Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_8.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет КОЙЧИЕВ:
"Каражаттын бир пайызы шаарга калуусу зарыл"
Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаары 1962-жылы ошол совет мезгилиндеги Орто Азиядагы эң ири гидротүйүнү - Токтогул ГЭСин курган куруучулардын шаарчасы катары негизделген. Кубаттуулугу 1,2 млн. кв.саат энергиясын берген бул станциянын жарыгы башка коңшулаш республикаларга жеткени да маалым. Бул шаарча негизделгенден он беш жылдан кийин Өкмөттүн токтому менен шаар макамын алган. Учурда шаардын ээлеген аянты 1700 гектарды түзүп, аймак деңиз деңгээлинен 1000 метрге жакын бийиктикте жайгашкан. Шаардын курамына Кетмен-Төбө шаарчасы жана Жазы-Кечүү айылы кирип, Кыргыз Өкмөтүнүн атайын токтому менен аларда муниципалдык аймактык башкармалыктар түзүлгөн. Жалпы шаарда акыркы эл каттоонун жыйынтыктары боюнча 24 миңге жакын адам жашайт. Эми шаар мэринин өмүр таржымалы тууралуу кеп салсак. КОЙЧИЕВ Мамбет Дүйшөлиевич 1958-жылы Майлы-Сай шаарында туулган. Майлы-Сай электромеханикалык техникумун, Урал политехникалык институтун инженер-энергетик адистиги боюнча бүтүргөн. Он төрт жылдан ашык Кара-Көлдөгү "Достук" заводунда жетекчи кызматтарда иштеген. Кийин он жети жыл "Ротор" кичи ишканасынын директору болуп эмгектенди. Ушул жылдын январь айынан бери Кара-Көл шаарынын мэри кызматын аркалоодо.

Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Энергетика тармагы
басымдуулук кылат

Түптөлгөндөн бери энергетиктердин жана гидрокуруучулардын шаары аталган калаада ушул тармактагы ири ишканалар үстөмдүк кылаары мыйзам ченемдүү көрүнүш. Кара-Көлдө "Нарын гидроэнергокурулуш", Токтогул ГЭСтеринин каскады, "Кыргызсуукесипкурулуш", "Камбар-Ата" ГЭС­-
теринин ишканасы, "Достук" заводу сыяктуу республикалык маанидеги башка ишканалар, 8 жоопкерчилиги чектелген уюм, 44 бюджеттик мекеме, 7 банктардын филиалдары жайгашкан. Мындан тышкары билим берүү тармагындагы И.Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин Кара-Көл колледжи, бир кесиптик лицей, жалпыга орто билим берүүчү 6 мектеп, 2 башталгыч мектеби, 2 бала бакча бар. Ал эми саламаттыкты сактоо жаатында Р.Рысбеков атындагы жалпы дарыгерлер борборуна караган 100 орундуу оорукана, 4 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, 2 ФАП үзгүлтүксүз иштеп, бул мекемеде 30дан ашык дарыгерлер, 100дөн ашык мээрман айымдар эмгектенишет.

