"Кыргыз Туусу", 14.05.13 Нарын шаарында бийлик тирешүүсү уланууда
30-апрелден тарта Нарын шаарынын бийлигинде саясий күрөш башталып, учурда ал тымызын бири-бирине чалма салууга кириптер кылууда. Нарын шаардык кеңешинин бир катар депутаттарынын шаар жетекчисине ишеним көрсөтпөө тууралуу демилгеси депутаттарды жана бийликти эки ажырымга бөлүп салды. Биринчи тарап шаар мэри мыйзамсыз иштерди жасап жатат, өз ишине татыксыз деп баалашса, экинчи тарап шаардык кеңештин төрагасына ишеним кылбоо үчүн кайрылуу жасашууда.

Кептин баары 30-апрель күнү болгон депутаттардын Нарын шаардык кеңешинин XXVI чакырылышынын V отурумунун күн тартиби кароого алынганда башталды. Төрага Эрмек Турсуналиев отурумдун күн тартибине 7 маселе киргизилгендигин билдирип, кимде кандай сунуш бар экендигин маалымдаганда, депутат Автандил Молдосалиев депутаттардын демилгелүү тобунан түшкөн сунушту дагы күн тарбине киргизүүнү билдирди. Анда жети талаптан турган шаар мэрине карата билдирүүлөр окулуп, жыйынтыгында шаар жетекчисине ишеним көрсөтпөө тууралуу 11 депутаттын демилгесин күн тартибине киргизүү талабы айтылды. Маселе колго салынганда 16 добуш берилип, (шаардык кеңеш 31 мандаттан турат) сунуш күн тартибине киргизилмей болду. Натыйжада бир катар депутаттар мындай сунуш көпчүлүк башкаруучу коалицияга берилбегендигин, алдын ала талкуулоо болбогондугун айтып чыгышты. Ошентип депутаттар дароо экиге бөлүнүштү да калышты.
Биринчи тарап - мэрге ишеним көр­сөтпөөнү жактагандар маселе күн тартибине киргендигин кан какшап айтышса, экинчи тараптагылар мындай кысымга каршы аракет катары жыйындан чыгып кете тургандыктарын билдиришти. Акыры көпчүлүктү түзгөн "Нарын келечеги" деп аталган бирдиктүү төрт партиядан турган фрак­циялар биримдигинин жетекчиси КСДПдан шайланган депутат Алмаз Абдыкадыров сыртка чыгып кетүүгө кам урганда, аны коштоп жоон топ депутаттар, аларга кошулуп Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээна­лиев, анын орун басарлары, бир катар мекеме, уюм жетекчилери кошо эшикке чыгып кетишти. Залда калган депутаттарды эсептегенде алардын саны он жетини түзүп, отурум мыйзамдуу улантылаары билдирилди. Натыйжада кеткендер кетип, калгандар болсо сессиянын ишин кароого киришти. Анык кызык тамаша ошол учурда башталып, андан бери улантылып келүүдө. Ошентип апрель-май айлары тогошкондон бери Нарын шаарынын саясий аба ырайында жаатташуу, бири-бирин аңдуу, ич ара аракеттенүү, өз ара акырет келтирүү вазыйпасы кайнап келүүдө.
30-апрель күнү сессиянын отурумунан чыгып кеткен 13 депутат дароо жыйын өткөрүшүп, анда төрага Эрмек Турсуналивге ишеним көрсөтпөө жана көпчүлүк коалицияны таркатуу тууралуу эки кайрылуу кабыл алышкандыктарын жар салышты. Ал эми ичкериде калган 17 депутат жана кийин алардын катарына сырттан жол жүрүп келип кошулган бир депутат менен он сегизи мэрдин жоопкерчилигин карап, кызмат ордунан бошотуу жөнүндө КРнын Президентине, КРнын Өкмөтүнө, КРнын Жогорку Кеңешине жана КРнын Өкмө­тү­нүн Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө Кайрылуу камдашты.
Келип чыккан жагдайды болсо, шаар жетекчиси мыйзамсыз аракет катары баалайт.
- Албетте, шаардын мэри деген кызмат атамдан калган эмес. Ал эми 30-апрелде шаардык кеңештин сессия­­сында мэрге ишеним көрсөтпөө сунушу күн тартибине киргизилгендиги мен үчүн күтүүсүз болду. Натыйжада кан басымым көтөрүлүп кеткендиктен, улам ооруканага убактылуу кайрылууга аргасыз болдум. Андан кийин үйгө барганда дагы калыбыма келбегендиктен "Тез жардам" чакырттым. Эми негизсиз туу­­ра эмес маалыматтарды келтиргендиги үчүн, маалымат берген депутаттарды сотко берем. Мисалы, "Нарын-Эт" коомун мен эмес, жубайым Тамара Сыртбаева иштетет. Экинчиден, ал ишкана 168 миң сом электрге карыз эмес. Ошондой эле жол боюнча дагы мыйзамсыз иш кылган эмесмин,-деп билдирди шаар жетекчиси Баатырбек Жээналиев.
