Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0514_14.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0514_14.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0514_14.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

Эстутум
Кайдыгерликтин
курмандыгы болгон Гүласал эже
Адамдын төрөлүшү сыяктуу эле, анын көз жумушу да айныксыз нерсе экендиги чындык. Бирок айрым адамдардын арабыздан өтүп кетиши кандайдыр бир капысынан кирип келген капсалаңдай туюлуп, колуңдан кымбат баалуу буюмуңду түшүрүп, асыл нерсеңден ажырап калгандай сезип, ишенгиң да келбей кетет. Кечээгисиндей эле жаркылдап эшиктен кирип келчүдөй сезилип, баскан-турганы, кыял-жоругу, кылган иши менен адамкерчилиги көз алдыңа элестеп туруп алат. Бирок анын кайтып келбестигин эстегенде заманаң куурулуп, дүнүйөң тарып, кабыргаң кайышкандан башка аргаң калбайт экен.


Көрсө, ажал дегениң - бул адамдын басып өткөн жолуна дагы бир ирет көз жиберип, дагы бир ирет эскерип, "Бул жашоосунда кандай адам эле, кантип жашап, кандай оң же терс иштерди жасады? - деген суроолорго жооп берүүчү улуу сыноо, улуу баа да экен. Өзүнүн бүткүл аң-сезимдүү өмүрүн медицинага арнаган, медицина илимдеринин кандидаты, КММАнын балдардын жугуштуу оорулар кафедрасынын доценти, республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын дарыгери , "Эмгектеги артыкчылыгы үчүн" медалынын ээси, КР саламаттык сактоосунун мыкты кызматкери Осмона-
лиева Гүласал Токтоболотовна ошол улуу баага татыктуу инсан эле. Артында калган бала-чакасын, тууган-туушкан, жакын тааныштарын арманга салып кете бергенине мына бир жыл болду. Ал болгону 66 гана жашта эле, андыктан Гүласал эже биз үчүн жапжаш эле кете бергендей туюлат. Аттиң дүйнө, биз аны өмүр бою эле жаркылдап күлүп, жаныбызда жүрө бере тургандай элес­тетсек керек…
Гүласал эженин эч кимге окшобогон асыл сапаттары бар эле. Ал качан кайрылсаң да, жок деп айтчу эмес. Өзү сыркоолоп, убактысы жок болуп турса да, кабагым-кашым дебестен, жардамын аячу эмес. Өзү жашаган Төкөлдөштөгү көчөлөш коңшуларынан айылдаш туугандарына чейин, курбуларынан куда-сөөктөрүнө чейин, дарыланып чыккан карапайым адамдардан депутаттарга чейин аза күтүшүп, ордун жоктоп кала беришти. Ал бейтаптардын ар бири үчүн жөн гана дарыгер эмес, жакын адамы да эле. Жаныңа келип отуруп, ал-акыбалыңды сурап, көңүлүңдү көтөрүп кетчү. Бирок ал эмгеги үчүн бир нерсе талап кылганын өмүрү көргөнүбүз жок. Бир жолу көлдө эс алып жүргөн бейтааныш эле баланан оорусу капысынан кармап, анын багына, жакын жерде жүргөн Гүласал эже байкап калып өлүмдөн алып калган дешет. Анын ата-энеси бардар кишилер экен: "Каалаганыңды айт, аткарабыз" - дешсе, эже: "Мага эч нерсенин кереги жок, эң негизгиси - бала аман калды" - деп басып кеткен экен. Ушул ак жүрөктүгүнөн өмүр бою Төкөлдөштөгү атасынан калган эски тамда жупуну жашап өттү.
Бир жолу өзү отуз жылдан ашык иштеген жугуштуу оорулар бейтапканасына башкы врачтык орунга сунуш кылышса: "Мен силерге эмне жамандык кылдым эле? Эмне, мен дарылаганга жарабай калдымбы?"-деп болбой коюптур. Ал өмүр бою атак-даңкка, байлыкка, бийлик менен мансапка умтулбады. Анын мүнөзүнүн дагы бир өзгөчөлүгү - оюндагысын жасалмасыз түз айтчу, эки жүздүү, калп сүйлөгөн, билимсиз адамдарды жактырчу эмес. Кубанса чын дилинен кубанып, кайгырса чын жүрөгүнөн кайгырчу, атүгүл тилдесе да чын дилинен тилдеп, урушар эле. Шарт-шурт эткен эркек мүнөзү менен катар эле, бала-чакасына, жакындарына, жалпы эле тааныштарына, оорулууларга болгон мээрими төгүлүп, боорукерлиги сезилип турар
эле.
Ал республикабыздагы эң күчтүү дарыгерлердин бири болучу. Ошондуктан эже койгон диагноздор так болуп, эминен шыпаа тапкандар өлкөбүздө жүздөп саналат. Анан калса, өзүбүз ооруп калсак же бала-чакабыз, жакындарыбыз ооруп калса деле Гүласал эжени көздөй жөнөчүбүз, анткени анын жок дебесин билчүбүз жана ага ишенчүбүз. Ал КММАда отуз жылга жакын эмгектенип, жүздөгөн студенттерге билим,тарбия берген чыныгы педагог да болучу. Өзү терең билимге ээ болуу менен катар, студенттеринен да ошону талап кылчу. Алар: "Эженин жан алакетке түшүп түшүндүрүп жатканын көрүп туруп, окубай баргандан уялчу элек", - деп эскеришет. Шакирттеринен ар дайым тактыкты, өзүнүн кесибин сүйүүнү жана терең өздөштүрүүнү талап кылган. Өзү да басып өткөн өмүр жолунда жеңил-желпи жолду тандап алган эмес, бардыгына талыкпаган эмгеги менен жеткен. Ошондонбу же мээнеткеч кишиге тагдыр да мээнеттүү сыноолорду туш кылабы, жеке турмушу да сыдыргыга салгандай тегиз болгон жок. Мединститутка үч жыл катары тапшырып, өз күчү менен төртүнчү жылы араң өттү. Ата-энеси алыска кетирбейбиз деп жолдошунан ажыратып алышып, эки баласын жалгыз өстүрдү. Бардыгын жүрөгүнө жакын кабыл ала бергенденби, айтор жүрөк оорусуна чалдыкты да, канчалаган адамды ажалдан арачалап калган кайран эже капысынан жүрөгү токтоп, кайтпас сапарга калкып кете берди. Ким билет, тез жардам бир сааттан ашык күттүрбөй өз учурунда келгенде жанын арачалап калат беле? Такси менен бейтапканага бараткан жолдо кайтыш болуптур. Өмүр бою кайдыгерликке каршы күрөшүп келген адам кайдыгерликтин курмандыгы болду. Балким, бул турмуштун опасыз жоруктарына жүрөгү чыдай алган жоктур…Канткен күндө да Гүласал эже баягысындай эле биздин арабызда жүрөт, кадамкисиндей күлүп-
жайнап!..

Ишенбек Султаналиев,
Ж.Баласагын атындагы
КУУнун доценти




Пикир:






??.??