"Кыргыз Туусу", 14.05.13 Тилди мыкты билгендер да
сынактан өтүшөбү?
"Улут болсом, тилим менен улутмун" деп Кыргыз эл акыны Эсенгул Ибраев таамай белгилегендей, улуттун уңгулуу улуу­лугун арттыруу­­­да мамлекеттик тил мыйзамынын максаттуу жү­­­зөгө ашырылышы маанилүү. Ошондуктан парламент мүчөлөрү тарабынан тил мыйзамына алымча-кошумчаларды киргизүү аракети көрүлүп жаткандыгы кубаттоого аларлык көрүнүш. Элек­­­­тен өткөн эреселүү мыйзам мамлекеттик тилдин өркүндөшү үчүн өтө маанилүү экендиги талашсыз. Бул багытта депутаттардын алгылыктуу аракет жасап жатышкандыгы жагымдуу кө­рү­­нүш, бирок айрым өзгөртүү киргизүүлөрдүн дале болсо "чийки" болуп жатышын учурунда белгилебесек, кийин кеч болуп калаары айкын.

Фактыларга токтололу. Мыйзамдын 8-беренесинде мындай деген саптар бар: "Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Премьер-министри, Жогорку сотунун төрагасы, Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы мамлекеттик тилде сүйлөөгө - окууга, жазууга, өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирүүгө жана жыйындарда мамлекеттик тилде чыгып сүйлөөгө милдеттүү". Эми бул беренеге сунуш этилген кошумча өзгөртүүгө кылдат көңүл буруп көрөлү: "Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Премьер-министри, Жогорку сотунун төрагасы, Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын төрагасы, Өкмөтүнүн мүчөлөрү жана алардын орун басарлары, статс-катчылары, административдик ведомстволордун, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери жана алардын орун басарлары мамлекеттик тилде сүйлөөгө - окууга, жазууга, өздөрүнүн ой-пикирлерин билдирүүгө жана жыйындарда мамлекеттик тилде чыгып сүйлөөгө милдеттүү. Ошондой эле алар мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сынактан өтүүгө тийиш. Мамлекеттик тил боюнча сынакты мамлекеттик тил боюнча өкүлчүлүктүү мамлекеттик органдар жүргүзүшөт".
Бул сунуш КР Конституциясынын 16-беренесинин 2-пунктуна карама-каршы келип жатпайбы. Анда минтип айтылат: "Жыныстык, улуттук белгилери, тили, майыптыгы, этникалык тие­ше­лүү­лү­гү, диндик ишеними, курагы, саясий же башка ишенимдери, билими, мүлк­­­­түк же башка абалы, ошондой эле башка кыр­даалдар боюнча эч ким дискриминацияга алынбайт".
Бул учурда кыргыз тилин билүү же билбөө критерийлери аныкталган эмес. Эгерде бул мыйзам долбоору кабыл алына турган болсо, анда мамлекеттик тилди билбеген иштеп жатышкан өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү администрациялардын жана өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери өздөрүнүн кызматтарында калышабы, же ишти таштап кетүүгө тийишпи? Же аларга кыргыз тилин үйрөнүү үчүн белгилүү бир мөөнөт берилеби? Мыйзам долбоорунун авторлору аны расмий жарыяланган күндөн баштап жүзөгө ашыруунун зарылдыгын белгилешкен.
Сунуштамада "... алар мамлекеттик тилди билүүсү боюнча сынактан өтүүгө тийиш" деп белгиленген. Эгерде райондун же айыл өкмөтүнүн жетекчилигине талапкер өмүр бою элетте жашап, кыргыз тилинде мыкты сүйлөсө, аны сынактан өткөрүүнүн кандай зарылчылыгы бар? Же алар Чаткалдан, Казармандан, Алайкуудан, Чоң-Алайдан Бишкекке же облустук борборго сынак берүү үчүн убара тартып келиши керекпи? Ал эми "мамлекеттик тил боюнча өкүлчүлүктүү мамлекеттик органдар тарабынан" сынак өткөрүү укугу сунуш кылынган ченем коррупцияга каршы экспертизаны өткөрүүнү талап кылат.
Марат АЛАГУШЕВ





