"Кыргыз Туусу", 14.05.13 Кочкор райондук мамлекеттик администрациянын башчысы-аким Жылдызбек ШЕРАЛИЕВ:
"Ар бир айыл аймагында бирден ишкана ачылат"
Теңир-Тоо аймагындагы айтылуу Кочкор районун кимдер гана билбейт. Кыргыздын бычакка сап азаматтары дал ушул табигаты өзгөчө Кочкор жергесинен чыкканын тарых барактары айгинелеп турат. Азыр да мейли өндүрүштө болсун, мейли илим чөйрөсүн албайлы, саясат жаатында да төбөсү республикалык деңгээлде көрүнгөн, өзүлөрүн Кочкор жергесинен экенин сыймыктана аташкан уул-кыздарынын катары суюлган жок. Айрымдары өзүлөрү туулуп-өскөн айылдарынын кем-карчтарына каралашып, бөксөлөрүн толтуруп, туугандарынын баталарын алып, чыныгы мекенчилдигин далилдеп келишти. Башка аймактардай эле Кочкор жергеси адам бүйүрүн кызыткан тарыхтарга бай. Алар тууралуу жетиштүү чыгармалар, илимий иликтөөлөр калк арасында кеңири жайылган, маалыматтар арбын. Биздин максатыбыз - учурдагы райондун социалдык-экономикалык абалы, аларды жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралар менен окурмандарды тааныштыруу экенин эске алып, районго тиешелүү орчундуу гана маалыматтарга токтоло кетели. Кочкор району 1930-жылы уюшулуп, ушул мезгилден бери олуттуу административдик өзгөрүүлөргө дуушар болгон жок. Райондогу 32 айыл 11 айыл өкмөтүнө бириктирилген. Жалпы ээлеген аянты 64712 чарчы километрди түзөт. Айылдар деңиз деңгээлинен 1800-3500 метр бийиктикте жайгашкан. Акыркы эл каттоонун жыйынтыктары боюнча райондогу 15180 кожолукта алтымыш үч миң беш жүздөн ашык адам жашайт.


Турусбек СОЛТОБАЕВ,
"Кыргыз Туусу"
Үч айдын жыйынтыгы чыгарылды

Ушул жылдын апрель айында райондук мамлекеттик администрациянын коллегиясынын кезектеги жыйынында 1-кварталдын жыйынтыктары чыгарылып, жалпы социалдык-экономикалык өнүгүү багыттары боюнча аткарылган иш-чараларга баа берилди. Негизги экономикалык көрсөткүчтөрдүн өзөгүн түзгөн өнөр жай тармагы боюнча 12,6 млн. сомдук продукция өндүрүлүп, калкка акы алып кызмат көрсөтүү 37,9 млн. сомго, соода жүгүртүүнүн көлөмү 123 млн. сомго аткарылганы жана өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ашыра аткарылганы белгиленди. Айыл чарбасы райондун негизги тармагы катары эсептелип, ушул мезгилде эт, сүт жумуртка өндүрүү боюнча белгиленген план-тапшырмалар аткарылганы тууралуу маалыматтар айтылды.
Райондук бюджеттин кирешелер бөлүгүн толтурууда алгылыктуу аракеттер аткарылып, жалпы 13,7 млн. сом салык жыйымдары топтолуп, белгиленген чек 104 пайызга аткарылган.

Айдоо аянттары
такталган

Быйылкы жылга жазгы айдап-себүү өнөктүгүнө даярдануу, уюшкандыкта өткөрүү боюнча
райондо атайын штаб түзүлүп, алдын-ала айыл чарба өсүмдүк­төрүн себүүнүн түзүмү такталган. Бул түзүмгө ылайык, быйыл 5727 гектарга буудай, 4555 гектарга арпа, 2702 гектарга картошка жана башка өсүмдүктөрдү айдап себүү пландаштырылган. Өткөн жылга салыштырмалуу өсүмдүктөрдүн айрым түрлөрүн: буудай, картошка, жашылча, көп жылдык чөп арбын себилээри болжолдонду. Айдоого чейин райондун сугат тармактар башкармалыгынын маалыматы боюнча бардыгы 3665 гектар айдоо аянттары сапаттуу сугаттан өткөрүлдү.
Жалпы район боюнча эрте себилүүчү өсүмдүктөрдү себүү өнөктүгү аягына чыгууда. Айыл чарба шаймандары, тракторлор жазгы талаачылык жумуштарына даярдоо мөөнөтүнө ылайык оңдолуп, атайын комиссия тарабынан кабыл алынган. Аймактын дыйкандарында ар түрдүү үлгүдөгү 460 трактор, 180 соко, 69 сепкич, 298 тырмооч бар жана адистердин эсептөөлөрү боюнча айдоо аянттарын иштетүүгө толук жетишет.
Жалпы дыйкандардын айдап себүүгө керектелүүчү 2566 тонна дан эгиндеринин үрөндөрү өнөктүккө чейин топтолуп, дарылоодон өткөрүлгөн аймактын үрөн чарбаларынын үрөндөрдү жаңыртууга берилген сунуштарына ылайык бардыгы 44 тонна жогорку репродукциядагы үрөндөрү бөлүнүп себилди. Мындан тышкары мамлекеттик үрөн фондунан 40 тонна буудайдын, 30 тонна арпанын үрөндөрү дыйкан, фермердик чарбаларга келишим боюнча таркатылды. Кочкор айылындагы "Алтайхимпром" ишканасынын өкүлчүлүгү дыйкандарды дары-дармектер, жер семирткичтер менен камсыз кылууда.
"Фермерлерге арзан насыя" долбоору боюнча буга чейин 241 адамга 46 млн. сомдон ашык насыя-
лар он пайыздык үстөк менен таркатылган. Мындан тышкары айыл чарбасында жаңы технологияларды колдонуу багытында "Кыргызбиоцентр" биофабрикасы менен келишим түзүлүп, жаңы чыгарылып жаткан семирткичтердин түрлөрүн дыйкандар пайдалана башташты. Алгачкы иш тажрыйбанын жыйынтыктары адистердин божомолунда мыкты натыйжа берүүдө.

