Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0521_12.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

Теңир-Тоолук Баялы аке
Жумгал, Ак-Талаа, Нарын, Кочкор, Ат-Башы, Тогуз-Торо, Суусамыр, Ысык- Көл өрөөнүнүн күнгөй-тескейинде "аке" деген элдик наамга ээ болуп, чоң урмат сыйга бөлөнүп, калыстыгы как жарган адамгерчилиги, кыргыз санжырасын так ажырата билгендиги, жаратылыш сырларын аңдай билип, адам баласына берилген таамай сыны, саяпкерчилик касиети, эң негизгиси - адамдарга көргөн камкордугу Баялы акенин өмүр жолундагы, тарыхка калтырып кеткен изги окуялардан көрүнөт. Дипломатиялык жөндөм, элди дыйканчылыкка үндөө, уруулар ортосундагы ынтымакты сактоо, түндүк кыргыздардын жыйындарында топ бузган, чагылгандай таамай калыстыгы, чечендиги менен эл тагдырын чечүүчү маселелерде өз заманынын залкар адамы катары таанылган.

"Аке" -
эл ыйгарган наам
Кыргыз санжырасында бизге жеткен ар кандай маалыматтар боюнча "аке" деген наам ХVIII кылымдын орто ченинен башталып айтылып келе жаткан сыяктуу. Анткени
"аке" деген наам өтө калыс, алдын ала, элдин кулк мүнөзү аркылуу келечек турмушка баа берген, адамдардын жүрүм-турумун карап туруп, анын болочок келечегин көрө билген, мезгилиндеги болуп жаткан өзгөрүштөрдөн улам боло турган турмушту так баамдаган адамдарга карай айтылган.

Ошондой эле жаратылыш мезгилдерин, айбанаттардын, жан- жаныбарлардын сырларын так билген, акылы өтө зирек, куйма кулак, бир уккан сөзүн унутпаган, адамдык бийик сапаты бар адамдар "аке" деген наамга татыктуу болгон.
Кыргызда Сарт, Оңол, Тилекмат, Кыдыр аке, Саяк, Садыр аке сыяктуу акелер жөнүндө маалыматтар көп эле айтылып, жазылып келүүдө. Ал эми Нарын чөлкөмүнөн чыккан "Баялы аке" жөнүндө маалыматтар улам муун алмашкан сайын такыр эле айтылбай калууда. Буга, биринчи кезекте элден чыккан аалымдын арбагын, адамдык бийик касиетин козгоо - азыркы муундун, ал кишинин урпактарынын милдети.
Баялы аке өз заманында Жумгал, Ак-Талаа, Ат-Башы, Нарын чөлкөмдөрүндө, Ысык-Көлдүн күнгөй, тескей тарабында , Суусамыр, Тогуз-Торо өрөөндөрүндө элге аты чыгып, чоң урмат-сыйда жүргөн адам болгон. Өткөн XX кылымдын 60-70 -жылдарында аталган аймактардагы, ошол мезгилдерде 50-60 жаштарга чыгып калган, элге таанылган, сөз кадырына жетип, сөз баккан адамдар Баялы аке жөнүндө кеп кылышып, ала киши жөнүндө, тилекке каршы, аз да болсо, ар кандай так маалыматтарды ынтызарлана, урматтоо менен айтып келишет.
Айтылган аңыз-кептерде Баялы акенин өтө калыстыгын, акылгөйлүгүн, түндүк кыргыздарда болгон ар кыл деңгээлдеги топ-жыйындарга катышып, анда козголгон тигил же бул талаш маселенин жагдайына жараша эч кимдин көзүнө карабай өтө калыс айтып, чечкендигине терең баа беришкени өзүнчө улама, узун сөз. Баялы аке ошол мезгилде Жумгалда жашаган замандаштары Байзак, Көкүмбай, Куйручук, Курман, Мырзабек менен аралашып, үзөңгүлөш жүргөн.
Ал эми кыргыздын ошол кездеги таасирдүү инсаны Шабдан баатыр Баялы акенин жаш курагынын кичүүлүгүнө карабай сыйлап, пикирин уккан, өз баасын берип урматтаган. Белгилүү куудул Куйручук ал кишини улуу катары урматтап, сыйлаган, пикирин баалаган. Өзгөчө үркүндө Баялы аке өзүнүн айылын Үркүнгө кошулбай алып калгандыгы жөнүндө кийин Үркүндөн кайтып келгенде Куйручук Баялы акем бизден өйдө акылы менен өз элин аман-эсен алып калды деп ыраазы болгон экен.

Болоор бала
балегинен
Баялы аке 1941-жылы декабрь айында 86 жаш курагында каза болот. 1855-жылы орто оокатуу эле үй-бүлөдө төрөлгөн. Баялы аке орто бойлуу, далылуу, кызыл чийкил жүздүү, нурдуу адам болгон. Атасы Жообасар уулу Кожояр орто чарбалуу адам болгондуктан, жаш Баялы аракетчил, чыйрак өскөн.

