Кыргыз гезиттер

п»ї

Инвестиция
туруксуздукту сүйбөйт

Кыргызстанга түз инвестициялардын көлөмдөрүнүн кыскаруусун саясий­ туруксуздуктан келтирилген зыян катары баалоого болот. Мына ушундай пикирин Премьер-министр Ж.Сатыбалдиев өк­мөт­түн өткөн жылдагы ишмердүүлүгү боюнча парламенттин отурумундагы отчётто билдирди. 2011-жылы түз инвестициялар - 800 миллион доллардан ашуунду түзсө, 2012-жылы - 541 миллион гана болгон.

Бакиев Беларустун жараны, Кыргызстанга берилбейт

Акыркы мезгилде ЖМКларда пайда болгон Кыргызстан Беларусь менен Бакиевдерди өткөрүп берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды төгүндөө менен Минскиде Беларустун башкы прокурору Александр Конюк ушундай деп билдирди. "Бул дезинформация, болгондо да билип туруп жасалган дезинформация", - дейт ал.

Аппарат кыскарды -
каражат үнөмдөлдү

Премьер-министр Ж.Сатыбалдиевдин парламентке берген маалыматы боюнча, мамлекеттик аппаратты кыскартуу­дан улам 1904 кызматкер кыскартылган. Натыйжада 500 миллион сом үнөмдөлгөн. Анын 40 миллион сому компенсациялар үчүн төлөнгөн.

28 коррупционер
соттолгон

Өткөн жылы коррупция боюнча 290 кылмыш иши козголуп, 96сы сотторго берилген. Анын 24ү боюнча чечимдер кабыл алынып, 28 адам соттолгон. Бул маалыматты УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын башчысы Бектен Сыдыгалиев билдирди.
Өз маалыматыбыз жана
интернет булактарынан алынды








080513

290313

260313

150213

120213

080213

010213

250113

220113

180113






??.??