Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0423_8.htm on line 2

Warning: include(../bash.htm): failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0423_8.htm on line 2

Warning: include(): Failed opening '../bash.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0658628/data/www/presskg.com/tuusu/13/0423_8.htm on line 2


п»ї Кыргыз гезиттер

Бир калк - бир өлкө - бир тагдыр
- Ырыс, кайда барасың?
- Ынтымакка барамын!
Өлкө ичиндеги улуттар аралык ынтымак-ырашкердиктин мамлекеттин өнүгүүсүнүн башкы кыймылдаткыч күчү экендигин "Этникалык, маданий жана диний ар түрдүүлүккө карабастан, өлкөбүздө тынчтык менен саясий туруктуулукту сактадык. Казакстан 140 этнос менен 17 конфессиянын өкүлдөрүнүн ырыс-кешиктүү үйүнө айланды. Жарандык ынтымак менен улут аралык ынак мамиле - биздин башкы баалуулугубуз", - деп Казакстан Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаев жыл сайын салтка айланган өлкө калкына кайрылуусунда баса белгилеген эле. 24-апрелде Астанада Казакстан калк Ассамблеясынын (ККА) мааракелик 20-сессиясы "Казакстан - 2050 стратегиясы: бир калк - бир өлкө - бир тагдыр" күн тартиби боюнча мамлекет башчысынын төрагалыгы менен өтмөкчү.

"Бир калк - бир өлкө - бир тагдыр". Конференциянын ошентип аталышына карата ой жүгүртсөк, мында чоң сыр бар. Эл башчысы, асыресе, кийинки жылдарда өлкөнүн бирдиктүү эл болушуна катуу көңүл буруп келет. Казакстандын мамлекеттүүлүгүнө негизги өзөк болгон казак улутунун тегерегине республикада жашаган бардык улуттар топтолушуп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганда гана ийгиликтин боло тургандыгы айгинеленүүдө. Ошол эле учурда, Н. Назарбаев калкка кезектеги кайрылуусунда "Эч кандай этноско эч кандай артыкчылык болбойт жана болбоого тийиш, бардыгынын укуктары менен милдеттери бирдей. Биз тең мүмкүнчүлүктөр коомун, бардыгы мыйзам алдында бирдей боло турган коомду куруудабыз. Мамлекетте бардыгы тең болууга тийиш. Этностук же башка да белгилер боюнча жакшы же жаман деген болбоого тийиш. Бул маселе мен үчүн декларативдүү эмес. Эгер бирөөгө этнос­тук белгиси боюнча кысым жасалса, анда бүткүл казакстандыктарга кысым жасалды деп эсептөө керек",- деп баса белгиледи.
Республикада коомдук ынтымакты сактоо жана бекемдөө жарандарды мекенчилдикке тарбия­­лоо менен айкалыштырылып жүргүзүлүүдө. Президент Н. Назарбаев "Казакстан патриотизминин пайдубалы - бардык жарандардын тең укуктуулугу жана алардын Ата Мекен намысы алдындагы бирдей жоопкерчилиги. Биздин өлкөбүздүн ар бир жараны өзүн өз жеринин ээси иретинде туюнууга тийиш. Биз - көп улуттуу коомбуз. Улуттар аралык мамилелер маселесинде эч кандай кош стандарттуулук бол­боого тийиш", - деген талапты коюп отурат.
Республикадагы улуттар менен этнос­тордун биримдигин бекемдөө, мамлекеттин улуттук саясатын жүргүзүү максатында өлкө президентинин жарлыгы менен 1995-жылдын 1-мартында түзүлгөн Казакстан калк Ассамблеясы (ККА) өзүнүн милдеттерин абийирдүүлүк менен аткарып келет. Бул конституциялык мекемени мамлекет башчысы жетектейт. Ушул аркылуу анын өзгөчө бийик макамы да айкындалып турат. Ассамблеянын жогорку органы - сессия. Сессиянын чечимдерин бардык мамлекеттик органдар аткарууга тийиш, ошондой эле аларды өздөрүнүн ишмердигинде жарандык коом институттары да эске алууга тийиш.
Казакстан калк Ассамблеясынын башкы өзгөчөлүгүнүн бири - республика парламентинин Мажилисине Ассамблеядан 9 депутаттын шайлануусу, демек, өкүлчүлүгү аркылуу өлкөдөгү ар түрдүү этникалык топтордун кызыкчылыгы жогорку мыйзам чыгаруучу органда корголгон.
Экинчи өзгөчөлүк - Ассамблеянын ишин анын катчылыгы жүргүзөт. Катчылык өз алдынча бөлүм иретинде Президенттин администрациясынын түзүмүнө кирет. Катчылыктын жетекчиси-бөлүмдүн башчысы - Ассамблеянын төрагасынын (мындайча айтканда, мамлекет башчысынын) улуттар аралык маселелер боюнча орун басары. Мамлекеттик башкаруу системасында жана коомдук карым-катнаштарда Ассамблеянын ролу кандай экендигин, мамлекеттик башкаруудагы жана коомдук карым-катнаштардагы анын таасирдүүлүгүн ушул эки өзгөчөлүк аныктап турат.
Ал эми Ассамблеянын түзүмүндө ККАнын илимий-эксперттик кеңеши, Улуттар аралык мамилелер маселеси боюнча журналисттердин жана эксперттердин клубу, ККАнын коомдук фонду, Тилдерди окутуунун инновациялык технологияларынын "Тил дарын" усулдук борбору, ККАнын ишкерлер ассоциациясы иштейт. Ассамблеянын ишмердигинин алкагында республикада окутууну өзбек, тажик, уйгур жана украин тилдеринде алып барган 88 мектеп, 22 улут тили 108 мектепте өз алдынча сабак иретинде киргизилген. Республиканын 195 адистештирилген лингвистикалык - агартуу комплекстеринде 30 улуттун өкүлдөрү өз тилдерин үйрөнүп, билимин өркүндөтүп жатышат.
Республикада орус, уйгур, корей жана немис (КМШда жалгыз) калктарынын 14 улуттук театры өз элинин маданиятын өнүктү­рүүгө кызмат кылышууда. 35 жалпыга маалымдоо каражаты өздөрүнүн улуттук тилдеринде (11 тилде) иш алып барууда. Алардын кыйласы мамлекеттик бюджеттен каржыланган. Улут тилдеринде жергиликтүү басмаканаларда арбын нуска менен китеп, басма продукциялары чыгарылып келет.
Ассамблеянын мааракелик сессиясында ассамблеянын мурдагы сессиядан берки аткарган иштеринин жыйынтыгы каралып, "Казакстан - 2050 стратегиясын" жүзөгө ашыруудагы ассамблеянын милдеттери, ошондой эле 1-май - Казакстан калкынын биримдиги күнү мааракесине карата даярдыктар талкууланмакчы.





