"Кыргыз Туусу", 14.05.13 Үнөмдүү жашоого үйрөтчү долбоор
Кыргызстанда электр энергиясын жоготууларды 40 пайызга
төмөндөтүүгө болот. Бул жөнүндө Евросоюздун биздин өлкөдөгү элчиси Шанталь Эбберект аталган эл аралык уюмдун жаңы программасынын - Кыргызстандагы туруктуу энергияны финансылоонун (KyrSEFF)
расмий ачылышында билдирди.


Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,
"Кыргыз Туусу"

Акча каражаттары гранттык негизде 7 жылдык мөөнөткө бөлүнмөкчү. Анткени энергиялык натыйжалуулук Кыргызстанды өнүктүрүүнүн төрт приоритеттеринин бири. Программанын алкактарында Европа өнүктүрүү жана реконструкция банкы (ЕӨРБ) 6,8 миллион евро каражатты биздин өлкөдө энергия үнөмдөөчү технологияларды жана энергиянын орду толтурулуучу булактарын инвестициялоону каалаган жеке менчик заёмчуларга грант катарында бермекчи.
Каражаттар жергиликтүү банктар жана микрофинансылык уюмдар аркылуу берилмекчи. Бүгүнкү күнгө карата буга эки банк - Демир Кыргыз Интернэшнл Банк жана Кыргыз Инвестициялык жана Кредиттик банк кошулган. Бул линия боюнча кредиттер бир нече жүз доллардан 1 миллион долларга чейинки өлчөмдө болмокчу. Турак үйдүн ар бир ээси, турак үйлөрдүн жашоочуларынын ассоциациясы же энергия үнөмдөө
боюнча кызматтарды берүүчү компания грант ала алат. Грант кредиттин жалпы суммасынан 20, а айрым учурларда 35 пайызды түзөт. Каражатты алуу­чу программанын бардык шарттарын аткарган учурда, долбоор аяктагандан кийин төлөй баштамакчы.
Эми жеке менчик үй ээлери өздөрүнүн турак жайларында энергия үнөмдөөчү терезелерди орно-
туу, дубалдарын, шыптарын жана полдорун жылуулоо, биомассанын, суу жылытуунун же жылуулук насосторунун күн менен иштөөчү сис­темасын коё алышмакчы. Мындан энергиянын чыгымдалуусун 40
пайызга чейин азайтууга болот.
Эгерде каражаттар доллар менен берилсе, жылдык үстөк пайыздык ставка - 14%ды, сом менен берилсе - 18%ды түзмөкчү. Кредитти жабуу мөөнөтү - 4 жыл.
- Бул долбоорго Кыргыз өкмөтү өзгөчө көңүл бөлүүдө, - деди биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев. - Электр энергиясына төмөн тарифтер бирдин өлкөнүн уникалдуулугу болуп саналат. Себеби бизде арзан электр энергиясы чыгарылат. Бул жарандардын жашоосу үчүн жана биздин бизнестин, өзгөчө энергия сыйымдуу бизнестин конкуренцияга туруктуулугу үчүн олуттуу колдоо.
Ошол эле учурда арзан энергия аны пайдаланууда толук рыноктук эмес шарттарды түзүүдө. Кыргызстан продукциянын бирдигине башкаларга салыштырмалуу электр энергиясын алда канча көп жумшоосу, энергия натыйжалуу эмес пайдаланылып жатканын билдирет. Ошондуктан энергия үнөмдөө, энергия сактоо жакшы эмес, жоготуулар көп.
Биз ошондуктан ЕРӨБгө бул проб­лемада жардам берүүнү сурап кайрылганбыз. Ошондон улам бул долбоор башталып отурат. Биз тараптан энергия үнөмдөө боюнча мыйзамдык жана ченемдик-укуктук база түзүлдү.
Жалпысынан 20 миллион доллар каражат кредит бөлүнүүдө. Анын ичинен Европа союзунун гранты 6,8 миллион евро. Биздин жарандар жана уюмдар бул мүмкүнчүлүктөн активдүү пайдаланышат деп ишенем.
Маалымат үчүн: туруктуу энергия­ны финанасылоо боюнча программа (SEFF) - ЕРӨБдүн туруктуу энергетика демилгесинин алкактарындагы компонеттердин бири. Азыркы учурда 16 өлкөдө 60 жергиликтүү финанасы институттары аркылуу жүзөгө ашырылууда.




