебинин "Менин иш күнүм" деген бөлүмчөсүндө кенен чечмелейт: эртең мененки саат 6дан түнкү 12ге чейин такай кыймылда болот, чуркайт, көнүгүү жасайт, тамак ылгабайт, зыяндуу адаттарга жол бербейт. "Дени сактын пейли так" деген накыл кеп дал ушул Мамбет агайга тиешелүүдөй: "Жаман көргөнүм - жалкоолук, эч кудурети жок болсо дагы кейкейип, чоң сүйлөгөндөрдү, калп айткандарды, ичи жаман, арам адамдарды, элдин ынтымагын кетиргендерди, оңой сатылып кеткендерди, тууган, теңтуш, үй-бүлөсү жок, элдин караанын көбөйткөндөрдү жаман көрөм".
Албетте, телегейи тегиз, кемчилиги жок адам же иш болбойт. Анын сыңарындай, Мамбет агай да анын "Мезгил жана инсан" деген көлөмдүү китебинде кемчиликтер да жок эмес. Жогоруда айтылгандай, андай кемчиликтерин өзү деле жаап-жашырбай ачык жазат. Китебине келсек, кайталоолор же өзүнө гана жакын, тааныш, болбосо жалпы элге аты-жыты анча белгисиз адамдарды жана кесиптештерин узакка тизмектеген беттер бир кыйла. Эгер машыккан редактор болгондо алардан арылтып, китепти андан бетер жыйнактуу жана кызыктуу кылмак.
Эми бул - китептин кийинки басылышында эске алынса деген тилек. Азыр болсо китеп ушул турушунда деле
баалуу да, бараандуу деп айткым келет. Анткени Улукмандардын атасы Гиппократ: "Өнөрлөрдүн ичинен чыныгы асылзаты - медицина" деп таамай айткандай, бул китептин жаратманы улукмандай өнөрдүн Кыргызстандагы эң чебер, тажрыйбасы мол, атак-даңктуу, көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири Мамбет Мамакеев болуп жатпайбы. Анан калса, адамдардын тулку-бою, денеси менен рух толгоосун, ой-сезимдерин айныксыз аңдай билген нукура улукмандардын сөзү адатта улуу сөз катары кабылданат эмеспи. Андыктан даңктуу аксакалыбыз Мамбет агайга дагы да ийгилик, узун өмүр, арабызда бар болушун каалайлы.
Абдыганы ЭРКЕБАЕВ,
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги





Окудум, оюмду айтам
"Манастын"
байжиевдик варианты
эмнеси менен баалуу
"Манас, Семетей, Сейтек дастанынын" толук-талган хрестоматиялык жаңы окуу китеби басмадан чыкты. "Манас" эпосунун окуучуларга ылайыкталган вариантын Сагынбайдын, Саякбайдын, Багыш Сазан уулунун жана башка белгилүү манасчылардын айтууларынын негизинде Кыргыз эл жазуучусу, киноакадемик Мар Байжиев иштеп чыкты.
XX кылымдын аягы XXI кылымдын башында "Манас"
эпосунун окуу китебин түзүп эл арасына кеңири жайыл-туунун шарты келди. Бул китептин чыгышы "Манас" эпосун
таанууда тарыхый окуя десек да болот.
Белгилүү драматург, прозаик, котормочу Мар Байжиевдин кийинки "Манас" эпосу боюнча иштери кыргыз элинин чыгаан агартуучулары Ташым Байжиев менен Зияш Бектеновдун бүткөрө албай кеткен эмгектеринин уландысы десек болот. Жазуучунун "Сказания о Манасе, Семетее, Сейтеке" китебине орус тилиндеги варианты дүйнө элдерине жеткирүү максатында жасалган чоң эмгектин башаты. Россиянын окуу жайлары кыргыздын "Манас" эпосун ушул котормо аркылуу окуп, грузин, тажик, азербайжан, өзбек, немец жана башка тилдерге которула баштады.