ЖК комитети НАТО жүктөрүн Кыргызстан аркылуу
алып өтүүнү колдоду
Кечээ Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети Ооганстанда согуштук операцияларга катышкан коалициялык күчтөрдүн жүктөрүн Кыргызстан аркылуу алып өтүү тууралуу келишимди жактырды. Документ парламенттин кароосуна жөнөтүлдү. Буга чейин аны экономикалык жана фискалдык саясат комитети да колдогон болчу.
Ооганстандагы НАТО аскерлерине жүк 2011-жылдын ноябрына чейин Пакистан аркылуу келчү. Ноябрда коалициялык күчтөрдүн жаңылыш чабуулунан Ооганстан-Пакистан чек арасында пакистандык 24 аскер набыт болгондон кийин Исламабад ал жолду жаап салган. Ошондон кийин Түндүк Атлантика альянсы Ооганстандагы аскерий техникаларын жана башка жүктөрүн Борбор Азия аркылуу ташуу жөнүндө Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан менен келишимди иштеп чыккан.
Быйыл НАТО Ооганстандын коопсуздугун жергиликтүү аскерлерге тапшырып, 2014-жылдын аягында өлкөдөн жоо­керлердин басымдуу бөлүгүн жана аскерий шаймандарын чыгарып кетиши керек.