Мыйзам үстөмдүк кылдыбы же мамлекеттер аралык мамилеби?
Мырзакат ТЫНАЛИЕВ, "Кыргыз Туусу"
Кыргыз бийликтеринин тилегин таш каптыруу менен АКШнын Нью-Йорк шаарынын Бруклин прокуратурасы тарабынан 9-майда Максим Бакиевге карата кылмыш ишин жабуу жөнүндө чечим кабыл алынган. Бул жөнүндө "Блуумберг" маалымат агенттиги билдирди. Муну менен кыргыз коомчулугундагы "экс-ханзааданы" өлкөгө кайтаруу жана аны кылмыш жазасына тартуу үмүтүнө да суу себилгендей болду.

А өткөн жылдын 12-октябрында АКШнын федералдык соту тарабынан биздин бир аксакалыбыз мактаган "көзү жакшы" байбачага карата "Баалуу кагаздар менен алдамчылык жүргүзүү максатында кутум жана сот адилеттүүлүгүн жүзөгө ашырууга тоскоолдук кылуу" айыбы тагылып, кылмыш иши козголгон. Бул анын кыргыз Фемидасынын алдына келип, кыргыз мыйзамдарына ылайык, жаза алып калуу ыктымалдыгын жараткан.
Эми анын АКШнын прокуратурасы тарабынан акталуусу жана ал боюнча эч кандай түшүндүрмөлөрдүн берилбегени азыр биздин коомчулук тарабынан кызуу талкууга алынды. Мында башкы талаш - эмне үстөмдүк кылып кеткенинде: юриспруденциябы же мамлекеттер аралык мамилеби? Азыр негизги талаш ушул суроонун айланасында жүрүп жатат. Бул боюнча ар кандай версиялар айтылганы менен алардын ичинен ынаным­дуусу да табыла элек.
Биздин тышкы иштер министрибиз Эрлан Абдылдаев АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Памела Спратлен айым менен жолугушууда бул факт боюнча өзүнүн нааразычылыгын билдирди. "Бардык деңгээлдердеги америкалык бийликтер Бакиевдер тарабынан жасалган кылмыштардын оордугун белгилешкен. Бирок, тилекке каршы, демократиянын башкы принциптеринин бири - мыйзамдын үстөмдүгү жана жазанын болбой койбостугу иштеген жок", - деп айтты ал.
Жооп иретинде П.Спратлен айым "айыптоонун жетишсиз базасы" ушундай чечим кабыл алууга себеп болгондугун айтуу менен чектелди.
Бирок, муну "Манас" аэропортундагы Транзиттик жүк ташуулар борборунун чыгарылышы боюнча биздин өлкө кабыл алган чечим менен байланыштырышкан аналитиктер да бар.
Бирок бир гана нерсе азыр анык болуп турат - бул версиялардын кайсынысы чындык экени жакынкы убакытта билинбейт окшойт.
Ал ортодо М.Бакиев Биринчи май райондук сотунун өкүмү менен Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 30- ("Кылмышка катышуу"), 303- ("Коррупция") жана 306-беренеси ("Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына каршы контракт түзүү, мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашыруу") боюнча айыпталып, жалпысынан 25-жылга эркинен ажыратылууга сыртынан соттолгон.




Дүйнөлүк күчтүүлөрүн катарында
Күрөш боюнча Кыргызстандын курамасынын өкүлдөрү Айбек Усупов менен Каныбек Жолчубеков күрөштүн бириккен түрлөрүнүн эл аралык федерациясынын рейтингинде дүйнөнүн мыкты он балбанынын тизмесине киришти.
Эл аралык федерациянын расмий сайты билдиргендей, рейтингди түзүүдө 2012-жылы Лондондо өткөн Олимпиададан кийинки жана бүгүнкү күнгө чейинки мезгилдеги Гран-При сериясындагы расмий континенттик мелдештердеги жана эл аралык турнирлердеги натыйжалары эске алынган.
А.Усупов Индияда өткөрүлгөн эркин күрөш боюнча Азия - 2013 чемпионатында күмүш байгеге ээ болсо, К.Жолчубеков грек-рим күрөшү боюнча коло медалга татыктуу болгон.