Асыл тукум койлор өстүрүлөт

Эзелтеден мал киндиктүү Кочкор жергесинде арбын продукция берүүчү төрт түлүк малдын башын көбөйтүүгө акыркы кездерде туруктуу көңүл бурула баштады. Өткөн 2012-жылы Кум-Дөбө айыл аймагына караштуу Шамшы айылынан Уларбек Абдрасулов жана Семиз-Бел айыл аймагындагы Арсы айылынан Чынарбек Алжанбаев жетектеген фермердин чарбалар өкмөттүн токтому менен "Асыл тукум кой өстүрүүчү ферма" макамын алышып, ишмердүүлүгүн улантууга жолдомо алышты. Ал эми ири мүйүздүү малды жасалма уруктандыруучу адистерди атайын курс­тардан окутуп даярдоо да оң натыйжаларды берет деген ишенич бар. Бул окуудан өткөн айыл өкмөтүнүн адистеринин талаптагыдай иштешине мамлекет тарабынан жабдуулар берилип, айлык акыларына да жетиштүү каражат бөлүнмөкчү.
Калктын менчик малы үчүн район
боюнча төрт жүз миң гектардан ашык ички, алыскы жайыттар пайдаланылат. Ар бир айыл өкмөтүнүн чегинде бөлүнгөн жайыттарды сарамжалдуу пайдаланууну уюштуруу, жайыт комитеттери атка-раары белгилүү. Өткөн 2012-жылы бардык 11 айыл өкмөттөрүндөгү
жайытка кетүүчү оңдоого муктаж тилкелери АРИС долбоорунун үч миллион сомдон ашык каражатына оңдолгон.
Кочкор районунда майда дыйкан чарбаларын бириктирип, ири айыл чарба кооперативдерин уюштуруу оң натыйжаларды берүүдө. Учурда 6 дан эгиндеринин, эспарцеттин үрөндөрүн, 1 картошканын үрөндөрүн өндүрүүчү, 5 мал чарбачылыгына багытталган, 3 техникалык сервис, 3 айыл чарба өндүрүштүк кооперативдери ийгиликтүү иштеп жатат. Райондун акими Жылдызбек Шералиевдин айтымында кайтарымы арбын мындай бирикмелерди уюштуруу иш-чаралары мындан ары да улана бермекчи.

Сугат суусу менен камсыз кылууга даярдыктар
Райондо чарбалык жана ички чарбалык сугат тармактарын өз убагында тазалоо, гидротехникалык курулуштарды, суу насосторун оңдоо боюнча долбоорлоо-сметалык документтери даярдалып, тармактык министрликке жөнөтүлгөн. Май айына чейин
эки миллион сомго жакын каражат жумшалып, аралыгы 2,2 км. каналдар оңдолуп, 2 гидропост, 6 на-
состук станция, 12 агрегат калыбына келтирилген. Учурда узундугу 74,8 км. каналдар сугатка даярдалып, суу салынган. Баардык 7 насостук станциялар суу берүүгө даярдалып, сыноодон өткөрүлдү. Белгиленген он үч миң гектардан ашык аянтка ным топтоо сугатын жүргүзүү белгиленсе, азыркы күндө бул иш-чара аягына чыгуу алдында турат. Айрыкча бул өнөктүккө Кош-Дөбө, Ак-Кыя, Чолпон, Кара-Суу айыл өкмөттөрүндө өзгөчө
маани беришип, мол түшүмгө өбөлгө түзгөн бул иш-чара уюшкандыкта өткөрүлдү.