Литвада бири-бирин
тоногон кыргыздар
Литвадагы кыргыз ишкерлери Кыргызстандан барган кылмыш топторунун кысымына кабылганын айтып чыгышты.
Литвадан "Азаттыкка" кайрылгандардын бири окуя­ны: "Бизди жолдо күтүп турушат. ­Поезд келгенде эле "кыргызсыңарбы?" деп алып кетишет. Алып барып коркутуп, акчабызды алып коюп жатышат. Кимге кайрылышыбызды билбей калдык", деп баяндаган. Литвадан Орусияга машина ташыган бул мырза ушул жылдын башынан бери кыргыздарды тоногон кыргыздар пайда болгонун, алардын кысымы күн санап кү­чөп бара жатканын айткан.
"Азаттыктын" кабарчысы менен сүйлөшкен дагы бир жаран Литвада акчасын алдыргандан бери үйүнөн чыга элек. Аны да машина сатып алчу жерден "карызың бар экен" деп эки кыргыз бала машинага салып кеткен. Токойго барганда дагы 3 кыргыз бала күтүп турган. "Машинага салып токойго алып барышты. Бычак такап, үч миң евромду алып коюшту. Дамир, Айбек деген балдар экен. Бул жердин полициясына арыз менен кайрылганмын. Аны тиги балдар угуп калышыптыр. "Арызын кайра албаса, келип союп кетебиз" деп айттырып жиберишиптир. Азыр үйдөн чыкпай отурам, кетейин десем же акчам жок", -деп билдирген ал кабарчыга.
Бул топ дагы бир кыргыз жигиттен акча талап кылып, аны да жашаган жеринен кармап, сабашкан. Жанында акчасы жок жигит үч күн дегенде Кыргызстандагы жакындарынан акча салдырып берип кутулган. Азыр ал да үйүнөн чыга албай отуруптур.
Ал эми азыр Кыргызстанда жүргөн, Литвадан унаа ташыган Жаныбек деген жигит: "Ушундай кылмышкерлер бар экенин уккам. Мейманканаларда бычак, тапанча менен келип коркутушат. Бирок мен туш болгон жокмун. Мен унааларды жөнөтүп жиберип, өзүм учак менен келем. Машина менен келгенге караганда 800-1000 доллар көп коротосуң, бирок убарагерчилигиң деле ошого барабар болуп калат",- дейт.
Сырттагы мекендештерин опузалагандар экиге бөлү­нөт. Биринчиси - Кыргызстандагы кылмыштуу топтун мүчө­лө­­рү. Экинчиси - эмгек мигранты катары иштеп жүрүп жанындагыларга кол салып, уруп-согуп мүлкүн тартып ала баштагандар. Биринчи топтогуларды табуу оңоюраак. Анткени издөөдө жүргөндөрдү табуу үчүн Минск конвенциясы, КМШ өлкөлөрү боюнча уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросу бар. Литвага каттап иштеген дагы бир жарандын айтымында, ал жакта кыргыздарга кол салгандар Москвадан барган "каралар" экен. Алар кайсы жерде жүрсө ошол жердин тартип коргоо кызматкерлери менен кызматташарын угушкан.
Бейрасмий маалыматтарга караганда, Литвадан машина ташыган кыргызстандыктар 4-5 миң чамалуу. Алар унааны көбүнесе Кыргызстан, Казакстан жана Орусияга алып келип сатышат.

Атаандашынан 1,6 пайыз артыкчылык менен
президент болуп шайланды
Венесуэлада президенттик шайлоонун жыйынтыгында мурдагы президент Уго Чавес көзү тирүүсүндө өзүнүн мураскору катары тааныган Николас Мадуро жеңип чыкты.
Мадуро шайлоодо 50,7% добушка ээ болду, оппозициянын талапкери Энрике Каприлес 49,1% добуш алды
Уго Чавес катуу ооруп дүйнөдөн кайткандан кийин Венесуэлада 5-марттан тарта президенттин милдетин Мадуро аткарып жаткан.
Добуш берүү үчүн эки түрдөгү аппарат колдонулду - биринчиси шайлоочуларды манжалары боюнча тааныйт, экинчиси - жеке карталардын номуру боюнча тааныйт.
Венесуэлада добуш берүү укугуна 19 миллион жаран ээ.
Уго Чавес көзү тирүүсүндө өзүнүн мураскору катары тааныган элүү жаштагы Николая Мадуро шайлоодогу эң сүймөнчүк талапкер болуп жаткан.
Жаңы президент мамлекетти алты жыл бою, 2019-жылдын январь айына чейин башкарат.
"Азаттык", Би-Би-Си
интернет булактарынан даярдалды







Пикир:






??.??