Кыргыз гезиттер

п»ї

"Zaman Кыргызстан", 17-май, 2013-ж.


"Алиби", 17-май, 2013-ж.


"Кыргыз Туусу", 17-май, 2013-ж.


"Учур", 16-май, 2013-ж.


"Полит Клиника", 16-май, 2013-ж.


Бирдиктүү борбор түзүлөт

2013-2017-жылдарды камтыган Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегия­сы­на ылайык, өлкөнүн Куралдуу күч­тө­рүн башкаруучу бирдиктүү борбор түзүлүүгө тийиш. Бул тууралуу кечээ Президент Алмазбек Атамбаев Куралдуу күчтөрдү реформалоо боюнча өткөргөн экинчи жумушчу кеңешмеде айтылды. Куралдуу күчтөрдү реформалоо боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кезектеги ке­­ңешмесинде бекитилиши керек.
Кеңешмеге КР Президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаев, коргоо кеңешинин катчысы Бусурманкул Табалдиев, коргоо министри Таалайбек Өмүралиев, ички иштер министри Абдулда Суранчиев, өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Улуттук кооп­суздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Бейшенбай Жунусов, ошондой эле мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов катышышты.

Төрт жылда 66 кырсык болуп, 32си өлүм менен коштолгон

КРнын Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директору Ишимбай Чунуев билдиргендей, акыркы төрт жылда Кыргызстанда өнөр жай объектилеринде 66 кырсык болуп, алардын 32си өлүм менен коштолгон. Тогуз ири кырсык 50 млн. сом өлчөмүндөгү зыян келтирген.

Иранда 680ден ашуун адам президент болом дейт

Бул тууралуу РИА Новости билдирет. Талапкерлердин эң жашы 19, улуусу 87 жашта. Иран ТИМдин акыркы маалыматтары боюн­ча каттоонун акыркы күнү талапкердин саны 686 адамга жеткен. Алардын арасында 30 аял бар. Эми алардын алдында Байкоочу ке­ңеш­тин элегинен өтүү татаал сынагы турат. Иран ТИМи талапкерлердин акыркы тизмесин 22-23-майда жарыя­лоону убада кылды.

Назарбаев мектебинин
курулушу башталды

Ошто Казакстандын Президенти Н.Назарбаев убада кылган мектептин курулуш иштери башталганын Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди. Ош шаарынын вице-мэри Рус­там Мирзаматов белгилегендей, мектептин курулушуна эч кандай тоскоолдуктар жок. "Ош мэриясы тарабынан Сулайман Тоо №3 аймактык кеңешинен 2,5 гектар жер бөлүнгөн, бардык маселелер чечилген", - деди Р.Мирзаматов.
Казак тараптын жардамы менен курулуп жаткан жаңы мектеп 500 окуучуга эсептелген. Мирзаматов мек­­­теп ушул жылдын күзүндө ишке кир­гизилерин белгиледи.

Өз маалыматыбыз жана
интернет булактардан алынды





080513

290313

260313

150213

120213

080213

010213

250113

220113

180113






??.??