Кырдаалды депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Эрмек Турсуналиев: "Негизи фракциялар маселе коё алышат, күн тартибине депутаттар тобу дагы, бир депутат дагы кошумча маселе киргизе алат. Бирок мэрдин чыгып кетиши саясий чоң катачылык болду. Бул депутаттарды, элди сыйлабагандык. Негизи биз коалиция деп эле байланбашыбыз керек. Иштебеген адамды ээрчип жүрө берелиби. Ал эми коалиция тарайт дегенге негиз жок", - деп белгилейт.
- Турсуналиев Эрмек Турдалиевич төрага катары өз ишин туура, так жүр­гү­зө алган жок. Саясий жоопкерчиликти сезбей, ачык-айкын саясатты жүр­гүзбөй, өз кызыкчылыгын шаардын кызыкчылыгынан бийик коюп, партиялар ортосундагы ажырымды жаратып, чагымчылык кылууда. Мындан сырткары көпчүлүк коалициянын макулдашуусун одоно бузду,-деп жазылат көпчүлүк башкаруучу коалицияны түзгөн "Нарын келечеги" деп аталган бирдиктүү фракцияга кирген КСДПдан 6, "Ак шумкар" партиясынан 3, "Мекен ынтымагы" партиясынан 2 жана коалицияга кирбеген "Ата Мекен" партиясынан 2 депутат кол коюшкан кайрылууда. Бирок "Ата Мекен" партиясынан шайланган Жийде Көкөтаева жыйында болгондугун, бирок кол койбогондугун маалымдады. Ал эми бирдиктүү коалицияга кирген "Замандаш-Современник" партиясынын бардык 6 депутаты, "Мекен ынтымагы" партиясынан 2 депутат кол койгонго катышкан эмес.
Нарын шаардык кеңешинин көпчү­лүк башкаруучу коалициясын КСДП (6 мандат), "Замандаш-Современник" (6 мандат), "Мекен ынтымагы" (4 мандат) жана "Ак шумкар" (3 мандат) партияларынан шайланган 19 депутат түзүп, "Замандаш-Современник" партиясынан шайланган Эрмек Турсуналиевди төрагалыкка шайлашкан.
Жагдай боюнча "Нарын келечеги" коалициясынын жетекчиси, депутат Алмаз Абдыкадыров: "Мен кай­рылууну ка­был алдым. Анткени келишим-ма­кул­дашуу шарттары бузулду. Бирок коа­лиция тарабайт деп ишенем. Болгону төрага ошол эле "Замандаш" партиясынын депутаттарынын арасынан кайрадан шайланат", - деп болжолдойт коалиция лидери.
Шаардык кеңештин депутаттыгына "Ак шумкар" партиясынан шайланган депутат Жыргалбек Ботокановдун баа­мында экинчи тараптагылардын көздөгөнү эле бийлик талашуу.
- Мэрге ишеним көрсөт­пөй­бүз дегендердин сөзү жөн эле кеп. Алар эл үчүн күйүмүш болгондору менен, алардын жүрөгү кызмат үчүн болууда, - дейт Ж.Ботоканов мырза.
Бирдиктүү коалиция тутумунан сыртка калган "Ата Мекен" партиясынан шайланган депутат Бакыт Балбаевдин пикиринде мындай оюндар акыры жакшылыкты алып келбейт.
- Кандай болгондо деле мэр олтуруп, маселени угушу керек болчу. Сын болот, айтылат. Аны угуш керек, туура кабыл алып көтөрүш керек. Биз баа­­рыбыз эл үчүн иштейли деп шайлангандан кийин, бийликте болгондон соң максат дагы бир болушу зарыл. Кеңеш менен мэрдин ортосундагы ажырымды туура эмес көрүнүш деп баалаймын. Ал эми биздин партиядан шайланган 2 депутат партиянын бирдиктүүлүгү үчүн башка партияларга кошулуп кетпейт деп ойлоймун, - деген жүйөөсүн айтат Б.Балбаев мырза. Шаардык ке­ңештеги экинчи бир оппозициялык маанайдагы "Республика" фракциясынан шайланган депутат Нурбек Молдокадыровдун жүйөөсү төмөнкүдөй: "Чынында ар бир партия бийлик үчүн күрөшөт. Бийликке келүү менен элге кызмат кылуучу идеяларын ишке ашырат. Бирок баа­­рысы мыйзамдуу болушу шарт. Бизге "Ата Мекен" партиясынан шайланган депутаттар мэрдин туура эмес иштери жөнүндө билдиришти. Биз колдоого алдык. Болгону ошол. Бирок, эмне үчүн ушундай иш-аракетти мэр уккусу келбейт, кеп ошондо болуп жатат".
Ошентип, Нарын шаарында бийлик тиреши жүрүп жаткан чак.
Күмөндөр УСУПТЕГИН,
"Кыргыз Туусу"