Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0514_12.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0514_12.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0514_12.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

Күжүрмөн окумуштуу,
күйүмдүү устат
Ар бир инсан өзүнүн кулк-мүнөзүндө, кылык-жоругунда, тутунган турмуштук принциптеринде, жашоо образында өз улутунун коомдук-маданий өнүгүү тажрыйбаларынын издерин алып жүрөрү бышык. 80-жаздын гүлүн искеген куракта болсо да, күүлүү-күчтүү, кубат-кудуреттүү, өзү салган окумуштуулук чыйырында чарчоо билбей, улам дагы илгерилөөнүн үстүндө бараткан, бүгүнкү ары олуттуу, ары сыймыктуу сөздүн бутасы болуп жаткан Эгемберди Жумагулович Маанаев - кыргыз элинин көп кылымдардын кыйырынан өтүп, калыптанып калган калбаат улуттук мүнөзүнүн эң маанилүү жактарын ар дайым алып жүргөн, ал сапаттарды башкаларга өзүнүн адамдык турпаты аркылуу жугуза билген таасын адам, күжүрмөн окумуштуу, күйүмдүү устат.

Памир
кыргыздарын
ачкан
Турмуштун башка жактарындагыдай эле, илим изилдөө менен билим берүү ишинде да, дайыма өзүн-өзү таптаган куштай сергек, кылоологон болоттой өткүр алып жүрүү, ошону менен бирге, өзүнөн кийинкилерге мээримин төккөн агай, камкор жетекчи, анан да, акты актай, караны карадай кесе айткан адил адам сыпатынан жазбоо Эгемберди Жумагуловичтин кыргыз улутунун чыныгы кулуну экендигин айгинелеп турган "сапатык белгилеринин" айрым ныпталары гана.
Эгемберди Жумагулович - талыкпай иштөө менен бирге, көпчүлүк илимпоздордон айырмаланып, колго алган ар бир темасынан майнап чыгарган, өнүмдүү окумуштуу. Өлкөбүздүн чек арасынан чыгып, башка мамлекеттерге баруучу жолдордун оголе "та­таал" экендигине карабай, саясий-идеологиялык жактан коюлган жасалма бөгөттөрдөн кантип өтөм деп жалтанып калбай, болгондо да, советтик этнография методологиялык жактан туюкка капталып бара жатат деген кооптуу пикирлер айтыла баштаган жылдарда талаа материалдарына негизделген этнографиялык изилдөө жаратууга киришиши ошол кезде эле анын даража-мансапка жетүүнүн оңой жолдорун издебеген, ар кандай татаал илимий маселелерди изилдөөгө эрки да, даяр­­­­­дыгы да жеткен жаш окумуштуу экендигин, илимпоз катары келечегинин кеңдигин билдирип турган.
Чындыгында эле, ошол кездеги жаш окумуштуунун батыл, чечкиндүү киришкен изилдөөсү өз натыйжасын бербей койгон эмес. Анын талыкпаган эмгегинин үзүрү болгон мазмундуу изилдөөлөрү жарыяланып (Маанаев Э. К вопросу о переселении кыргызов на Памир, Маанаев Э. Из истории памирских киргизов) алардын негизинде Эгемберди Жумагулович кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Окумуштуу бул теманы иштөө жагын унутта калтырбай, изилдөөлөрүн кийинки убактарда да улантып, монографиялык эмгектерин да жарыялады (Маанаев Э. "Кыргызстандан тышкары жашаган кыргыздардын тарыхы". Маанаев Э., Плоских В. М. На "крыше мира": Исторические очерки о памиро-алайских киргизах. Маанаев Э. Ж., Б. М. Жумабаев. "Памир кыргыздары": тарыхый-этнограф. очерк). Кыргыз тарыхынын башка маселелерин талдоого алган илимий иштеринде да мына ошол Ооганстан Памиринде жашаган кыргыздарга байланыштуу жыйнаган маалыматтарына таянгандыгын көрүүгө болот (Маанаев Э. Ж. "Этническая история кыргызского народа".) Кыргыз элинин, анын ичинде Ооганстанга караган Памир тоолорунда жашаган кыргыз топторунун этногенез маселесине келгенде, Эгемберди Жумагуловичтин пикири зор мааниге ээ. Анын ою боюнча, дүйнөлүк түркологияга памир кыргыздары деген аталыш менен таанылган этностук топтун негизин кылымдар бою Ооганстан Памиринде жашап келген жергиликтүү кыргыз уруулары түзөт.
Орто Азиянын эң байыркы элдеринин бири болгон кыргыздардын бир бөлүгүнүн Памир тоолорунун боорунда жергиликтүү эл катары жашап келиши табигый көрүнүш экендигин окумуштуу алгачкылардан болуп далилдеген. Памир кыргыздарынын ар кыл маселелери мурдатан эле изилдөөчүлөрдүн көңүлүн буруп келгендигине карабай, Эгемберди Жумагулович - алардын тарыхын, жайгашуу чөлкөмдөрүн, материалдык жана рухий маданиятын чыныгы академиялык деңгээлде, системалуу изилдөөнү колго алган алгачкы окумуштуу, тарыхчы-этнограф. Азыркы кездеги франциялык түрколог Реми Дор, америкалык антрополог Назиф Шахрани, түркиялык тилчи Четин Пекажар ж. б. сыяктуу ысмы белгилүү окумуштуулар, өздөрү кабыл алгандай (Реми Дор), илимий эмгектерин 1970-жылдардан кийин гана жаратышкан.

