Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_9.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_9.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_9.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

"Мыкты айыл аймагы" сынагына
Араван районунун жетекчилеринин айтуусунда Маңгыт башка айыл аймактарга салыштырмалуу чакан, бирок жасалган иштери арбын. Ошондуктан алардын дарегине кийинки учурларда жылуу сөздөр айтылып, өткөн жылы алдыңкы айыл аймак катары мактоого арзыган. Маңгыттыктар быйыл да ошол ыргактан жазбайбыз деген максатта. Аймактын Төлөйкөн, Маңгыт, Жаңы-Арык, Кызыл-Коргон жана Кесек айылдарында 2120 түтүн жашайт. Калктын саны - 9689. Жалпы аянты 6034 гектар, анын ичинде суулуу жер - 1377, кайрак - 538, көп жылдык бак - 39 гектарды түзөт. Алыскы жана жакынкы жайыттардын аянты 2409 гектарга барабар. Мында 1 маданият үйү, 2 китепкана, 3 орто, 1 башталгыч мектеп, 1 балдар бакчасы, 1 оорукана, 1 төрөт үйү, 2 ФАП, 1 дарыкана жана 1 мончо бар. Биздин кабарчыбыз жакында ушул айыл аймагында болуп, анын башчысы Абдилазиз Батыровду сөзгө тартканда, ал элди баккан айыл чарбасы, жаңы жумушчу орундарды түзүү маселеси, салык төлөмдөрүнүн аткарылышы, аймакка тартылган инвестиция, алдыда аткарыла турган иштер, калктын аялуу катмарына көрүлгөн камкордук тууралуу айтып берди.

Маңгыт мактоого арзыйт
Төлөнбай АБДЫРАЗАКОВ,
"Кыргыз Туусу"
Жумушчу орундарды түзүү олуттуу маселе

Албетте, айыл шартында жумушу жок адамдардын саны көп экендигин ачык айтууга
тийишпиз. Статистикалык маалыматтар тактагандай, эмгекке жарамдуу адамдын ичинен 512синин жумушу жок. Анын 378и каттоого алынган. Бул көйгөй баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүгөн тема болгондуктан, өткөн жылы жумуш орундарын көбөйтүү максатында кичи жана орто бизнести өнүктүрүүгө шарт түзүүгө аракеттендик. Анын натыйжасында Жаңы-Арык айылында Рахманов Курбан аттуу ишкер жигитибиз жалпы суммасы 1 млн. 950 миң сомдук май куюучу станцияны, Төлөйкөн айылында Казаков Таласбек 1 млн. сомдук каражат жумшоо менен "Вуд майзер" маркасындагы лента менен жыгач тилүүчү, Бөрүбаев Мурзакул электр ширетүүчү, Уулбү Бакирова тигүү цехтерин, Маңгыт айылында Мансыркулов Маман 1 млн. 500 миң сом каражат сарптоо менен газдалган суу жана туздалган консерваларды даярдоочу цехти жана жаштар үчүн эс алуучу клубду, азык-түлүк дүкөнүн ачты. Мындан тышкары Маматов Зарип жана Мамражап Мадымаров азык-түлүк жана окуучуларга керектүү кеңсе товарларын сатуучу чакан дүкөндөрдү пайдаланууга берди. Жогорудагы айтылгандардын шарапаты менен бизде 43 адам жумуш менен камсыз болду.
Биздин аймакта жайгашкан айыл чарба өсүмдүгүн кайра иштетүүчү 2 чакан ишкана бар. Азыркы учурда иштеп жаткан 5 тегирмен
105 000 сомдук продукция чыгарууга жетишкен. Аймактагы 14 соода түйүндөрүнүн,
2 ашкананын, 1 навайкана-
нын, 1 аптеканын, 1 чачтарачкананын элге көрсөткөн кызматынын көлөмү 2 млн. 400 миң сомду түздү.
Салык карыз эмес, парз

Салык карыз эмес, парз экендигине маани берилип, өткөн жылы биздин айыл аймакта салык төлөмдөрүнүн бардык көрсөткүчтөрү боюнча пландарды ашыгы менен аткарууга жетиштик. Тактап айтканда, бул көрсөткүч 126%га жетти. Анын ичинен жер салыгы, патент берүү
сыяктуу түрлөрү мурдагы жылдарга салыштырмалуу 119,7%га өсүш берди. Быйылкы жылдын 4 айындагы салык топтоонун көрсөткүчү дурус экендигин баса белгилеп өтүү зарыл.
Инвестиция - илгерилөөгө өбөлгө