Анын зээндүүлүгү, акыл-эс тутуму, бир укканын илип ала койгон өзгөчөлүгү негизги сапаттарынан болгон. Бала кезинде аталаш агасы Шопок деген байдын күлүк атын чаап жүргөндүгү, күлүктөрдү сындап, саяпкерлик кылуусуна шарт түзгөн. Ал эми санжыраны, жаратылыштын, айбанаттардын сырларын Күнчоро деген агасынан угуп, өздөштүргөн экен.
Кочкордо бир чоң аш болуп, ат чабылат. Ат чабышка Шопоктун тору кунанын 13 жаштагы Баялы чабат. Күлүктөр жарышып келе жатканда жолдон уй кайтарган, торпок минген бир баланы сарыбагыш элинин бир сары ала күлүк чапкан баласы койдуруп кетет да, бала капысынан каза болот. Капилет кырсыктан улам, "ким койдурду" деп изилдөө башталат. Ошондо дагы бирөө Шопокту кунга жыгуу аракетинде жалаа менен топко чакыртышат. Шопок болгон чындыкты айтып, бирок топто ал болгон окуяны так, даана, ишенимдүү далилдеп бере албай
коёт. Шопоктун жообуна топ башкаруучулар муюбайт. Анын үстүнө Шопок тили келегей, кекеч адам болгондуктан, топ башы казылардан: "Башка күбөң барбы?" - деген суроо берилгенде боз үйдүн сыртында отурган жаш бала Баялы үйгө кирип, "Күбө болчу мен мына, мен далилдеймин" - деп, болгон окуяны сыдыргыга салгандай сүрөттөп, 12-13 жаштагы өспүрүм, күнөөгө жыгылган кишини куткарып чыккан экен. Ошондон баштап Баялы эл тагдырын чечүүчү маселелерге аралаша баштайт.
Мезгил өткөн сайын Кокон хандыгынын кыргыз турмушундагы орду, орус падышачылыгынын кыргыздарга карата үстөмдүк абалы, Түркстан тарыхы жөнүндө түшүнүктөрдү кеңейтип, кандай да болсо өз элинин кызыкчылыгын коргоо аракетинде болгон.

Топ жарган чечен
Кимдер тарабынан айтылып калганы тууралуу бизге так маалымат жеткен эмес.

Бирок окуп билим албагандыктан, жалаң гана өзүнүн санжыра айтуу
боюнча өзгөчө адамдык башка касиети бар. Жумгалдагы так санжыра айткан акыркы адамдардын бири Улактын уулу Конкайты Баялы аке айткан санжыраны сөз кылып айтып отуруп, төмөндөгү анын ыр саптары эл оозунда сакталып калган:
" Саяктан чыккан Баялы
Айткан сөзү аярлуу.
Калыстыгы жагынан,
Шарияттай так эле.
Намыс үчүн элине,
Көкөлөп өскөн бак эле.
Сүйлөгөн сөзү курч эле,
Кол жетпеген мүлк эле.
Санжыра сөздү айтканы,
Муютуп элин турчу эле", -
деп, Улактын уулу Конкайты санжырачы аркылуу кийинки муунга жеткени менен баалуу.
К
ыдыр аке, Садыр аке экөө Көтмалдыда бир топко чечилүүчү талаш маселелерди Теңир-Тоодон келген, эл аралап калган, аты жаңыдан таанылып баштаган Баялыга чечтирип, калыстыгын сынашкан экен. Ошол маселени Баялы аке жагдайына жараша калыстык менен чечкенде эки аке бирдей ыраазы болушкан экен. Анткени Көлдүн кайсы бир аймагында ашта көк бөрү оюну жүрүп жаткан учурда бир байдын баласы өзүнүн боштугунан атка сүйрөлүп көз жумган. Каза болгон баланын туугандары кун төлөтүш үчүн топко арыз беришет. Ушул маселени Кыдыр аке менен Садыр аке Баялыга териштирүүгө беришет. Ошондо жаш казы Баялы калыстык менен көк бөрүгө түшкөн кедей баланы кундан куткарып
чыгат.

Баялы акенин аты элге кеңири белгилүү болгонун ушул учурларга байланыштырышат.
Коогалаң башка түшкөндө...
1916-жылы эл башына мүшкүл иш түшкөндө Баялы аке Көкүмбайга келип өз оюн айтса, Курманкожо элин Үркүнгө качырбайлы деген сунушуна Көкүмбай болуш убагында көнгөн эмес. Азыркы Түгөл-Сай менен Куйручук айылынын ортосунда, адырдын жээгинде отурукташкан орус кыштагы болгон. Аны кыргыздар "пасалкоо" деп аташкан.