Өз элинин этногенезин изилдеген
Күжүрмөн окумуштуу кийинки убактарда тарых изилдөөчүлөрү далай жолу кайрылып, ачакей көз караштар айтып келишкен маселени - кыргыз элинин этногенезин изилдөөнү колго алып, мазмундуу монографияларын жарыкка чыгарды (Маанаев Э. Ж., Каратаев О. К. "Кыргыз элинин этникалык өнүгүшү", Маанаев Э. Ж. "Этническая история кыргызского народа".). Бул эмгектердин чордонун окумуштуунун ар кыл маалымат-булактарды талдоого алуунун негизинде, кыргыздардын Борбордук Азиядан көчүү багыттарын, ошондой эле, көптөгөн уруу жана уруктардын биригүүсүнүн негизинде кыргыз эли келип чыгып, этнос­тук өнүгүү жолуна түшкөндүгүн аныктаган. Жогоруда айтылгандай, окумуштуу Кыргызстанда жашаган кыргыздар гана эмес, чет өлкөлөрдү мекендеген кыргыз топторунун материалын да кошо камтыган. Кыргыз тарыхынын маселелерин изилдөөдө чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздарга таандык материалдарды да кошо камтуу Эгемберди Жумагуловичтин изилдөөчүлүк принцибине айланган көрүнүш десек болот. Э. Маанаевдин бул эмгектери кыргыз этностук тарыхынын Байыркы жана Орто кылым мезгилиндеги абалын изилдөө жагын улантууну каалаган окумуштуулар үчүн жол көрсөтүүчүлүк милдет аткара алат.

Окумуштуу идеологдун
батыл сунушу
Кийинки жылдарда Эгемберди Жумагулович өзүнүн изилдөө диапозону кең окумуштуу экендигин дагы бир жолу далилдеди. Ал жакында эле азыркы кыргыз коомчулугунда өтө көп сөз болгон, ар ким ар кандай айта берип, кайсы бир деңгээлде, термин катары мааниси кете түшкөн улуттук идеология маселесине кайрылып, кыргыз жана орус тилдеринде монографиялар жарыялады (Маанаев Э.Ж. "Кыргызстандагы идеолoгиялык кырдаал жана анын келечеги". Маанаев Э. Ж. "Идеолoгия современного Кыргызстана и ее перспективы".). Бул чыгармаларга А. Ч. Какеев, Т. К. Койчуев, В. М. Плоских, Ж. Сааданбеков, А. Абдырахманов, З. Курманов, Б.Бөрүбашов ж. б. атпай журтка белгилүү окумуштуулар жазуу жүзүндө да, оозеки да өздөрүнүн жогорку бааларын беришкен.
Улуттук идеология жаратуу максатын көздөп, кыргыз коомундагы түзүлгөн идеологиялык боштукту толтуруу үчүн айрым окумуштуулар менен саясатчылардан тартып, коом жана уюмдарга чейин, ар түрдүү программалар, мамлекеттик деңгээлде көтөрүлгөн долбоорлор талкууланып, тиешелүү макамдар тарабынан бекитилип келди, бирок, алардан эч кандай чеке жылытар натыйжа чыккан жок.
Эгемберди Маанаевдин кыргыз, орус тилдеринде жарыяланган бул изилдөөсү кечиктирилбей, өз учурунда жүзөгө ашырылган, маанилүү илимий эмгек десе болот. Окумуштуу идеалогия тууралуу олуттуу маселени илимий жактан талкуулоодо кыргыз коомунун, Кыргызстан калкын түзүп турган жарандардын этностук, маданий, диний ж. б. өзгөчөлүктөрүн унутта калтырган эмес. Өлкө калкынын биримдиги болбой туруп, коомдук өнүгүүгө жетишүүнүн мүмкүн эместигин белгилеген жана бардык жарандардын кызыкчылыгын, пикирин бириктирип турган, мамлекеттик масштабдагы бир идеологиянын иштелип чыгышы зарыл экендигин баса белгилеген. Ал биздин эл бир идеянын, бир максаттын тегерегине бириккенде гана өлкөдө алгылыктуу өзгөрүүлөр боло тургандыгын дүйнөлүк практикадагы мисалдарга кайрылуу менен далилдөө аракетин жасаган.
Эгемберди Жумагулович - өнүмдүү окумуштуу, анын калеминен 200дөн ашуун­ илимий эмгек, анын ичинде 15 монография, брошюра жана окуу-усулдук колдонмолор жаралып, кыргыз жана орус тилдеринде жарыяланган.