Колубуздагы Мар Байжиев түзгөн "Манастын" кыргызча үчилтиги адабий, байжиевдик вариант десек болот. Китепти түзүүдө жазуучу-драматург эпостун көптөгөн варианттарын дыкат изилдеп, чыгарманын композициясына эч доо кетирбей окуучу-жаштарга, азыркы күндүн талабына ылайык-
тап, жаңы ой кошуп, тереңдетип иштеп чыкканы ачык көрүнүп турат. "Эмне себептен Манас Көкөтөйдүн ашына кечигип келди?", "Манас кандай максат менен Бээжинге барды?" - деген, дагы-дагы ушул сыяктуу суроолор көп учурларда
окуучулар тарабынан арбын берилет. Кыргыздын жеңилбес айкөл баатыры Манас Чоң казатка чыгып, кандай кыянатка кабылды? Эмне себептен Семетей чыккынчылыктан курман болду? Кыргыз эли кандай үмүт, ой-тилектер менен 12 жаштагы Сейтекти кан көтөрдү? Манастын керээзи, элдин ой-тилеги, үмүтү, Бакайдын батасы азыркы заманда ишке аштыбы? Бул суроолордун баарына жооп алыш үчүн эпостун үчилтигин бир олтуруп, баш көтөрбөй окуп чыгыш керек.
М.Байжиевдин вариантынан булардын баарына ачык, далилдүү жооп алууга болот. Эпос ашыкча кайталоолордон, логикалык жактан туура келбеген элементтерден тазаланып, тартипке салынган. Буга мисал катары "Сейтек" эпосундагы кыргыздын каада-салтына, үрп-адаттарына, маданиятына туура келбеген жерлердин киргизилбегендигин айтсак болот. Эгер эпостогу кайсыл-бир окуя Сагымбайда кездешсе, ошол эле окуя Саякбайда жок экенин билебиз. Мындай учурларда түзүүчү башка манасчылардын айтууларына кайрылат, профессионал адабиятчы, жазуучу катары ишенимдүү, далилдүү улаштырат.
М. Байжиевдин хрестоматиясы 1949-жылы Ташым Байжиев, менен Зияш Бектенов түзүп кеткен "Кыргыз адабияты" (фольклор) окуу китебиндеги "Манас" насааты бөлүгү менен корутундалат. "Манас" таануу адабий теориялык маалыматтар азыркы замандын талабына жараша толукталган, мектеп жана ЖОЖдор үчүн окуу куралы катары Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен бекитилген. Мындай китеп окуучулардын колуна тие элек болчу. Мар Байжиев түзгөн хрестоматиялык вариант көпчүлүк окурмандардын, жаштардын сүйүп окуган, фольклорду окуткан мугалимдерге өтө керек окуу куралы болуп, "Манас" эпосу боюнча кабыл алынган мыйзамды аткарууга даңгыр жол ачып берери шексиз.
Өткөн кылымда К.Тыныстановдун, Т.Айтматовдун "Манас" окуу китебин чыгаруу демилгеси эми гана, 85 жылдан кийин ишке ашты десек болот. Бул китеп кандуу да, кайгылуу да, тайгак да жол басып келди. Ошондуктан Мар Байжиев өзү түзгөн хрестоматиялык вариантын "Манас" эпосу үчүн куугунтук жеп, эркинен ажырап, курман болгон кыргыз элинин чыгаан уулдары, белгилүү агартуучулар Ишенаалы Арабаев, Токчоро Жолдошев, Касым Тыныстанов, Евгений Дмитриевич Поливанов, Ташым Байжиев, Зыяш Бектенов өңдүү инсандардын жаркын элестерине арнаган.
Эскерте кетчү нерсе, бул убакка чейин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эпосту даңазалоо боюнча эмгектери, Ашым Жакыпбековдун кара сөз варианты, акын-драматург Ж.Садыков, белгилүү манас таануучулар К.Садыков, Р.Кыдырбаеванын кыс­картылган үчилтиги, жазуучу-драматургдар Бексултан Жакиев, Мар Байжиев түзгөн эпостун варианттары жарык
көргөн.
Эсентур КЫЛЫЧЕВ,
Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин доценти, жазуучу