Курманкожодон Көкүмбайдын эли ошол пасалкоону талкалап жиберишкен. Бул коогалаңда Көкүмбай өз эли менен Кытайга качууга аргасыз эле. Эл башына кыйын күн түшкөн мезгилде Баялы аке Жумгалдын көкүрөк жагын ээлеген элди Кытайга качырбоо максатында көп аракет жасаган. Ошол учурда Курманкожо элин: жообасар, кулубай, жутаке, табылды, манас, өзүк, өтө, бугу, көк мээ, байболот, жолболот уруулары жогоруда айтылгандай кырылуудан, талап-тонолуудан аман-эсен сактаган. Баялы акенин даанышмандыгы, дипломатиялык жөндөмдүүлүгү даана ушул кыйын кезеңде көрүндү. Шоргого Ыман Райдын күмбөзүнүн жанына бир чоң боз үйдү тиктирип, ылдый Суусамыр тараптан келе жаткан жазалоочу орус аскерлерин тоскон, ак боз үйгө орус империясынын желегин көтөртүп, үйдүн капшытына кызыл чаначка кымыз байлатып, кер тай деген күлүктү жана 70 баш койду топтотуп берип, аскер жетекчилери менен тилмеч карачоро Баатайдын уулу Касымбек аркылуу сүйлөшкөн. Натыйжада Орусиянын өкүлү боз үйгө илинген желекти көрүп, тилмеч аркылуу Баялы аке сүйлөшүүгө олтуруп, ал кишинин акылмандуулугуна баа берилгенде, бул элге күч колдонулбастыгына сөз берип, "Өз жериңерде тынч жашай бергиле", - деген пикирин билдирген. Эгер ошол коогалаңда Баялы аке "Бүтүн эл, бүтүн жер" деп канатын какпаганда , "кой, жол азабы - көр азабы" деген ток этээр чечимге келбегенде эмне болот эле. Анын даанышмандыгы дейбизби, эмне кылса да элди качырбай калуунун амалын мурдатан ойлогону, алысты калчап, акылга салгандыгы элди сактап калган. Кокус орус өкүлчүлүгү сунушуна көнбөй койсо, бөйдө эл кырылбасын деп Балыкты деген жердеги бир чоң колотко жалаң кемпирлерди, башка чоң колотко жалаң келин-кыздарды
отургузуп койгон. Анткени орус өкүлчүлүгү ишенбей тинтүү жүргүзсө, эр бүлөнүн баары Кашкарга кетишкен, бул жерде жалаң гана кары-картаң кемпир-кесек калды, элди кырбагыла деп айтам деген ойдо болгон. Балыктыдагы ал коктулар азыр дагы "Келин колот", "Кемпир колот" деп айтылып жүрөт. Калган - эр бүлөнү ар кайсы кокту-колотко, тоо-ташка бөлүп жашындырганы, өзү болсо элди аман сактап качырбоо максатында орус падышачылыгынын жазалоочу отряддына төшүн тосуп, өмүрүн тобокелчилике салганы эмне деген эрдик. Бул анын тубаса даанышмандыгы да.

Эгер улуу кыргыз тарыхы миң жылдарды карытканын айтсак, эл ичинен чыккан Баялы аке сыяктуу тарыхий инсандардын жасаган эмгегин эскере жүргөнүбүз, тарыхтын ак тактарын тактап, урматтаган болоор элек.
Султанбек Кадыралиев,
эмгек ардагери


Баялы акенин
айткан насааттарынан:
Дан баксаң - жан багасың.
Бул жашоодо замандаштарың сыйласа, урпактарың урматтаар.
Жаңжалдашсаң - арты ый,
Урматташсаң - арты сый.
Данды сээп, жер тырма,
Түшүмгө маарып, эл сыйла.
Жардам берсең, жатың - тууган болоор,
Чабыр тууганың - буудан болоор.


Эл даанышманы
(Баялы акеге)
Сөз кадырын барктаган,
Үркүндөн элин сактаган.
Ачкычын таап ар иштин,
Үмүтүн элдин актаган.

Кызыл тилди камчылап,
Күлүктөй кылып таптаган.
Кара кылды как жарып,
Калыстыкты актаган.

Акылын баалап эл-журту,
"Аке" наамга кондурган.
Көрөгөч болгон жүрөгү,
Калкын сынга толтурган.

Саяктан чыккан акеге,
Сарт аке берген батасын.
Санжыраны так айтып,
Оңдогон элдин катасын.

Кыймылсыз жаткан дың жерди,
Буурусу менен буздурган.
Күтүрөтүп элине,
Күзүндө кызыл создурган.
Алтын Бекинова,
Кыргыз Республикасынын
эл агартуусунун мыктысы,
Чаек айылы, Жумгал району






Пикир:






??.??