Э.Маанаевдин илимий мектеби
Өлкөгө илимий адис­терди даярдоо жагынан да Эгемберди Жумагуловичтин салымы эбегейсиз зор. Ал - изилдөөчүлөрдүн өз алдынча мектебин түзгөн окумуштуу десек болот. Анын илимий жетекчилиги жана кеңешчилиги алдында 8 илимдин доктору, ондогон кандидаттары тарых жана этнография багыттары боюнча диссертациялык иштерин ийгиликтүү коргошкон. Алардын көпчүлүгү азыр кыргыз тарыхы менен этнографиясы боюнча өлкөбүздө гана эмес, чет өлкөлөрдө да таанылган окумуштуулардан болуп калышты. Эгемберди Жумагуловичтин уядан учурган адистери Кыргызстандын дээрлик ар бир орто мектептеринде, жогорку окуу жайларында билим берүүнүн жүгүн аркалап, аларды жетектеп да келет. Мамлекеттик, коомдук кызматтарда эмгектенген окуучуларынын саны да аз эмес.
Эгемберди Маанаевдин көп кырдуу изилдөөчүлүк, педагогдук, жетекчилик ишмердигин, анын кишичилик сапаттарын бул чакан сөздө мүнөздөп чыгуу кыйын. Эгемберди агай тууралуу айтылчу узун сабак сөздөрдүн негизгилери али алдыда. Бул жерде илимпоз аганын окумуштуулук бейнесине таандык штрихтерди гана чөп башылап өткөн болдум.
Жыйынтыктап айтканда, Эгемберди Жумагуловичтин илимий жолу татаал учурга туш келди. Өткөн кылымдын ар бир маселеге идеологиялык призмадан караган 60-жылдары... марксистик-лениндик методологиянын түп тамырынан копшолуп, анан кыйрап түшкөн 80-90-жылдары... жаңы система, жаңы методологияны түзүп, ага өтүү зарылдыгынын келип чыгышы менен мүнөздөлгөн ХХ кылымдын башы... социалдык-гуманитардык маселелерге жаңыча кароо зарылдыгы... мына ушулардын баарынан Эгемберди Жумагулович муңбай, буйдалбай өткөн нукура окумуштуу. Ар бир маселеге принципиалдуу карагандыгы, даярдыгынын мыктылыгы, анан да эң негизгиси, сейрек учураган жигиттик сапаты аны киши катары да окумуштуу катары да сактап келе жатат.
Азыркы Эгемберди Жумагуловичтин турпатында толуп-болуп турган жигиттин кубат-кудурети менен сексен жыл жашаган адамдын турмуштук тажрыйбасы бир бүтүндүктү түзүп турат. Илимпоздун мындан ары да тарых илиминин курч маселелерине кайрылып, мазмундуу эмгектер жарата береринде шек жок.
Сулайман КАЙЫПОВ,
КР илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, тарых илимдеринин доктору, профессор,
Чүй университетинин ректору






Пикир:






??.??