Тарифтин төмөндөшү өндүрүүгө таасирин тийгизди

Ушул жылдын январь-март айларында Кара-Көл шаары боюнча жалпы 958 млн. сомдук дүң продукция өндүрүлүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өндүрүм 90 пайызды түзгөн, экономикалык божомол 99 пайызга аткарылган. Бардык дүң продукция көлөмүнүн 86 пайызынан ашыгы өнөр жай продукцияларына таандык. Токтогул ГЭСтер каскады тарабынан ушул мезгилде 793 млн. сомдук электр энергиясы өндүрүлүп, 2012-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу өсүү ыргагы 89 пайызга аткарылган. Башкача айтканда, 3 миллиарддан ашык кВт.саат электрэнергиясы чыгарылган. Бул көрсөткүчтүн төмөндөшүнүн башка себеби тариф саясатына тыгыз байланыштуу десек жаңылбайбыз. "Электрстанциялар" ачык акционердик коому 2012-жылга бекиткен системалык тарифи бир кВт.саатка 34 тыйынды түзсө, быйылкы үч айга тарифтин көлөмү 29 тыйынга чейин төмөндөгөн.
Электр энергиясын өндүргөн дагы бир ишкана Камбар-Ата ГЭСтер каскады ушул жылдын биринчи кварталында 34,4 млн. сомдук 134 млн. кВт.саат продукция өндүргөн. Жалпы шаар боюнча электр энергиядан тышкары 1,4 млн. өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, белгилүү себептерге байланыштуу өсүү ыргагын камсыз кыла алышкан жок. Калаадагы ири заводдордун бири "Достук" ишканасы ушул мезгилде өзүнүн каражатынын жетишсиздигинен 285 миң сомдук продукция өндүрүүгө жетишкен. Жыл башында "Нурлан-Алко" жоопкерчилиги чектелген
коому продукциясына талап жоктугуна байланыштуу толук кандуу иштеген жок.

Капиталдык курулуш

Ушул жылдын үч айында капиталдык салымдардын негизинде аткарылган подряддык иштердин көлөмү 52 млн. сомдон ашып, былтыркыга салыштырмалуу эки эсеге өскөн. Демек, шаардын калк тейлөөчү объектилерине ишкерлердин салымы жылдан жылга өсүп баратканын дароо баамдоо-го болот. Жалпы капиталдык курулуштун көлөмү 79 млн. сомго аткарылганы туу-
ралуу маалымдап кетүү артыкбаш болбос.
Шаар бийлигинин маалыматына ылайык, курулуш ишканалары негизинен жай айларында өз ишмердүүлүгүн жүргүзөөрү белгилүү жана келишимге ылайык курулуш иштери ушул мезгилде тегиз башталмакчы.

Айыл чарбасында өсүш бар

Кара-Көл шаарындагы тургундар өздүк жер тилкелеринде дыйканчылыкты, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө кийинки жылдарда көбүрөөк маани бере башташты. Шаар ичиндеги кичи базарларда өндүргөн продукцияларын үзбөй сатыкка койгон адамдардын жылдан жылга катарлары көбөйүп баратканы кубанычтуу көрүнүш. Сырттан ташылган жашылча-жемиштердин, малдан алынган азык-түлүктөрдүн көлөмү азайып, жергиликтүү калаалыктардын арзан, сапаттуу товарлары толук өлчөмдө камсыз кылуу-га жетишет. Шаар бийлигинин статистикалык малыматтарына таянсак, ушул мезгилде (үч айда) тургундар тарабынан 146 тонна эт, 332 тонна сүт, 32 миң даана жумуртка өндүрүлүп, жалпы дүң өндүрүмү салыштырма баада 57 млн. сомго жеткен. Бардык айыл чарба азыктары боюнча белгиленген план-тапшырма ашыра аткарылган.
Шаар мэриясы билдиргендей, чекене соо-
да жүгүртүү жана калкка акылуу кызмат көрсөтүүнүн көлөмдөрү белгиленген чектен ашыра аткарылган.

Ички коммуникациялардын кайра курулушу зарыл

Ш аар тоо арасында жайгашып, жер бетинин рельефи тегиз эмес жана саздак келет. Нарын дарыясынын сол жээгине жакын орун алган калааны Бишкек-Ош жолу кесип өтөт жана анын аралыгы 109 км. түзөт. Мына ушул жүйөөлүү себептерди эске алып, республикалык деңгээлде айрым иш-чараларга көмөк көрсөтүлсө шаар тургундарынын жашап-иштөөсүнө ыңгайлуу шарттар түзүлмөк.
Макаланын башында эскерткендей, шаар 1962-жылы негизделип, алгачкы жылдары курулган толук инженердик коммуникациялары (аралыгы 66 км.) эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз абалга келген. Демек техника-экономикалык негиздерине таянып, бөлүнгөн каражаттарга ылайык коммуникация тармагын толугу менен алмаштыруу зарылчылыгы бар. Эгерде Энергетика министрлиги, "Электрстанциялар" ачык акционердик коому, тагыраак айтканда, Токтогул
ГЭСтер каскады жалпы электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын 1 пайызын
шаарга бөлүп берсе, аталган иш-чараны жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүктөр бар.