Кымызды ичкенге,
жерди иштеткенге берсек...

Учурунда колхоз-совхоздор тарап жатканда көпчүлүк адамдар бекер берилген жерден баш тартышкан. Кийин гана жеке менчик заманында жердин баркы көтөрүлгөндөн кийин, мурда өздөрү албай коюшкандар кайра жер талашкан учурлар көп. Төмөндө ошондой көрүнүштөрдүн бири жөнүндө сөз болмокчу. Өткөн жылдын аягында Кемин районунун Нур айылында аз сандагы адамдардын катышуусунда өткөн бир жыйында ушул айылдын тургуну Анарбек Борбуевге 4,5 гектар жерди жалгыз ээлеп жатканы боюнча доомат айтылган. Мен ал маселени иликтеп көрүү үчүн ардагер энергетик А.Борбуевдин өзүнө кайрылдым.


- Агрардык-жер реформасы башталганда Кемин шаарчасынын калкына шаар жашоочулары катарында жер үлүштөрү берилбептир. Сиз кандайча бул жерди алып калдыңыз эле?
- 1990-жылдары ал жер Быстровка электр тармактары ишканасына тиешелүү таштуу жер болчу. Мен ал ишкананын директору элем. Ошондо ал жерди ишкананын жумушчуларына 10 сотыхтан бөлүп берүү чечимин чыгарганмын. Айрым жумушчулар пайдаланып келишкен. Кийин союз тараганда орус тилдүүлөр жапырт түрдө көчүп кетишти. Ошентип жердин басымдуу бөлүгү кароосуз калды.
Азыр жерге көз арта башташкан К.Мырзабеков, С.Исаев, Э.Оморов, А.Мунарбеков жерди иштете алышпай, мага өз үлүштөрүн 2 миң сомдон сатышкан. Шаарга көчүп кетишкен Н.Кайдуев менен С.Сансызбаев жерлерин мага таштап кетишкен. Кароосуз калган жерди алгач Алтымыш айылынын 2-3 жашоочусу пайдаланып жүрүп, кийин алар да таштап коюшкан.
Ошол кезде эч кимибизде укук берчү документ да жок эле. Мен Кемин шаарчасынын мэриясынын жер боюнча башкы адиси Илимбек Саяковдун жардамы менен Кыргыз мамлекеттик жерге жайгаштыруу жана долбоорлоо институтуна, КРнын Борбордук архивине чейин барып, ошол жердин кимге таандык экенин аныктаганга аракет кылып, андай документ таба албадык. Анан ал жердин картасы чийилип, Кемин шаарчасына кошулду.
- Сиз алганда ал жердин абалы кандай эле?
- Ал жер таштак болуп, куурай, чогойно басып жатчу. Мен ал жерди өздөштүрүүнү көздөп, Кемин райондук кеңештин токтомунун негизинде Кемин айыл округунун чечимине ылайык, Кемин райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмү тарабынан ошол какыраган таштак жер тилкеси мага 2015-жылга чейин ижарага берилген.
Ал жерди үй-бүлөбүз менен күнү-түнү иштеп, таштан арылттык. Атүгүл тракторчулар жердин таштактыгынан улам, соколорун сындырып алгандан коркуп айдагандан качышчу. Алгач Олег аттуу жигит гана макул болуп айдап берген.
30 миң сомго вагон сатып келип, аны коюп, чакан ГЭСтен суу чыгарууга уруксат алып, насос орноттум. Азыр деле жыл сайын жаз келгенде ишибиз таш терүүдөн башталат.
Мыйзамга ылайык, эгер ал жерди туура пайдалансам, кийин мага жеке менчикке бериле тургандыгы
боюнча чечимде көрсөтүлгөн.
Ошентсе да, азыр жергиликтүү бийликтеги айрым адамдар мени менен элди кайраштыруу аракетин көрүп жатышат. Мен бул жерди гана иштетпестен, 1995-жылдан бери фермерчилик менен алектенип келем. Малым Чоң-Кемин, Көк-Ойрок айыл
аймактарындагы жакшы санаа­лаш адамдарымда. Көк-Ойроктун Кара-Булак өрөөнүндө 100 гектар жайыт жерим жана кашарым бар. Жайлата малдарым ошондо багылат. Эми кеч күздөн тарта малымды өзүм алып баксамбы деп турам.
Азыр айылда проблема жетиштүү. Мисалы, клубдун суугунан кышында кутурган итти байласаң турбайт. Электр берүүчү жерге жакын турганыбыз менен айылыбыздын көчөлөрүндө жарык жок. Үч жыл мурда айылга мечит курганга акча чогултулган экен, азыркыга чейин "же иттен, же ит байлаган жиптен" дайын жок.
Маектешкен
Шайым МУРЗАЛИЕВА,
Кемин райондук "Эмгек жарчысы" гезитинин кабарчысы