Тажрыйбалуу адистер жетишпейт

Кочкор райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна 10 үй-бүлөлүк дарыгерлер топтору, 21 фельдшердик-акушерлик пункттар, тез жардам, дарылоо-изилдөө, тиш оорулар бөлүмдөрү карап, бекитилген штаттык жүгүртмөдөгү 62 дарыгердин ордуна 39 жогорку билимдүү дарыгер иштейт. Айрым адистиктер боюнча (кардиолог, уролог, педиатр ж.б.) дарыгерлер жетишсиз. Ал эми Шамшы, Дөң-Алыш үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жетекчисиз иш алып барууда. Учурдагы иштеп жаткан дарыгерлердин көпчүлүгү жаш курагы алтымыш жаштан өткөндөрүн эске алсак, бул тармак өтө оор абалда экенинен кабар берет. Адистердин жетишсиздигине карабай ооруларды кабыл алуу, эмдөө, дарылоо, алдын алууга байланышкан иш-чаралар белгиленген тартипте жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалыматтар бар.

Мыкты окуучулардын ийгиликтери кубандырат

Райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу мектептеринде быйылкы окуу жылын 846 окуучу 11-классты, 1164 окуучу 9-классты аяктап жатышат. Алардын арасынан 48 бүтүрүүчү артыкчылык күбөлүккө, 20 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатка талапкер. Аларга билим-тарбия беришкен мугалимдердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чаралар өткөрүлүп турат. Ушул жылы 46 мугалим С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин алдындагы адистерди кайра даярдоо борборунан билимдерин өркүндөтүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул мугалимдердин жол чыгымдары айыл өкмөттөрү тарабынан төлөнүп берилди. Билим берүү жана илим министрлигинин буйругуна ылайык февраль айында Нарын шаарында өткөрүлгөн облустук олимпиадага 35 окуучу катышып, жалпы командалык эсепте түрк лицейинен кийин 2-орунду ээлешти.
Райондун мектептеринде түрдүү темага арналган семинарлар, тренингдер, ачык сабактар окуучулардын билим деңгээлин, мугалимдердин тажрыйбасын арттырууга өбөлгө түзөөрү жашыруун эмес.

Жаңы ишканалдардын катары өсүүдө

Өткөн 2012-жылы эле район боюнча ар түрдүү багыттагы 15 өнөр жай ишканалары ачылып, ийгиликтүү иштеп жатышат. Орток, Мантыш, Кара-Суу айылдарында бирден тигүүчү цехтер ачылып, продукция чыгара баштады. Кийин алардын катарын Исакеев айылындагы кийим тигүүчү цех толуктап, 14 кыз-келин туруктуу иш менен камсыз болушту. Кочкор айылына абдан керек сүттү кайра иштетүүчү ишкана ишке берилип, нөөмөтүнө 1 тоннага чейин сүт иштетүүгө мүмкүнчүлүгү
бар.
Аймактагы жаңы курулуш материалына кирген 2 кум блокторун чыгаруучу цех да өз продукция-сын кардарларга сунуш кыла башташты. Мындан тышкары пластиктен эшик-терезе чыгаруучу 1 ишкана да продукцияларын сата баштады. Автоунаалардын көбөйүшү менен шартталган 4 дөңгөлөк желимдөөчү жайлар да калкка кызмат көрсөтөт.

Ар бир аймакта бирден ишкана ачылат

Өткөн жылы райондо кыш айларында сапаттуу жашылча-жемиш менен калкты камсыз кылууда үч теплица алектенип, оң натыйжаларды бергени белгилүү. Аймакта жаңылык катары кабылданган балык өстүрүү тармагы жанданып баратканын жагымдуу көрүнүш катары баалоо керек. Бул жаатта эмгектенген 8 ишкердин баамында бул тармактын келечеги кең. Атайын көлмөлөрдө өстүрүлгөн балыктар өз кардарларын ушул аймактан эле таап жатканы кубаныч-
туу.
Райондун Кара-Тоо айылында миллион сомго жакын каражат кетирип балык чарбасын уюштурган Дастан Алыкулов жашылча өстүрүү үчүн теплицаларды куруп, эрте жаздан калкты помидор, бадыраң, капуста менен да камсыз кылат. Анын кайтарымы жогору болгондуктан башка айылдарда да теплица курууну алдына максат кылып койду. Ал эми Кочкор айылынын борборуна 4 млн. сомго "Кочкор базарын" курган Болотбек Бейшенбековдун эмгегин да белгилей кетүүбүз керек. Бул жаңы базарда элүүдөн ашык жумушчу орундары түзүлүп, элди маданияттуу тейлей башташты.
Өлкөнү туңгуюктан алып чыгуу үчүн миңдеген адам иштеген завод-фабрикаларды куруунун кажети жок. Чакан, эл керектөөчү өтүмдүү товарларды чыгарган ишканалардын пайдасы алда качан жогору экенин коңшу мамлекеттердин тажрыйбасынан көрүп жатабыз. Бул райондо жасалган саамалык аракеттер башка аймактарда уланса деген тилек менен материалыбызды жыйынтыктамакчыбыз.