Инвестиция - илгерилөөгө өбөлгө эмеспи. Ошондуктан бизде ушул багытка айрыкча көңүл бурулуп жатат. Бизди айрыкча кубанткан нерсе, айылдык округдун борборунда жалпы суммасы 87 млн. сомду түзгөн 50 орундуу оорукананын курулушу болду. Азыркы учурда анын көпчүлүк бөлүгү бүтүп калды. Биздин айылдар Араван-Сай дарыясынын жээгинде жайгашкандыктан, жазында келген сел жыл сайын материалдык жактан чоң зыяндарды тарттырып келчү. Катуу келген суу эгин талааларын, огороддорду гана эмес, адамдар жашап жаткан үйлөрдү да алып кетип, элибиз чоң коркунучтун алдында калган болчу. Жергиликтүү бийлик бул көйгөй, анын кесепеттери тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бир нече жолу
Араван сай дарыясынын жээктерине дамба куруу өтүнүчү менен кайрылган болчубуз. Алар биздин элибиздин өтүнүчүнө түшүнүү менен мамиле жасап, Жаңы-Арык айы-
лынын Буйга участкасындагы дарыя-нын жээк­теринин эки тарабын изилдеп кеткен болчу. Анын натыйжасында, жалпысынан алганда 430 метр аралыкка 4 077 миң сомдук дамба курулуп, Жаңы-Арык айылынын эли сел коркунучунан кутулду. Учурдан пайдаланып жалпы элибиздин атынан министрликтин жетекчилерине ыраазылыгыбызды билдирип коюуну туура таптык.
Кийинки эки жылдын ичинде айыл аймакта КР Каржы министрлигинин түрткү берүүчү гранттынын жана жергиликтүү бийликтин эсебинен Н.Исанов атындагы орто мектеп капиталдык ремонттон өткөрүлүп, ага жаңы жылытуучу система орнотулду. Ага жумшалган каражаттын көлөмү 6 млн. 238,6 миң сомду түздү. Айыл аймагынын 3 км. аралыктагы борбордук жолдоруна асфальт, Кесек, Кызыл-Коргон, Маңгыт, Төлөйкөн айылдарынын ички жолдоруна шагыл төшөлдү. АРИСтин көмөгү менен "Тогуз жигит" участкасына баруучу жол шагыл менен түздөлдү. Ошондой эле №44 жол пайдалануучу ишкананын каражатынын эсебинен 175 миң сомго 1080 чарчы метр жол жамалып, бүтөлдү.
Жаңы -Арык айылында "АЛЬЯНС" аркылуу жалпы суммасы 120 миң сомду түзгөн суу түтүктөрүн ремонттоо жумушу ишке ашырылды. Ушул эле айылдагы балдар бакчасынын чатырын жабуу жумуштары жүргүзүлдү. Аймактын борборунда жарык берүүчү электр жабдуулары орнотулду. Инвестиция тартуу менен 1 млн. 743 миң сомго көп жылдан бери кароосуз калып кеткен
айыл аймагынын имаратынын ичин капиталдык ремонттон өткөрүүгө жетиштик.
Мындан сырткары, чет элдик демөөрчүлөрдүн жардамы менен жаңы типтеги мечит курулду.
Жалпылап айтканда, өткөн жылы биздин аймакка тартылган инвестициянын көлөмү 150 млн. сомду түздү. Бул көрсөткүч биз сыяктуу чакан айыл аймагы үчүн чоң жетишкендик