Биле жүрүңүз
Үркөр топ жылдызынын өсүмдүктөр, жан-жаныбарлар дүйнөсүнө жана адам баласына тийгизген таасирлери кыргыз элинин тарыхында өзгөчө деңгээлде байкалып келген. Ар жыл сайын "Кулжа бир тогол" аттуу ай асманда жаңырганда үркөр топ жылдызы батып кетет. Үркөр топ жылдызы батканда бийик тоолуу аймактардагы дары-дармекке керектелүүчү чөптөр дүркүрөп өсө баштайт. Кулунун ээрчиткен бээлер түнкүсүн оттошот эмеспи. Ал эми күндүзү болсо, адырлардагы керилген желелерде кымыз үчүн керээлден-кечке сүт саалат.
Ууз кымыз кайсыл күндөрдө болот?

Эми, ден соолук үчүн өзгөчө баалуу кымыз кайсыл мезгилде болот деген суроо жаралбай койбойт. Так ошол ден соолук үчүн өзгөчө баалуу кымыз үркөр баткандан кийин, же болбосо "Кулжа бир тогол" аттуу ай жаңыргандан кийинки кырк күн ичиндеги жасалган кымыз кыргыз элинин тарыхында ууз кымыз деп атап келишкен. Мен муну өзүм врач-дарыгер кесибинде жүргөндүгүмдөн өзгөчө басым менен айткым келип жатат.
Өткөн замандарда даңктуу тамырчылар, элдик табыптар ден соолугу начар адамдарды көпчүлүк учурда ушул кырк күн ичиндеги ууз кымыз менен эле дарылап коюшкан. Менин чоң кайнатам Акмат уулу Абди жакын тууганы Андаш уулу Жумагулду ууз кымыз менен айыктырган. Акмат уулу Абди тамыр кармап, табыпчылык кесипти эң жакшы билчү. Кээ бир ден соолугу начар адамдарды, балдарды ушул кырк күн ичиндеги ууз кымыз менен эле дарылап койчу. Ал эми үркөр чыгыштан чыга баштагандан кийинки кымызды жөнөкөй кымыз деп аташат.
Ар жыл сайын май айынын көпчүлүк күндөрүндө асманда болуучу айдын өзү "Кулжа бир тогол" аттуу ай болот эмеспи. Ушул себептен май айы­нын аталышы да кыргызча аталып калган. Үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинен 3-июнга чейинки күндөрдө асманда "Кулжа бир тогол" аттуу ай болот. Демек, 25-апрель менен 3-июнь күндөрүндөгү кырк күн ичиндеги кымыз ууз кымыз болот.
Артыгалы МУРАТАЛИЕВ, врач-эксперт, хирург