Н.ЖЭЭНБЕКОВ




"Жетигенден" рух майрам
Өткөн аптанын аягында өрүкзарлуу Баткенде "Жетиген" журналынын эки жылдык мааракеси өттү. Облустун борбордук стадионунда жыйырма миңдей адам чогулду. Бишкектен отузга жакын коноктор чакырылган. Кыргыз Республикасынын Баатыры, академик Миталип Мамытов баштаган расмий коноктор Баткен элинин өнөргө жакын, ырды сүйгөн жан дүйнөсүнө ыраазы болушту. Белгилүү эстрада жылдыздарынын чоң программадагы концерти төрт сааттан ашса да тирелип уккан элди толкутуп турду.

Алып баруучу Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев эл менен өнөр ээлеринин ортосундагы көпүрөлүк кызматты аткарып, жаркылдаган жарык маанайды жаратты. Концертти символдуу түр­дө Исрадин Аманбаев "Жетиген" аттуу ыр менен баштаганы, Апаз Жайнаковдун атактуу "Кыргыз жерин" оболотуп ырдаганы элдин көңүлүн дароо бурду. Таланттуу төкмө акын Азамат Болгонбаевдин "Жетиген" журналынын эки жылдык мааракеси элдик майрамга айланганын терип сайрап, жамгырдай төгүлгөн саптарына баткендиктер кумардан кана кызуу алакан чаап турушту. Айбек Карымовдун ырын стадиондогу олтурган эл жалпы хор менен кошо ырдап, Жанетта Бобкова, Фарида Карбозова менен "Кызбурак" ансамблинин кыздарынын ырларына концертке келген жергиликтүү элдин кошулуп бийлеп жатканы ого бетер бул майрамдын шаңын көтөрдү.
Академик Миталип Мамытов куттуктоо сөз сүйлөп, касиеттүү Беткен жери хан көргөн эл экенин, бул жерден Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Абсамат Масалиевдей эл башылар чыкканын сыймык менен атады. Ошондой эле таланттардын да мекени экенин айтып, Кыргыз Республикасынын Баатыры Тургунбай Садыков, эл артисттери Саламат Садыкова, Апаз Жайнаков, керемет обончу-ырчылар Бабаравшан Тургунбаев, Хабибилла Азиреткулов, Бактияр Токторов, Роза Шакирова ж.б. мисалга келтирип, башка жерде өспөгөн Айгүл гүлүндөй элинин да жан дүйнөсү башкача сонун эл экендигин, өрүкзардын мекенине мындай мааракенин жарашып турганын билдирди.
Баткен облусунун губернатору Жеңиш Раззаковдун куттуктоо сөзүндө "Жетиген" көп тармактуу коомдук журналынын эки жылдык мааракеси Баткен эли үчүн чоң майрамга айлангандыгын сыймыктануу менен билдирди. Анткени аталган журнал рухий азык катары эл суусап турган басылма экендигин белгиледи. Ошондой эле радио менен теледен көргөн белгилүү таланттарды алыскы Баткенге алып келип элге бекер концерт угузуп, көңүл кушун көтөрүп жаткан "Жетиген" журналынын чыгармачыл жамаатына, башкы редактору Абдиламит Жумашовго ыраазылык билдирди.
Маараке салтанатка Баткен облусундагы райондордон келген расмий өкүлдөр да катышышты. Ыр майрамы, рух майрамы өткөн өрүкзарлуу Баткенден башталган "Жетигендин" мындай мааракеси кийинки жылдары ордолуу Ошто өтүлүшү жакшы тилекте билдирилди.
Бактыгүл ЧОТУРОВА,
"Кыргыз Туусу"