Аткара турган
иштер арбын

А манчылык, өлкөбүздө турук-
туулук болуп турса, үстү­бүздөгү жылы да алдыга койгон максаттарыбыз чоң, аткара турган иштерибиз арбын. 2013-жылдын башында ушул жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясынын иш-чара­ планын түзгөнбүз. Анын алкагында быйылкы жылы 50 орундуу оорукананын курулушун аягына чыгаруу, тактап айтканда, ага бөлүнгөн 31 млн. сомду толук өздөштүрүү менен, аны пайдаланууга берүү
боюнча иш-чаралар каралды. Араван-Сай дарыясы Кесек айылын да жээктеп өтөт. Ошондуктан бул жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 850 метр аралыкка курула турган дамбага 8 млн. сомдон ашык каражат жумшалмакчы.
Айыл жаштарынын бош убактыларын пайдалуу өт­көрүүдө жана алардын ден
соолугун чыңдоодо спорттун ролу зор. Ошондуктан быйыл
айыл борборуна сметалык
баасы 10 млн. 500 миң сом болгон спорт аянтчасын курмакчыбыз. Маңгыт айылындагы 2 км. жолго асфальт төшөлүп калса, биздин негизги жол түйүндөрүбүз толугу менен оңдолуп, элдин ыраа­-
зылыгына ээ болмокчубуз. Ошондуктан бул маселеге олуттуу көңүл буруп жатабыз. Жаңы -Арык айылында "АЛЬЯНС"тын көмөгү менен жалпы суммасы 500 миң сом түзгөн хлоратор куруу жумушу аягына чыкканы турат. Мындан тышкары А.Эшенкулов атындагы орто мектептин капиталдык ремонттун, А.Эгенов атындагы орто мектептин жылытуу системасын жаңылоо, Жаңы-Арык айылында 90 орундуу балдар бакчасынын, Маңгыт айылындагы ФАПтын курулушун аягына чыгаруу, Төлөйкөн, Жаңы-Арык айылдарындагы жаңы конуштарга электр чубалгыларын тартуу, Кызыл-Коргон айылын Жаңы-Арыкка жакындатчу, жөө адам өтүүчү көпүрөнү оңдоо, "Монкотай" каналындагы суу алуучу алышты бекемдөө, айыл аймактын имаратынын жанына мейманкана, ашкана жана кароолкана куруу жумуштары жүргүзүлмөкчү. Болжол менен айтканда, быйылкы инвестициянын көлөмү 175 млн. сомду түзмөкчү.

Калк айтса,
калп айтпайт
Айылдык аймактын баш-
чысы айткан маалымат-тарды бышыктоо үчүн аймактын бардык айылдарын кыдырып көрүп чыгып, айрым тургундарды сөзгө тарттык.
Алымжан Абдылдаев, №4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жетекчиси:
- Айрым телеканалдарды көрүп, кээ бир басылмаларды карап турсаң, Кыргызстанда кемчиликтерден башка эч нерсе жоктой элес калтырат. Ошол эле мезгилде азбы-көппү, алдыга карай жылыштарыбыз деле бар эмеспи. Кемчиликтер менен кошо ийгиликтерибиз тууралуу да айтат же жазат деп, ошол телеканалды койсоң, же кийинки сандарын барактасаң баягысы - баягы эле. Чыны, көңүлүң сууй түшөт
экен.
Жалпыга маалымдоо каражаттар кемчиликтер менен бирге эле ишти алдыга жылдырайын деп умтулган адамдардын эмгегин даңазалап, аны элге жеткирип турса, ошол адам ого бетер жигерденип иштеп калат эмес­пи. Же, жалган айтып жатам-
бы?!
Мисалы, биздин айыл өкмөттө кийинки жылдары бир топ дурус иштер жасалды. Анын ичинде жалпы суммасы 87 млн. сомду түзгөн заманбап оорукана курулуп жатат. Мына ошол маалымат элге жетсе, аны окуган адамда "Бизде деле жакшы иштер жасалып жаткан тура" деген ой пайда болмок. Кудай буюруп, жаңы оорукана пайдаланууга берилип кала турган болсо, ал биздин аймак гана эмес, райондун калкы үчүн да пайдалуу болгону турат.

Матисак Эралиев,
Н.Исанов атындагы
орто мектептин
чет тили сабагынын мугалими:
- Мени кесибим мугалим, бирок көп жыл ар кайсыл кызматтарда иштеп жүрүп, кайрадан мектепке келгем. Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Бизде кийинки жылдарда көп эле жумуштар жасалды. Анын ичинен жаркыраган жол (1970-жылдарда бастырылган асфальттын ишпалдасы чыгып калган болчу), капиталдык ремонттон өткөрүлгөн Н.Исанов атындагы орто мектеби, анын жылытуу системасы, Жаңы-Арык айылында курулуп жаткан 90 орундуу балдар бакчасы эле чоң нерсени айтып турат. Ал курулуштардын артында канчалаган эмгек, уюштуруучулук аракет турат. Мен далай жаштын даамын таткан, суусун ичкен кары адам катары калыс кебимди айтып коюум шарт. Бул жерде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Элмурат Обдуновдун көрсөткөн жардамы абдан эле чоң болду. "Бүткөн ишке сынчы көп" дегендей, арабыздан ушунча иш жасалганын айтпай эле, кичинекей кемчилик көрүп калып, аны баса калчу адамдар да бар. Бирок, калктан өткөн калыс тараза жок эмеспи, кимдин ким экенин эл өзү
баалап, төбөдөгү жараткан өзү көрүп
турат.







Пикир:






??.??