Жыгач үйлөрдүн пайдалануу мөөнөтү эбак аяктаган

Токтогул ГЭСи алгач курулуп башталган жылдары Сабиров, Масиров көчөлөрүнө куруучулар жашоого ылайыкталган убактылуу эки кабат, бир кабат барак үйлөр курулган. Башка жаңы турак үйлөр курулбагандыктан, жашоочулар жашоого ыңгайсыз, чирий баштаган жайларда күн кечиришүүдө. Ушунча мезгилден бери каражат тартыштыгынан улам бир да жолу капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн эмес. Дегеле бул шаарда менчик турак-жайларды курууга жер тилкелери жетишсиз болгондуктан, көп кабаттуу үйлөрдү куруу менен гана турак-жай көйгөйүн четтетүүгө
болот.

Чатырларын алмаштырууга
ишкана көмөк берсе

Кара-Көл шаарынын гидроэнергетика боюнча адистешкен жумушчуларынын, адистеринин аймактагы Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Камбар-Ата
ГЭСтерин курууга кошкон салымдары зор экени талашсыз. Ушул опол тоодой эмгектери эске алынып, курулушчулардын жашоо-шартын жакшыртуу, шаардын инфратүзүмүн оңдоо, жаңыртуу маселелери көп жылдардан бери чечилбей келет. Кара-Көл шаарынын мэри Мамбет Койчиевдин айтымында, 120 үйдүн чатырларын алмаштырууга ар бири 400 миң сомдук сметалары түзүлгөн жана аны каржылоону Токтогул ГЭСтер кас­кады электр энергиядан түшкөн каражаттын 1 пайызын шаарды өнүктүрүүгө жумшаса, бул көйгөйдү да оң жагына чечүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылмак.
Шаардын муниципалдык менчиги катары эсептелген Ак-Кыя - 2 көчөсүндөгү көпүрө 2010-жылдагы сел ташкынынан катуу жабыркап, азыркы абалы абдан кооптуу. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен жаңы көпүрө салуу мүмкүн эмес, каражат тартыш. Демек, көпүрөнү кайра куруу маселеси орчундуу турат. Эгерде бул маанилүү
объект жараксыз абалга келсе, тургундардын өмүрүнө коркунуч келтирилип, шаар менен бул көчөнүн жашоочуларынын ортосундагы байланыш үзүлүп калышы толук мүмкүн. Бул абалдан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин каражаты, техникасы менен чыгууга мүмкүн деп эсептейт шаар мэри.
Өткөн үч айдын жыйынтыгы боюнча, шаар-
дан 10 млн. сомдон ашык салым тө-лөмдөрү чогултулган. Бул, албетте, көп каражат талап кылган айрым долбоорлорду аткарууга жетишсиз. Шаар мэри Мамбет Койчиев учурда мурда союз мезгилинде курулушу башталып, ташталган көп кабаттуу үйлөрдү бүткөрүүгө каражат сурап, Каржы министрлигинде тие-шелүү кагаздарын топтоп жүрөт. Эгерде бул үйлөр бүткөрүлүп калса, биринчи кезекте бюджет мекемелеринде иштеген адистерге берилет.
Кара-Көл мэриясы өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн каражаттын 1 пайызы бөлүнүп берилсе, көптөгөн дол-боорлорду жүзөгө ашырууга жол ачылат деп эсептейт. Азырынча тиешелүү инстанциялардан оңдуу жооп келе элек.






Пикир:






??.??