Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_5.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_5.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_5.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

"Баланы китепке кызыктырбаган күнөө - ата-энеде"
Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА, "Кыргыз Туусу"
- Көртирлик деп жүрүп, баласына терең билим берүүнү арткы планга жылдырып койгон ата-энелер толтура. Мектепке чейинки бөбөктөрдү айтпай эле коёлу, атүгүл башталгыч класстардын окуучуларынын ичинен сабаты жоюла электери да кездешип жатат. Бала текстти эжелеп араң окуйт, же окуган сүйлөмүн өзү түшүнбөйт. Мындай жорукка мектеп мугалими эле күнөөлүбү, же китепканадагы китептин жетишсиздиги ушул жагдайга алып келдиби? Мүмкүн баланы китеп дүйнөсүнө кызыктырбаган ата-энеде да күнөө бар болуп жүрбөсүн? - деди экс-президент Роза Отунбаева "Балдар жана китеп" жыйынында сүйлөгөн сөзүндө.

Роза Исаковнанын ата-энелерге карата айткан акыркы сүйлөмүн колдогон публика кол чаап жиберди. Демек, коомубузда бул көйгөй азыр эле чыга калган эмес экен. Эксперттер өлкө аймагын кыдырып, мектептерди иликтеген учурда жылдап китеп кармабаган окуучулар четтен чыккан. "Акыркы жолу ким кандай китепти окуду?" - деген суроого класстан бир-эки бөбөк гана кол көтөргөн. Атүгүл, ата-энелер эки токочтун баасына тете келген бөбөктөрдүн "Байчечекей" журналына жазылбай калышты.
Экс-президент Бишкекте өткөрүлүп жаткан билим майрамдары, интеллектуалдык иш-чаралар республиканын түштүк аймактарына жетпей жатканын да баса белгиледи. Ал жаш муундардын аң сезимин, дүйнө таанымын өстүрүүдө театрлардын ролу да чоң экенине токтолду. Театрлар балдар турмушун чагылдырган чыгармаларды дээрлик койбой калганын, репертуарларынын өтө эле жупуну экенин, 300дөн ашык адам иштеген театрлардын жамааты жаштардын көркөм табитин өстүрүүдө эч иш жасабай жатканын баса белгиледи. "Биз күчтүү мамлекетти курабыз десек, баладан эч нерсе аябашыбыз керек", - деди ал.
Кыргызстанда тиешелүү мамлекеттик мекемелерге караганда, эл аралык уюмдар балдарга арналган долбоорлорду аздыр-көптүр колдоп келе жатышат. Мисалы, Ага хан фондусунун билим берүү программаларынын жетекчиси Бурулай Айтикулованын айтымында, аталган фонд өлкө аймагында 60тан ашык китепканага китептерди чыгарып, жеткирип берген. Мындай мисалдар дагы бар.
Союз мезгилинде өлкөбүздө жылына 70тен ашык балдар адабиятына тиешелүү китеп басылып турчу. Алардын арасында жомоктор, макал-лакаптар, табышмактар, чет элдик балдар жазуучуларынын чыгармаларынын котормолору ж.б. жанрлар бар болчу. Эгемендүүлүктүн 22 жыл аралыгында ошол бир жылда басылчу көлөмдөгү китеп да чыгарылган эмес. "Мындан жарым жыл мурда Жалал-Абадга барып, мектеп китепканаларына кирип калдык. №13 мектептин китепканасында 3000 даана көркөм китеп бар болсо, анын ичинде бир дагы кыргыз тилиндеги китеп жок болуп чыкты. Ал эми Сузак районунун дагы бир мектебиндеги китепканада 2000ден ашык китептин тогузу гана кыргыз тилинде экен. Айрыкча алыскы айыл аймактарында кыргыз тилиндеги балдар адабиятынын абалы ушундай. Бул көрүнүш өтө кооптуу. Муну менен биз балдарыбыздын келечегине доо кетирип, руханий дүйнөсү жарды муунду даярдап жаткан жокпузбу?" - деди жыйында педагогика илиминин доктору Сулайман Рыспаев.
"Баланы китепке жакындатыш үчүн ата-энеси өзү китепкөй болушу керек", - деп сөзүн уланткан окумуштуу балдар адабияты тууралуу коомго тараган көйгөйлөргө өз сунуштарын берди. Мамлекет балдар адабия­тын колдоо үчүн жеке менчик басмаканаларга гранттарды берип, китеп маркетинги түзүлсө. Мектептерде, бакчаларда жуманын бир күнүндө "китеп окуу" күнү өткөрүлүп, балдар окуганы боюнча аңгемелешсе жакшы жыйынтык берет. Сабактын алдында "беш мүнөттүк китеп окуу" деген усулдукту республика боюнча жайылтсак. Андан тышкары, "Автор өзү сабак өтөт" деген дагы бир усулдук ыкма бар. Мындай иш-чара окуучу үчүн эле эмес, мугалимге да баалуу таасир бермек. Китеп дүкөндөрүн ачуу зарыл. Россиянын Президенти В.Путин супермаркеттердин кире беришине ата-энелер көрсүн деп, китеп саттыруу талабын коё баштады.
Эске сала кетсек, "Балдар жана китеп" аттуу кереге кеңеш жыйыны Бишкекте 18-19-май күндөрү "Билим фестивалынын" алкагында өткөрүлдү. Айтып кетчү жагдай, биринчи жолу Кыргызстанда балдарды билим берүүнүн артыкчылыктарына, багыттарына тартуу, кызыктыруу максатында ушундай иш-чара өткөрүлүп отурат. "Биз мамлекетибизде көйгөйлөр көп, экономикабыз өнүгө элек деп терең билим берүү тармагын карабай аксатып жибердик. Билим берүүгө жалпы коомчулуктун, бийлик ээлеринин көңүлүн бурдуруу максатында ушул иш-чараларды уюштуруп жатабыз. Бул биринчи эле кадамыбыз. Мына ушундай профессионалдык форумдарда көйгөйлөр айтылып, тыянактары чыгарылып турмакчы.
Шаардын тегерегиндеги 50гө жакын жаңы конуштардын жашоочуларын шаарга интеграциялообуз керек. Көп ата-энелер баласынын жөндөмүн терең иликтеп билбейт. Баланы мектепке гана эмес, мектептен тышкаркы билимдерге да көңүл бурдуруу зарыл. Бишкекте спорттук, кол өнөрчүлүк, сүрөт тартуу, музыкалык ийримдер ж.б. сыяктуу мамлекеттин колдоосу менен бекер окута турган уюмдар бар экенин шаар элинин баа­­ры эле биле беришпейт. Шаардыктар биз өткөрүп жаткан иш-чаранын алкагында билим жарменкесинен келип маалыматтарды алышса деген максат койдук, - дейт "Роза Отунбаеванын демилгелери" фондусунун кызматкери Адельфия Аманкулова.
Балдардын китеп окуу маданиятын кө­төрүүгө, анын жаш адамдын калыптануусуна тийгизген эбегейсиз зор маанисине мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтердин, жазуучулар менен басмакана ээле­­­ринин, коомдук уюмдардын жана жалпы эле ата-энелердин көңүлүн бурдуруу максатында жыйындын катышуучулары атайын кайрылуу кабыл алышты. "Билим фестивалы" деп аталган балдар майрамын "Роза Отунбаеванын демилгеси" коомдук фондусу уюштурду. Анын демилгесин ­ЮНИСЕФ, Ага хан фондусу ж.б. коомдук жана финасылык уюмдар колдогон.









Пикир:






??.??