Кыргыз гезиттер

п»ї

"Zaman Кыргызстан", 17-май, 2013-ж.


"Алиби", 17-май, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 17-май, 2013-ж.


"Учур", 16-май, 2013-ж.


"Полит Клиника", 16-май, 2013-ж.


Коркунучу көп
өлкөбүзбү?
Коркунучтарды баалоо боюнча британиялык компания саясий коркунучтардын картасын иштеп чыккан. Ал картага ишенсек, Кыргызстан Индия, Түркия, Венесуэла жана Түндүк Кореянын, тагыраак айтканда, террорчулук, жарандык согуш, ыңкылап, мамлекеттик төңкөрүш сыяктуу ар кандай зордук-зомбулуктардын болуусу толук ыктымал өлкөлөрдүн катарына кирип калган. Буга салыштырмалуу Россия, Казакстан жана Тажикстан орточо, ал эми Өзбекстан менен Түркмөнстан дегеле төмөнкү деңгээлдеги коркунучта турган өлкөлөргө кирет имиш.

Дипломатиялык
өкүлчүлүктөр ачылат
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев 2013-жылы Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү Афганистанда, Кувейтте жана Кытайдын Гуанчжоусунда ачылаарын билдирди. Анын айтымында, учурда элчилердин жашай турган жайы, айлык акылары чечилүүдө.

Дүйнөдө жакырлар көбөйүүдө
Дүйшөмбү шаарында өткөн жаштардын уюмдарын өркүндөтүү боюнча форумда Ислам өнүктүрүү банкы менен байланышкан мамлекеттердеги жаштардын төрттөн бири өтө кедей жашаа­­ры, дегеле дүйнөдө 1 миллионго жакын калк күнүнө 1 доллардан кем каражатка жашай тургандыгы жана ар бир 5 мүнөттө бирден ымыркай көз жумуп жаткандыгы маалымдалды.

Кыргыздар түркий
элдер парадында
Кечээ кыргызстандыктар АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн түрк элдеринин парадына катышып, кыргыз улутун жана туусун эл аралык деңгээлде даңазалай алышты. Мунун демилгечиси океандын ары жагында жашап жаткан мекендештердин "Кыргыз клаб" уюму болуп саналат.

Сабактар көп, сапаты аз
Билим берүү министри Канат Садыковдун айтуусуна караганда, Кыргызстан - мекептердеги сабактардын саат саны боюнча лидер, ал эми сапаты жагынан акыркы орунда тураарын моюндаган. Эгерде мурда сааттардын саны балдардын жүгүн жеңилдетүү максатында кыскартылган болсо, эми жаңы окуу-усулдук комплекстердин чыгуусуна жана окуу усулдуктарынын өзгөрүшүнө жараша гана кыскартылмакчы.

Электр энергиясын экспорттоо азят
Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгына байланыштуу, Кыргыз өкмөтү электр энергиясын экспорттоону чукулунан кыскартуу чечимин кабыл алып жаткандыгы белгилүү болууда. Бул тууралуу КР премьер-министри Ж.Сатыбалдиев парламенттик көпчүлүктүн "Ырыс алды- ынтымак" коалициясынын жыйынында билдирген.
Өз маалыматыбыз жана
интернет булактардан алынды








080513

290313

260313

150213

120213

080213

010213

250113

220113

180113






??.??